6 апр 2018

"Керимдин суйуусу"

11-болук.
Адатынча Керим ойлуу баратты машинанын ичинде. Айылдагы эжесине бош жатканча учурашып жардам берип келууго.
Эжеси да тагдырдын оор жазыгына кабылып атасы Зарылбек каза болгондон эки жыл отуп жездесин машина уруп кетип каза болгон.Керим ошол куну жездеси менен телефондон суйлошкон эле корсо акыркы суйлошкону экен. Керим жезде, куйоо балдарынан жакшы коргону сыйлаганы ошол жездеси болчу. Керимди отуз жашы менен куттуктап кулдурду эле. Эжесине коп жан тартып, сыртынан билгизгиси келбейт балдарын карап ичинен сызат.
Керимдин эс тарткандан элге карап коз жашын агызып ыйлагысы келчуу эмес. Ал озунун алсыздыгын коргозгусу келбейт,адамдын да жакын ишеничтуусу менен гана ымала тузбосо ичиндеги сырдын тупкусун ачыка чыгарбайт.
Откон кеткендин баарын коз алды нан откоруп баратып эжесинин айылына жетип барды.
Керим мурдагыдай болбой элге коп аралашкысы келбей озун кемсингендей сезип,элдер аны куноолусун,ушуну кормоксун,сооп чала болот деп шылдын карап айткандай сезип бушайман.
Озун канча куноолоп,канча башын ташка чапкысы келсе да,жанын кыя албагына да ачууланчу.
Раматылык атасы сабырдуу бол деп коп айтып, коп акыл насаатын айткан. Ошол создорун эстеп Керим озун озу сооротуп жашап келет.
Туура адамдын баркын тируусундо билбейт турбайбызбы,Керим атасынын айткан создорун турмуш тан кезиктирип,баа берип калат.
Атам акылмандык кылыптыр деп атасына ар дайым куран окуп турганы да ошол.
Керим эжесиникине да озун батыра алган жок,эжесин аяп мен учун да кайгы тартып мунайбасынчы деп, озун жакшы алып жасалма тур коргозуп кетип калды. Чынында коп нерселерди ошол эжеси менен кенешип,сырдашып буугун чыгаргысы келген, жок анте албады.
Керим айылындагы уйуно келип уйунун кейпин коруп ичи ооруп жашабаган уй мазар болот деген ушул тура деп кубуронуп алды.
Озун алаксытуунун айласында коро жайын ирээттеп шыпырып кун откозду. Кечинде чарчап уйуно кирип чай ичип бутуп,ушул уйдо балдары менен бака шака тушуп бактылуу кундорун элестеп коз жашын тогуп буркурап ыйлап алды.
Оо жараткан ушунча да сыноо бересинби,бизге коз артып жаман ойлогондорунан озун коргой кор.
Кундон кунго Керим элдерден корунуп кемсине берди.Балдарым эмнеге мени ойлоп ата деп бир телефон чалышпайт,же алардын менден конулу калгандай кундо ичип келип сабабасам. Колуман келишинче барктап бакканга аракет кылчуу элем го.
Керим аялына айтып каникулда балдарын шаарга алып барып ойнотуп кыдырып келгенге сураган. Барса кайненеси балдарын бербей,эшигин ачпай койгондо ачуусу келгенин эстеп,болду болбоду балдарына мени жамандап аларды Керимге каршы угуттоп жаткан кайненесине ачуусу келип кудайга койдум деп басып кеткен эле.
Керим озун озу жоготуп баратканын ойлоп, санаа менен кайгы карылык сазына чоктуруп баратканын сезип жок андай болбош керек деп чыйралды.
Озун кантип алаксытышты билбей, тунгуюктан тешик издеп чыгыштын айласын кам коро баштады.
Телефондон коп кыз келиндер менен тааныша баштады.
Аркасынан экоону жактыргандай болгон,бироосу копко суйлошпой калып Керим берки кыз менен суйлошуп турат. Кундон кун ото берип Керим ачуулу сезими менен ал кызга нике кыйдырып уйлонуп алат.Замира менен Керим бир гана жолу жолугушкан шаардан. Тагдырына таарынып, жардын учунда турган Керим эч нерсени ойлогон да жок. Озун таштап эмне болсо болсун деген эле. Экоонун урушу да кобойуп Керимди обу жок кызганып балдарын да жолоткусу келбегендиктен Замира менен бир жылча жашап ажырашып кетишет.
Ангектен качсан донгоко деген ушул тура деп Керим аял деген ойдон качып чунчуп баратты.

Комментарии