ЖАКШЫ АДАМ

Кычыроон кыш, жыйырма бир жаш курагым,
Акыл кирип, токтоо болгон убагым.
Короо түптө колум уюп бир азга,
Чакаларым жерге коюп турамын.
Мен күнүмдүк мээнет менен алышам,
Калбай келет окшош күндөр жарышкан.
Бүгүнкү күн өзгөчөрөөк туюлуп,
Жаркып күлдү жакшы адам алыстан.
Ичке батпай суроо турду ким?- деген,
Жакты адам буга чейин билбеген.
Жакындатса улам жылып кадамын,
Жамалынан жүзүм кызып сүрдөнөм.
Салам берип сурап менин ал жайым,
Туюп турдум жакшы кебин айтарын.
Биринчи ирет жолукса да бул адам,
Бир мен үчүн жаралганын байкадым.
Маңдай тиши мончок таштай тизилген,
Жутуп алгым келип турду ичимден.
Келбети да, сыпаалыгы мас кылып,
Сезбей калдым буттарымды үшүгөн.
Жакшыларын көрсөтсөм деп сыртымдын,
Көйнөгүмдүн эски жеңин кымтыдым.
Кийимимден катуу турсам уялып,
Ойду бөлдү кишенгени жылкынын.
Ыңгайсыздан бул учурга капамын,
Өңү өчкөн көйнөгүмдү катамын...
Шашылганда оңой колго тийиптир,
Кийип алгам атакемдин чапанын.
Жолуксак деп сунуш кылды ал жигит,
Жүрөгүм бат согуп турду жан кирип.
Ушуну эле күтүп турган өңдөнүп,
Ойлонбостон макул дедим баш ийип.
Жарашыктуу сүйлөгөнү күлгөнү,
Чечкиндүү да, көп экен го билгени...
Бактылуулук тартуулады чеги жок,
Жакшы адам мени жандап жүргөнү.
Ав: Эльвира Мейманова

ЖАКШЫ АДАМ - 863457357948

Комментарии

Комментариев нет.