ЧААП БАРАТЫП ЧАЛКАМАН КЕТТИМ

-10-
-Мөлмөл... Абдан сонун ат экен ээ апа?
- Ооба уулум, мага дагы аябай жакпадыбы укканда. Келиним менен сүйлөштүм. Байкушум, өз жанын дагы тобокелге салды. Аял төрөгөн сайын ден соолугун жоготот да. Кубанганымдан барайын, жардам берейин деп ийипмин мурдагыдай эле көрүп. Көрсө кудагый бар экен жардам бергенге. Ошондой уулум. Неберелеримди алыска алып кетип, көзүм чачырап олтурам.
Апам ыйлап кирди...
- Апа, ыйлабаңызчы. Чогуу барабыз бир күнү. Мен бир жаңсыл болуп үй алып алайын. Акча дагы даяр, жарайбы апа?
- Болуптур уулум, неберемди өөп кой. Атын эле унута берем да...
- Айтемир апа, Артык деп эркелетип коёбуз.
- Ооба баса... Болуптур кагылып кетейиним.
Бул кабар мен үчүн кубаныч да, кайгы да алып келгендей болду. Канча жыл күткөн кызым төрөлгөндө минтип алыста олтурам. Мен Марал менен жашаганыма өкүнбөйм, болгону кыз балалуу болуу тилегим күч. Жан- дүйнөмдүн түпкүрүндө кызым бар деген чоң үмүттүн илеби жашап калганы кубандырып турду. Эми мен жанында болбосом да, акыры бир күнү көрөттүрмүн. Чынара каршы болбос. Мен буга ишенем.
Бул тууралуу Маралга ооз ачпоону туура көрдүм. Ал азыр өзү жаман абалда жүрөт. Кыздуу болгонумду укса күдүк ой менен тынч жашай албас.
Уулум Айтемир күндөн күнгө торолуп баратты. Шипширин балакайым. Көздөрү дал эле Маралдыкындай.
* * * *
Кечке чейин үй издеп, барбаган компаниям калбады. Кээ биринин шарты жакса, кээ бириники жакпайт. Ошентип көз камаган маалда үйгө келдим.
- Маралка, аябай чарчадым. Таманым түшүп калды.
- Эмне, такыр таппадыңбы?
- Көп эле ыңгайлуусу чыкты. Бир кемчиликтери бар да. Күңгөй бет эмес, же болбосо дагы ушул сыяктуу. Эртең эмнеси болсо да алабыз жаным. Батыраак жайгашалы. Эртең эле атамдын жылдыгы келип калат.
- Туура айтасың. Баса, бөлөң чалды. Кызын турмушка берип жатыптыр. Тойго чакырды. Чакыруу кагазын берип жиберем дейт...
- Ким Алмазбы? Жийдени берип жатыптырбы? Оо, убакыттын өткөнүн кара. Эрте үйлөнгөн бизден. Жакында таята болот тура.
- Биз дагы эртерээк там албасак, досторум эки ирет келебиз дешип оолугуп калышкан экен, шашпай тургула, даярданып чакырам дедим. Биздин отуруш үйдө гана өтөт. Бала- чака менен колу бутту сунуп олтурганга. Ресторан, кафе көңүлгө тийген эчак.
Эртеси адаттагыдай эле жумуштан соң там издөөгө кеттим.
Күн илеби жоголо баштаптыр. Мурдагыдай куйкалабай түштөн кийин салкын боло баштады.
Бүгүн эмнегедир жүрөгүм уйгу- туйгу. Бир жакшы жаңылык болот го деп болжоп турдум. Кечээ бир квартины көрүп кеттим эле, ошого шашып бараттым. Жетип барып эле үй ээси менен убадалашып, баасын да чечип алдык. Шашканымдан телефонум машинемде калган экен, келсем Марал 7 ирет коңгуроо кылыптыр, дароо чалдым.
- Маралка, алло? Аябай чалган экенсиң? Эмне болду, балага бирдеме керекпи?
- Жок Алибек, үйгө тез келчи, бол эми!
Ары жакта уулум чучуктай чыңырып ыйлап жатканын уктум. Жүрөгүм дүкүлдөп оюма түркүн нерселер келди.
- Марал, эмне болду? Эмне үнүң дирилдейт? Ыйладыңбы? Артык эмне ыйлап жатат?..
- Сөздү көбөйтпөй келсең боло Али! Батыраак бол!- деп кыйкырып өчүрдү. Кантип жөнөп кеткенимди билбейм, жол чыракка карабай айдап бара жаттым. Үйгө көтөрүлүп чыксам сырткы эшик ачык экен. Жүрөгүм шуулдай түштү. Кирип барсам коридордун төрүндө олтургучта Марал бекем буулуп, оозу колу таңылып олтуруптур. Мага дудукча жаңсап бирдеме дегиче арт тарабымдан кара кушума бирөө ургандай болду.
Канча жаттым билбейм, уулумдун ыйынан ойгондум. Башым зыңылдайт. Менин дагы колу бутум таңылган.
- Силер кимсиңер? Чечкиле, чечкиле деп жатам. Уулума колуңду тийгизбе! Акмак десе! Кимсиң сен!- деп болгон үнүмдүн барынча ызырынып алдым. Жай гана колуна бычак кармаган, бети кара чүмбөттөлүп көздөрү гана көрүнгөн, далылуу эки жигит керебетте ыйлап жаткан баламдын жанында бизди тиктеп тура беришти. Марал шолоктоп ыйлап жатты.
- Ыйлабачы Марал, мени кара, коркпо, коркпо жаным.
- Силерге эмне керек?! Балама жолобо!
- Чүш-ш... Акырын. Балаңдын айнектен учуп кетишин каалабасаң бизге сылык сүйлө,- деди бирөөсү жаныма келип.
- Айткылачы деги, эмне керек силерге?! Милиция чакырам. Бул кылганыңардын азабын тартасыңар али.
- Оо, аябай коркуп кетпедикпи тимеле. Мени ук катынпоз. Мени ук! Акча кайда? Акчаны сурап жатам, кайда?!!
- Жок эч кандай акча!
Мени курсакка өзөртө тээп кулатты.
- Акча кайда деп жатам?!- деп кайра- кайра кайталап барып колундагы бычагын Маралдын алкымына такады.
- Тийбе деп жатам. Тийбе! Акча жок эч кандай бизде! Өзүбүз батирде турабыз! Ишенбесең кожоюнуна чалып тастыктап берем. Силер бул үйгө адашып келип алдыңар! Силер ойлогондой бай эмеспиз! Ишенчи!- дедим аргасыздан.
Уулумду колуна алды да:
- Мени кара, азыр балаңдын желкесинен кармап туруп, жаздыкка жүзүнөн басып бир нече секунд эле турсам жан берет, сен ошону билесиңби? Же, жок, жок, анчалык убара болбой эле, бетине жеңил эле могул жаздыкты таштап койсом, эмне болоорун билесиңби ыя? Эмне? Акча уулуңдан да жогору турабы? Бул ж...... го сага кымбат эмес экен. Алкымына бычак такасам да тоготпойсуң! Мени ойноп жатат деп ойлобо! Сенде акча бар экенин абдан жакшы билем. Жакшылыкча бер! Уулуңдан, катыныңдан ажыраган күндө деле баарыбир алабыз акчаны.
- Ишенгилечи, эч кандай акча жок менде! Кайрадан тепкиледи. Көзүмө жаным көрүнө түштү. Бирөөсү мени тепкилесе, экинчиси барып Маралдын жүзүнөн өөп, бычагы менен анын кийимин кесе баштады.
- Токтот, токтокула. Берем, берем акчаны. Үй бүлөмө тийбегиле! Тийбегиле. Аптыгып түйүлгөн ичим жазылбай жерде үлүлдөй үйүлүп онтоп жаттым.
- Бая эле ушинтсеңиз болмок да байкеси! Абдан кыйнадың бизди. Кана акча, акча кай жерде?
Төш чөнтөгүмдөн эки карточка алып сундум.
- Ушунда, мына ушунда акча.
- Кодун айт. Туура айтпасаң капа болбогунуң.
Балам керебетинде ыйлай берип чарчап калды. Ага боорум ооругандыктан мен дагы кошо ыйлап кирдим.
Каракчылардын бири текшерүү үчүн сыртка чыгып кетти, экинчиси биздин жаныбызда калды.
- Суранам, аялымды коё бер, балам кыйналды ыйлай берип,- деп жалбардым. Ал Маралдын колу бутун чечти. Калтырак баскан Маралкам баланы бооруна кысып бир бурчта олтурду. Ал болгон баалуу буюмдарды алганга үлгүрдү. Аялымдын алтындарын, менин кол саатымды, капчыктагы акчамды.
Көп өтпөй шериги келди.
- Шеф, даяр! Акча биздин колдо,- деген сөздү укканда мени тумшуктан ары бир койду. Көзүм караңгыдап куладым, башка эч нерсе билбейм....
Уландысы бар.
Мейманова Эльвира

Комментарии