Үй-бүлөнү багуу эркектин милдети.

Ал эми аялга иштөө милдет эмес, бирок укугу. Эгер күйөөсү уруксат берсе, Шариат көрсөткөндөй ылайыктуу жер болсо иштесе болот. Бирок иштебей үйдө отурам десе өзүнүн эрки.
Аллах Таала айтат: “Эркектер аялдардын үстүнөн башчы. Себеби алар өз байлыгынан сарпташып, [үй-бүлөсүн] багышат жана да Аллах бирөөнү башкасынан [күчүндө, акылында] артык кылган үчүн” (Куран 4:34)
Эгер күйөөсү үй-бүлөнү бакпай койсо барып барып бул талакка алып барышы мүмкүн, ал эми бул киши аялын карабай койгон үчүн күнөөкөр болот.
Хадисте келгендей: “Кол алдыңдагыларды бакпай койгондук [Тозокко кирүүгө] жетиштүү күнөө” (Насаи)
Сурашты: “О, Аллахтын элчиси, аялдарыбыздын алдындагы милдеттерибиз кандай?”, жооп берди: “Сениң милдетиң сен тамактансаң аларды да тамактандыруу, кийинсең аларды да кийинтүү. Бирок аларды бетке чабууга, кемсинтүүгө жана үйдөн кубалап чыгууга укугуң жок” (Ахмад)
Турмуш-тиричиликке болгон аракет эч качан Аллахтын мыйзамдарын бузууга алып барбаш керек. Дүнүйө чогултам деп арамга баруу; намазды, орозону ж.б. парздарды аткарбоо – шайтандын азгырыгы. “Шайтан силерди кедейлик менен коркутат жана [ошентип] бузукулуктарга буюрат. Аллах болсо, силерге Өзүнүн кечиримин, пазилетин убада кылат. Аллах - Кенен, Билүүчү” (Куран 2:268)
Канчалык ырыскы аласыз Аллахтын тагдырында сиз төрөлө электе эле жазылган. Эми ошол ырыскы баары бир сизге келет. Шашсаңыз – арам жол менен, сабыр кылсаңыз – адал жол менен.
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи ва саллам, айтты: “Мага Ыйык Рух (б.а. Жебреил периште) жүрөгүмө шыбырады: "Адам эч өлбөйт качанга дейре өзүнүн [пешенесине жазылган] ырыскысын толук алып жана [пешенесине жазылган] өмүрүн толук жашамайынча". Ошондуктан Аллахтан корккула жана ырыскыны туура жол менен издегиле” (Ибн Хиббан, сахих)
Ошондуктан Аллахтан корколу жана ырыскыны туура жол менен издейли!
Ислам Жолу
24

Комментарии

Комментариев нет.