Төлгөчүлүк, сыйкырчылык деген эмне?

Төлгөчүлүк, сыйкырчылык деген эмне?
Суроо: Көзү ачыктык, төлгөчүлүк, сыйкырчылык деген эмне? Буларга ишенүүнүн өкүмү кандай?
ЖООП
Көзү ачыктык жиндердин бири менен достошуп, болуп өткөн нерселер тууралуу андан сурап, андан үйрөнүп билүү жана буларды башкаларга билдирүү болуп саналат.
Жин менен таанышкан төлгөчүлөр "Жылдызнаманы” карап, суралган ар нерсеге жооп бергендер мына ушундай. Буларга жана сыйкырчыларга барып, айткандарына, кылгандарына ишенүү, кээде туура чыгып калса да Аллахтан башкасынын ар нерсени биле тургандыгына жана ар каалаганын кыла ала тургандыгына ишенгендик болот, бул болсо куфур. (Хадика)
Хадиси шарифте мындай деп билдирилди:
"Ырым-жырымга ишенген, көзү ачыктык кылган, көзү ачыктарга барган, сыйкыр кылган жана кылдырган жана буларга ишенген адам бизден эмес, Курани каримге ишенбеген болот.” [Беззар]
Ибни Аби Зейд хазреттери мындай дейт:
"Жинчи тарикатчыга ишенүү, адамды жинден куткара тургандыгына ишенүү, ага акча берүү жаиз эмес. Сыйкырды жандырган адамга дагы акча берүү жаиз эмес.”
"Биргиви Васиятнамасында”: "Бир адам уурдалган, жоголгон нерселерди билемин деп айтса, айткан адам дагы, ага ишенген адам дагы каапыр болот. "Мага жин кабар берүүдө, ошондуктан билемин” деп айтса дагы каапыр болот. Себеби, жин дагы кайыпты билбейт. Кайыпты бир гана Аллах билет”, - деп айтылууда.
Артка
Диний маалымат изде:
Бишкек | Кыбыла: 0°
Имсак 05:45
Күн 07:28
Бешим 13:24
Асыр 16:31
Шам 19:01
Куптан 20:32
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.

Комментарии

Комментариев нет.