​​🔴 ООЗ АЧУУНУН СҮННӨТКӨ ЫЛАЙЫК 9 ЖОЛУ

❒ Ооз ачардан алдын дуба кылуу. Сүннөттө келген дубаларды айткан жакшы. Эгер арабча дубаларды билбесе, анда кыргызча эле жакшы ой-тилектерин сурап дуба кыла берсе болот. Анткени орозо кармаган адамдын, айрыкча ооз ачар маалда кылган дубасы сөзсүз кабыл болот.
❒ Ооз ачар убактысы киргенде кечиктирбестен эрте ачуу. Пайгамбарыбыз ﷺ оозду өз убактысында ачууга буйруган.
❒ «Аллаху акбар» деп азан айтылып башталары менен оозду ачуу. Азандын бүтүшүн күтүш шарт эмес. Анткени ооз ачар убактысы кирери менен азан айтылат.
❒ Ооз ачардан алдын «бисмиллах» деп айтып, андан кийин жаңы бышкан же кургатылган курма менен ачуу. Эгер курма болбосо, анда суу менен ачат. Эгер курма да, суу да болбосо, анда каалаган тамак-аш менен ача берсе болот.
❒ Оозду ачкандан кийин ушул дубаны айтуу керек: «Захабаз зома-у уабталлатиль уъруук уа сабаталь ажру ин шаа Аллах (Чаңкоолук кетти, тамырлар нымышып суу жетти жана Аллах кааласа сооп-сыйлык да анык болду)».
⚠️ Пайгамбарыбыз ﷺ ооз ачар дубасын ооз ачкандан кийин айткан. Бизде көпчүлүк адам бул дубаны ооз ачардан алдын айтат. Сүннөт боюнча «бисмиллах» деп оозун ачып, андан кийин ооз ачар дубасын айтуу керек.
❒ Курма же суу менен оозун ачкандан кийин азанчынын айтканын кошо кайталоо.
❒ Азан бүткөндө азандын дубасын айтуу.
❒ Андан соң туруп шам намазын окуу. Себеби пайгамбарыбыз ﷺ оозун курма же суу менен ачкандан кийин дасторконго отурбастан биринчи шамды окуган, андан кийин келип шашпай тамактанган. Анткени шамды окуп бүткүчө ашказан тамакты кабыл алууга даяр болот. Ушундай кылуу ден-соолукка пайдалуу.
❒ Кайсы бир жерге ооз ачууга барса, анда ооз ачып бүткөндөн кийин үй ээсине жакшылыктарды тилеп дуба кылуу сүннөт болуп саналат.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу 💌
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Комментарии