Өлбөпсүң го? — деди акырын кекете учурашкан болуп. — Эмне-е? — Арсен эми гана түшүндү: «Демек мен деп Аргенди урган ушул экен», — деп ойлонуп дароо көңүлү чөктү. — Көрө-өбүз, сен экөөбүз эсептешип бүтө элекпиз, — деди да Сагынбекке кайрылды, — Ата биз кете берели. — Мейли силер бара бергиле, биз азыр чыгабыз. — Эртең сени чоң парктан күтөм, — деп Арсенге айтты да чыгып кетти, баары чогулуп белек-бечкектерин көтөрүнүп унаага салып эки машина менен жөнөштү. Арсендин көңүлү чөгүп калганын көрүп ата-энеси ичинен сызып калды, Нуржамал: — Арсен, сага эмне болду, кабагың түшүп калды да. — Жөн эле жаным, мен бактылуу болгонумдан болсо керек. — Мейли, ачык айтпасаң өзүң бил, — деп Нуржамал дагы капалана отуруп калды. — Таарынбачы жаным, биз бактылуубуз, кана кайнатам белекке берген жипти айдап көрбөйлүбү, — деп күлө карап Нуржамалды кучактап көтөрүп алып сыртка чыгышты, капкара Жиптин ичине экөө кирип отуруп алып өбүшүп жатты, бирок Арсендин жүрөгүн бир нерсе кыйнап жатты: «Аргендин кунун сенден алам, ал үчүн сен жооп бересиң, издесе табылбай турган кылмышкер өзү келип колго түшкөнү кандай сонун», — деп ойлонуп жатты ичинен. Келинчегин тынчтандырып үйгө кирип өз бөлмөсүнө жатып калышты. Эртеси эрте туруп Адилетти ээрчитип районго жөнөп кетти, айтылган саатта райондун чоң паркында болду, Адилет фото аппарат менен алыстан карап турду, Арсен телефондун диктофонун иштетип коюп ага карады: — Кана сүйлө. — Сенден ала элек өчүм бар, Россиядан өлтүргөн экенбиз десек өлбөпсүң. — Менде кандай өчүң бар эле, айтчы угайын. — Эч кандай, бирок сени жек көрөөрүмдү билип кой. — Россияда жүргөндө сен тепкилеп урдуң беле? — Албетте, сени өлтүрмөк болгонмун, өкүнүчтүү тирүү калыпсың. — Сен уже өлтүргөнсүң, ошол күн кайсы күн эле? — Майдын жыйырмасы болчу. Ал күндү унутпайм го, башты оорутпа, — деп эки жагын караганда үч-төрт жигит аларды көздөй басып келди, — Муну мусурга таштап койгула! — Чынгыз, сен кутулуп кете албайсың, Россиядан качып келип өз айылыбыздан кармалганың дурус болду, — деп мыскылдуу жылмайды. — Эмне деп былжырап жатасың? — деп кыжырлана бери басканда ары жактан үч-төрт милиция келип калды: — Булар менин инимди өлтүрүшкөн, кармаңыздар баарын, — деди Арсен. — Эмне, сенин иниң, эмне деп жатасың? — деп Чынгыз жулуна таңгалып турду. — Бас, бөлүмдөн териштиребиз, — деп милиционер аларды алып жөнөдү, Арсен диктофонду баргандан кийин аларга угузду: — Биз эгиз бир тууган Арсен, Арген дегендер элек, мен улуусумун, инимди булар мен экен деп былтыр майдын жыйырмасында тепкилеп коюп ал жыйырма үчүндө каза болуп калган, эми мени экинчи жолу өлтүрмөк болуп чакырыптыр, — деди Арсен. Чындап эле ал издөөдө экен, күнөөсү такталып Арсендин арызы боюнча сотто жооп бере турган болду. Сагынбек муну угуп Бурулга айтпай районго жөнөдү, келип эле начальникке кирди, ал жылуу тозуп алды. — Келиңиз, бизде жумушуңуз бар беле? — Сагынбеков Чынгыз силерге түшүптүр. Балам балким жаңылыштык болгондур? — Сиздин балаңызбы? — Ооба, менин балам. — Россияда болгон беле? — Мен ал жөнүндө билбейм, эки балалуу, үй-бүлөөсү менен Бишкекте турат. — Анда балаңыз Россияда издөөдө экен, ал жактан Кайдулатов аргенди уруп, тепкилеп өлтүргөнү аныкталды. — Кантип, бул жалаа болуп жүрбөсүн? — Өкүнүчтүү, баары чындык, өзү мойнуна алды. — Кандайча? — Сотто көрөсүз. — Мүмкүн эмес, каталык кеткендир. — Чынгыз Аргенди эмес Арсенди өлтүрмөк болгон экен, анын иниси экенин билбей адашып Аргенди кармап алышканы белгилүү болду. — Уулума жолуксам болобу? — Бүгүн болбойт, иши сотко кетти, мындан башка дагы күнөөлөрү бар, — дегенде Сагынбек заманасы куурула үйүнө кайтты, капаланып келген күйөөсүн көргөн Бурул бир жаштан өткөн уулун көтөрүп жанына келди: — Эмнеге капа болдуң? — Капа болбогондо кантем? — Сагынбек терең дем алып күрсүнө Бурулга карады, — Чынгызды камап коюшуптур. — Эмнеге, ал кечээ шаарга кетпептирби? — Кетпептир, — Ойлуу саамга отурду да, — Башкадан укпай менден укканың дурус болоор… — Эмнени? — деп Бурул аны сүйлөтпөй эле суроо берип ийди. — Арсенди өлтү… — Эмне? — Баласын таштап ийе жаздап токтоду, — Эмнеге? — Кеп укчу Бурул, отур жаныма. — Айтчы батыраак, Арсенде эмне өчү бар экен Чынгыздын? — Кеп сүйлөтөсүңбү? — дегенде Бурул унчукпай калды. — Өздөрүнчө бирдемеси бар болсо керек, Арсенди өлтүрөм деп Аргенди кармап сабап коюп ал ошондон өлгөн экен, кечээ алар разборкага барышыптыр, Чынгыз ошол жерден билиптир Арсендин иниси өлтүрүп алганын, окшоштугунан айырмалай албай калган го, эгерде Арсенди көрбөсө дагы канчага чейин жүрмөк, өзү кылыптыр эмне кыла алам, — деп Сагынбек үнү каргылдан айтып бүттү. — Жаман болуптур, эми эмне болот? — деди Бурул баарын түшүнгөндөн кийин. — Билбейм, Кайдулат менен сүйлөшүп көрсөм бекен? — Айтып көр, алдына түшөлү, — деди Бурул, Сагынбектин көңүлү үчүн. Алар болсо дагы башкалары бар экен да, мейли жок дегенде жеңилдетээр, — деп Сагынбек инисине чалды, эжесине карындашына чалып тез келип калгыла деди да өзү бир кой союп бышырып, Гүлжамалды күйөөсү менен чакырып боорсок жасап камынып калды, инисинен бир жылкы алдырды, тартуусун алып кийит-кече алып Кайдулаттын үйүнө күүгүмдө жетип келишти. Кайдулат эчтеке түшүнбөдү, анан Сагынбек башын жерге салып укканын айтып кечирим сурап келгенде адеп чамынды, бирок ойлонуп көрүп, кудагыйын сыйлап ичкери киргизишти. Арсен өзүн-өзү күнөөлүү сезип үйгө жолобой эзели ичпеген неме ичип жүргөн, ары айтып, бери айтып жатып Арсенди зорго көндүрүштү, Нуржамал үн катпады, ал ансыз деле Арсендин жаман абалда турганын билген: «Дос айрылат, сөөк кайрылат, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер», — деген улуу сөздөрдү мисал кылып жатып арызды алдырмак болушту. Ошентип Арсендин ички сезими өзүн-өзү кечирбей жаман болуп жүрдү: «Капыстан эле бирөөлөр уруп кеткен экен десе менин ордума өлгөн тура, кайдан дагы аякка чакыра койдум эле, эгерде мен аякка чакырбаганда ал тирүү болмок, өзүнүн сүйгөнүнө баш кошмок», — деп ойлой берип аябай арыктап да кетти. Сагынбек Арсендин арызын алдыргандан кийин дагы колунда барын аянбай чачып биротоло бошотуп алды, үйүнө алып келип ал түлөө өткөрүп анан үй-бүлөөсүнө жөнөттү. Нуржамал дагы анча батынбайт, кеч келип, ичип кызуу болуп алган Арсен жатып алат, ошентип убакыт өткөн сайын унутула баштады, Нуржамал менен кадимкидей жашоосун улантып жатты. Гүлжамал уулдуу болуп бешик тоюна чакырды эле Насият экөө барып келди. Апасы Бурул дагы ошол жерде болду. Гүлжамал сиңдисинен: — Нуржамал, атам телефон номерин таштаган жок беле? — деп сурады. — Жо-ок үлгүрбөдү го. — Ка-ап, билсең атама барып келет элек, — деди акырын. — Эжеке, Арсен мени машина айдаганга үйрөтүп жатат. — Эмне жипти сен айдайсыңбы? — Ошентип жатат Арсен, өзүнө Одиссей болот да, үйрөнүп болсоң права алып берем деди, — деп кубанычтуу күлүмсүрөдү. — Жакшы, бактылуу болсоң эле болду. — Баары унутулат экен эже, мен ошондо өлүп калсам эмне болот эле? — Жинди болбо, андай жаман сөздү сүйлөбөй жүр. — Атын эмне койдуң эже? — Арнис деп Бакыт койду, бир жерден угуп келиптир. — Жаңыча ат экен, кайсы элдин аты болду экен? — Ким билсин, — деп койду Гүлжамал, — Алар сүйлөшүп калганда Гүлжамалдын кайненеси кирди. — Бала ыйлап жатат, барып карачы балам. — Мейли апа, бир аз сүйлөшүп алалы деп эле… — Мейли айланайын, кудагый дагы кетем деп жатат. — Анда мен дагы кетейин эже, көрүшүп турабыз, жакынбыз го? — деп күлүмсүрөдү Нуржамал, — Уулуңузду караңыз, — Эже сиңди ээрчишип келип анан баласын колуна алып эркелетип өөп Нуржамал кайненеси менен кетмек болуп кайра эжесине берди да коштошуп үйүнө кетишти. Арсен алар келээри менен суук болуп турганына карабай унаасына отургузуп алып кайдадыр ээрчитип кетти. Ал Нуржамалга унаа айдаганды үйрөтүп кечке кара суукта жүрүшсө дагы үшүгөнүн билишпеди, алар Нурмат берген машинаны айдап жүрүштү, кечинде келгенде гана жылуу үйгө кирип үшүгөндөрүн сезишти. Насият аларга үндөбөдү, ал Нуржамалды жаш деп аяп, уулу Арген үчүн тарткан азабын угуп жакшы көрөт, кышкы аяз күчөп турган кезде Нуржамал алма жегим келет деп калды. Келгенине үч айдан ашып калган эле, көрсө ал кош бойлуу болуп калганын сезбептир, бир күнү күндүзү жатып уктап түш көрдү, түшүндө Арген кирип: «Мен силердин балаңардын жашоосундамын, атын Арген койгула, башка ат болбойт, мени жоготуп аласыңар», — деп жатыптыр. Чоочуп ойгонгон Нуржамал сыртка чыгып кайра келди: — Сен кош бойлуу болуп калсаң керек айланайын, уйкуң келсе укта, бирдеме жегиң келсе тартынбай айт, — деди Насият. — Апа, андай деле эмес, — деп Нуржамал уялып кетти. — Уялба балам, силер өзүңөр менен өзүңөр көбөйсөңөр биз кубанбайлыбы, — деди келинине мээрим төгө карап. — Апа, Арсен бир жакка кеттиби? — Билбейм балам, Адилет келем десе керек, ошону тозом деп кетти. — Аа-а, — деп унчукпай калды Нуржамал, көп өтпөй эле Арсен менен Адилет келип калды, бул жолу ал атайын эле Арсенди Россияга кетели деп келген болчу ал, анткени аякка иштеп көнүп калышкан, дагы бир максаты Акылайга жолугуу эле. — Кел айланайын балам, ата-энеңдер жакшы жатышабы? — деди Насият ага. — Жатышат эне, салам айтышты. — Саламат болсун. — Кандай Нуржамал? — Жакшы, жакшы келип алдыңбы? — Буйруса, эми Арсен экөөбүз кайра Россиянын токойлоруна кетебиз го? — Эмнеге, Арсен макул болдубу? — деп ийди Нуржамал. — Иштеп көнгөнбүз аяш, барбасак болбойт. — Болду, буларды куру санаага сала бербе, биз али чеч элекпиз, — деди Арсен кирип. — Ыя балам, быйылча аякка барбай эле кой, — деди Насият. — Ооба, суук бу болсо эмне бар? — деди Касиет, — Нуржамал дагы кош бойлуу окшойт. — Эмне, чын элеби апа? — Арсен кубанып кетти. — Калп айтып эмне кылам садага, кыштын кыраан чилдесинде алма жегиси келген аял талгак болот, — деп башын ийкей жылмайды, — Ата болосуң уулум. — Мен ата болот экенмин! — деп Арсен Адилетти кучактап калды. — Куттуктайм досум, өмүрү узун болсун. — Эмне Нуржамал алма жейм деп жатабы апа? — Ооба, тиги погрибден алып чыгып бердим, бир жашыкты алып чыгып койчу балам. — Макул апа, — деп шыпылдай чыгып кетти Арсен, ал ата-энесинен тартынып Нуржамалдын жанына бара албады, ал кайра кирип жатып уктап калган. Калдастап врямянканын ичке погрибинен бир ящик алманы көтөрүп чыкты да үйгө киргизди, андан алма алып жууп алып ичке кирип караса Нуржамал уктап жатыптыр, жанына отуруп чачтарынан сылап эми эңкейип өпкөнү жатканда Нуржамал ойгонуп кетти. — Се-ен, качан келдиң? — Азыр эле, алма жейсиңби Нуру? — Ооба, кайдан алып келдиң? — Үйдө бар да. — Аа-а, эми эч жакка кетпейсиңби? — Жок, эч жакка кетпейм, туруп бирдеме ичип алсаң боло. — Эчтеке ичким жок, — деп алманы карсылдата тиштеп жеп жатканда Арсен аны карап туруп күлкүсү келди, — Эмнеге карайсың? — деп Нуржамал таарынып калды. — Балалуу болобузбу Нуру? — Билбейм, апам ошентти го. — Эртең врачка көрсөтүп келейин ээ? Макул, — деп кайра жатып калды, негизи ал иш деле жасачу эмес, Насият өзү эле баарын жасап жүрөт, төрөп түшүп алса кайда бармак эле казанын өткөрүп алат деп ойлойт ал. Нуржамалдун боюнда барын угуп Бурул дагы бир топ кубанды, бир жагы жашында балалуу болсо эрте эле этек басты болуп калат, азырынча төрөбөй кое турса болмок, — деп өзүнчө кыжаалат. Нуржамал түшүн унутуп калган эле, бир күнү түндөсү дагы кирди, чоочуп ойгонуп өзүн бекем кучактап алган Арсендин колун акырын алып коюп өйдө болду: «Бул эмнеси, Арген өлөөрдө жаман түш көрдүм эле. Эми балаңдын атын Арген кой дегени кызык го, Арсен ага макул болобу», — деп ойлонуп жатты — Нуру, сен ойгоосуңбу? — Ооба, кызыктай түш көрдүм Арсен. — Кандай түш? — Мен Арген өлөөрдө аябай жаман түш көргөнмүн… — Эмне? — Арсен чоочуп туруп отурду, — Айтчы түшүңдү. — Түшүмө Арген кирет. — Эмне дейт? — Үрпөйө келинчегин карады. — Балаңардын жашоосундамын, атын Арген кой дейт. — Чын элеби? — Арсен кубанып кетти. — Ооба, ушуну менен эки жолу кирди. — Эч кыйыны жок, Арген деп ат коебуз, өзүм деле ойлоп жүргөнмүн. — Чынбы, атамдар макул болобу? — Эмне демек эле, алар кубанышпайбы, — деп Арсен келинчегин кучактап ичин сыйпалап жатып калды, Нуржамал дагы ойлонуп жатып уктап калды. Жаркыраган жай айларында Нуржамал балканактай уулу төрөдү. Атын азан айтып чоң атасы Арген деп койду, наристени жуунтканда Касиеттин жүрөгү болк этти: «Аргенимдин дагы дал… Уландысы бар …
СЕЗИМ СЕРЕСИ.
Коштошо албайм … (23-бөлүм)
Өлбөпсүң го? — деди акырын кекете учурашкан болуп.
— Эмне-е? — Арсен эми гана түшүндү: «Демек мен деп Аргенди урган ушул экен», — деп ойлонуп дароо көңүлү чөктү.
— Көрө-өбүз, сен экөөбүз эсептешип бүтө элекпиз, — деди да Сагынбекке кайрылды, — Ата биз кете берели.
— Мейли силер бара бергиле, биз азыр чыгабыз.
— Эртең сени чоң парктан күтөм, — деп Арсенге айтты да чыгып кетти, баары чогулуп белек-бечкектерин көтөрүнүп унаага салып эки машина менен жөнөштү. Арсендин көңүлү чөгүп калганын көрүп ата-энеси ичинен сызып калды, Нуржамал:
— Арсен, сага эмне болду, кабагың түшүп калды да.
— Жөн эле жаным, мен бактылуу болгонумдан болсо керек.
— Мейли, ачык айтпасаң өзүң бил, — деп Нуржамал дагы капалана отуруп калды.
— Таарынбачы жаным, биз бактылуубуз, кана кайнатам белекке берген жипти айдап көрбөйлүбү, — деп күлө карап Нуржамалды кучактап көтөрүп алып сыртка чыгышты, капкара Жиптин ичине экөө кирип отуруп алып өбүшүп жатты, бирок Арсендин жүрөгүн бир нерсе кыйнап жатты: «Аргендин кунун сенден алам, ал үчүн сен жооп бересиң, издесе табылбай турган кылмышкер өзү келип колго түшкөнү кандай сонун», — деп ойлонуп жатты ичинен. Келинчегин тынчтандырып үйгө кирип өз бөлмөсүнө жатып калышты. Эртеси эрте туруп Адилетти ээрчитип районго жөнөп кетти, айтылган саатта райондун чоң паркында болду, Адилет фото аппарат менен алыстан карап турду, Арсен телефондун диктофонун иштетип коюп ага карады:
— Кана сүйлө.
— Сенден ала элек өчүм бар, Россиядан өлтүргөн экенбиз десек өлбөпсүң.
— Менде кандай өчүң бар эле, айтчы угайын.
— Эч кандай, бирок сени жек көрөөрүмдү билип кой.
— Россияда жүргөндө сен тепкилеп урдуң беле?
— Албетте, сени өлтүрмөк болгонмун, өкүнүчтүү тирүү калыпсың.
— Сен уже өлтүргөнсүң, ошол күн кайсы күн эле?
— Майдын жыйырмасы болчу. Ал күндү унутпайм го, башты оорутпа, — деп эки жагын караганда үч-төрт жигит аларды көздөй басып келди, — Муну мусурга таштап койгула!
— Чынгыз, сен кутулуп кете албайсың, Россиядан качып келип өз айылыбыздан кармалганың дурус болду, — деп мыскылдуу жылмайды.
— Эмне деп былжырап жатасың? — деп кыжырлана бери басканда ары жактан үч-төрт милиция келип калды:
— Булар менин инимди өлтүрүшкөн, кармаңыздар баарын, — деди Арсен.
— Эмне, сенин иниң, эмне деп жатасың? — деп Чынгыз жулуна таңгалып турду.
— Бас, бөлүмдөн териштиребиз, — деп милиционер аларды алып жөнөдү, Арсен диктофонду баргандан кийин аларга угузду:
— Биз эгиз бир тууган Арсен, Арген дегендер элек, мен улуусумун, инимди булар мен экен деп былтыр майдын жыйырмасында тепкилеп коюп ал жыйырма үчүндө каза болуп калган, эми мени экинчи жолу өлтүрмөк болуп чакырыптыр, — деди Арсен. Чындап эле ал издөөдө экен, күнөөсү такталып Арсендин арызы боюнча сотто жооп бере турган болду.
Сагынбек муну угуп Бурулга айтпай районго жөнөдү, келип эле начальникке кирди, ал жылуу тозуп алды.
— Келиңиз, бизде жумушуңуз бар беле?
— Сагынбеков Чынгыз силерге түшүптүр. Балам балким жаңылыштык болгондур?
— Сиздин балаңызбы?
— Ооба, менин балам.
— Россияда болгон беле?
— Мен ал жөнүндө билбейм, эки балалуу, үй-бүлөөсү менен Бишкекте турат.
— Анда балаңыз Россияда издөөдө экен, ал жактан Кайдулатов аргенди уруп, тепкилеп өлтүргөнү аныкталды.
— Кантип, бул жалаа болуп жүрбөсүн?
— Өкүнүчтүү, баары чындык, өзү мойнуна алды.
— Кандайча?
— Сотто көрөсүз.
— Мүмкүн эмес, каталык кеткендир.
— Чынгыз Аргенди эмес Арсенди өлтүрмөк болгон экен, анын иниси экенин билбей адашып Аргенди кармап алышканы белгилүү болду.
— Уулума жолуксам болобу?
— Бүгүн болбойт, иши сотко кетти, мындан башка дагы күнөөлөрү бар, — дегенде Сагынбек заманасы куурула үйүнө кайтты, капаланып келген күйөөсүн көргөн Бурул бир жаштан өткөн уулун көтөрүп жанына келди:
— Эмнеге капа болдуң?
— Капа болбогондо кантем? — Сагынбек терең дем алып күрсүнө Бурулга карады, — Чынгызды камап коюшуптур.
— Эмнеге, ал кечээ шаарга кетпептирби?
— Кетпептир, — Ойлуу саамга отурду да, — Башкадан укпай менден укканың дурус болоор…
— Эмнени? — деп Бурул аны сүйлөтпөй эле суроо берип ийди.
— Арсенди өлтү…
— Эмне? — Баласын таштап ийе жаздап токтоду, — Эмнеге?
— Кеп укчу Бурул, отур жаныма.
— Айтчы батыраак, Арсенде эмне өчү бар экен Чынгыздын?
— Кеп сүйлөтөсүңбү? — дегенде Бурул унчукпай калды. — Өздөрүнчө бирдемеси бар болсо керек, Арсенди өлтүрөм деп Аргенди кармап сабап коюп ал ошондон өлгөн экен, кечээ алар разборкага барышыптыр, Чынгыз ошол жерден билиптир Арсендин иниси өлтүрүп алганын, окшоштугунан айырмалай албай калган го, эгерде Арсенди көрбөсө дагы канчага чейин жүрмөк, өзү кылыптыр эмне кыла алам, — деп Сагынбек үнү каргылдан айтып бүттү.
— Жаман болуптур, эми эмне болот? — деди Бурул баарын түшүнгөндөн кийин.
— Билбейм, Кайдулат менен сүйлөшүп көрсөм бекен?
— Айтып көр, алдына түшөлү, — деди Бурул, Сагынбектин көңүлү үчүн.
Алар болсо дагы башкалары бар экен да, мейли жок дегенде жеңилдетээр, — деп Сагынбек инисине чалды, эжесине карындашына чалып тез келип калгыла деди да өзү бир кой союп бышырып, Гүлжамалды күйөөсү менен чакырып боорсок жасап камынып калды, инисинен бир жылкы алдырды, тартуусун алып кийит-кече алып Кайдулаттын үйүнө күүгүмдө жетип келишти. Кайдулат эчтеке түшүнбөдү, анан Сагынбек башын жерге салып укканын айтып кечирим сурап келгенде адеп чамынды, бирок ойлонуп көрүп, кудагыйын сыйлап ичкери киргизишти. Арсен өзүн-өзү күнөөлүү сезип үйгө жолобой эзели ичпеген неме ичип жүргөн, ары айтып, бери айтып жатып Арсенди зорго көндүрүштү, Нуржамал үн катпады, ал ансыз деле Арсендин жаман абалда турганын билген: «Дос айрылат, сөөк кайрылат, атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер», — деген улуу сөздөрдү мисал кылып жатып арызды алдырмак болушту. Ошентип Арсендин ички сезими өзүн-өзү кечирбей жаман болуп жүрдү: «Капыстан эле бирөөлөр уруп кеткен экен десе менин ордума өлгөн тура, кайдан дагы аякка чакыра койдум эле, эгерде мен аякка чакырбаганда ал тирүү болмок, өзүнүн сүйгөнүнө баш кошмок», — деп ойлой берип аябай арыктап да кетти. Сагынбек Арсендин арызын алдыргандан кийин дагы колунда барын аянбай чачып биротоло бошотуп алды, үйүнө алып келип ал түлөө өткөрүп анан үй-бүлөөсүнө жөнөттү. Нуржамал дагы анча батынбайт, кеч келип, ичип кызуу болуп алган Арсен жатып алат, ошентип убакыт өткөн сайын унутула баштады, Нуржамал менен кадимкидей жашоосун улантып жатты. Гүлжамал уулдуу болуп бешик тоюна чакырды эле Насият экөө барып келди. Апасы Бурул дагы ошол жерде болду. Гүлжамал сиңдисинен:
— Нуржамал, атам телефон номерин таштаган жок беле? — деп сурады.
— Жо-ок үлгүрбөдү го.
— Ка-ап, билсең атама барып келет элек, — деди акырын.
— Эжеке, Арсен мени машина айдаганга үйрөтүп жатат.
— Эмне жипти сен айдайсыңбы?
— Ошентип жатат Арсен, өзүнө Одиссей болот да, үйрөнүп болсоң права алып берем деди, — деп кубанычтуу күлүмсүрөдү.
— Жакшы, бактылуу болсоң эле болду.
— Баары унутулат экен эже, мен ошондо өлүп калсам эмне болот эле?
— Жинди болбо, андай жаман сөздү сүйлөбөй жүр.
— Атын эмне койдуң эже?
— Арнис деп Бакыт койду, бир жерден угуп келиптир.
— Жаңыча ат экен, кайсы элдин аты болду экен?
— Ким билсин, — деп койду Гүлжамал, — Алар сүйлөшүп калганда Гүлжамалдын кайненеси кирди.
— Бала ыйлап жатат, барып карачы балам.
— Мейли апа, бир аз сүйлөшүп алалы деп эле…
— Мейли айланайын, кудагый дагы кетем деп жатат.
— Анда мен дагы кетейин эже, көрүшүп турабыз, жакынбыз го? — деп күлүмсүрөдү Нуржамал, — Уулуңузду караңыз, — Эже сиңди ээрчишип келип анан баласын колуна алып эркелетип өөп Нуржамал кайненеси менен кетмек болуп кайра эжесине берди да коштошуп үйүнө кетишти. Арсен алар келээри менен суук болуп турганына карабай унаасына отургузуп алып кайдадыр ээрчитип кетти. Ал Нуржамалга унаа айдаганды үйрөтүп кечке кара суукта жүрүшсө дагы үшүгөнүн билишпеди, алар Нурмат берген машинаны айдап жүрүштү, кечинде келгенде гана жылуу үйгө кирип үшүгөндөрүн сезишти. Насият аларга үндөбөдү, ал Нуржамалды жаш деп аяп, уулу Арген үчүн тарткан азабын угуп жакшы көрөт, кышкы аяз күчөп турган кезде Нуржамал алма жегим келет деп калды. Келгенине үч айдан ашып калган эле, көрсө ал кош бойлуу болуп калганын сезбептир, бир күнү күндүзү жатып уктап түш көрдү, түшүндө Арген кирип: «Мен силердин балаңардын жашоосундамын, атын Арген койгула, башка ат болбойт, мени жоготуп аласыңар», — деп жатыптыр. Чоочуп ойгонгон Нуржамал сыртка чыгып кайра келди:
— Сен кош бойлуу болуп калсаң керек айланайын, уйкуң келсе укта, бирдеме жегиң келсе тартынбай айт, — деди Насият.
— Апа, андай деле эмес, — деп Нуржамал уялып кетти.
— Уялба балам, силер өзүңөр менен өзүңөр көбөйсөңөр биз кубанбайлыбы, — деди келинине мээрим төгө карап.
— Апа, Арсен бир жакка кеттиби?
— Билбейм балам, Адилет келем десе керек, ошону тозом деп кетти.
— Аа-а, — деп унчукпай калды Нуржамал, көп өтпөй эле Арсен менен Адилет келип калды, бул жолу ал атайын эле Арсенди Россияга кетели деп келген болчу ал, анткени аякка иштеп көнүп калышкан, дагы бир максаты Акылайга жолугуу эле.
— Кел айланайын балам, ата-энеңдер жакшы жатышабы? — деди Насият ага.
— Жатышат эне, салам айтышты.
— Саламат болсун.
— Кандай Нуржамал?
— Жакшы, жакшы келип алдыңбы?
— Буйруса, эми Арсен экөөбүз кайра Россиянын токойлоруна кетебиз го?
— Эмнеге, Арсен макул болдубу? — деп ийди Нуржамал.
— Иштеп көнгөнбүз аяш, барбасак болбойт.
— Болду, буларды куру санаага сала бербе, биз али чеч элекпиз, — деди Арсен кирип.
— Ыя балам, быйылча аякка барбай эле кой, — деди Насият.
— Ооба, суук бу болсо эмне бар? — деди Касиет, — Нуржамал дагы кош бойлуу окшойт.
— Эмне, чын элеби апа? — Арсен кубанып кетти.
— Калп айтып эмне кылам садага, кыштын кыраан чилдесинде алма жегиси келген аял талгак болот, — деп башын ийкей жылмайды, — Ата болосуң уулум.
— Мен ата болот экенмин! — деп Арсен Адилетти кучактап калды.
— Куттуктайм досум, өмүрү узун болсун.
— Эмне Нуржамал алма жейм деп жатабы апа?
— Ооба, тиги погрибден алып чыгып бердим, бир жашыкты алып чыгып койчу балам.
— Макул апа, — деп шыпылдай чыгып кетти Арсен, ал ата-энесинен тартынып Нуржамалдын жанына бара албады, ал кайра кирип жатып уктап калган. Калдастап врямянканын ичке погрибинен бир ящик алманы көтөрүп чыкты да үйгө киргизди, андан алма алып жууп алып ичке кирип караса Нуржамал уктап жатыптыр, жанына отуруп чачтарынан сылап эми эңкейип өпкөнү жатканда Нуржамал ойгонуп кетти.
— Се-ен, качан келдиң?
— Азыр эле, алма жейсиңби Нуру?
— Ооба, кайдан алып келдиң?
— Үйдө бар да.
— Аа-а, эми эч жакка кетпейсиңби?
— Жок, эч жакка кетпейм, туруп бирдеме ичип алсаң боло.
— Эчтеке ичким жок, — деп алманы карсылдата тиштеп жеп жатканда Арсен аны карап туруп күлкүсү келди, — Эмнеге карайсың? — деп Нуржамал таарынып калды.
— Балалуу болобузбу Нуру?
— Билбейм, апам ошентти го.
— Эртең врачка көрсөтүп келейин ээ?
Макул, — деп кайра жатып калды, негизи ал иш деле жасачу эмес, Насият өзү эле баарын жасап жүрөт, төрөп түшүп алса кайда бармак эле казанын өткөрүп алат деп ойлойт ал. Нуржамалдун боюнда барын угуп Бурул дагы бир топ кубанды, бир жагы жашында балалуу болсо эрте эле этек басты болуп калат, азырынча төрөбөй кое турса болмок, — деп өзүнчө кыжаалат. Нуржамал түшүн унутуп калган эле, бир күнү түндөсү дагы кирди, чоочуп ойгонуп өзүн бекем кучактап алган Арсендин колун акырын алып коюп өйдө болду: «Бул эмнеси, Арген өлөөрдө жаман түш көрдүм эле. Эми балаңдын атын Арген кой дегени кызык го, Арсен ага макул болобу», — деп ойлонуп жатты
— Нуру, сен ойгоосуңбу?
— Ооба, кызыктай түш көрдүм Арсен.
— Кандай түш?
— Мен Арген өлөөрдө аябай жаман түш көргөнмүн…
— Эмне? — Арсен чоочуп туруп отурду, — Айтчы түшүңдү.
— Түшүмө Арген кирет.
— Эмне дейт? — Үрпөйө келинчегин карады.
— Балаңардын жашоосундамын, атын Арген кой дейт.
— Чын элеби? — Арсен кубанып кетти.
— Ооба, ушуну менен эки жолу кирди.
— Эч кыйыны жок, Арген деп ат коебуз, өзүм деле ойлоп жүргөнмүн.
— Чынбы, атамдар макул болобу?
— Эмне демек эле, алар кубанышпайбы, — деп Арсен келинчегин кучактап ичин сыйпалап жатып калды, Нуржамал дагы ойлонуп жатып уктап калды. Жаркыраган жай айларында Нуржамал балканактай уулу төрөдү. Атын азан айтып чоң атасы Арген деп койду, наристени жуунтканда Касиеттин жүрөгү болк этти: «Аргенимдин дагы дал…
Уландысы бар …