анычы, кайгысы, рахаты, азабы… аралаш бу сүйүү, арзуу, махабат аттуу аруу, татаал, дегеле адамзат акыл-эсин тумандаткан ыйык дейбизби, бийик дейбизби же бирөөнү шордуу, бирөөнү таттуу тагдырга жетелеген сезим мамилеси, көңүл паразаты менен бардыгынын эле иши, түшүнүгү, санаасы барбы, жокпу, аны Кудай билет...

Мына, сүйгөн деп, анын кайгы-касыретин, азабын тартып, күйүттөн өмүр бою "Үкөйүм" деп какшап, жаңшап ырдап, бул керемет, классикалык ырдын төрт куплети жүз жылдан бери эл оозунан түшпөй кубулжуп, созулуп ырдалып келатканы, 1928-жылы Совет бийлигинин буйругу менен чегара районундагы эл башчылары - болуш, бийлер, бай-манаптар жер котортулуп айдалганда, "Айдалып кетип баратам, Ак-Музга сөөгүм коюлбай…",- деп айтып, билгендей эле кийин Оренбургдан, кыргыздар Орунбор дешкен, сүргүндөн келгенден кийин, "Чегара районго өтүүгө тыюу салынат" деген НКВДнын катаал буйругунан туулуп-өскөн балалыгы, жаштыгы кең талаасында, жашыл төр жайлоосунда ажайып күндүн алдында, айлуу түндө ат үстүндө ыргалып кетип баратканда же сүлкүлдөгөн, кылыктанган, жадырап жайнаган кыз оюнда, топураган тойлордо сүт бото тайлактай боздогон, созгон, аска-зоолорду, ай-талааны жаңырткан аваны калган, ата-бабасынын сөөгү жаткан... кайран жер соорусу, сонуну - Ат-Башы, Ак-Муз, Ак-Сайына бир барууга, абасын, суусун жутуп, тулаңында оонап, топурагын көзүнө сүртүүгө зар болуп өткөн кайран, жайран, асыл абабыз Боогачыны айт… Алалуу жылкы элде бар, Ашыктык илдет менде бар. Армандуу болдум жеталбай, Үкөйүм, аз милдетим сенде бар… Алтындан чачпак сооруңда, Ар күнү турат оюмда. Алтынга окшош Үкөйүм, Тетиги,ай тийбес тоонун боорунда…
Ой-Карагай, Сары-Талдан, Обдулуп көчөт канча жан. Чок кылып, ичти күйгүзүп, Үкөйүм, чолпусун кыя байланган…
Улуу тоонун боорунан, Улар куштай үн салдым. Урматтуу Үкөй дартынан, Ууруларча түн каттым…
Адамдан артык порумуң, Атыңды уксам оорумун. Армандуу дүйнө кантейин, Ак алма жыттуу коюнуң… … Май айынын жыйырмалары. Терезеден таң агарып келатканы көрүнөт. Эки бөлмө жылуу тамдын төркүсүнүн төрүндө улуу ырчы кыбыла баштанып, төшөк тартып жатат. Кечээ эл чогулуп, бүт айыл "Боогачынын ырын өз оозунан бир угалы" деп түрүлүп келгенде, жөтөлдүн айынан, каргыш тийген кеселдин айынан, какап-чакап ырдай албай койбодубу… "Азыр кайран Үкөй кайда болду экен?.." Ушуларды, дегеле арттагы аманат өмүрүн, "Журттун уюткусу" аттыккан моңолдорду эрдиги, эпчилдиги, көсөмдүгү менен бийликтен атайын буйрук чыгартып, Ала-Тоо аймагына таруудай чачылып кеткен момун, калыс, акыйкат моңолдор уруусун чогултуп, эки суунун аралы - Нарын, Ат-Башы дайраларынын аралыгына жайгаштырып, эл-журт кылган атасы - Жакыпбек жакшыны, алпештеп баккан ак элечек апасын, Бороондуда, касиеттүү олуя атыккан Матай аяш атасынын короосунда курдашы Базаркул экөө чүкө атыбаткан тээ секелек кезде, "Олдо кырк жаш ай, уулум кырк жашка жетсе кыргызды сураар эле… А сенин Боогачың думана пейил, элүүсүндө эл бийлейт. Бирок бийлиги узак болбойт го…" деп Матайдын Жакыпбекке кобураганын, айткандай Базаркул Базаркул болуп, черикке болуш болуп, кыргыздын кыйыны кадимки Шабдан илик алып, зоболосу көкөлөп бараткан отуз жаштын аягында Сары-Талда атчан баратып, жигиттеринин көз алдында бүк түшүп, мүрт кеткенин эстеп оор үшкүрдү. Өзүнүн тагдыры да ошондой болду да… Касиеттүү ыр өзү келди. Адегенде жоро-жолдошторун, көрүп билгендерин, дегеле күнүмдүк турмуштагы көрүнүш, окуяларды жеңил-желпи жамак термеге сала коймо өнөрү бара-бара оңдолуп, түзөлүп, жүрө-жүрө олуттуу санат, насыят, секетпай ырларына айлана берди. Анан… Анан туура 47 жаш курагында, ага дейре төрт аялы, ар кимисинен бала-чакасы, очор-бачар дегендей байкер турмушта, касиеттүү өзөн Бороондунун оозуна аймакта алгачкы болуп там үй, медресе салдырып, ал кийин Ак-Муз айылы Боогачынын мектеби атыгып, мына, эмдиги жылы болуштук шайлоого катышып бүтүндөй шаркыратма болуштугун - Ат-Башы, Нарын дайраларынын ортосун жердеген калың моңолдорго башчы болоордо капилет көрүнгөн, ошол бир көргөндө эле өмүр бою издеп жүргөндөй жакын, ысык, асыл аялзатына, жан дүйнөнү жалбырттаткан асыл махабат - Уулкан, эркелеткенде Укей, кийин "Үкөйүм" болуп кылымдарга ырдалып калган ырдын кейипкерин, ашыктык ырдын, өлбөс-өчпөс керемет ырдын булагын тапкан эмеспи. "Он сегиз миң ааламды куп жараткан дүнүйө, аял менен эркекти жуп жараткан дүнүйө" деп улуу Жеңижок нөшөрлөтүп төккөндөй, аттиң, Үкөйү менен жуп, өмүрдүн, береги армандуу дүйнөнүн аягына дейре кол кармашып бирге жүрө албады Боогачы. Бири кем дүйнө… Чачын айт, назын айт, сөзүн айт, көзүн айт, жытын, басканын, турганын, жатканын… "Кайран Үкөй, азыр кайда болду экен а..?

Комментарии

Комментариев нет.