Казактын Ак-Дөбө деген жеринен Көкө, Дайыр деген эки бала атасы каза болуп калгандан кийин ата-бабаларынын жери-не, Адигине, Тагайдын колуна келип, кызматын кылып калышат экен.

Көкөсү тың, адамга жугумдуу, балбандык, баатырлык жайы бар жигит экен. Калмак менен кыргыздын ортосунда болгон кайсы бир кармашта чон, эрдикти көргөзүп, Адигине, Тагайга жагып калат. Ар кандай себептер менен Адигине, Тагайдын эжеси Наалы эже турмушка чыкпай жүргөн экен. Жогоруда айткандай эрдик көрсөткөндөн кийин Көкө Наалы эжеге да жагып калса керек. Анысын байкаган эки бир тууган: - Эжебизге айткыла, жактырган адамы бар бекен? - деп, аялдарын жиберишет. Наалы эже: - Ызы-чуу кылып, мага эки жактан күйөө издебегиле. Өзүбүзгө кол бала болуп калды. Көкөгө эле нике кыйдырып койгула деген экен. Эки бир тууган эжесинин айтканын эки кылбай, дайыма сыйлашчу экен, айтканын айткандай аткарышат. Дайыр болсо менден мурун үйлөнүп алдың деп Көкөгө нааразы болуп, казакка кирип кетет. Казак ичиндеги жалайыр уруусу Дайырдын тукумунан таралган деген кеп бар. Наалы эже эркек терөп, атын Моңол коюшат. Наалы эженин колунда күңү болуп жүргөн Дор деген кыз болуп, Моңолду көтөрүп, ойнотуп, тең өсүп, чоңоөт экен. Кийин экөөнүн тукум-дары Моңолдор болуп аталып калса керек. Моңол кен пейил, келим-кетимдүү, кенен дасторкондуу адам болуп, үйүнөн конок үзүлчү эмес экен. Ошондон улам Моңолдор журттун уюткусу деп аталып калыптыр: Моңолдордон Асан төрөлөт. Асандан Самансур. Самансурдан төрөлгөн он бир уулдун экөөнүн тукумдары: Сарыбайдыкы Чүйдө, Ошто, Таласта, Бакыбайынан тараган тукумдар Нарын, Ысык-Көл областтарында жашашат. Осмоналы Сыдьтк уулунун жазганына караганда Моңолдордон Самансур, андан Бөгөнөк, Бакы деген эки уул торөлөт. Бөгөнөктөн Алагар, Абдик, Баймоңол, Куусөөк деген төрт уул. Ат-Башы, Нарындагы ар кайсы жерде бириндеп жашаган моңолдорду бир жерге чогултуп, өзүнчө болуштукту түзүүдө кадимки Боогачы ырчынын атасы Жакыпбектин кылган чоң мээнетин баса белгилеп кеткенибиз дурус. Бакыдан Улуу кыйра, Ортокыйра, Балакыйра. Жоокерчилик заманда Тагай бий бабабыз Кашкар тарапка жасаган жортуул-дардын биринде бешикте калган эркек баланы таап алышат экен. Ал балага Черик деген ат коюшуп, Наалы эжеге беришет. Чериктеи Кудайкул, Кудайберди, Тайчык. Кудайкулдан Аба, Акчубак, Байчубак. Чериктер Ат-Башыда, Кытайда жашашат. Бул уруудан да мыкты азаматтар чыккан. Алардын бири бүткүл кыргызга таанымал, Акчубактын Жабыке уруусунан чыккан Мамбетимин (Күчүк) уулу Казыбек казалчы.

Комментарии

Комментариев нет.