САНЖЫРА
23 янв 2017

Монолдор уруусу кайдан чыккан?

Комментарии

  • 20 мар 2018 19:15
    Монолдор уруусу, эгер санжараны четке койуп чын айкын карасак, обьективдуу тарых боюнча: Монолдор уруусу бул Тянь-Шаньда кыргыздар келгенче жергиликтуу байырлап келген уруу! Тарыхта окуумуштуулар араб жазууларындагы  "могол" же "могул" термин менен деген эл менен байланыштырат. Монолдор бул ошол эле Моголистан мамлекетинин эли моголдор дешет. Албетте бул могол деген термин Чынгыз хандын армиясынын баскынчылары монголдор менен байланыш. Монголия тараптан келген монгол эли: кадимки эле "монол" деп озулорун атачу. Ал эми "монгол" деген термин" европалыктардын тили келбегендигинен "н" тамгасына "г" кошулуп айтылган. Орто Азияда жазуулар араб тилинде жургузулгондуктон, арабча монол дегенге тили келбей "могол" же "могул" деп айтылып калган. Ал эми жергиликтуу эл байыркы тюрк элдеринин уруулар жана башкалар алардын кадимки эле бугунку куну биз айткандай "Монолдор" деп оз аташып, бугунку кунго чейин сакталып калган. Бирок жогорудагы айтылган нерсе кыргыздардын арасындагы "Монолдор" 1219жылдан баштап Монголиядан келген монголдордун туз тукумдары деген туура эмес! Монголдордун туз тукуму кыргыздардын арасындагы, озгочо "монолдор" уруусунун арасында 10-15% эле болот деп тарыхчылар божомолдойт. Анткени дагы 1 кылым ашык откондон кийин Моголистан деген мамлекетинин тузулот. Анын элинин этникалык курамында копчулугу дээрлик 90% жергиликтуу эл болуп, таза монголдор аз болот. Бирок Чынгыз хандындын тукумдарынын бийлиги ушунчалык кучтуу болгондугунан баардык жергиликтуу эл Моголдор деген саясий атка калышат. Кийин жергиликтуу эл дагы биз Моголистандын жараныбыз деп, озулорун монолдор деп атай башташат. Ошентип 1340жылдардан баштап жергиликтуу эл монолдорбуз деп озулорун атай башташат. Бул тарых окуумуштуулардын версиялары боюнча. Ошондуктан " Монолдор" уруусу кыргыздарга жээн болосунар деп кыргыздар айтып келишет. Анан башка кыргыздарда монолдор жонундо саясий макал бар:" Монолдорду кыйнаса коломтодон кукурт таап берет" деп. Бул макал Монолдор уруусу жергиликтуу эл дегенди дагы айтып жатат.
  • Комментарий удалён.