Комментарии
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь

️
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
КАРГЫШ!.
9-БОЛУМ.
-Кел уулум! Тамактанып болуп экинчи кабаттагы мейман кыздын бөлмөсүнө кирип таанышып чык, деди бейгам гана.
Ушундай да адам болобу. Бул байлык деген нерсе адамга зор күч берет сыңары, байлыгы бар адамда өзүнө болгон ишеним да күч болот. Болбосо бул киши кантип алдына келгендин барын кайратынан жандырчуу сапатка ээ болмок. Азыр да бөтөн эмес өзүнүн уулу, каны жаны болгон Азат атасынын көзүнө тик карап айтчуу сөзүн айта албай тайсалдап турат. Атасы же аны тилдебесе, жөн гана жумшак сөз менен тосуп алып жатса эмнеден коркуп турганы белгисиз. Ал так ушул жумшактыктан коркуп турат, демек анын ушунча короткон кадамы бекерге кеткен. Суроо салбай жай гана тосуп турганына караганда атасы ал айтпастан туруп баарынан кабардар жана жообу да даяр.
-менин артымдан андуу койдунузбу? деди башын жерден көтөрбөй туруп Азат.
-мен баарын чечип болгом, куру эле жүгүрө бербе. Айпери менен жакындан тааныш, андан көп нерсе үйрөнүүгө да болчудай мисалы тагдырын моюндоону, деди да басып кетти атасы.
-эч качан! Мен эч качан ага уйлонбойм!
Тагдыр артына кылчайып да койбой тепкич менен үстүнкү кабатка көтөрүлүп бара жатты.
Азат колу менен жүзүн шыпыра сылап бойрогун таяна туруп калып,
- Мунун баары жалган! Бир уруксуздун сөздөрүнө ишенип менин бактымды байлаба ата! деп жалбарып жиберди.
-Мен сенин каалоонду аткарып жатам. Селсаякка үйлөнгүң келбеди беле же жалганбы. Эр болсоң оозундан чыккан сөзгө жооп беришти үйрөн. Мен айткан кызга уйлонуштон баш тарттын, эми мындан да баш тартсан жөн гана менден кечкин келип жүрөт. Ага да каршы эмесмин, жолун ачык. Тиги артисине барып бактылуу боло бер. Эгер аның сени менсиз кабыл алса, деп акыркы сөзүн ооз учунан угулаар угулмаксан аста айтып коюп кете берди.
-ал сиздин уругунузданмын дейт. Ал айткандай болсо демек эки тараптан урук улоого мүмкүн экен да.
-Билем! деди Тагдыр акыркы жолу үнүн чыгарып узун коридорго кирип бара жатып, ошол бойдон анын карааны да көрүнбөй калды. Эмнени билем дегени табышмак бойдон кала берди. Баронун тамырында да өзүнүкүндөй кан айланаарынбы же эки тараптан урук уласа болоорун билеби.
Бар күчү менен столду бир муштап алып эмне кылаарын билбей жинденип туруп калган Азат айланасындагы азыр эле атасынын жанында чарк айланып жүргөн кызматчылар эч нерсе болбогондой, аны көрбөй жаткандай өз иштери менен алек болуп ар тарапка кирип кеткендерин көрүп андан бетер өрөпкүп өзүн токтото албай калды.
-мен эч киммин! Мени эч кимдин ордуна коюп койгонсун! Макул сенин айтканындай болсун. Эми чындап бул үйгө мен эч ким болом, деди да чоң каалганы түртө ачып үйдөн чыгып кетти.
Ашканада жүргөн ашпозчу аял Азатты токтотмокчу болуп артынан чыгып алдын торой жүгүрдү, кантсе да туулгандан бери билип өз уулундай жакшы көрөт эмеспи, азыр жаштык кылып чыгып кетсе кыялы катуу атасы кечирбей коёт деп корккон. Ачуусу менен унаасын көздөй бараткан жигиттин артынан жетип колунан тарта токтотуп бурулуп сүйлөйүн деп оозун ачып келе жатып үстүнкү кабаттагы терезеден карап турган Тагдырды көрүп токтоп калды, сөзүн баштабай туруп аяктап. Ал эки колун бөйрөгүно ала таянып карап турган экен, анын көзүндөгү сүрү ошончо аралыктан аялдын денесин титиретип жиберди. Аргасыз Азаттын колун коё берип үйдү көздөй кирип кетти. Тагдырды өзүнөн кийин эле жакшы билчүү адам ушул. Ал өзү суранбаганча жашоосуна аралашкан адамды жактырбайт. Канча жакын болгону менен баары бир ал Азаттын апасы эмес да, ошол себептүү азыр бул ишке аралашышка акысы жок экенин жакшы түшүнүп турат, ансыз да чектен ашчуу иш жасап болгон эртелеп. Ал үчүн али сурала элек болсо эле болду кутулду баарын туура жасаган дегени эмес, Тагдыр ал жөнүндө баары бир эскертет.
Азат ошол абалында жүрүп отуруп кантип Айкеранын өзү сатып берген батири жайгашкан үйдүн алдына келип калганын байкабай калды. Али да ачуусу басандабаган кызуу кандуу жаш неме атасына эрегишип, "кетсе кеттим, бактылуу болуш менин да колумдан келет" деп тиштенип алып заманбап улгудо салынган кызыл ак аралашкан боёк менен боёлгон чоң үйдүн подьездеринин бирине кирип кетти.
Конгуроо чалынаары менен каалга алдына жетип келген Айкера ооздо турган Азаттын мойнуна асылып, эч нерсе болбогондой жытынан тое жыттап эркелеп алды да, колун анын мойнунан бошотуп алып эшикке жөлөнүп туруп калды үнсүз, көздөрүндо жаштын изи пайда боло түшкөн. Бул кыз ар дайым жигитти таң калтырат, азыр жакшы кабыл алып жатып үйүнө кир дегенге шашылбаганы эмнеси. Ал ошондой нес абалда эмне дээрин билбей турганда Айкера ууртундагы уячасын чыгара билинээр билинбес жылмайып жаш арасынан,
-сагындым, деди шыбырай.
-жарыгым мен да сени сагындым. Эми эч качан ажырабайбыз, өз бактым үчүн күрөшүп бирге болуу үчүн келдим алдына, деп кучагын жая бергенде кыз адатынча жеңил гана артка чегине жигиттин колунан жетелей ичкери киргизди. Бирок ал күткөндөй уктоочу бөлмөгө эмес ашканага карай өтүштү. Азатты кире бериштеги жумшак орундукка отургузуп өзү столду тегеренип барып анын так маңдайынан орун алды. Сүйүү толгон көздөрү менен бир аз тигиле карап отуруп Азаттын чыдамы кете баштаганын байкаганда гана узактан баштап сөзгө өттү.
-Азат Тагдырович! Кандай керемет угулат ээ. Башкаларга кандай билбейм, мен бул ысымды укканда дүйнөнүн падышасын эле элестетем. Эгер жөн эле Азат деп койсо да ошол эле адамды элестете берем, мага айырмасы жок. Болгону ал адам өзүн ошондой элестете алабы? Атасынын аты коштобой калса жашоосу кандай өзгөрөт?
Сүйүктүүсүнүн эмне айткысы келгенин түшүнө албады Азат, алдын да аны түшүнөм деп аракет кылган учурлары жөн эле текке кеткен убаралануу болгон эки үч ирет, ошондуктан азыр ага аракет да кылбады. Жакшысы өзүнөн эле сураганы оң.
-Айкера эмне дегин келип турат? Мени атандан алыс жашай албайсың дегин келип турабы? Эмне өз жашоосун алып кете албаган алсыз адам көрүп турасыңбы?
-эч качан! Сен күчтүү болгон үчүн атаңа татыктуу уул болуп жүрөсүң, өз жашоонду көтөрүп. Сен күчтүү болгон үчүн менин эч кимге багынбас жүрөгүмдү багындырып алдын. Бирок мен өзүмчүл боло албайм, балким ошондоюм үчүн сен мени тандагансын. Атаны жалгыз уулунан бөлүп эч нерсе болбогондой жашай албайм. Сен өзүңдүн жашоонду татаал деп ойлоп жүрсөн адашасын, бул дүйнөдө сеникинен алда канча татаал тагдырлар бар. Сенин алардан айрымачылыгын жалгыз эмессин, опол тоодой колдоочун бар, ал атаң. Анын кадырына жет, башка эч ким, мен да андай жакын боло албайм. Мени деп атандан каргыш алба. Баарын акыл менен чечели. Ал адашып жаткан болсо да азыр сен анын жанында бол. Өзүң жакшы билесиң өз атаңдын кыялын, ал сени жөн эле коё берип жибербейт, жер менен жексен кылып жок кылат. Ошондуктан анын уруксатысыз кадам да койбо. Баары ал кишинин уруксаты менен болуусу шарт, кийин мен ак бата менен кирип баргым келет ак оргоно. Мага баарын тиги сен жөнөткөн адам айтып түшүндүрдү, мен билбегем жаным. Мен сени кутом, балким атаң ойлонуп калаар. Башка жолун тап, атаңдын адашканын далилде, бирок анын каргышына калба. Тиги атаң тапкан кызга үйлөнбөстун амалы анын атаңа жакпаган тарабын таап көрсөт.
Ушул жерине келгенде Азат хы деп мыскыл күлүп койду.
-Деги анын атама жага турган жери жок. Мени ошого тең кылып жатканына караганда ал үчүн ким экенимди көзүмө сайып коргозуп жатса керек мага.
-Азат андай дебе. Ал сенин атаң, анын сенден башка жакыны, мураскери жок.
-бирок кааласа табат мураскерди, мага андан эч нерсе керек эмес.
-жок сен ага жол бербейсин. Атаңдын жалгыз уулу сенсин.
Азыр эч кандай сөз менен бул кызды ынандыра албашын түшүндүбү же анын айткандарын туура көрдүбу, айтоор Азат сүйүктүүсүнүн сөзүнө муюп башын ийкегилеп ордунан туруп сыртка жөнөдү. Айкера жетип келип артынан кучактай,
-мен сени кутоорумду унутпа, бирок мен да сабырсызмын шашыл, деди шыбырап.
Азат чыгып каалга жабылаары менен ичкери уктоочу бөлмөдөн Акжигит чыга келди. Айкеранын жүзүнөн сылай,
-ал эмес сен күчтүүсүн. Бир карашта эки адамдын жүрөгүн жаралай алган, деди.
-Акжигит, жаным айтчы биз бактылуу болуш үчүн анын акчасы керекпи. Сен башыңды бошотсон экөөбүз бир болсок эле болду эмеспи, деп жалдырай тиктеди аны кыз.
-биз эмнеден баштаганыбыз эсинден чыктыбы, эч кандай эч нерседен үмүт жок эле. Эми ушунча жолго келип калганда таштап кете албайбыз. Бир кадам аттасак баары биздин колубузда болот. Ал дүйнөнү сенин алаканына салууга даяр, болгону сен сурай турган дүйнө азыр анда жок. Түшүнсөн жаным сен эч нерсеге муктажсыз жашоого татыктуусун. Мен да балдарга татыктуу жашоо куруп берип калтырышым керек, кийин экөөбүздүн тынчыбызды албагандай кылып. А бул күчүктүн күнү баары бир түгөнөт атасы кеткенден кийин. Азат атасынан калган мураска ээлик кыла албайт, баары бир ал мурас башканын колуна өтчүү нерсе, а эмнеге ал биз болбошубуз керек?
-атасын жан алгычтын өзү деп жатпайсынбы, анан кантип анын жанын аласың сен?
-мен эмес баласы алат. Болгону ал уулу үйлөнгөндө байлыгын анын жубайына каттатат. Бул жөнүндө ал үйлөнгөн жаш келиндин да уулунун да кабары болбойт. Ага чейин өлүп кетсе ал эч нерсеге ээлик кыла албай калат. Бул алардын атадан балага уланып келе жаткан мурасы. Ошондуктан алардын уругунда эч бир уул атасына каршы чыкпаган. Эгер Азат атасынын ачуусуна тийсе же ал өлгөнчо уйлонууго улгурбой калса баары анын капастагы жинди аялына өтөт. Ал аялга биздин эч кандай тиешебиз жок болгону үчүн баарынан куру жалак калабыз.
-Демек азыр да анын атасынын байлыгы жок экен да, ал тиги аялынын атында болсо.
-жок, Жаңыл анын атасы алып берген аялы эмес. Биринчи жубайы Азаттын апасы болгон, ал өлгөндө бар байлыгы кайрадан чыныгы мураскерин таап анын күйөөсү Тагдырга өткөн. Менин акылым жетпеген бир гана маселе бар болчу, кандайча алар алган келиндеринин уулдарынан алдын олоорун билишкен деген. Азат жанагы жомокту айткандан кийин билип отурбаймынбы. Алар өз кылган иштерин жашыруу үчүн ушул жомокту ойлоп таап алышкан болсо керек. Аталары өздөрү тандап алып берген аялдан уулдары баш тартып кетпес үчүн ушундай мыйзамды колдонушса, балдары ал аялдарды өлтүрүп гана кутулуп келишкен.
-Демек сен мага да ошондой тагдырды таңуулап жаткан экенсиң да, деп ызаалана түштү Айкера өзү айтканын аткарып анын кулу болууга даяр жүрсө анын кылганы бул экенине куйугуп.
-өзүңдү бас! деди Акжигит кызды каруудан алып силке. Сени анын атасы эмес өзү тандап жатат өлтүрүүгө колу барбайт, андай оюнда болсо да ишке ашырууга улгурбойт. Сен нике куболугуно колуңду коюп мыйзамдуу түрдө Акбарова аталган күнү түнгө жетпей атасы жарыктык менен кош айтышып баласы түрмөгө кете берет.
-эгер атасы бизге ыраазычылыгын бербесечи?
-ал киши баласын катуу кармаганы менен аны өтө жакшы көрөт, уулунан кечип коё албайт, баары бир жүрөгү ооруйт жалгызы үчүн. Болгону анын жүрөгүн орутуунун жолун табуу керек. Уулунун акылдуулугуна ишенуусу шарт. А ал күчүкту акылдуу көрсөтүш сенин милдетин, чайнап берген ашты эптеп анын оозуна салып да бере албайсыңбы. Тездет, Азатты өзүңдөн алыстатпа, бирок жалынып жабышпа да, ал сени жоготуп коюудан корко тургандай кыл. Эгер болбой кетип жатса тойду токтотуучу акыркы кадам атасы тапкан кызды жок кылуу.
-мен аны кантип жок кылам?
-сен эмес, сени ал үйгө кийирбейт да. Азатка айтасын, бирок түз сүйлөбө, сенден ирээнжип калбагандай болсун, алар өтө назик жандуу таза адамдарды жактыраарын унутпа, деди да маңдайынан сүйүп эшиктин алдынан түртө салып чыгып кетти.
Жүрөгү сүйгөн адамын узатып каалгага жөлөнүп туруп калган кыздын көзүнөн жаш сызыла берди, азыр өзү да кудум Азаттын ордунда экенин ойлоп, баарын көрүп түшүнүп турган өзүндө да башка жол жок экенин элестетип ыйлап жатты.
Бул сүйүү дегенин ушундай бир канкор түшүнүксүз сезим го абийиринди жулуп ыргыткан, сенин намысын эмне? күчүн кайда? мүмкүнчүлүгүн барбы? деп эсептешпеген, жаса! жана тап! деп талап койгон. Канчалаган кыйындарды алдында жормолотуп ойногон. Эгер күчүн ашып урунаарга тоо таппай урушаарга жоо таппай турсаң өз сүйүүн менен күрөшүп көр, аны жүрөгүндөн жулуп ыргытып көр. Кайдаан тамырлап кеткен ал балээ сени ондурбай калсын, кайда качсан да артыңдан калбай жүрөгүңдү сыздадыт ээрчип жүрөт. Бирок абийир азабы деген да бар ар бир адамда, ал канча канкор болбосун, текебер болуп катасын эч мойнуна албасын баары бир ал ичиндеги дагы бир азаптан кутула албайт, ал абийир азабы. Абийир сүйүүдөн айырмаланып алда канча мокок болсо да адамдан калбайт, суйуудой эле ар дайым ээрчип жүрөт, бирок үнү октом эмес шыбыр чыккан үчүн көбү аны уга бербейт, азыр Айкерага окшоп. Бирок ал кулакка жетпеген шыбыр үн такыр жок болуп кетпей денеге таркап кетет. Анан ичтен жеп отуруп өлүмгө алып баруучу катуу ооруну же өзүнө кол салуу деген кенен жолду оюп ачып коёт. Ал оюкту бекитуунун жолу жок, эгер болсо ошончо элди алдаган адилетсиз падышалар, амалкой шылуундар, бир ооз сөз менен адамдын өмүрүн чечип тарс эттире жыгачын уруп абийирин акчага сатып кеткен соттор кичине жыртыкты бүтөй албай жан чыдагыс дарттарга чалдыкмак беле. Бирок мүмкүн болбогон нерсенин өзү жок дегендей балким абийирди калыбына келтирүү менен ал оюкту да бүтөсо болсо керек. Муну азыр кимиси түшүнүүсу керектигин эч ким билбейт эле...
УЛАНДЫСЫ БАР....
ДИМЕДРА.