КУЗГУ ЖАЛБЫРАК.

1-БОЛУМ.

Күз мезгили - менин сүйгөн мезгилим. Жаш гвардия бүльвары, шаардын жанга жагымдуу жайынын бири; көрктүү, кооз, салкын, бейпил. Кээде ушул бульварга келип кенен аба жутуп, сергип, таттуу ойлорго көп кезигем. Кандайдыр бул жердин сыйкырдуу күчү дайыма өзүнө тартып турат. Ушул бульварда өспүрүм кезим өткөндүктөн, ал күндөр жагымдуу элестерди кайталап, сагынтып, ушул жайга жетелеп келет. Азыр шаардын бөлөк тарабында жашап жатсам да, бул жерге бат-бат келип, көңүлүмдү ачып кетпесем, жашоом бүркөк күндөй көрксүз туюла берет. Тоолордогу жаратылыш табият кооздугун кайталаган бул жай, ар түс; сары, кызыл, күрөң, ак, бардык боекту батырган. Түрлүү гүлдөрү тартабы же жадырап өскөн жашыл, бийик бактарыбы, декаративдүү бадалдары, арчаларыбы, айтор, баары бирдей арбап турат. Арчалары тоодон көчүрүлүп келинсе да, жапайы жаратылыш табиятынын бир бурчун жазбай кайталап берет. Төрт чарчы, кээси тегерек шар болуп кыркылган бактары, аны тегеректеп бир бийиктикте түз тегизделген, жапыз бадалдын бутактары жашыл дубалдардай созулуп, жыш жалбырактары чач тарачтан өткөнсүп, иретке келип, солдойгон тарамыштуу бутактарын жашырып, өзүнчө дизайнды тартуулайт. Ал эми бийик өскөн бактар көлөкөсүн түшүрүп көркүн байытат. Эмен карагайлары, кайың, ийне жалбарактуу кызыл карагай, бай терек, чырпык тал бутактары саландашат. Жалбырактары күзүндө ар түскө түрлөнүп, көйнөгүн мезгилге жараша алмашып, кичине үлбүрөк күздүн жели жүрсө ичиркене кетишип, жалбырактары “жылынып алайын” дегенсип чимирилип бийлеп кетип, капыстан күтүүсүз сабагынан ажырап, абада жай каалгып, жерге түшөт. Таң эрте тротуарлары, арыктары, түрлүү кооз жалбырактарга толуп, жумшак салынган төшөнчү кейиптенет, үстүнө жаткың келет... Башка мезгилдерге караганда жаштар арбын, жаңы окуу жылы башталып, шаарга студенттер толо баштады. Бульвар салкын тартканы менен, жаштардын деми аны жылытып, жайдары маанай тартуулап, күлүңдөгөнсүп турат. Кол кармашкан, колтукташкан, моюндашкан, кыз жигиттер - көгүчкөндөрдөй “дуу-дуулашып”, түгөйүнүн артынан калышпайт. Күндүзү канатуулар дарактарда анча байкалбайт, талаага учуп кетишкен, алар төгүлгөн күз берекеси менен алек. Аба тазарып, денең сергип, ойлогон оюң жеңилдеп, көңүлүң майда нерселерге алаксыбай, таттуу кыялдарга убакыт кенен. Бул мезгилде кино, театр, цирк, стадион, китепкана, аттракцион ичи элге жык толуп, баары жандуу. Оюң назик, таза, көңүлүң жаңы баскан баладай. Күздүн көпкөк асманын тиктесең, кайдадыр учкуң келет. Бирок кайда?.. Бизге бир профессор философия сабагында айткандай: “Балдар, батыштын философтору талашат; “Первичность -идеи, Вторичность -материи.” В.И.Ленин жазган: “Первичность материи и вторичность идеи.” Ленин туура айткан балдарым: Курсагың ток, кийимиң бүтүн болсо - бул “материя!”. Анда көлөкө жерге чалкаңан жатып алып, көк асманды карап, куштардын кайкып учуп жүргөнүнө көз салып, эргип кетип, мен да ушул “куштай” болуп учсам дейсиң, көңүлүң ченемсиз чабыттайт, бул келгени - “идея”, ал эми курсагың ачка болсо, тамакты гана ойлой берип, көңүлүң чабыттай албай калат. Демек, “материядан” кийин, “идея” келет!” Анын сынарындай күз мезгили; бул студенттер үчүн “материя”, береке; курсак ток, көңүл көтөрүңкү, ойлоруң менен бийик чабыттап жүрөсүң.
Кечинде кинотеатрга жөнөдүм. Цирктин артында, “Киргизия” деген чакан кинотеатр бар эле. Ал кинотеатрда экинчи прокаттан өткөн киноленталар көрсөтүлчү. Биз, студенттер үчүн кино көрүүгө жеңил, баасы арзан. Алгач фильм башталаар алдында, көрүүчүлөргө мультфильм тартууланат. Ал кезде мультфильмдер чет өлкөлөрдөн жаңы келе баштаганга, элге жаңылык катары кызыгуусун арттырар эле. Кочкул, кызыл-күрөң (бордовый) нейлон плащын бир колуна кармап, кыска ак юбка кийген, бойлуу, келишимдүү, өң-түстүү, жарашыктуу басыгы менен көңүлүмдү буруп, бир кыз жаныма отуруп калды. Ал кызды сырттан эле байкагам, жанында чачы тармал, толмочунан келген ак жуумал, бетинде билинбеген сепкилдери бар, кыздан бою жапызыраак жигити жүргөн. Ал да жанында отурат. Кыз мультфильм башталганга чейин, кичинекей күзгүсүн көтөрүп чыгып, каранып, бетин боеп кирди. Жанындагы жигитинин чыканагы капыстан тийип кетти окшойт, пудра салынган кутучасы полго түшүп, тегеренип калды. Жигити алып бергенге жараган жок, бетин тултуйтуп, ордунан козголбойт. Кыз ордунан обдулуп, алайын деди эле, ошол маалда жарык “жалп” өчүп, “Утинные истории” деген көп бөлүмдүү мультфильмдин бир бөлүмү башталып калды. Ошол бойдон пудра кутучасын издөөгө аракетин токтотту. Экранга көңүлүн буруп калды. Мультфильм көрүүгө кызыгым артып жатса да, ал кызды эмнегедир аяп кеттим. Жигиттик кылып, “алып берейин” деген ниетте колумду ылдый сунуп, полду сыйпалап кутучаны издеп кирдим. Колум жетпей жаттыбы, эч нерсе илинбейт. Кыз дагы менин издеп, аракет кылып жатканымы сезген өңдүү. Мени байкап жатканын, кандайдыр жонуман сезем. Бирок ал жакты караган да жокмун. “Күйөөсү же жигити болуп, бир чыр чыгып кетпесин, кызга жакшылык кылам болуп - ага зыян келтирип албайын деп чочулайм.” Мультфильм 15 мүнөт коюлчу. Эмнегедир менин жаным тынч албайт, кызга кутучасын таап, жардам бергим эле келе берди. Бутумду жылдырып издей баштадым... Туфлиден кайда жатканы дагы билинбейт. Бир туфлими чечип, байпакчан болуп, бутумдун бармак башын “мина тапкычтай” кылып, жылдырып издедим. “Буюрса, таптым окшойт”-кудуңдап коем. Анткени, бутумдун учуна бирдеме тийип, “шырт” этип жылып калды. Эңкейип колумду сунсам, алыс экен, жетчүдөй эмесмин. Ал кыз менин аракетимди байкап отурган экен, акырын билегимден аяр кармап, анан кысып койду; “жөн эле коюңуз” дегени-го? Ага карабадым. Туфлини кайра кийдим. Ошол маалда мультфильм бүтүп, жарык күйөр замат ордуман туруп, отургучумдун алдын өйдө көтөрүп, эңкейип, анын пудра кутучасын таап чыгып, кыздын колуна кармата салдым. Жанындагысы мени бир бейкапар карап алды... Үн катпады, ордунан козголбой отура берди. Аңгыча жарык кайра өчүп, кино башталды. Кыз мага ыракматын айтаар.., кино бүткөнчө күттүм. Бирок кыз эмнегедир унчукпайт. Ичимен таарынып кирдим, ыза да болдум. Кино бүтүп, эл сыртка чыга баштады. Алдымда ал кыз бейкапар кетип баратат, ага көңүлүмдү дагы бурдум; тармал, колоң чачы мойнун толук жаап турат, ийинине чейин жетип, жашыл лента менен байланган. Ошол боюнча артына кылчайып, мага бурулган да жок. Сыртта күтүп калган жигитин ээрчип, басып кетишти. Кол кармашып, колтукташкан жок.
Жатаканага жеткенче түнкү он бир болуптур, жуурканга кирип уктайын десем, уйкум качат. Жанагы кызды эле ойлоп кирем. Бирде жакшынакай сезим келет, бирде жиним келет! “Эмне мага ыраазылык билдирген жок? Эмне үчүн анда билегимди кармайт? Жок мында бир сыр катылып жатат го... Балким, эртең жолугалы деген белгисидир?” Түйшөлүп жатып, көзүм илиниптир.
Эртеси бош элем, эмнегедир кеч кирбейт, убакыт жай жылат. Кечке маал өзүмдөн-өзүм белгисиз ойго жетеленип, кичинекей үмүт менен, “Киргизия” кинотеатрына кайра баргым келип туруп алды: “Балким ал кыз дагы жолугуп калар бекен?” Кетенчиктеп отуруп, араң жөнөдүм. Кинотеатрга жетсем... Түшүмдөй көрүнүп, театр алдында анын тааныш карааны көзүмө урунат. Апкаарый түштүм. Чын эле ал турат! Эки жагын элеңдеп карап, кара бакты бир колу менен таянып алган. Кечээки кочкул-кызыл плащчан. Жалгыз эле турат. Бирөөнү күткөн түрү бар. “Балким баягы жигитин күтүп жаткандыр?” Оюма ушул келди. Дагы аны “байкагым” келип, жашырынып, мен да бир бакка далдааланып, турам. “Бир көрүнүп койсомбу”- деген ой сезимди кытыгылайт. Бирок апкаарып, бул оюмдан бат эле айнып, ордумдан козголбой турам. “Бир жумадан бери кайталанып көрсөтүлүп жаткан жана чогуу көргөн киного кайра келген болсом, уурулугум билинип калат. Шылтоом байкалып калса, ага күлкү болом го?” - деген ойго келип, кайра өчтүм. Дагы түйшөлүп аңдый бердим. Анын “күткөн жигити” көрүнбөдү. Кинотеатрдын кино башталар алдындагы коңгуроосу чырылдап, эл ичине агыла баштады. Кыз мени көргөн эмес... Ошол маалда жалт карасам, ал да ордунан козголуп, капыстан бурулуп, түз эле мени карай басып келе жатат. Жүрөгүм опкоолжуп, денемди толкун басып, шашкалактап кирдим. Жүрөгүм дүкүлдөп согот, өзүм сүрдүгүп, көзүм чекчее түштү. Жашырынганга жаңы жер издеп, качкым келип жатат. Айлам кетип, жанымда балмуздак саткан будкага жетип, дүкөнчүдөн балмуздак сурамыш болуп, токтой калдым. Айнегинен карасам, мени чындап байкап калган өңдөнөт, басыгын ылдамдатып, түз качырып мага жакындап жатат. Бир кезде далыма колу тийди эле чоочуп кеттим. Бурула калсам күлүңдөп, мени гана тиктеп турат. Сүйүнүп алыптыр; көзү тоонун шаркыратмасындай чачылып, кареги мээримдүү нурданат.
Колун сунду. Денемди толкун басып, араң кармандым. Аңгыча будканын дүкөнчүсү туурадан сүйлөп калды,
-Ай жигит, алаңдабай мени кара! Канчаны берейин?
-Экини бериңиз. Дүкөнчүгө бурулбай эле күңкүлдөдүм.
Эки балмуздак алып, бирин кызга сунсам, тизесин бүгө ийилип, ыраазылык белгисин билдирип, элпек алды. Дүкөнчүгө акчасын бере салып, кайра кызга бурулдум. Ал кайталап күлүмсүрөп бир аз тигиле карап, цирктин оң жак тарабындагы эл эс алуучу аянтка карай бурулуп, жол баштап берди, бирок үн чыгарбайт. Алдыда жапыс аянтчада жалгыз бош скамейка турат, ошол тарапка багыт алдык. Толкунданганымы баса албай, артынан ээрчип баратам. Эсим аң-таң, денем ымыр-чымыр! Бир кезде теңелип басып, атын сурадым эле, ал укпай калдыбы, жооп бербей койду?... Өңүнөн өзгөрүү байкалбайт, жылмайган боюнча жерди тиктеп, бутунун башы менен аярлап басып, жүрүшүн улантып баратат. Скамейкага жеткенде, плащынын чөнтөгүнөн бет аарчысын алып чыгып, скамейканын отургучун сүртүп кирди. Уялып кетип, мен да бет аарчымды алып чыгып, сүртүшүп калдым. Отурдук. Мага эми көңүл коюп, токтоло тиктеп, анан ак сумкасынан, кичинекей блокнот, карандаш алып чыгып, кирпигин түшүрүп, унчукпай бир барагына жазып кирди,
-“Мени кечирип коюңуз? Мен сөздү угам, бирок сүйлөй албайм... Сизге, кечээги жардамыңыз үчүн рахмат билдирип коеюн деп атайын бул жерге издеп келгемин. Кечээ сыртта караңгы, менин жазууга мүмкүнчүлүгүм болбойт эле. Буга чейин мага таарынып жаттыңызбы?”
Кагазды окуп, таңыркап, эмне дээримди билбей, алаңдап калдым. Ал ордунан турду эле, “эми кетип калабы?” Карбаластай түштүм. Бирок ал ордунан жылган жок. Балмуздагынын чекесинен тиштеп жатып, мага тигилет.
Мен карандашын колунан акырын алып, анын блокнотуна жазайын десем, блокнотун ал акырын тартып алды, анан кайра үңүлүп жазып кирди.
-Мен жакшы угам, айта бериңиз.
Дагы кайталатканыма уялып кызарып кеттим окшойт, бетим ысый түштү. Шашкалактап бачым сүйлөп жибердим:
-Кечирип коюңуз! Келгениңизге абдан кубанычтамын. Сизге чоң рахмат! Сиз менен танышканыма кубанычтамын! Атым – Кылыч.
Колумду сунсам. Сунган колумду аяр кармап, кайра блокнотуна карап,
-Сайра. Атын кагазга түшүрүп, дагы улап жазды, -Мен да таанышканыма кубанычтамын!
Күлүңдөп бир-бирибизди дагы тиктешип калдык. Дагы эмне дээримди билбейм, сөз табылбайт, алактайм. Көзүмдү ала качып, эки жакты карамыш болом. “Шашылыш бирдемени ойлоп таап, кызды бир нерсеге кызыктырышым керек?” Жан алакетке түштүм. “Эми кете берсе, аны кантип токтотом?”
-Циркке кирсек, кандай дейсиз? Цирк көрүнүп калганына сүйүнүп айттым.
-Мейли, дегендей башын ийкеди, сүйкүмдүү жылмайды.
Бирок ордунан турган боюнча шашылган жок. Эки жакты карап, балмуздагын түгөтүп кирди. Көрсө, ал эрип, киймине төгүлүп кетпесин деп, ордунан турганы окшойт да. Мен да балмуздагымды жеп жатып, уурданып анын өңүн карап кирдим. Бирок ал өтө сезимтал экен, оюмду окуп койду. Унчукпай жай гана бурулуп: “Мына мени жалтанбай карай бер!” дегенсип, карегин өйдө буруп, менин төбөмөн алысты карамыш болду. Бетинде майда күрөң-сары, анча байкалбас сепкилдери бар. Көзү тегерек өңдөнүп, токтоо карайт, кара кашы коюу, карлыгачтын эле канатындай, бети ак жуумал. Бир маалда карегин жай тегеретип, мени токтоо тигилип тиктеди эле; кайраттуу көз карашты учураттым, жылмаюусу жоголуп кетиптир. “Ал адамдын өңүнө эмес, көзүнө терең карайт окшойт?”... Ичимден ойлодум.
Цирктин кассасына басып бардык. Менин чөнтөгүмдө кагаз акча жок, жалаң тыйындар эле. Кассага жетерде алдыга чыгып, Сайрага жонумду тосуп, кассага кайрылардан мурда, тыйындарымды шашып, санап баштадым. Оюмда болсо; “уят болбой билеттин баасына жетсе экен?” деп тиленем. Майда тыйындар арбын эле, бирок убакытты уттуруп жатам. Аңгыча колу ийниме тийди, имерилип карасам, Сайра жылмайып, алаканынан эки билетти көрсөтөт. Мен тыйынымды санагыча, кассага озунуп, билеттерди ала коюптур. Анысын көрүп, дагы уялып, кызарып, бууланып тердей баштадым. Бирок абалымды түшүнүп, ыкчам мени колтуктай коюп, цирктин ичине жетеледи. Башталганы аз калыптыр, анткени зал ичи элге жык толгон. Залдын сегизинчи катарынан орун алдык. Өзүбүздүн эле кыргыз циркинин артисттери аткара баштады. Биздикин мурун көрбөптүрмүн, бардык номери жакты. Сайра да улам алаканын чаап, кызыгуу менен көрүп жатат. Антракт болду. Биз ордубузда отуруп калдык. Балмуздак, лимонад сатып, тепкичтерде аялдар чуркап жүрүшөт, бирөөнү чакырып, картон стаканчиги менен бир бөтөлкө лимонад алдым. Сайраны карасам, “мейли” дегендей кубаттады. Антракт бүткөндөн кийин асман акробатикасы башталып, жарыктар өчүрүлүп, ичке, татыныкай денелүү жаш кыздар, бийиктикте кичинекей отургуч-тепкичте аркандарга асылып, тегеренип, бийлеп, ар түрлүү гимнастикаларды аткарып жатышат. Залдын ичи өзгөчө бийиктикте учуп жүргөн кыздарга, аларды ээрчиген ар түстүү жарыктарга берилип, кыздардын өңдөрү, кийимдери менен айкалышып, ар түрлүү жаркылдап, укмуш көрктүү көрүнөт. Ал эми коркунучтуу номерлерине жараша музыкалар коштоп, барабандары катуу “дабырайт”. Сайранын кызыгуусу артып жатат. Байкасам баш оту менен берилип кетиптир, алар менен кошо учуп жүргөндөй, көздөрү күйүп, тим эле балбылдайт. Бүт көңүлү гимнасттарда. Алар кайда жылса, анын каздай мойну да, денеси да ээрчип жылат. Оюн аяктап, жарык берилди. Мага бурулганда карасам, көзү ого бетер чоңоюп, жарыгы чырактай чачырап, каректеринен жалын бүркөт. Мени эми көргөнсүп, бир таңыркап карап алды, дүүлүгүп калганын жашырбайт. Футболдун фанат күйөрманы болгон мен - эгер “Алга” командасы каршылаш командасына гол киргизип койсо да мынчалык берилмек эмесмин. Программасы бүтүп, сыртка чыктык. Көзү дагы эле чачырап, кирпигине күмүштөр толуп, каректери дагы эле токтобой, ойноктоп айланат.
-Ой, укмуш экен, циркке биринчи киришим. Блокнотун алып чыгып, дагы улантып жазды. -Телевизордон (цветной көргөзө элек кез) көп эле көргөм. Жанынан көргөнүң, укмуш болот турбайбы!
-А сагачы?
Көңүлүн бүт буруп тигилип тиктейт. Туура айтуудан башка амалым калбады, анын кареги оюмду ансыз да окуп алгандай.
-Жакты, бирок футбол оюну, мага мындан кызыктуураак! Чынын айтып жибердим. Дагы жазды.
-Сүрөт, искусство, адабият, театрды кандай баалайсың? Байкабай “Сенге” өтүп алды?
-Гм...жакшы эле. Бирок спортко көп кумарланам.
Ал айткан жайларга мурун барбасам, башка эмнени айтмакмын?
-Эмки жолугушууда сүрөт көргөзмөсүнө баралы, сага жагып калышы мүмкүн? Жазды.
-Качан жолугабыз?
-Мен Булгары заводдо иштейм. Алтынчы күнү гана бошойм. Саат 14-00 дө. Глав. почтамптын ичинен жолугалыбы?
-Жакшы болот. Азыр сени жеткизип келем.
-Жок, азыр күн өтө кеч боло элек. Эмкиде! Жылмайып, жазды.
-Колун бир азга кармап, коштоштум. Бирок колунун алаканы катуураак, бүдүрөкөй экен.
№4 автобуска түшүп кетти. Мен жөө эле жөнөдүм. Студентик турмуш, тыйын-тыпыр чектелүү, дегеле тыйынды аяп, жөө көп басам. Жолдо баратып ойлоном: “Бул кыз менен мамилени улантсамбы же жокпу?” Бир жыйынтыкка келе албайм. “Ал соо эмес тура, дудук кыз менен жүрсөм, теңтуштарым жолугуп калса, аларга эмне дейм? Кантип жашырам? Жумушчу да болуп иштейт окшойт, алаканы катуураак экен. Эмнеге убара болом-ыя? Бирок жолугууга сөз берип койбодумбу? Дагы бир байкап көрсөмбү?... Барбай койсом ыза болот го? Мен жакында эле өзүм чоң үмүткө жетеленип, аны издебедим беле? “Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт!” Дагы бир жерден жолугуп калсам, кантип бетим чыдайт? Адамгерчиликсиз болот. Бирөөнүн көңүлүн түшүргөн кантип болсун! Өзүмдү-өзүм алдасам, анда оңолбой калам го? Жөн эле дагы бир жолугуп коеюнчу, байкуш кызга. Ушуну менен эми убада бербейм, мамилени токтотом!”
Өңү таасир калтырбаптыр. Кара коюу чачын, бетиндеги сепкилин гана эстедим. Жатаканага жетип, көп жол жөө басыптырмын, аябай чарчадым, таманым жалындап күйөт. “Канча жерди бастым, куураган гана бутум ай!” Бир онтоп алып, кроватка куладым.
Күнүмдүк көнүмүш жашоом башталды. Түшкө чейин сабакка бармай, түштөн кийин футбол ойномой, башка эч бир түйшүк жок. Тамак ичем, жанга таттуу уйкумду бир маал уктайм. Китеп-митеп менен ишим жок. Сабакка көңүл анчейин. “Окуумду эртелеп бүтсөм, айылга барып бир ишке оргошсом, анан үйлөнсөм, ата-энемди баксам!” -деген гана жакынкы, жөнөкөй тилегим бар.
Алтынчы күнү убада боюнча, Главпочтампка жөнөдүм. Сайраны издесем, ичинде эле жүрүптүр. Колунда ак сумка жана экинчи колунда чоңураак, нейлон баштыкка салып, чоң альбом көтөрүп жүрөт. Жылмайышып жакшы маанайда учураштык. Эки колу бош эмес болгондуктан, бетин тосту, эңкейип бетимди бетине тийгизип койдум. “Азыртан кантип өпмөк элем?” Альбом салынган баштыгын сурап, көтөрүп алдым. Бири-бирибизди тиктешип жүрүү. Абасыз адам жүрө албагандай, ансыз байланыш үзүлүп калчудай... Ал сүйлөй албаса, тиктешпесек кантип түшүнүшөбүз?.
-Дубовый паркын аралап теннис ойноп, анан сүрөт музейине баралыбы?
Башын ийкеп, жылмайып койду. Теннис кортунан бир партия ойноп кирдик. Орто ойнойт экен, оңой эле утуп алдым. Бир аз ары басып, сүрөт жана кол өнөр музейине кирдик. Музей ичине алгач киришим. Кенен залдар, дубал беттеринде ар түрлүү көлөмдөгү сүрөттөр илинип турат, ортолорунда скульптуралар жайгашкан. Авторлору кыргызстандык сүрөтчүлөр жана скульпторлор. Мага ачык түстүү, тоо пейзаждары жакты, живопись, натюрмортторго кызыктым. Сайраны байкасам; графикалык сүрөттөр, скульптуралык экспонаттар. Карандаш, көмүр менен тартылган портреттер жагат окшойт, ар бирине көпкө тигилип, ынтызарланып, көп убакыт коротот. Мен бат эле кыдырып чыктым. Экөөбүз эки жерде жүрөбүз. Мага кайра бир сыйра карап чыгууга туура келди, анткени Сайра көрүп бүтө элек. Көнүмүш, тоолор, жайлоо, мөлтүр суулар, оттоп же чуркап жүргөн жылкылар, көгүш асман, кыскасы, ачык боек менен тартылган сүрөттөрү көңүлүмдү бурат. Убакыт жакшы эле созулду, бирок Сайра дагы эле көрүп бүтпөйт? Ал аягына чыгып бүткүчө “тенис ойноп келе калсамбы” деген ой да пайда болду, бирок “чыдайын” дедим. “Алаксытып албайын” – деп, жанына жакын жологондон айбыгып, айласыз сыртка чыктым. Скамейкада күтүп отурам. Мени ал унутуп калгандай? Көптөн кийин гана чыкты.
-Сени көп кармадым окшойт? Сага бирдемеси жактыбы? Жазганын окутту.
-Жакты! Мага живопись; тоолор, жайлоолор, көпкөк суулар, асман, жылкы-жаныбар, гүлдөр - негизинен жаркын боектогу сүрөттөр.
-А мага жарык, жарыктын кубулушу, графика, скульптуралар. Карандаш, көмүр менен тартылган портреттер, сүрөттөр. Мен убактыңды көп алдым, кайра барып, теннис ойнойлубу? -А-а, мен начар ойнойм да?... Жазып жатып, мага бат уттуруп жибергенин эстеп, унчукпай калды.
-Үйрөнөсүң бат эле, көп ойнош керек! Азыр орто эле ойнойт экенсиң. Кыйын болумуш эттим.

УЛАНДЫСЫ БАР.....
ЖАНЫШБЕК СЫДЫКОВ.

Комментарии