20 окт 2021

Күйөөм ата-энеме чалып кызыңарды алып кеткиле дептир, кайненеме да чалып кеттиби деп сураптыр.

Эми эмне кылам?

Күйөөм ата-энеме чалып кызыңарды алып кеткиле дептир, кайненеме да чалып кеттиби деп сураптыр.Эми эмне кылам? - 926396264277
Биз куйоом экөөбүз баш кошуп чогуу жашаганыбызга 9жыл болуп калды. Турмушта казан аяк кагышат дегендей бирде урушуп бирде жарашып жашап келе жатабыз. Эл катары Россияда иштеп жүрдүк. Бирок,итапканыбызды эч эле чогулта албадык. Үй салып бөлүнүп чыгышыбыз керек. Эки балабыз бар. Күйөөм акчаны чогултканды эч ойлобойт ичет, кол көтөрөт, козино оюндарын ойнойт, ар кайсы кыздар менен сүйлөшүп жүрөт. Аял катары үй-бүлөөнү сактап калганга аракет кылып баарына көз жумуп чыдап жүрөм. Азыркы учурда күйөөм Москвада таксист болуп иштейт. Мен Кыргызстанга келгениме 5ай болуп калды. Тапканыбызды чогулта албасак деп балдарымдын жанында эле жүрүп турайын деп кетким келбей жүрөм. Кече күнү Одноклассники сайты на Кирип калдым. Күйөөмдүн почтасы бар экен, лентасын карасам кыздардын сүрөттөрүнө комментарийлерди жазып журок6 (смайликтерди) жөнөтүптүр. Муну көрүп чындыгында кызгандым. Бул эмне ,?десем жооп бербей, звонок кылсам да телефонду албай койду. Ага өчөшүп профильге сүрөтүмдү коюп койдум. Дружба жөнөткөндөрдүн экөөнү кошуп койдум. Алар менен жазышкан жокмун. Күйөөмө чалып жазып жаттым жооп жок. Анан эле звонок кылып сөгүп баштады сен балдар менен сүйлөшүп жүрөт экенсин деп. Мен айттым өзүңдү бил биринчи деп. Ал мени жалапсын деп каттуу уруштук. Ата-энеме ,кайын энеме да чалып айтты балдар менен таң атканча сүйлөшүп жатат деп. Мен аларга чындыгыны айттым мен ага кызганып сүрөт койгонумду др жөнөткөнүн кошуп бирок сүйлөшпөгөнүмдү айттым. Ата-энеме кызыңарды алып кеткиле дептир, өзүмө да кет деп айтты. Мен айттым ошончо иштеп Тапкан акчаларымды таап бересин анан кетем дедим. Кайын энеме да чалып кеттиби дептир. Башым катты эмне кылышымды билбей турам. Кенешиниздерди бериниздерчи.

Комментарии

  • 20 окт 2021 18:38
    Тапаган эркекти кор болуп эки баланы убактынды кетирбей ажырашып иштеп балдарынды бак там ал эрин башка катын алсын ошондо билет. Көнгөн адат калбайт
  • 20 окт 2021 21:03
    Эркекке тенелип абийир таппайсынар очошуп кызгандырам деп карачы кандай атка кондун эркектерге жараша берет аялзатына жарашпайт сенин катан копчулугуно сабак болот деп ишенем эми бир омур бетине басып отот ээх жашоо