Комментарии
- 3 янв 2021 12:38Кубанычбек АлибековСонун жазылыптыр илгертен калган сенин байлыгына менин жыртык байпагым деп
- 3 янв 2021 19:16Нуржамал ТоктакуноваАлтын кыз! Бар бол! Ийгил ик!
- 5 янв 2021 13:13Аматова Махбураттарбиялык таасири ото терен мыкты жазылыптыр.
- 6 янв 2021 00:29" СҮЙҮҮ БУЛ ЭМНЕ?" Эльвира Мейман ответила Аматовой МахбуратЧоң рахмат.
- 13 янв 2021 20:55Нуржамал MaразиковаМм даа де
- 1 янв 2022 21:28gulnura ответила Кубанычбеку Алибекову
- 25 фев 2022 19:54KG KG️
- 25 фев 2022 20:16Гузель ДуйшеналиеваБайлыгын байпагымда.батегимда .чокойум деп Бир апабыз айтты эле
- 25 фев 2022 20:34Сааткан СадыкбаеваСонун
- 26 фев 2022 06:23Гулумкан Алманбет арууке
- 26 фев 2022 07:13Ландыш Мамышова
- 26 фев 2022 09:24Улгелди Тукейева
- 28 фев 2022 04:32Гулмира КенжекуловаЧынында жакшы жазылыптыр, жокко каниет,барга шүгүр деп жашоо керек..
- 2 мар 2022 02:22Гулумкан Ишенбиева
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
ЖОКЧУЛУКТУ БАКЫТ ДЕП
Ош базар алдындагы үйүлгөн жигиттер бүгүн көрүнбөйт. Демейде кара таан болуп турушчу эле. Чет жакта турган жигит оюмду окугандай эле жаныма жетип келди.
- Байке, телефон сатасызбы?
- Ооба...
- Кана, көрөйүнчү. А, абдан эски тура. Мындай телефондор азыр чыкпай калган. Капа болбоңуз, абдан арзан болуп калат. Ала албайм. Кайра сата албай калам да...
- Арзан болгондо канча?
- Сегиз жүз сом.
- Жок дегенде миң сомго ал иним. Кандай дейсиң?
- Жок байке, болушу сегиз жүз. Кааласаңыз башка бирөөлөргө да көрсөтүп көрүңүз.
Каап, эми кандай кылсам экен? Сегиз жүз сом акча эмнеге жетмек эле...
Башка арга жок. Үйдө балдарым күтүп жатат. Дагы бирөөлөр көрүп, алабы деген үмүттө жарым сааттай турдум. Бирок эч ким алган жок. Аргам түгөнүп баягы жигитке саттым. Балдарыма да белек ала албай, ченеп эле шириндик алдым. Бир кап көмүр, төрт нан, такси акысы, ошону менен эч нерсеге жетпей үйгө келдим.
Келинчегимдин кареги жанып, балдарым менен тосуп алышты. Бар нерсебизди ортого коюп, үйгө от жагып олтуруп калдык.
-Ата, Кабылбектин үйүндө чоң балаты бар экен. Балатыда кооз оюнчуктар илинген. Мен суранып араң гана терезеден көрүп келдим. Баса, чоң жолго дагы балаты орнотушат экен, эчаак эле орнотуп коюшкандыр. Биз барып көрүп келеличи.? Инимди алып алайын, бул дагы көргүсү келет...
- Кызым. Балатыга барбай эле коёлу. Улуу кызым оозумдагы кепти жула сүйлөдү. Канткен менен акылына кирип калган да.
- Акмарал. Экөөбүз убадалашпадык беле? Унутуп койдуңбу?
- Эмне болгон убада?
- Акмаралды бүгүн кечке чана менен сүйрөп ойноттум. Мени кечке чана менен сүйрөсөңүз, балатыга барам деп ыйлабайм деген.
- Ооба, ошенткенмин. Анда терезеден карайынчы. Бир эле көрүп алайынчы?
Келинчегим экөөбүз бири бирибизди тиктеп коюп ичибизден өрттөнүп олтурдук. Балалуу болгон соң балалыгын бактылуу өткөрүү милдетибиз эмеспи. Минтип жокчулук жондон тилип турган учур. Буга мен жалгыз өзүмдү күнөөлөйм. Келинчегим өз милдетин кылып, бала төрөп үйдө багып олтурат. Мен жарытып таап келе албагандыгым мына ушул күнгө алып келди. Үч баламдын кыялдары, таттуу тили жүрөктү элжиретет.
Айылдагы балатыга акча кошо албагандыктан балдарымды да үйдөн чыгара албадым. Терезеден мостоюп карашып тим болушту.
Бала кезден чогуу өскөн айылдык жигит бар эле. Абдан бутуна туруп, азыр шаарда ресторан иштетип, дүкөндөрдү ачты. Экөөбүздүн келинчегибиз да курбу. Ар дайым майрамдарда, туулган күндө чогуу олтурчу элек. Баарын өзү көтөрүп, көп учурда мага жардам берчү. Азыр ичимден ошол дос баламдан үмүт кылгандай болуп олтурдум. Кокус коңгуроо кылып, чогуу тосолу десе кана дедим. Өзүм эки ирет чалсам алган жок.
Бүгүнкү Жаңы жыл күндөгүдөй күндөрдүн бири болуп, балдарым майрамдык маанайды сезе алышпады. Саат түнкү бир, балдарым таттуу уйкуда жатат.
- Сейил ..
- Оу, сен дагы уктай албай жатасыңбы?
- Ооба. Баса, Мараттар эмнегедир чалган жок ээ? Мен чалсам дагы албай койду.
- Ии, сага айтам деп эсимден чыгыптыр. Өткөндө эле таарынышып кайра жарашышпады беле? Кийин Дубайга эс алганы барышкан да. Ошол жактан келип эле катуу уруша кетишиптир. Мына, мага кат жазган экен телефонго окусаң....
Кандайсың Сейил? Бала- чакаңа, бактылуулукка толгон чакан үйүңдө жыргап баягыдай жашап жаткандырсың? Сага көз артам. Мени сураба. Абалым баягыдан да оор. Марат обу жок кызганып уруп койду. Бетимде тамтык жок. Ооруканадан кечээ чыктым. Сага чала албагандыгым да ошол. Өзү ар кандай аялдар менен жүрүп, үйгө түнөбөй машинасына толтуруп кыздарды салганын билбей дагы, мени кызганып коёт. Эми жашай албайбыз. Апам катуу кийлигишип урушуп калдык. Балдарымды алып өзүмчө турмай болдум. Тойдум ушунун байлыгына. Баягы студент кездей эле чакан бөлмөдө, бирок бактылуу жашасак эмне. Барчылык бузду Маратты. Мени көзүнө илбей калды. Сени сагындым. Сенин оту күйбөй түтөгөн үйүңдү сагындым. "Шубаң ыш жыттанып калат, отум күйгөнчө сыртка чыга турчу"- дегениңди эстеп күлөм. Үстүндө кымбат шубасы бар, бирок жүрөгү муздак курбуң сенин жөнөкөй жашооңо суктанат. Сейил, сен бактылуусуң. Ушуну биле жүр. Азыр жүрөгүмдөн ачынып сага кат жаздым. Тойдум курбу ушул жашоого. Мага чалбай тур. Өзүмө келип алган соң сага барам...
ЖОКЧУЛУКТУ БАКЫТ ДЕП бил курбум...
- Чыдабай чалдым, телефонду көтөргөн жок. Абалы кандай болду экен.? Абдан тынчсызданып жатам.
Көзүмдөн жаш кылгырып, келинчегимди боорума кыстым.
Кыскартылды
Эльвира Мейманова