🦄 ,,Ай туяктан жылкы улук"- деп КЫРГЫЗ элинде өзгөчө баркталып,
,,Ат адамдын канаты"- деп өзгөчө бааланган. Чындыгында көчмөн жашоонун көп жагдайында кыргызга жылкы өбөлгө болгон. Көч жолунда унаа болуп, жоо келсе качса жеткирбес, кууса куткарбас учкаяктыгы менен кадырланган. Төрт түлүктүн ичинен күн жылууда жайыттан чөп чалып жеп, кышкысын карды тээп оттоп жанга анчалык түйшүк жараткан эмес. 🍃Жылкы кыялына, басыгына, сынына, жашына, түсүнө жараша бөлүнөт. Алардын ар бирине өзүнчө токтололу. 🦄Кыялына карата бөлүнүшү: 1. Жүрмал — ат мыктысы, жүрүшү мыкты, алыскы жолго мингенге тынч жылкы. 2.Жартак — турган жеринен желет. 3.Чарс — азоо чалыш, кыялы чатак, чакчаңдап турат. 4. Чынкөр — чөптү аз жейт, чөпбашылап чалат, тандап жейт, ошондуктан арык көрүнүп ичке болот, кабыргасы саналып турат. 5.Какбаш — жалгыздап, ээндеп оттойт, башка жылкыны сүйбөйт, жолотпой артын салат. 6.Жатак — жоош, кабелтең, кашаң. 7.Жалакай — жылкынын жукасы, бат арыктайт, тоюту жакшы болсо бат семирет, басканы тың, мингенге ылайыгы жок. 8.Качкы — мындай аттарды "ээр качкы" дешет. Колдон бир бошонсо карматпайт, ээсин ээн талаага таштап кетет. Аны откоргондо чылбырды колдон чыгарбоо керек. 9.Тиштээк — мингизбей чунаңдайт, бала-бакыраны жолотпойт. Кишини жылкы мүнөз дегени төгүн эмес белем, кишиде да ушундай эле кыялдар болот эмеспи. 🦄 Жүрүшүнө жараша бөлүнүшү: Жылкынын жүрүшү боюнча басык, желе жүрүш, таскак, текирең таскак, кой жорго, жорго, чапма жорго - деп бөлүшкөн. Жылкыны жаагы катуу, чөйчөктүү, ак эттүү, кара эттүү деп да атайт. 🦄.Сынына жараша бөлүнүшү: Мингич ат, жүк артуучу ат, чабылчу ат, жоого мингич ат, жорго, күлүк же тулпар деп бөлүшкөн. Бул аттарды колдо кармаган, калгандары жайдыр-кыштыр жайытка багылган. 🦄.Асылдыгына жараша бөлүнүшү: 1.Тулпар — эпостордо жана эл оозунда айтылышы боюнча жылкынын алды болгон. Тулпар суу ичмейинче башкасы башын салган эмес. Кишиден жалтанбаган сырттан мүнөзү болгон. Арыбаган, талбаган асылдыгы менен бааланган. 2.Буудан — күлүк, күчтүү, жол билген, ээсин таштабаган жылкы. 3.Дулдул — жылкынын күчтүүсү, чыдамкайы, туяктары чоң болуп, алты айчылык жолго да арыбас деп сыпатталат. 4.Жорго — бир калыптагы майда жүрүшү менен айырмаланып, ошол жүрүшүнөн жанбаган ат. ,,Соорусунда суу чайпалбаган жорго"- деп эң мыктысын айтышкан. 🍃Жылкыны билген кишилер Ар бир кыргыз эле мал киндиктүү болуп, жылкы менен катарлаш, сапарлаш болсо да, жылкыга өмүрүн арнаган өзгөчө кишилер болгон. Салттуу билимдердин өзөгү канында уюган мындай адамдар жылкынын багын, табын билген, асылдыгын билген. 🍃Сынчы — жылкынын асылдык белгилерин билип, бир көргөндө айырмалап, кемчилин, артыкчылыгын баамдап сынына жеткен киши. Салттуу билимдердин эң барктууларынын бири. Мындай касиети бар кишилерди алыстан алдырып, кыйыр кездирип издетишкен. 🍃Саяпкер — асыл сапаттуу жылкыларды бапестеп таптап, аздектеп багып отуруп, күлүк болсо күлүктүгүнө, жорго болсо жорголугуна, тулпар болсо тулпарлыгына жеткире билген киши. Сынчы сынын билсе, саяпкер табын билген. 🍃Чакчы — күлүктөр чабылаарда, жорго салынаарда ар бирине көз салып кимиси канчанчы чыгып келерин билип айткан. Күчтүү чакчылар он бешинчисине чейин жаңылбай айткандыгы санжыралык маалыматтарда, тарыхый окуяларда баяндалат. 🍃ЖЫЛКЫНЫН ӨҢҮ ТҮСҮНӨ ЖАРАША АТАЛЫШЫ: Кыргыз эли өтө баамчыл эл келип, жылкынын ар бир түсүнө өзүнчө ат берип, жаңылбай так айтышат. #Кула - денеси, башы сары, кум түстө, бутунун төмөн жагы, ичи, куйругу, жалы кара, кыр аркасынан куйруктун түбүнө чейин кара сызык кетет. #Сур - кула эмес, бозомтук өң. #Жээрде - денеси, куйругу, жалы мала же ачык кызыл. #Тору - денеси, башы кызгылт күрөң, ал эми жалы, куйругу, буттарынын ылдыйкы бөлүгү кара. #Карагер - денесинде кара кылдар көп, бирок башка түстөгү (кара-күрөң) кылдар да аралашкан, ошондуктан өңү чымкый кара болбойт. #Сарала - сарысы көп болсо сарала бээ же сарала ат же жашына жараша сарала тай, сарала кунан, сарала бышты деп атайбыз. #Карала - эгерде карасы кеп болсо карала кулун, тай, кунан, бышты, ат же бээ делинет. #Чабдар - денеси кара күрөң түстө, алмадай ак чоң темгилдери (точкалары) бар, куйругу, жалы ак же түтүндүн (дымчытый) өңүндөй. #Буурул - туулганда ак жундуу болот, кийин сары, кара, күрөң жүндөр аралаш, ал эми денеси, куйругу, башы, соорусу, жалы, бутунда ак кыл аралашпайт. #Торала - тору менен ак аралаш, #Боз - кыргызда мал баласын «ак» - деп атабайт. Ошондуктан өңү ак жылкыны боз же кызыл деп аташат. #Көк - көгүш тирилүү жылкы. Жаш кезинде көк кылдар көп болуп ал эми улам жашы көбөйгөн сайын бозоруп, боз түскө айланат. Жаш кезинде көк болсо 2-3 асыйынан тартып боз боло баштайт. #Сары_тору - денеси сары бирок куйругу кара болот. #Чаар - денесиндеги ак жүндө күрөң тактар же денедеги күңүрт жүндө ак тактар бар. #Ала - ар кандай түстөгү жылкынын денесинде чоң-чоң ак тактар бар, же болбосо жартысы ак, жартысы кара же ар кандай түстө болот. #Ала_аяк_жээрде - денеси сары, бирок арткы эки бутунун чачыгынан өйдө ак болсо “ала аяк” аталат. #Күрөң - денеси киргилт сары түстө, жалы жана куйругу күңүрт кара болот. #Кара - денеси, куйрук жалы кара түстө болот. Кыргыздар жылкынын денесиндеги кичинекей түсү боюнча өзгөчөлүктөрдү эске алып, ошого жараша да жылкы баласын ар түрдүү аташат. Алар: • #Ак_байпак - төрт буту, тизеден ылдый ак болот. • #Кашка - мандайында ак так бар. Эгерде кашкасы узун болуп, устунку ээрдине өтүп кетсе мындай жылкыны ата-бабалар ыйык көрүп, минген эмес. • #Чекир - көзү көк, кый көз аттарды айтышкан. • #Сур_коён - ак менен каранын ортосу. • #Кашка_баш - эки колу, эки бутунда туяктын үстүндө (бакайында) ак түс жана башында кашкасы бар жылкылар, • #Ак_таноо - таноосунда агы болсо, ошого жараша аталган. Ургаачы жылкылардын өңүнүн өзгөчөлүгү боюнча сүттөрүнүн дарычылык касиети дагы башкача болот дешет. Мисалы: - көк, боз, тору бээлердин сүтү адамдын ден соолугуна #дарылык_касиети_күчтүү болот.. 🍃Тизгин жыяр: Тарыхчылар өз изилдөөлөрүндө: ,,ат-адам (кентавр)"- деп кыргыздарды белгилегени төгүн эмес чыгаар. Кылымдардын кыйырында жылкы адамга шерик болуп жашап келип, ал байланыш бүгүнкү күндө да уланууда. Анын жыйынтыгы катары жылкыга байланыштуу мол тажрыйба, аны аздектөөдөгү ырым-жырымдар, салттуу билимдердин үлгүлөрү аздыр-көптүр эл арасында жашап келет.... СКАРЛЕТ О'ХАРАнын баракчасынан. 18.03.2023ж. Интернеттен топтолду.
Бакыт Үйү
🦄 ,,Ай туяктан жылкы улук"- деп КЫРГЫЗ элинде өзгөчө баркталып,
,,Ат адамдын канаты"- деп өзгөчө бааланган. Чындыгында көчмөн жашоонун көп жагдайында кыргызга жылкы өбөлгө болгон.
Көч жолунда унаа болуп, жоо келсе качса жеткирбес, кууса куткарбас учкаяктыгы менен кадырланган.
Төрт түлүктүн ичинен күн жылууда жайыттан чөп чалып жеп, кышкысын карды тээп оттоп жанга анчалык түйшүк жараткан эмес.
🍃Жылкы кыялына, басыгына, сынына, жашына, түсүнө жараша бөлүнөт.
Алардын ар бирине өзүнчө токтололу.
🦄Кыялына карата бөлүнүшү:
1. Жүрмал — ат мыктысы, жүрүшү мыкты, алыскы жолго мингенге тынч жылкы.
2.Жартак — турган жеринен желет.
3.Чарс — азоо чалыш, кыялы чатак, чакчаңдап турат.
4. Чынкөр — чөптү аз жейт, чөпбашылап чалат, тандап жейт, ошондуктан арык көрүнүп ичке болот, кабыргасы саналып турат.
5.Какбаш — жалгыздап, ээндеп оттойт, башка жылкыны сүйбөйт, жолотпой артын салат.
6.Жатак — жоош, кабелтең, кашаң.
7.Жалакай — жылкынын жукасы, бат арыктайт, тоюту жакшы болсо бат семирет, басканы тың, мингенге ылайыгы жок.
8.Качкы — мындай аттарды "ээр качкы" дешет. Колдон бир бошонсо карматпайт, ээсин ээн талаага таштап кетет. Аны откоргондо чылбырды колдон чыгарбоо керек.
9.Тиштээк — мингизбей чунаңдайт, бала-бакыраны жолотпойт.
Кишини жылкы мүнөз дегени төгүн эмес белем, кишиде да ушундай эле кыялдар болот эмеспи.
🦄 Жүрүшүнө жараша бөлүнүшү:
Жылкынын жүрүшү боюнча басык, желе жүрүш, таскак, текирең таскак, кой жорго, жорго, чапма жорго - деп бөлүшкөн. Жылкыны жаагы катуу, чөйчөктүү, ак эттүү, кара эттүү деп да атайт.
🦄.Сынына жараша бөлүнүшү:
Мингич ат, жүк артуучу ат, чабылчу ат, жоого мингич ат, жорго, күлүк же тулпар деп бөлүшкөн. Бул аттарды колдо кармаган, калгандары жайдыр-кыштыр жайытка багылган.
🦄.Асылдыгына жараша бөлүнүшү:
1.Тулпар — эпостордо жана эл оозунда айтылышы боюнча жылкынын алды болгон. Тулпар суу ичмейинче башкасы башын салган эмес. Кишиден жалтанбаган сырттан мүнөзү болгон. Арыбаган, талбаган асылдыгы менен бааланган.
2.Буудан — күлүк, күчтүү, жол билген, ээсин таштабаган жылкы.
3.Дулдул — жылкынын күчтүүсү, чыдамкайы, туяктары чоң болуп, алты айчылык жолго да арыбас деп сыпатталат.
4.Жорго — бир калыптагы майда жүрүшү менен айырмаланып, ошол жүрүшүнөн жанбаган ат. ,,Соорусунда суу чайпалбаган жорго"- деп эң мыктысын айтышкан.
🍃Жылкыны билген кишилер
Ар бир кыргыз эле мал киндиктүү болуп, жылкы менен катарлаш, сапарлаш болсо да, жылкыга өмүрүн арнаган өзгөчө кишилер болгон. Салттуу билимдердин өзөгү канында уюган мындай адамдар жылкынын багын, табын билген, асылдыгын билген.
🍃Сынчы — жылкынын асылдык белгилерин билип, бир көргөндө айырмалап, кемчилин, артыкчылыгын баамдап сынына жеткен киши. Салттуу билимдердин эң барктууларынын бири. Мындай касиети бар кишилерди алыстан алдырып, кыйыр кездирип издетишкен.
🍃Саяпкер — асыл сапаттуу жылкыларды бапестеп таптап, аздектеп багып отуруп, күлүк болсо күлүктүгүнө, жорго болсо жорголугуна, тулпар болсо тулпарлыгына жеткире билген киши. Сынчы сынын билсе, саяпкер табын билген.
🍃Чакчы — күлүктөр чабылаарда, жорго салынаарда ар бирине көз салып кимиси канчанчы чыгып келерин билип айткан. Күчтүү чакчылар он бешинчисине чейин жаңылбай айткандыгы санжыралык маалыматтарда, тарыхый окуяларда баяндалат.
🍃ЖЫЛКЫНЫН
ӨҢҮ ТҮСҮНӨ ЖАРАША АТАЛЫШЫ:
Кыргыз эли өтө баамчыл эл келип, жылкынын ар бир түсүнө өзүнчө ат берип, жаңылбай так айтышат.
#Кула - денеси, башы сары, кум түстө, бутунун төмөн жагы, ичи, куйругу, жалы кара, кыр аркасынан куйруктун түбүнө чейин кара сызык кетет.
#Сур - кула эмес, бозомтук өң.
#Жээрде - денеси, куйругу, жалы мала же ачык кызыл.
#Тору - денеси, башы кызгылт күрөң, ал эми жалы, куйругу, буттарынын ылдыйкы бөлүгү кара.
#Карагер - денесинде кара кылдар көп, бирок башка түстөгү (кара-күрөң) кылдар да аралашкан, ошондуктан өңү чымкый кара болбойт.
#Сарала - сарысы көп болсо сарала бээ же сарала ат же жашына жараша сарала тай, сарала кунан, сарала бышты деп атайбыз.
#Карала - эгерде карасы кеп болсо карала кулун, тай, кунан, бышты, ат же бээ делинет.
#Чабдар - денеси кара күрөң түстө, алмадай ак чоң темгилдери (точкалары) бар, куйругу, жалы ак же түтүндүн (дымчытый) өңүндөй.
#Буурул - туулганда ак жундуу болот, кийин сары, кара, күрөң жүндөр аралаш, ал эми денеси, куйругу, башы, соорусу, жалы, бутунда ак кыл аралашпайт.
#Торала - тору менен ак аралаш,
#Боз - кыргызда мал баласын «ак» - деп атабайт. Ошондуктан өңү ак жылкыны боз же кызыл деп аташат.
#Көк - көгүш тирилүү жылкы. Жаш кезинде көк кылдар көп болуп ал эми улам жашы көбөйгөн сайын бозоруп, боз түскө айланат. Жаш кезинде көк болсо 2-3 асыйынан тартып боз боло баштайт.
#Сары_тору - денеси сары бирок куйругу кара болот.
#Чаар - денесиндеги ак жүндө күрөң тактар же денедеги күңүрт жүндө ак тактар бар.
#Ала - ар кандай түстөгү жылкынын денесинде чоң-чоң ак тактар бар, же болбосо жартысы ак, жартысы кара же ар кандай түстө болот.
#Ала_аяк_жээрде - денеси сары, бирок арткы эки бутунун чачыгынан өйдө ак болсо “ала аяк” аталат.
#Күрөң - денеси киргилт сары түстө, жалы жана куйругу күңүрт кара болот.
#Кара - денеси, куйрук жалы кара түстө болот.
Кыргыздар жылкынын денесиндеги кичинекей түсү боюнча өзгөчөлүктөрдү эске алып, ошого жараша да жылкы баласын ар түрдүү аташат.
Алар:
• #Ак_байпак - төрт буту, тизеден ылдый ак болот.
• #Кашка - мандайында ак так бар. Эгерде кашкасы узун болуп, устунку ээрдине өтүп кетсе мындай жылкыны ата-бабалар ыйык көрүп, минген эмес.
• #Чекир - көзү көк, кый көз аттарды айтышкан.
• #Сур_коён - ак менен каранын ортосу.
• #Кашка_баш - эки колу, эки бутунда туяктын үстүндө (бакайында) ак түс жана башында кашкасы бар жылкылар,
• #Ак_таноо - таноосунда агы болсо, ошого жараша аталган.
Ургаачы жылкылардын өңүнүн өзгөчөлүгү боюнча сүттөрүнүн дарычылык касиети дагы башкача болот дешет.
Мисалы:
- көк, боз, тору бээлердин сүтү адамдын ден соолугуна #дарылык_касиети_күчтүү болот..
🍃Тизгин жыяр: Тарыхчылар өз изилдөөлөрүндө: ,,ат-адам (кентавр)"- деп кыргыздарды белгилегени төгүн эмес чыгаар. Кылымдардын кыйырында жылкы адамга шерик болуп жашап келип, ал байланыш бүгүнкү күндө да уланууда. Анын жыйынтыгы катары жылкыга байланыштуу мол тажрыйба, аны аздектөөдөгү ырым-жырымдар, салттуу билимдердин үлгүлөрү аздыр-көптүр эл арасында жашап келет....
СКАРЛЕТ О'ХАРАнын баракчасынан.
18.03.2023ж. Интернеттен топтолду.