Комментарии
- 23 фев 2023 06:45Наргул Иминова
- 23 фев 2023 07:40Guljamal Attokurova
- 24 фев 2023 20:43Анара Каратаева
- 26 фев 2023 09:39Уулхан Саитова
- 6 мар 2023 08:07Нурхан Шаймарданова
- 6 мар 2023 08:35Роза АйнураЭх сонун
- 14 мар 2023 00:29Зарина Кудайбердиевна
🥰
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
МАЙРАМЫҢАР МЕНЕН ЭРКЕКТЕР !
ЭРИНБЕЙ ОКУП ЧЫККЫЛА.
Менде миңдеген каттар бар армиядан жазылган, бүткүл классташтарым таныштарым кат жазчы. Анткени алар армияга кеткенде, мен деле кеткем өлкөдөн чыгып окууларга жана чоң турмуш жолуна. Мага балдар кат жазчы, сен деле алыста чыдап жүрөсүңго, биз эркекбиз чыдайбыз дешип. Айрымабыз алар кайтты родинага мен кайтпадым. Эгер мага апам нан тиштетип илип койгон болсо, ал нан илингенине 30 жылдан ашмак. Мен өлкөмө өлгүчө кайтпас чоң тапшырмаларым бар, өзүмө өзүм аткарууга мажбурлаган. Так что достор мен 30 жыл армиядамын. Тарыхтарга атым калыш үчүн, улуу аялдык милдетими, өмүр бою армияда жүргөндөй аткарам.
Армиядан кайткан ар бир кыргыз эркектин, кыжым капталган альбомдору болчу, ал альбомдун биринчи бетинде, эң сүйүктүү кыргыз кызынын сүрөтү чапталып турчу. Эки жыл күндө жатарда ал сүрөттү жаздыгынын же матрасынын түбүнө бекитип, бир карап үмүттөрүн өчүрбөй, эркек болуу кызматын өткөрчү.
Майрамыңар менен улуу урматтуу эркектер, эркекче жашап, чыныгы эркек болуу жогорку жоопкерчиликти талап кылат. Билбедим башкаларды мен точно билем эркек болуу өтө кыйын.
Миң жолу ыраазымын аял болуп жаралганыма, эркек болсом каным кайнап көп нерсе көтөрө албайт элем.
Ден соолук каалайм силерге урматтуу эркектер.
Армиядан жазган катыңарды азырда бирден ачып окуп берсем, укмуш тарыхтар ачылат. Эмнегедир эркектер мага эркекче ишенишчи экен деп ойлоп калдым, эч ушак айтпас сатпас бала кыял дөөпарасыраак, ак көңүл кыз элем. Азырда окуп отурам бирде каткырып, бирде боорум ооруп камакка түшкөн, командирден тепки жеген, дедовщинага кабыл болгон, күткөн кыздарын ала качкан, туугандары каза тапкан, алыстагы армиядагы досторума. Самаволкага кетип калып ит болдум деп жазган каттарыда бар. Кыскасы эркектер зорсуңар бар болгула эркекче, чын жүрөктөн завидую силерди 😂❤. Эркек болуп жаралгандын өзү эле өмүр бою майрам түшүнгөнгө. Эркек эркин ар бир кылган ишинде, эркекте кожоюн жок уктуңарбы. Баалап жашагыла эркектик баркыңарды.
Армейский сүрөттөрүңөрдү жүктөгүлө, комментке, ким кандай солдат болгон көрөлү. Бутуңар марш тееп мазоль болуп, өтүгүңөр жыртылган сүрөт болсода 😅
Нан тиштеген эркектин бары кайтты мекенине, мен кайтпадым, кыздар бизде, эркектердей бааланбаган гүлдөр экен.
ПАДИШАХАН СУЛТАНАЛИЕВА