19 мая 2020

Мектепти жек көргөн Жек Ма.

Миллиардердин ийгилиги жана азаптуу күндөрү
Азиядагы эң бай адам Жек Ма Украинанын белгилүү ишкери Александр Ярослав менен Украинага баасы 80 млн долларга чапчыган коронавирусту аныктоочу тест- системаларын жөнөттү. Ошондой эле Жекма COVID-19 менен күрөшүүдө Кыргызстанга да гуманитардык жардам берген. Ал башка дагы көптөгөн жакшы иштери менен дүйнөгө белгилүү. Оңой жаша порталы Жек Манын өмүр баяны, баскан жолундагы кызыктуу маалыматтарды топтоду.
Музыкант үй-бүлөдөн чыккан миллиардер
Жек Ма 1964- жылы Хуанчжоудо кедей музыканттардын уй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси ага баштапкы капиталды топтоп бере алган эмес. Анын балалыгы «Маданий Революциянын» демилгечиси болгон Мао Цзедундун дооруна туш келет.
Ошол жылдары « революциялык» репрессияга оппозициялык партиялар жана интелигенттер кеткен. Алардын ичинде Ма Юндун баардык үй бүлөсү, чоң энеси менен чоң атасы, Улуттук партиянын мүчөлөрү жана ата энеси бар болот.
Тилмеч жигит
Ма Юн Хуандчжоуго келгенден баштап, бул шаар туристтик калаага айланат. Ма бул жерден акча табуунун жолун табып, англис тилин бекер үйрөнгөнгө жетишет. Жаш жигит күндө эрте менен отельге келип, чет элдиктерге бекер жана өз ара пайдалуу экскурцияларды сунуштаган. Туристтер Ма Юндун атын оңой айтуу үчүн аны “Жек” деп атап алышат. Ошондон тартып жаш кытай жигитинин аты Жек Ма болуп калат.
Мектепти жек көргөн Жек Ма
Жек Ма англис тилин жакшы өздөштүргөнү менен мектепте начар окуган. Кытай жеке ишкеринин айтуусу боюнча, ал эки жолу башталгыч мектептке жана үч жолу орто мектепке тапшырган тесттерден өтпөй калган. Эки жолу коллежде экзаменден кулаган. Коллежди бүткөндөн кийин да иш берүүчүлөр Жек Маны жумушка албай коёт.
Жек Манын жолсуз жылдары
Жек Ма 1988-жылы жергиликтуу педагогикалык университетти аяктайт. Ал мугалим болуп айына 12-15 доллар айлык алып иштей баштайт. Бирок Жек ага да капа болбой, 10 жолу Гарвард университетине тапшырат. Тилекке каршы 10 жолу да өтпөй калат. 1990- жылдардын башында Жек пайдалуу иш издей баштайт. Бирок жолу ачылбайт.
КФС ресторан тармагы да Маны ишке албай коюшат. Жектин айтымында, ишкерлерге анын жапыз бою жана жупуну келбети жаккан эмес.
Ишкердикке ташталган кадам
Жек Ма ишкерликке болгон биринчи кадамын 1990-жылдардын башында таштайт. Жаш мугалим «Хайбо» аттуу котормо агенттигин ачат. Бул бизнес ага 3 жыл бою бир тыйын да пайда алып келген эмес. Анын өнөктөштөрү офистин ижарасы биринчи айлыктан үч эсе жогору турарын укканда иштен чегине баштайт. Бирок Ма артка кайтууну ойлогон да эмес.
Ал ишмердүүлүгүн илгерилетүү үчүн сувенирлерди, кийимдерди жана башка товарларды саткан. Уч жылдан кийин гана «Хайбо» өзүнүн биринчи пайдасын алып келген. Бүгүнкү күндө «Хайбо» Хуандчжоудогу котормо кызматынын эн чоң уюму болуп саналат.
Компьютерге тиши өтпөгөн кытайлык жигит
Жек Манын компьютерде такыр иштей алган эмес. Программалоо жөнүндө түшүнүгү да жок болгон. Ал биринчи жолу 1995-жылы кытай делегациясы менен Америкага котормочу болуп барат. Интернет менен ошондо таанышат. Жек сыра сурап, бирок жыйынтыгында өзү каалаган кытай сырасын ала албай коёт. Yahoo интернет булагынан да ал Кытай жөнүндө эч кандай маалымат таба албайт. Кыжыры кайнаган Жек Ма Ал өз мекенине кайтаары менен өзүнүн интернет-компаниясын түптөөнү ойлонот.
Баштапкы киреше
Жек Ма биринчи жолу Сиетлде сайтка «Хайбо» жарнагын жарыялайт. Анын натыйжалуулугун текшерет. Арадан көп өтпөй эле 2 сааттан кийин кытай котормо агенсттигине Америка, Япония жана Германиядан 6 сунуш түшөт. Америка Кошмо Штатынан келери менен Жек веб-сайттарды түзүү боюнча экинчи бизнес долбоорун негиздеп, аны «Кытайдын сары барактары» деп атаган. Ижарага имарат алганга Мада акча жок болгондуктан, ал офисин үйүнө ачат. Баштапкы 2000$ ды тапканга анын аялы менен досу жардам берет.
Ааламга кулачын жайган Али-Баба
Жек Ма 1999-жылы мамлекеттик структурадан кетип, озунун санаалаштары менен биргеликте Alibaba Group компаниясын ачышат. Бул компания чакан жана орто ишканалар үчүн интернет базар кызматын сунуштоого киришет. Alibaba кырк каракчы аттуу чыгыш жомогунун лидеринин атына коюлган. Бул корпоративдик версиянын аталышы башкача айтканда прагматикалык аталышы « Али-Баба» бул баардык тилде оңой айтылат. 2000- жылдын башында Жек Манын демилгеси 25 млн $ инвестиция жеңип алат. Бирок ал пайда алып келген эмес. Ошондо гана компания Америкадан кардарларды таап, кытай товарларын экспорт кылуу үчүн атайын система ойлоп тапкан.
2002-жылы Alibaba өзүнүн биринчи кирешесин тапкан. Компания кызматын 1$ баштап жогорулата баштаган. 10 жылдан кийин Жек Манын кирешеси триллион юаньга чейин жеткен. Директорлор кеңешинде ал президенттик кызматтан кетип, төрагалыкты башкаларга өткөрүп берген.
Ашыгы менен орундалган кыял
Alibaba 2014-жылы IPO өткөрүп, акцияларын Нью-Йорктогу биржаларга жайгаштырган. Алар муну менен 1 млрд $ инвестиция алууну пландаган. Жектин кыялы ашыгы менен орундалып, компаниясы 25 млрд $ пайда табат.
Жек Манын байлыгы
Эксперттер 2014-жылы Жек Манын байлыгын 32,7 млрд $ деп эсептешкен. Муну менен ал дүйнөдөгү 18 эң бай адам болуп катталган. Ошол эле жылы Форбес Жекти Кытайдагы эң кыйын 30 адамдын катарына кошкон. Алибаба империясынын негиздөөчүсү кытайдагы жеке ишкер катары биринчи болуп Форбес журналынын башкы бетине чыккан.
Миллиардерден кеңеш
Ишкер болом дегендер алгач туруктуу жана жылдык кирешени оюна келтирбөөсү керек. Ооруганга убакыт да акыңда жок болушу зарыл.
Атаандашыңыз жөнүндө билбесеңиз алардын артыкчылыктарын түшүнбөсөңүз, алар коркунучтуу эмес деп ойлосоңуз сиз жеңилген болосуз.
Өзүңүзгө сиздин ордуңузда иштей ала турган адам даярдаңыз. Командаңызды өзүңүзгө көп көз каранды кылбаңыз. Кол астыңызда иштеген адамдарды ар тараптуу өнүктүрүңүз. Билгениңизди аларга да үйрөтүңүз. Бара-бара сиз эң маанилүүжумуштарды да команданызга тапшырып, өзүңүз башка долбоорлор менен алек боло аласыз.
Өзүңүздөн күчтүү жана тажрыйбалуу адамдар менен иштешиңиз. Эгер сиз дайыма эле ага кеңеш бере берсениз, демек сиз жумушка алсыз адамды алган болосуз. Сиз жумушка алган адам, сизден да билимдүү болушу керек.
Ишкердик менен саясатты аралаштырбаңыз. Капитал- бул курал жарак, а саясат- күйүп турган ширенке. Эгер экөөнү тең алып кетем десеңиз аягы жакшылык менен бүтпөйт.
Атак-данктан баш тартуудан жаман эч нерсе жок. Бир иштин аягына чыкпоо менен сиз өз келечегиңизди талкалаган болосуз.
Исмат Ибрагимов

Мектепти жек көргөн Жек Ма. - 900447756815

Комментарии