12 июн 2022

Аспиринден бетиңизге маска жасап безетки менен бырыштан арылыңыз

Аспиринден бетиңизге маска жасап безетки менен бырыштан арылыңыз
Аспиринди негизинен дары каражаты катары колдонуп келебиз. Дене табын түшүүрүгө, канды суюлтууга, оорунубасаңдатууга жакшы жардам берет. Бирок,бул косметикалык каражат катары да колдонулаарын баары эле биле бербесе керек. Ал бет терисине байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө себепчи болот.
Аспирин маскасынын пайдасы
Аспиринден жасалган маска бет терисинин бай бездеринин секрециясын төмөндөтүп, кабылдап кетүү абалына каршылык көрсөтүп, безеткилерди кургатып жана жаңы пайда боло тургандарынын алдын алат. Терини терең тазалайт. Териге кандын жетишин мыкты камсыздайт. Нымдуулукту тең салмактуу кармап тура алат. Беттеги тактардын өңүн өчүрөт, безеткиден калган тактардын ордун убакытын өтүшү менен жок кылат. Бирок, алагч аспиринге териңиз аллергия болобу же болбойбу текшерип алууңуз маанилүү. Ошондой эле кош бойлуу учурунда, ачык жараат дарылана электе, астма оорусу менен ооругандарга бул масканы колдонууга тыюу салынат. Мындан сырткары, масканы аптасына 1 эле жолу 10-15 мүнөт гана бетке камроо зарыл жана эң жакшысы уктаар алдында коюлганы дурус. Себеби маска жасаган соң сыртка чыкпаш керек.
Аспиринден бетиңизге маска жасап безетки менен бырыштан арылыңыз
Аспирин менен суу
Аспириндин бир нече даанасын алып, ага жылуу суу куюп, ботко абалына келгидей кылып аралаштырасыз. Андан кийин беттин көйгөлүү жерлерине гана 10-15 мүнөткө коёсуз. Андан кийин жылуу суу менен чайкап, бет май сүйкөп коюңуз.
Аспирин, туз, бал, лимон, глина
6 таблетка аспиринди жылуу сууга салып коюңуз. Ага бир чымчым деңиз тузу, бир чай кашык лимон ширесин кошуп аралаштырыңыз. Андан кийин жылуу бир чай кашык бал кошуңуз. Артынан бир чай кашык глина себелеп кайрадан жакшылап ботко абалына келгенге чейин аралаштуу керек. Мындай маска майда бырыштарды тез эле жок кылат.
Аспиринден бетиңизге маска жасап безетки менен бырыштан арылыңыз
Аспирин, бал
Аспирин менен бал маскасы бет терини зыяндуу заттардан тазалайт жана жашартуучу касиетке ээ болот, 4 даана аспринди жарым чай кашык жылуу сууга ээритип, ага жарым чай кашык жылуу бал кошуп аралаштырып, бетиңизге 10-15 мүнөткө маска жасайсыз.
Аспирин, сода, бал, лимон
5 даана аспиринди минералык сууга ээритип аласыз. Ага 2 чай кашык жылуу бал жана 1 чай кашык лимон ширесин кошуп, бетиңизге сүйкөйсүз. 10 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп, сода кошулган суу менен сүртүп, кайрадан чайкап бет май сүйкөйүз. Абдан майлуу беттерге жакшы жардам берет.
Аспиринден бетиңизге маска жасап безетки менен бырыштан арылыңыз
Лосьон, аспирин
4 даана аспиринге бир аз жылуу суу сээп, ага 2 чай кашык лоьсон кошосуз. Анда нкийин бетиңизге сүйкөйсүз. Мындай ыкма менен беттеги кара чекитчелерден жана беттин майланышып турган абалынан арылууга болот.
Аспиринден бетиңизге маска жасап безетки менен бырыштан арылыңыз
Аспирин, кефир
2 чай кашык кефирге 2 даана аспирин кошуп аралаштырасыз. 10-15 мүнөткө кармайсыз. Бетти агартып, азыктандырат.
Аспирин, алоэ ширеси, бал
3 даана аспиринге минералдык суудан бир аз чачып, ага 1 чай кашык алоэ ширеси жана жылуу бал кошосуз. Бул бетти тазалап, безеткилерди кургатат.
Аспиринден бетиңизге маска жасап безетки менен бырыштан арылыңыз
Аспирин, май
2 даана аспиринге зайтун же жожоба майынан 2 чай кашык окшуп бетиңизге маска жасайсыз. Мндай ыкма менен бырыштардан арылууга болот.
#11

Комментарии