Бир жолу бир келин молдого келип: - Эки жыл мурун Сиз күйөөм экөөбүздүн никебизди кыйып баш коштук эле. Эми суранарым, ажыраштырыңыз бизди, мен аны менен артык жашай албайм,- деди. - Себебин билсем болобу? - деп сурады молдо. - Баарынын күйөөлөрү жумуштан кийин үйүнө убагында келишет. А менин күйөөм болсо дайыма кеч келет. Ошонун айынан көп урушабыз,- жооп берди келин. Анда молдо: - Ошол үчүн элеби? - Ооба, мен мындай кемчилиги бар эркек менен жашай албайм! - деди келин. - Ажыраштырсам ажыраштыра берем дечи, бирок бир шартым бар. Мага бир нан бышырып келесин. Нанга үйүңдөн туз да, суу да, ун да албай, баарын кошуналарыңдан сурап, эмнеге сурап жатканыңды аларга түшүндүрөсүн. Анан мага бышкан нанды алып кел,- деп айтты молдо. Келин үйүнө келип, шартты аткаруу үчүн ишке киришти. Кошунасына кирип: - Бир стакан суу берип турчу. - Эмне болду сууң калбадыбы? - таң калды кошунасы. Молдо айткандай келин баарын баштан аяк түшүндүрдү. Кошунасы иштин чоо-жайын угуп буткөндө оор үшкүрүп: - Эх, сен менин күйөөмү билбейсин, - деп арызданып өзүнүн күйөөсү кандай эркек экенин айтып берди. Келин кийинки кошунасына унга жөнөдү. Ал жерде да баары кайталанды. Ал да күйөөсүнө арызданып көп нерселерди айтты. Туз сураган кошунасы да күйөөсү кандайлыгын айтып арызданып, кайгырып да алды. Ошентип келин нанды бышырып молдого барды. - Нанды үй-бүлөңүзгө бериңиз, аш болсун. А бирок бизди ажыраштырам деп ойлобоңуз. - Эмне болду, кызым? -деп сурады молдо. - Көрсө, менин күйөөм эң жакшы экен! -деди. Колдо бар алтындын баркы жок. Дайыма жакын адамыбыздын кадырына, баркына жетели. #үйбүлө #жашоо #сүйүү #сабак
Жашоо насыяттары
Жакын аккан суунун кадыры жок.
Бир жолу бир келин молдого келип:
- Эки жыл мурун Сиз күйөөм экөөбүздүн никебизди кыйып баш коштук эле. Эми суранарым, ажыраштырыңыз бизди, мен аны менен артык жашай албайм,- деди.
- Себебин билсем болобу? - деп сурады молдо.
- Баарынын күйөөлөрү жумуштан кийин үйүнө убагында келишет. А менин күйөөм болсо дайыма кеч келет. Ошонун айынан көп урушабыз,- жооп берди келин. Анда молдо:
- Ошол үчүн элеби?
- Ооба, мен мындай кемчилиги бар эркек менен жашай албайм! - деди келин.
- Ажыраштырсам ажыраштыра берем дечи, бирок бир шартым бар. Мага бир нан бышырып келесин. Нанга үйүңдөн туз да, суу да, ун да албай, баарын кошуналарыңдан сурап, эмнеге сурап жатканыңды аларга түшүндүрөсүн. Анан мага бышкан нанды алып кел,- деп айтты молдо.
Келин үйүнө келип, шартты аткаруу үчүн ишке киришти. Кошунасына кирип:
- Бир стакан суу берип турчу.
- Эмне болду сууң калбадыбы? - таң калды кошунасы. Молдо айткандай келин баарын баштан аяк түшүндүрдү. Кошунасы иштин чоо-жайын угуп буткөндө оор үшкүрүп:
- Эх, сен менин күйөөмү билбейсин, - деп арызданып өзүнүн күйөөсү кандай эркек экенин айтып берди. Келин кийинки кошунасына унга жөнөдү. Ал жерде да баары кайталанды. Ал да күйөөсүнө арызданып көп нерселерди айтты. Туз сураган кошунасы да күйөөсү кандайлыгын айтып арызданып, кайгырып да алды. Ошентип келин нанды бышырып молдого барды.
- Нанды үй-бүлөңүзгө бериңиз, аш болсун. А бирок бизди ажыраштырам деп ойлобоңуз.
- Эмне болду, кызым? -деп сурады молдо.
- Көрсө, менин күйөөм эң жакшы экен! -деди.
Колдо бар алтындын баркы жок. Дайыма жакын адамыбыздын кадырына, баркына жетели. #үйбүлө #жашоо #сүйүү #сабак