Комментарии
- 1 фев 2023 05:57Азис кызы Мен
️
- 1 фев 2023 07:22Сабыр Темирбаев
- 1 фев 2023 12:12Айнагул Татыбекова
- 1 фев 2023 12:12Айнагул Татыбекова
- 1 фев 2023 14:24Жекшен Корголдоев
- 1 фев 2023 18:29Уулхан Саитова
- 2 фев 2023 04:36Дарика Муканбетова
- 2 фев 2023 13:19Жамал Букаманова
- 3 фев 2023 08:29A N
- 7 фев 2023 16:43Динар Орозумбетова(замужем)
- 28 фев 2023 20:30Роза Айнура
- 2 мар 2023 21:41Роза АйнураДагы башынан окуп атам жакшы кором мистикалык окуяны
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
АЗЫТКЫ.
2-БОЛУМ.
- Ээ балам ,элдин көзүнчө сурай албай калдым.Эмнеге барбай калдыңар?
- Таене биз буюрса балалуу болобуз - Гүлзар уялып жерди карады.
- Оозуңа май балам ,жакшы болгон тура.Чет элге кетпегенинер деле жакшы болуптур.
Жумуш өз жериңерден деле табылат,барып орустун үйүн жууганча,өз жериңди казсан да жашоо өтөт.
Аңгыча эшик ачылып Эрнис менен Мукан таякеси кирип калды.
- Эрнис балам кайсы жайлоого чыгасыңар?
- Биздин айылдын Кыр жайлоо деген жайлоосу бар.Ошол жакка чыгабыз,ары жагындагы Таш короо деген жер бар,ошол жакта Шыңгыр - Булак деген булагы бар.Анын үстү жайык ,малдын бардык түрүнө ылайык.
- Аа ,мейли ,бирок Таш короодон өйдө өтпөй деле ,койсоңор болмок.Илгери таятанардын курдашы бар эле Иманалы деген ошол жакка мал бакчу,ал жер жөнүндө кабарым бар айланайын!
- Атамдар ошол жакка эле чыккыла, малыңар семиз болот деп жатышат.
- Аа , атаң айтса барасыңар да ...
Айдатып келген машинага боз үйдү жүктөй башташты.
- Ээ Жамиш,тиги менин сандыгымдын ичинде кутуча бар эле ,алып келип берчи, алдыңа кетейин - таенеси келинин жумшады.
Алып келген кутучаны ачып,күмүштөн жасалган зер буюмдарды алып чыга баштады.
Чачпак, сөйкө,билерик,бой тумар,чач учтук,чолпу,алатамак ,кемер кур ...
- Айий таене укмуш кооз экен го.
- Апа муну кимге бергени жатасыз,Гулзаргабы?
Менин эки кызымды да унутпаңыз - Жамиланын ичи тарып кетти.
- Ай келин ,мен азыр өлө элекмин,кийин бардык небере ,жээн небере кыздарыма ,келин - кыздарыма бирдей кылып таратып берем.Ал эми азыр иш үчүн керек.- жини келип ачууланып кетти.
- Гүлзар ,бул кутучаны азыр мен сага берем
- Ушунун баарынбы эмнеге?
- Жанагы силер барабыз деген жайлоонун төр жагынын илгери аты жаман эле.Ал жайлоонун төрүндө азыткылар жашайт дешчү,жанагы Иманалынын кемпири Асылкандын өз оозунан уккам.
- Азыткы деген эмне таене?
- Ал адамдарды азгыра турган жин пери,жанагы албарстыга окшош болот.Бирок албарстылар адам уктаганда гана кол салса,азыткылар адам кейпин кийип алып,жакын туугандарынын кейпин кийип келип азгырат.Азгырылган киши артынан ээрчип ,кете берип жардын башынан ары учуп өлгөнү бар.Азыткылар боюнда бар аялга көп кол салышат деп айтышчу илгеркилер.Кичинекей бала болсо уурдап кетишет ,аны өлтүрбөй жапайы киши кылып , аң сезимин жок кылып коюп чоңойтуп өзүлөрүнө кызмат кылдырып коёт дешчү.
Эми аны азыр силерге айтсам, бул алжыган кемпир эмне жомокту айтып жатат деп
күлөсүнөр да.Бирок балам не бар ,не жок айтканымды угуп ал.
Илгери союз маалында мал көп, жайлоого чыккан малчы көп болуп , азыткылар киши жашабаган чокуларга чыгып кетти дешчү.
Андан бери отуз жылга жакындап баратат,тоолордо мал аз ,азыткылар кайра ылдыйлап калдыбы деп ойлоп жатам.
- Эмнеси болсо да, өзүңө сак бол,боюнда бар аял тоодо жалгыз жүргөнгө болбойт,кайнилерин болсо алып алгыла.
- Эрнис бар да
- Ал мал кайтарганы кетсе ,жалгыз каласың да!
- Менин жанымда эки тайган бир дөбөт да болот да.
- Ай балам жашсың да,иттер аларды көргөндө куйругун кыпчып, кыңшылап жашынып калышат.
- Иий таене ,мени эмитен эле жүрөгүмдү түшүрүп жатасыз да..
- Сени сак болсун,алдагы курсагыңдагыны аман эсен төрөп алсын деп жатпайымбы.Эми мени угуп тургун.
Боз үйдүн эшигин күн чыгышты карата тиккиле.Боз үйдүн жанына бир бакан орнотуп койгула, сүзмө баштык илесин.Ошого мынабул жез коңгуроону илип кой,жел болгондо шыңгырап турат.Бир коңгуроону койлорду баштаган эркечке тагып койгула.Мына эки жез коңгуроо.
Жайлоого баргандан кийин башыңдан жоолугуңду түшүрбө,чачынды сыртка тараба,тырмагынды алганда дагы эшикке таштаба.Чогултуп кой,баштыкка салып,кийин айылга алып келип көмүп саласың.Антпесе азыткылар чач менен тырмак колуна тийсе ,дубасын окуп ,адам акылынан айнып калат деп айтышчу илгери.
Ар бир булактын ээси болот, ошондуктан булакка сууга барганда, биринчи салам айтып анан сузуп ал ,кирди булакка чайкаба.
Булак таза болбосо , көзүн ачып тазалап кой балам.
Мен берген күмүш зер буюмдарды тагынып жүргүн,айрыкча чолпу менен чач учтуктарды,сен басканда алардан шыңгыраган үн чыгат.Азыткы,албарстылар күмүштөн,жезден коркушат.Ошондуктан байыртадан ата- бабаларыбыз ушулардан зер буюмдарды тагынышкан да.
- Алар кантип билишкен аны ,ыя таене?
- Байыртадан бийик аска- тоолорду ,көк тиреген зоолордун арасында жашашса билишти да.Кыргыздар гана кайып дүйнөнү көрүшөт,ал эми мен айткан азыткылар ошол дүйнөнүн ылдыйкы бөлүгүнүн жашоочулары да.
- Эне биз жүктөп бүттүк ,анда чыгалыбы?
- Азыр балам ,азыр.
- Болуптур анда таене биз кеттик анда.
- Ай Гүлзар коё тургула, ээ Мукан атаңдын кара кыл арканын берип койчу,жанагы болот бычагы бар го,баягы доктур орус досу берген,ошону да ала чык!
- Таене үйдө деле аркандар бар - Эрнис сөзгө кошулду.
- Бул аркан өзгөчө,Гүлзар Эрнис кечигип калса ,боз үйдүн сыртынан кыл арканды тегеретип бекем байлап кой, өзүң күн батканы жалгыз чыкпа .
Болот бычактын кайраган үнүнөн шайтан- шабыр качат дечү эле,аны да унутпа.
- Анда эмесе балдарым ,аман эсен жаңы конушунарга көчүп ,кайра мал - жаныңар эсен айылынарга көчүп келгиле! Ак жолуңар ачылсын ! Оомийин!- деп батасын берип узатып калды.
УЛАНДЫСЫ БАР.....
НУРИДА КАРАБАЛТИНСКАЯ.