АЗЫТКЫ.

3-БОЛУМ.

АЗЫТКЫ. - 950029703690
АЗЫТКЫ. - 950029703434
Ошентип камылгаларын бүтүшүп ,май айын ортолоп жайлоону көздөй көчүп жөнөштү.Эрнистин эки классташы малдарды айдашып,ал эми айылдагы атасынын иниси машинага боз үйүн,керек жарактууларын,тамак ашын жүктөп Гүлзар менен кошо жүгүн жеткирүү үчүн кетти...
Араң кечке маал жетип ,боз үйүн тигишип, койлорду камай турган кой короо жасашып,баарын жайлап коюшуп кетип калышты.Калган каткан оокаттарын жасап бүтүшүп,эки жаш кургак тамак аш жеп,чай кайнатып ичишти да,калганын эртең жарыкта кылабыз деп жатып калышты.
Гүлзар кечээ чарчаганга,аябай катуу уктаптыр.
Чайнек кылдырттаганынан ойгонсо ,Эрнис суу ууртап жатыптыр.
- Охиий мен аябай катуу уктаптырмын !- керилип ,чоюлуп Гүлзар туруп келди.
- Мен сени уктап алсын деп ойготпой жүрдүм эле.Кандай эс алдың?
- Сонун , өзүңчү?
- Эң сонун, жүрсөң сыртты көргөзөм!

- Аайиий кандай керемет,эмне деген сулуулук!
Бейиштей жер экен ээ? Кечээ караңгыда жакшы деле көрбөй калыптырмын! Гүлдөрдүн көптүгүн көрсөң,мен мындай сулуулукту көргөн эмесмин!
- Ооба, укмуш керемет жер экен!
-Карагайлардын жыш өскөнүн карачы,арасына кирсең күн тийбейт болуш керек ээ!Кой,жүрү чай ичели! Бир күн кечке суктанып отура берсек деле болчудай !
- Ооба ,мен курсак тойгузуп алып койлорду чыгарып жиберейин.Иттер каякка кетишкен.
- Кумайык,Жолборс, Актөш күчү ,күчү !Ме,ме !!
Үчөө үч жактан чуркаган бойдон келишти.
- Төрт эле уй алганыбыз жакшы болуптур , антпесе кантип саап жетишет элең?
Жылкыларды таң атаар замат айдап жибергем.Карагер айгыр акылдуу айгыр ,кечке маал өзү бээлерди айдап келет.
Бул жагыбызга жакшылап жайгашып алалы,анан мен таң эрте койлор менен жылкыларды айдап кетем.Бээлерди бир жумадан кийин саай баштайлы- деп кыла турган жумуштарын сүйлөшүп жатышты.
- Мен өйдөлөп кетсем ,сен коркпойсуңбу?
Иним да ооруп калбадыбы,же болбосо биз менен аябай келгиси келип жатты эле.
- Жок коркпойм, дөбөт менин жанымда калсын.Тээтиги мамыны мобу жерге орнотуп берчи!
- Таене эмне эле сарсанаа болуп жатты?
- Илгери бул жакта азыткылар жашачу дейт,ошондон сак бол деп жатты.
- Ой таенем ай ха -ха,азыр 21 кылым ,каяктагы азыткы ? Ал эски жомок! Ха -ха!

Эрнисти узатып коюп,боз үйдүн ичин шыпырып жыйнай баштады.Бир маалда таенесинин сөзүн эстеп ,баягы кутучаны ачып жез коңгуроону алып чыкты.Узунураак жипке байлап,эшиктеги мамыга жез коңгуроону тагып койду.Шамал болгонго чын эле шыңгырап турат экен.
Кичинекей сандыкка жүктү жыйып ,идиш аяктарын жыйнаштырып , ойлонуп олтуруп калды.
Таенем кызык эле киши, жомокту чындай айтып мени да коркутуп ...
Таятасынын кара кыл арканын алып чыгып керегеге илип койду. Көз алдына таятасынын болот бычагын курчутуп отурган элеси келди.Таятасы узун бойлуу,шадылуу,жүзү жылдыздуу,өзү сүрдүү,өмүр бою мергенчилигин таштабаган адам эле.80жаштан ашса да,атка жаш жигитче секирип минген кайраттуу,бүркүт кабак адам эле.Аны эстеп ,куржундун көзүнөн таятасынын болот бычагын алып чыкты.
Муну бир альпинисттер менен чогуу келген орус хирург белекке берген эле.
Бийик тоодон түтөк болуп,эси ооп калганда сактап калып ,ошон үчүн бул бычакты белекке бергенин таятасы айтып калчу эле.Бул чоң бычак хирургдардын скальпели экенин кийин билишкен.
Таятасынын бычагын алып кайракка бир - эки тартып көрдү,болот бычактын үнү берки бычакка караганда башкача чыгат экен.
- Кой ,булакка барып суу алып келейин,Эрнис келгенче чай кайнатып,тамак жасап коёюн!
Башына жоолугун салынып,эки чакасын , чөмүчүн көтөрүп булакка жөнөдү.Кудай жалгап ,булак анча алыс эмес жерде экен.
Булактын башында калың шилби өсүп турат экен.Булактын көзү бутак ,куурай ж.б толуп калып ,акырын сызылып агып жаткан экен.
- Арыбаңыз, булактын ээси Ата! Мен булагынызды тазалап ,суу алсам болобу? - деп учурашып жүгүнүп , таенесинин айтканын кылып койду.Булактын көзүн тазалап ,жыгачтын чириндилерин тазалап койсо, кадимкидей суусу көбөйүп калды.
Чуңкурча казып коюп ,суусу тунгандан кийин эки чакага толтура суу алып боз үйдү көздөй жөнөдү.
Тегеректе гүлдөрдүн аңкыган жыты, түрлүү чымчыктардын сайраган үнү Гулзардын да көңүлүн көтөрүп турду.
Эки чакасын көтөрүп алып,боз үйго жакындаганда Жолборс тоо жактагы карагайлуу черди карап ажылдап үрүп баштады.Боз үйдун деле бир жагы карагайлуу черге жакын тургандыктан Гүлзар карап эч нерсе көрө албады.
- Кел Жолборс ,кел!- Дөбөт чуркап келип Гулзардын артына жашынып алып үрө берди.
Уйларга үрүп жатабы десе ,алар берки бетте оттоп жүрүшөт.
Эмнегедир Гулзардын муундары титиреп ,аны бир көз карап тургандай сезилип кетти.
Оюна таенесинин айткан сөзү кылт этти.
Боз үйгө чуркап кирип,баягы кутучаны алып чыгып , күмүштөн жасалган кемер курду белине тага калды.
Эмне болсо да,биринчи баламды сакташым керек,балдарга өч деп жатты элего тиги немелерди...
Билинбеген бир коркунучтун турганын ,жону дүрүлдөп сезип кетти.
Бат - баттан кулагындагы алтын сөйкөну чечип күмүш сырганы кулагына такты.
Чачтарына чач учтуктарды кошо өрдү,бой тумарды кийиминин үстүнөн тагынып алды.
Боз үйдүн сыртына чыккандан коркуп ,ар кайсы элестерди элестетип отура берди.
Бир маалда бирөөнүн бышылдап жатканын угуп,огобетер жүрөгү түштү,акырын караса кара -ала уйдун мурду боз үйдүн каалгасынан аны карап туруптур.
Аны көрүп алып ,боору эзилгенче каткырып күлдү.
" Коркконго кош көрүнөт" болгон экем да,бирок жана уйлар башка жакта жайылып жүргөндө, дөбөт башка жерди карап үрүп жаткан деп ойлоп койду.
Кой, уйларды саап ,сүт бышырайын ,каймак тартайын ,желини ооруганынан уйлар үйгө келип калган тура деп уй сааганы жөнөдү.
Тамагы бышып, дасторконду жайнатып коюп жаңы эле отурайын дегенде ,эки тайгандын үргөн үндөрү угулду.Эрнистин койлорду айдап келе жаткан ышкырыгы угулду.
- Эрнииис !Эрнис - чуркаган бойдон мойнуна келип асылып калды.
- Ой эмне мынча сулууланып,мени аябай күтүп жатыпсын го! Күмүш зер буюмдарды тагынып, татынакай жоолук салынган келинчек болуп - бетинен өпкүлөп Эрнис күлүп алды.
-Ааа буларды таенем берген.
- Экөөбүз элебиз го , жоолугуңду салынбай деле койбойсуңбу?
- Жок ,башымдан жоолук түшүрбөйм , күмүштөрду да чечпейм , болбойт!
Ой ,эмнеге ?
- Айтпадым беле,бул тоолордо азыткылар жашачу экен!
- Ал деген жомок,ишенбей эле кой!Азыр тиги күндөн алган энергиясы толуп калды болуш керек,койлорду камап коюп ,жарыкты күйгүзүп, кичинекей телевизорубузду көрөбүз.

УЛАНДЫСЫ БАР....
НУРИДА КАРАБАЛТИНСКАЯ.

Комментарии