ЖАПАЙЫ АДАМ .

1 _ БОЛУМ .
Бул окуя 1916 жылдары болгон .
Кыргыздар уркунго качып жаткан мезгил эле.
Эл катары бизда ,жугубузду тануулап ,жолго даярдык коруп жаттык.
Баарынын маанайлары сус ,кубур шыбыр создор ,алар жаман дешет ,аял ,балага карабай олтурушо дейт .
Аскерлери менен басып келе жатышат дейт ....
Биз да кайненем экообуз танылчактарыбызды танып ,аттка оноргонго даярдап койдук .
Ангыча шаша буша Жоомарт да келип калды ,эмгиче буто элексинерби ?_ болгула элдин алды жолго чыгып калды деп ,шаша буша танылчактарды атка оноруп ,бизда эл менен чогу жолго чыктык .
_ Биз кайда барабыз деп Жоомартан сурасам ,кайненэм алыскы кытай элине баш калкалап барабыз деди .
Жоомар мен минген аттын башып жетелеп бараты .
Аска зоону аралап ,жардын боорундагы бир аяк жол менен кетип бараттык .
Ношоорлогон жамгыр мойун ыйлдый куйуп жатты .
Бир маалда аттын бутту тайып сыйгаланып жардын бооруна жабышып калды .Жоомарт ,Айгул колунду бер деп кыйкырып жатты .Мен колумду сунуп ,Жоомарьын колуна жеткиче ,ат ылдыйды коздой шыпырылып кулап баратык .
Жоомартын Аааайгууул деген кыйкырыгын гана уктум .
Козумду ачсам ,жерде жаткан экемин ,бутумдун ооруганы жанымды жеп жатты.
Астымдан откон сыздан да ушуп жатым .
Тегерете урул барал карангылык .
Ооруган бутум аттын астында калган экен ,
Бутумду сууруп алсамбы десем алым келбей койду . Бутумдун ооруганынан жаным козумо корунуп жатты.
Айлам куруп жардамга ,мен мындамын деп бакырып жаттым .
Бир маалда бир нерсе ,атты нары коздой тарты .Бир кучту бир нерсе .Бутум бошой тушту .
Биртке эс ала тушкондой болдум .
Корконумдан бул ким ,бул жерде ким бар деп кыйкырып жаттым .Эч ким жок ,эч нерсе корунбойт .Жырткыч болсо атты жеп жатканы билинет эле деп ойлодум .
Тегерете жымжырттык менен карангылык .
Бутумду колум менен сыйпалап корсом чон болуп айрылып кеткен экен ,сынык жок болду бекен деп бутумдун соогун басып кордум.Соогу соо экен жаракаты ооруп жатканы билинип атты .
Колум менен жерди сыйпалап жылып кордум ,бир аз жылган сон ,бир нерсеге такала туштум ,бир чон таш сыяктуу .Ага жолонуп отуруп эс алып калдым .Бир чети ачка болгондуктан ,бир чети бутумдун ооруганынан ,ушугонумдон уктап кетиптирмин .Бир нерсенин жанымда дем алып жатканынан ойгонуп кеттим .
Корконумдан бул ким ,деп унумду каттуу чыгарып кыйкырып жаттым.
Эч ким жок ,эч нерсе жок .
Канча кун ,канча тун жатканым билинбейт .
Суусап каным каттып баратты .
Аттагы куржун эсим тушту ,эптеп жылып аттка жетип куржундун оозун тырмалап жатып ачып ,ичин антарып атып бир тоголок жумшак нерсе колума уруна тушту .Кайненем экообуз ,карынга айран куюп койгонбуз ,ошол экенин билдим ,суйунуп алып чыгып ,ачалбай тырмалап жатым .
Жерди сыйпалап жатып бир учтуурак чыбык таап эптеп ,тешип ичип эс ала туштум .
Дагы козум илинип кеткен экен ,бир нерсе бутумду жалап жатканынан ойгонуп кеттим.Чочуп кетип катуу бакырып алдым ал нараагырак жылып кетти .
Эгерде жырткыч болсо ,менин бутумду жаламак эмес жеп кетмек деп ойлодум .
Жерди сыйпалап жатып бир таяк таап алдым .Аны бекем кармап дагы келсе каршылык корсотконго даярданып жаттым .
Карангылакта ,суукта аргам жок отурдум
Бир жагынан бутумдун ооруганы жанымды кыйнап жатты .
Отуруп олумду кутуш ,эн жаман нерсе экенин билдим .Мени издешкен болсо да таппай кетишти деп ойлодум .
Ушундай карангы чункурдан мени ким тапмак эле . Мен кыйкырып жардам сураганда да келээр адам жок экенине козум жетип аргасыздан отурууга баш ийдим.
Бул жерден кантип чыгам ,кайсыл жагынан жол табам деп ойлонуп отурдум.
Бир чети бутумдан баса албайм .
Ат олуп калган болсо дагы аны караан тутуп анын жанынан кетким келбейт.
Бутум бир аз жакшы болсо анан жол издеп кором деген ойдо озумду озум сооротуп коюп отура бердим.
Айлананын карангылыгынан ,жымжырттыгынан коркуч болуп коркуп жаттым .
Ойума эч нерсе келбейт , энсегеним жарык кунду корсом экен деп ойлоп коем
Дагы козум илинип уктап кеткен экемин капталым жылып жыргап мемиреп ого бетерден ал жылуулука ыктана татуу уйкуга батып жаттым .
Ойгонуп кетип ,бир жылуу нерсеге жолонуп ыктап отурган экемин ,эсиме келе тушуп ,чочуп бул ким деп катту бакырып алдым .
Бир караан менин бакырыгымдан коркуп нары коздой жылып кетти .
Колумдагы таякты каттуу кармап ,бул ким ,бул жерде ким бар деп болгон унум менен корконумдан кыйкырып жаттым.
Жакыныраак жерден бироонун дем алганы угулуп жатты .Ого бетерден журогум оозума тыгылып ,коркконумдан калчылдап титиреп аттым.

ЖАПАЙЫ    АДАМ   . - 943107267082

Комментарии