Нарын облусунун Жумгал районунун Беш-Терек айыл аймагындагы Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектебинин мындан 10 жыл мурда бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөр айыл ичиндеги ички жолдорду жана коңкулаш айыл менен чектеш жолдорго кум-шагыл төгүп жолду жасап жатышат.

Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз маалымдады.
Маалыматка карасак, учурда райондун ар бир айылдардагы мындан 10-20 жыл мурда бүтүп кетишкен бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн айылына жана мектептерине кайрадан кайтып келип колдорунан келген жардамдарын көрсөтүп айыл ичине чоң салымдарын кошуп келишет.
«Азыр Беш-Терек айылын аралап өткөн 4 көчөнүн жана Кызыл-Жылдыз, Кара-Жээк айылдарын кошуп турган коңшу көчөлөргө жалпы 300-ашык тонна кум-шагыл төгүлүп, техникалардын жардамы менен тапталып жолдор оңдолууда. Ошондой эле айыл тургундары өздөрү дагы салымдарын кошуп жол түзөөгө катышып жатышат» — деди айыл тургуну Артур Карыкенов.

Комментарии

Комментариев нет.