25 фев 2024

Сабиз ашказанды тазартып, ичти жумшартып, боор оорусун айыктырат

Боор оорусу өтө жугуштуу оору болуп эсептелинет. Аны айыктырууда күнүмдүк турмушта иштеле турган азыктуу заты көп жашылчаны, өзгөчө сабизди дары катары пайдаланууга болот. Сабиз көбүнчө ашказанды тазартат. Ичти жумшартат. Какырык пайда болгон жөтөлдү басаңдатат. Боор оорусун айыктырат.
Сабиздин курамында май белогу, кант, А, В, С витаминдери, алма кычкылы сыяктуу адам денесине керектүү болгон заттар бар. Сабиздин жогоруда айтылган касиеттеринен пайдаланып аны менен боор оорусун дарылоодо жакшы ийгиликке жетишүүгө болот.
Боор оорусу менен ооруган киши сабизди көбүрөөк жеш керек. Аны жештен мурун жакшылап таза жууп кыргыч менен кырып суусун чыгаргандан кийин 1 кг сабиз суусуна 2 кг кум шекер аралаштырып коюу болгончо жалынга кайнатат. Натыйжада ал сабиз шербети болуп чыгат. Андан күнүнө 20 граммдан 30 г чейин ичип жүрсө боорго пайда берет.
Экинчи ыкмасы сабизди майда кырып кесип, шекер кошуп сабиз ширесин даярдап күнүнө тийиштүү өлчөмдө жесе да абдан пайдалуу болот. Эгер жогорудай дары даярдоого мүмкүнчүлүк болбосо сабиздин өзүн сууга бышырып жесе да же анын суусун ичсе да боор оорусуна , ошондой эле эски жөтөл жана ашказан оорусуна пайда болот.
#сабиз

Сабиз ашказанды тазартып, ичти жумшартып, боор оорусун айыктырат  - 971028569685

Комментарии

  • 25 фев 2024 10:30
    Жакшы экен
  • 26 фев 2024 21:39
    Сабиздин өзун сок кылып ичсечи? Сахарды эмне себептен кошуу керек. Анан кайнатылган нерсенин даарылык касиети калабы. Кайнаганда баары витамин касиет өлүп калса керек