Суроо : Ачуум келгенде өзүмдү кармана албай калам.

Эмне кылуум керек? Жооп : Адамдын напсиси от сыяктуу. От алоолоп от алгандай, адам ачуусу келгенде, тескери эмоция күчөп кетет. Ошол себептен, Пайгамбар (алейхи салам) айткан: "Ачууга алдыруу шайтандан. Ал эми шайтан оттон жаралган. Отту суу менен өчүрсө болот.Силердин араңардан ким ачууланса, даарат алсын." (Тирмизий: 2191 )Дагы бир хадисте: «Шайтан адамдын канында жүгүрүп жүрөт».
(Бухарий: 2038)Сиз ачуунуз келгенде: «Аъузу биллахи минашшайтоони рожим»,- деп айтып, анан даарат алыңыз. Абалыңызды өзгөртүңүз. Мисалы: отурсаңыз, туруңуз ж.б., Алланы эстеп зикр кылыныз. Инша Алла ачууңуз басылып калат.

Комментарии

Комментариев нет.