ЧААП БАРАТЫП ЧАЛКАМАН КЕТТИМ

-13-
Бет сөөгүмдүн ооруксунганы дагы деле бар. Алыс жолдо андан бетер жанчылып калдым. Башкарма дайындаган мейманканага келип, жуунуп алып дароо уйкуга кеттим. Канчалык үйгө бат кайтуу менден көз каранды. Эс алып, андан соң жакшылап жумушка киришейин дедим.
Ишим оңунан чыгып келишимге кол коюлду, эми башкармага тике карап сүйлөсөм болот.
Арадан эки апта өтүп калганда тынчым кете баштады. Жумуш деле бүттү, жөнөй берсемби деп ойлондум. Себеби төрт күндөн бери Маралдын телефону өчүрүлгөн. Оюма ар нерсе келип коркуп жаттым. Кошуна эжеге чалып үйгө барып карап коюусун өтүндүм. Бирок тилекке каршы үйдө жок экен. "Үйүң кулпуланып турат, дабыш чыккан жок такылдатып көпкө турдум"- деп айтты.
Анда эле оюм ар нерсени болжоп турду. Телефнду сууга түшүрүп алды бекен? Же, коркуп апасынын үйүнө кеттиби?! Такыр түшүнбөй жаттым. Уулумду, Маралкамды абдан сагындым. Кайра- кайра телефон чалып, уктай албай олтурсам, Кадырдан коңгуроо келди.
- Оо башкарманын оң колу, кандай?
- Жакшы өзүң? Жөн эле сүйлөчү...
- Макул, макул. Сени шеф тез эртең жолго чыксын дейт. Иштер эмне болду?
- Чын элеби? Өзүм дагы араң олтурдумдум эле. Иштер жайында баары .
- Анда жолго чык, күтөбүз.
- Жарайт.
Таң таштаганда эле жолго чыктым. Жол бою кымгуут ойлор курчап келе жатты. Уулдарымды, кызымды көргүм келип аябай сагындым. Апама дагы каргашалуу окуядан кийин бара элекмин. Кантсем экен. Жалал- Абадга барып келсемби? Ошентсем окшойт. Артыгымдын кылыктары чыгып ширин убагы. Колуңдагы, жаныңдагы балаң баарынан өтүп ширин болот тура. Шаарга кирип келер затам уулума оюнчук, апасына гүл алдым. Аларга айтпай күтүүсүздөн барайын дедим. Анын үстүнө Маралдын телефону дагы өчүк болуп туруп алды. Дароо эле жумуш жакка өттүм. Себеби башкармага таштоочу зарыл кагаздар бар эле. Саат кечки беш болгон. Кагаздарды таштап дароо эле үйгө жөнөдүм. Сыртка чыгып унаама олтурганда башкарманын мени тиктеген башкача кареги дагы деле эсимде турду. Бул эмнеси, эмнеге мындай көз карашта карады? Кызык. Мурда мындай мамиле кылчу эмес. Ал мени аяп кеткендей, атүгүл сылык мамиле кылды. Же, ой боюма койбой жөнөтүп ийгенине өзүн күнөөлүү сезип турат го, - дедим болжолдоп.
Офистен Кадырды көрбөдүм. Ага жолугуп айтчу сөзүм бар эле, коё берейинчи, эртең сүйлөшөрбүз деп үйгө жөнөдүм. Күүгүм маал болуп калды. Жолдон машинеме май куюп, үйгө шириндик, майда - чүйдө алып дүкөндөн чыкканча саат сегизге чукулдап калды.
Өз ачкычымды алып акырын эшикти ачтым да, үйдүн ичиндеги тамактын жытынан Маралдын үйдө экенин дароо билдим. Акырын эшикти жаап бутумдун учу менен бастым. Жаш балача кылыгыма күлкүм келе түштү. Балким ашканада жүргөн чыгар деп баш бактым. Үстөлдүн үстүндө ичимдик, эки стакан, тамактын калдыгы. Толгон мөмө жемиш экен. Оо, конок барго үйдө деп ойлоп койдум. Үй тынч. Акырын биз уктоочу бөлмөнү ачсам чырак өчүрүлгөн. Аз гана жарык берчү лампочканын жарыгынан экөөбүз жаткан керебетте Маралдын бир сөлөкөттүү эркектин көкүрөгүндө уктап жатканын көрдүм. Кош коңурук тарткан эркектин жылаңач экени байкалды. Түктүү буттары, узун бойлуу экени да байкалды. Башыма муздак суу куюп жибергендей болдум. Далымдан муздак тер чыкты. Тиштенип алдым. Дароо бөлмөдөн чыктым, акырын гана эшикти жаап койдум. Чамасы экөө тең мас го, болбосо менин киргенимде ойгонмок. Ашканадан бычакты алып барып экөөнү тең мууздап сал,- деди бир оюм. Бир оюм айтат, чоочун кишини канжалата тепкиле,- дейт. Коридордо бир нече секунд нес болуп туруп калдым. Кийин гана дароо уулум эсиме түштү. Ал жатчу бөлмөгө кирсем уктап жаткан экен. Демейде он экиге чейин уктабай ойногон балам, кантип эле сегизде уктап калды экен деп башым катты. Анын жылуу күрмөсүн алдым да, көтөрүп жөнөдүм. Акырын эшикти сыртынан кулптап. Ачкычты албай тим койдум.
Сениби Марал. Карап тургунуң. Экинчи уулуңду көрөм деп ойлобо, шуркуя десе. Кантип ушул убакка чейин эч кимге ишенбей сокур болдум экен.
Сыртка чыгып машинага олтурганда телефонго коңгуроо келди. Кадыр экен. Телефонду көтөргөн жокмун. Рулду алаканым менен ургулап, жашымды токтото албай ичимден буулугуп ыйладым. Арткы олтургучка уулумду жаткырып, үстүн жаап койдум. Уулум ойгонбосун деп, демимди ичке каттым. Кадыр дагы кычагандай кайра- кайра коңгуроо кыла берди. Кайда баратканымды билбейм, ызылдата айдап жөнөдүм.
- Алло, сага эмне керек?! - дедим ачуум менен телефонду алып.
- Али, досум. Мен үйүңдүн алдында жетип келсем жок экенсиң. Сени күтүп- күтүп кетип калдым эле. Баарын көрдүң да. Мен сага ушуну көрсөтөйүн деп атайын чакырган элем. Машинаны акырын айда, уулуңду ойло. Токто досум, мен артыңда кетип баратам. Сага жеткени калдым. Эгер сага мен айтканда ишенбейт болчусуң. Токточу сүйлөшөлү. Акырын айда деп жатам! Токто жолдун четине. Токто!!!- деп кыйкырган үнүн укканымды билем, маңдайдагы даракты сүзүптүрмүн.
Уландысы бар
Эльвира Мейманова

Комментарии