ГАЙМОРИТ – СУУК ТИЙҮҮДӨН ЖАНА САСЫК ТУМООДОН ЖАРАЛАТ

Кыш түшкөндөн тарта суукта көп жүргөндө жана сасык тумоону өтүштүрүп жибергенде гайморитке кабылуу коркунучу жогорулайт. Дене табын жогорулатып, ириӊ чимкиртип кыйнаган оорунун себептери, айыктыруу жолдору тууралуу Бишкектеги Улуттук госпиталдын ЛОР бөлүмүнүн адиси Нуржан Шабданбаева баяндайт.
ГАЙМОР КӨӉДӨЙЧӨЛӨРҮ ЭМНЕДЕН СЕЗГЕНЕТ?
Суук тийүүдөн
Жогорку дем алуу жолдору мурундун чел кабыкчасын жана мурун жанындагы гаймор көӊдөйлөрүн жууп-тазалап туруучу былжырды иштеп чыгарат. Былжыр мурун аркылуу сыртка чыгып турат. Суукка урунганда мурун чел кабыгы көөп, кан тамырлар ичкерет да, былжыр сыртка чыкпай гаймор көӊдөйчөсүнө топтолот. Топтолгон массада бактериялар же вирустар көбөйөт да, сезгенүүнү жаратып, акырындап ириӊдейт.
Тиш оорудан
Үстүнкү азуу тиштердин түптөрү (тамырлары) гаймор көӊдөйчөлөрүнө жакын жайгашкан. Тиштин түптөрү ооруга чалдыкканда микробдор көӊдөйлөргө өтүп сезгентет. Андыктан азуу тиштерди жулууда стоматологдор абайлоолору зарыл.
Сасык тумоо, кызамык, ринит-бул
аталган оорулар өтүшүп кетсе инфекциялар гаймор көӊдөйчөлөрүнө чейин өтүп, аларды сезгентип гайморитти жаратат. Андыктан дартты өтүштүрбөй убагында дарыланып айыгуу зарыл.
Белгилери
Маӊдайда, мурун тегерегиндеги оорутуу
Ооруган көӊдөй тараптагы шишик
Мурун бүтүп, дем алуунун кыйындашы
Мурун менен сүйлөө
Чимкириктин илээшкек жашыл же сары түстө болуусу
Коздон жаш агуу
Чимкириктин ириӊ аралаш чыгышы (жыты сасык)
Жыт билбей баштоо
Көздүн жарыктан уялуусу
Дене табынын көтөрүлүшү
Чыйрыгуу, калтыроо.
ГАЙМОРИТТИН ТҮРЛӨРҮ
Курч кармаган түрү
Өнөкөткө айланган түрү
Аллергиялык түрү.
ДИАГНОСТИКА
Гаймор көӊдөйчөлөрүн рентгенге тартуу
Көӊдөйчөлөрдү тешүү менен (пункция) мурун суюктугун сордуруп, текшерүүдөн өткөзүү
Компьютердик томография (эгер керектелсе).
ДАРЫЛОО ЖОЛДОРУ
Гаймор көӊдөйүнүн тушун медициналык ийне менен тешип (пункция), ириӊдүү былжырды сордуруп алып, ордуна антибиотиктерди куюп жууп-тазалоо
Антибиотик дарысын кан тамырга (же булчуӊга) саюу
Ооруну басаӊдатуучу каражаттарды берүү
Кан тамырларды кеӊейтүүчү, шишикти таратуучу дары-дармектер
Антигистаминдик дарылар (аллергиялык гайморитте)
Операция (дары-дармектер жардам бербесе)
ДАРЫЛАБАСА ЭМНЕ БОЛОТ?
Көӊдөйчөдөгү ириӊдүү масса сыртка чыгууга жол издейт.
Эгер ириӊ көз көӊдөйүнө туш келсе, анда ал жер сезгенип флегмона оорусу жаралат.
Ириӊдүү сезгенүү баш мээнин кабыгына тараса, менингит жаралышы мүмкүн.
Мээнин кан тамырында кандын уюп калышына (тромб) жеткирип, өлүмгө алып келүүсү ыктымал.
Гайморит пневмониянын, өнөкөт бронхиттин, бронхиалдык астманын өөрчүп кетишин шарттайт.
Тамак безин сезгендирсе, ангина жаралат
.
МУРУНДУ ЖУУЧУ КАРАЖАТТАР
Алоэ Ферст менен кунуно 3-4жолуу жууп чайко керек.Ферстун составында алоэнин согу 78%,жана 11 даары чоп кошулган.Воспаление жана инфекция,бактерияларды жок кылып,ириндерди дагы тазалаит.Суук тушкондо кайра гайморит болууга жол бербеит.
Сурап билуу учун телефон ватсап
0777622111

Комментарии

Комментариев нет.