Ат айланып казыгын табат

(Болгон окуя)
Жаштыгына, акчасына чиренген жигит, бир келинге ашык болуп жашыруун жүрө баштайт. Көп өтпөй ал келиндин боюнда болуп калат. Кылганына өкүнгөн жигит аргазыздан аялынан, балдарынан жашырып ал келин менен да жашап баштайт.
Бир күнү келин уул төрөйт. Коп өтпөй ал келин да жигитти жолотпой калат. Айласы кеткен жигит аялына келип, кечирим сурап, болгон ишти дил кайрыктын обонуна салып айтып баштайт:
Сага айтпай мен бир жерге барып жүргөм,
Мас болуп мен ал үйдө калып жүргөм.
Ушинтип кийин баары билинерин,
Унутпай дил кайрыкка салып жүргөм.
Аялы:
Мен дагы сар санаага батып жүргөм,
Сыздаган сырым ичке катып жүргөм.
Кайрылып келбесиңди билгенден соң,
Кошунам Мурат менен ж...п жүргөм.
Күйөөсү:
Өмүрдүн өрттүү кези өткөн кезде,
Өткүрлүү өз айлымдан көчкөн кезде.
Өзүмө окшош бала төрөп берди,
Өрүкзар гүлүн гүлдөп төккөн кезде.
Аялы:
Толкусам сенин жиниң кагып алам,
Издесем ал келинди табып алам.
Коркпой эле алып келебер ал балаңды,
Балдарга кошуп аны багып алам.
Экөө:
Акшыя карап коюп бирибизге.
Алтыным алдырбайлы жинибизге.
Ак сүйүү нүрүн чачты мына бүгүн,
Эч нерсе тоскоол болбойт эми бизге -деп бактылуу жашап калыптыр.

Комментарии