#ЖАЙЛОО КЕРЕМЕТ

1-БОЛУМ
Кыргыздын ченемсиз байлыгын атасак, биринчи орунда жайлоолору турат! Жайлоосуз биз бакубат, када-салтыбыз, нарк-насилибиз менен кыргызча жашай албайбыз? Ата-бабаларыбыз илгери көп кылымдар мурун, Алтайдан жер которуп келип, ушул Кудай сүйгөн көрктүү керемет жерди тандап жатып: “Ак-мөнгүсү аскаларынан кетпеген, андан күмүштөй куюлуп, түгөнбөй агып келген суулары жана андан жаралган күскүдөй мөлтүрөгөн көлдөрү, көп өскөн карагай-черлүү токойлору, чалкыган кенен жайлоолорун көрүп! Бул жердин түбөлүк байлыгы бөксөрбөс конуш экенин баамдап, ата-бабаларыбыз көрөгөчтүгүн айкындап, урпактарына мурас кылып калтырып кетишкен тура!
Жылда жай мезгилинде Арпа жайлоосуна иш менен же турмуш-тиричилик окат айынан болобу, жөнөй турган болсом, улактай секирип сүйүнөм. Жан дүйнөм кошо жашаргансып, сагынычым ченебегендей артып, Нарын дарыясындай ташкындап кетет.
Алды менен туугандарымдын жайлоого көчүсү туралуу баяндай кетейин. СССР заманын кези, кошуна райондордон айырмаланып, биздин “салтыбыз” боюнча, кошуна чарбаларга караганда; бир эле эмес, эки-үч машиналар менен көчүшөт? Жаз аяктап, жай мезгили баш багып калганда, Айдоолор айдалып-себилип, эми өсүмдүктөр көтөрүлүп калган маалда, аларды мал тебелеп-жеп кетпеси үчүн, кыска аралыкта, шашылыш түрдө жайлоого көчүрүлөт. Чарбанын колдо болгон унаалары ал учурда жетишпей калып, чакчалекей, ызуу-чуу менен коштолуп, чоң көйгөйлөр жаралат? Бир машинасына; боз үйү, чатыры жана үй эмеректери батат. Алар; жууркан, жер төшөнчүлөрү, шырдагы, идиш-казаны жана ат жабдыктарынын жаңысы жана эскиси, кээсин күзгө чейин үйүндө калтырбай, баарысын, ал эмес каадалуу кийимдерин да кошо жүктөп алышат. Ал жүктөрдү шопурлар ээси жете электе эле, конор жерине жеткирип, чатыр менен жаап, ороп коюшат. Экинчи машина менен үй-бүлөөсү жана “манилүү окаты” деп эсептелген, бир нече кап ”бозо шагы” жүктөлөт...Үчүнчү машина; 100 канаттуу боз үй керектелсе, ал жүктөлөт. Себеби жайлоодо; жайы-жайлата той-торопонун көбүн ошол жакта өткөрүшөт да! Жайлоодон кенен жашыл жайыкта, көрктүү тоолордун койнунда, мөнгүнүн мөлтүр кашка суусуна колу жетип; таза жан сергиткен абасына бир жактан ыракаттанышып, бейпилдикке көңүлдөрү бийиктеп, чар тарабы созулган табият-жаратылышка суктанып, бир жолудан; “эс алып алуучу санаторий, курортко бараткансыйт. Анан тойлоу ошол жайлоодо откорулот; бешик, тушоо, сүнөт той жана“өрлүктөөлөрдү” даңазалуу салт санашып; кудаларына, жакындарына, жакын жайгашкан малчы кошуналарына катташуулары кызуу жүрөт! Иши кылып жайлоодо: ”Жамбаштап жатсаң сонунда!” Дегендей жыргаал күндөр күтүп турат. Тушоо тойлору улак тартыш менен коштолот. Анда кенен аймакты ээлеген жайлоодогулар катышып, топураган эл бир коктуга толуп кетет. Тойлордун баары боркулдаган, шампанскийдей шуулдаган бозосуз жана бал татыган кымызсыз, кантип өтүлөт? Жайлоодо соода түйүндөрү жок болсо? Ар ким ар кайсы коктуда, бир-биринен алыс конушат да. Антпесе койлору батпай кошулуп кетет. Бир жакка барарда койлору ээн жайылып, бала-бакыра көзөмөлгө алышканга ынгайлуу, коопсуз болуп, көйгөй аз болот. Атайын арнап, бара турган жерине буркураган бозо салышып, эки чакалуу бидондоруна куюп алышып, анан жөнөрдүн алдында; “Тойго барсаң, тоюп бар!” Дегендей бир сыйра бозодон боркулдатып “ооз тийишип”, көңүлдөрү жибишип, ”бак-бак” сүйлөп, анан жөнөөгө шашылышат. Өңдөрү тамылжып, ”карк” кекирип, аттарын кооздоп, жаңы көрпөчө жаап, кычырата жаңы түрлөнгөн чапан.-көйнөктөрүн кийинишип, илгеркидей жасанышып; аялдары, келиндери -элечек, эркектериники -суусар же сүлөсүн тебетей кийип, манчыркап, чалкалашып, шаракташып тойлорго, же кудаларын өрлүктөөгө жөнөшөт. Кайра кечинде кайтып келе жатышканда; эркектериники тебетейлери тегеренип тескээри карап, ат үстүндө ары-бери одарылып, чайпалышып, ал эми аялдары, келиндери болсо, шыңкылдашып, тоо койнун мукам ырларга толтуруп, элечектери артты карап, же бир жагына кыйшайып, жүздөрүнө эндик сүйкөп алгансып, манаттай кызарышып, театрдан кайтып келе жаткансып, шайыр келишет. Кымызды болсо барган жеринен ичишет, ал учурда көбү бээ байлашат эле.
Жайлоого жетиши да бир өзүнчө машакат! Жолго чыгарда үч-төрт машина биригип эрчишип алып, чогуу жылышат. Антпесе жайлоого чейин жол алыс, баратканда чоң көйгөйлөрдү күтүүгө болот. Табигый тоскоолдор арбын. Бийик ашууларды ашып, далай суу жылгаларды кечип, тоодогу кескин өзгөрүлгөн аба ырайынан, күтүүзүс жамгырга кабылып; андан тоонун жумшак, кара, борпоң топурагы бат эле самындай эзилип, семиз баткакка айланып кетсе... Анда машиналар тайгалактан тоонун кичине жантайкы жери болсо эле, жолдон жылмышып чыгып кетип, тыгылып калышы да ыктымал? Анан көбү эскилиги жеткен машиналар жүрөт, жолдо бузулуп токтоп калышкан учурлары көп кездешет. Жакшы даярданып чыкпаса, жайлоого жетиш, бир топ түйшүк?...
Көчтүн короодон жолго чыгышы да өзүнчө бир чоң машакат? Узатуусу бир топко созулат; менчик малдарын кошкон туугандары, жакын санаалаштарынын узатуулары, шаан-шөкөттөр менен коштолуп, бир таптакыр бөтөн жерге көчүп жатышкандай сезиле баштайт. Кетер аягы суюлбай, улам бир-экиден узаткандар келе берип, дасторкон толук жыйналбай, кайра-кайра жазылып жатып, куда узатыштай узарып, сайран токтобой калат... “Күн кечтеп кетеби?” тынчы кетип, короодон чыгара албай, көчтү «шаштырам” болуп жүргөн, жалгыс түйшүк тарткан шопурубуз гана, эркек индюктай канатын керип, узун мурдун шөлбүрөтүп, тынбай “кулдулуктай” берет. Келгендердин аягы араң үзүлүп, короонун дарбазасынан эптеп эле мурду көрүнсө болду, машина үнү уңулдап, дөңгөлөгү чымыңдап, ыкчамдай баштайт. Ошондо “а-а көчтүк” деп, ишенип калабыз!
Жайлоого алгачкы барган жылым азыр эсиме түштү. Мен ошол жөнүндө эскерип, бир окуяны, силер менен бөлүшкүм келди. Эмесе мындай болгон эле. Мен анда институттун биринчи курсун бүтүп, каникулга тараган кезим. Жашым он тогузда. Бир күнү атам чакырып алып,
-Кадырбек, бош отурбай жайлоого барып, ошол жактан эс алып, жана Кусайын кудага жардам берип, жыйырма күн кой кайтарышып, кол кабыш кылып келбейсиңби-ыя?. Жылда эле кудага малыбызды кошуп жиберебиз, эми силер чоңоюп турасыңар, догурунгансып жатып алсак, уят ко?
Дароо макул болдум. Жайлоону мурун көрө элек элем, барууга, өзүм да кызыкдармын. Улуу байкем да чарбада иштейт. Жайлоого кете турган машина издеп, ошол кайнатасы Кусайын чабан болуп иштеген, ферма башчысы Ташы деген жигитке мени тапшырыптыр, ал көч менен кошо, мени ала кетмей болду.
Көч унаабыз болгон ГАЗ-66 машинасы эми короодон чыгып, түш оогон ченде жылып калдык. Бортунун теңинен кыйласы; “бозонун” шагы, ун, койлорго тус, минген аттары үчүн эки-үч кендир мешоктордо жем толтурулган жүктөр эле. Мешоктордун үстүнө чатыр жабылган; чабандын үй-бүлөөсү, бала бакырасы жана биз кошо батышып баратабыз. Үй ээси болсо ат минип, жардамга мал айдашкан туугандары менен, биздин алдыбызга түшүп, колхоздун жана кошкон менчик малдарын айдап, жайлоого ат менен жөнөшкөн экен.
Кызыл-Тамдын кыштоосунан өтүп, бийик Бөрүлүү жоонуна чыгып баратканда, машина “уңулдап” ыйлап көтөрүлө баштады. Жондун үстүнө кыйналып чыктык. Кырына жеткенден кийин, машинанын моторун муздатып алыш керек экен, токтодук. Дагы чогуу жайлоого бара турган көч ташыган машиналары бизден мурун жетип, ушул жерде бизди,чыдамсыз күтүшуп жатышыптыр. Тоо чекесинен дагы бир аз арылап жүрүп, алдыбыздагы күтүп жаткан эки машинага теңелип токтодук. Бурулуштары аз болгону менен Бөрүлүү ашуусу да бир топ бийик, мотору ысый түшүптүр, капотунан ак буу бурулдап чыгып жатат. Мурун алдыга кеткен жүргүнчүлөр, секичеде бизди “акыйып” көпкө карап турушкан окшойт.. Бизди карай жабалактап, ондой бала-бакыра жарышып, чоң кишилери артынан ыкчам басышып, бизди тегеректеп калышты. Биргелешип жолдун жакын боюндагы бетегелүү жашылга, чоң дасторкон жайышты; боорсок, бышык эттер, таттуу-баттуларын жайнатышды. Машиналар сергигенче, ”чай ичип” алалы деп жатышат. Чоң кишилери чай ууртап, балдары көк-жашыл тулаңда чуркашып, айланада жайнаган барпыраган сары тюльпан, көк жоогазын гүлдөрүн терип, ойноп калышты. Ташы байке, кудул, жаш эле киши. Жашы отуздан ашкан, көбүнчө шакабалап сүйлөп, жаны тынбайт, үнү кырылдап чыгат. Орто бойлуу, сары-чийкил, маңдайы жазы, оозу шалпык. Көзү чоң тоголок, бирок калың, аттын жалындай сапсайган кашы анын теңин жаап турат. Арабызда ар кайсы жаштагы, толук-арыгы аралаш, төрт аял-келиндер жүрүшөт, алар машинадагы балдардын апалары, жүктөрдүн анык ээлери. Дасторконго отурар менен «чуу» дегенде эле, Ташы байкенин үнү кыркырап, тоону жаңыртып салды,
-Сакыш жеңем өңүнө чыгып калыптыр го-ыя! Ой, Жеңе! Үйүңөрдө “куда узатуу” болуп жаттыбы?! Эмне мынча кечиктиңер?... Биз күтүп жатып, үч сыйра “коңурук» тартып ийдик! Көп күттүргөнүңөр үчүн, бизге чоң айып тартмай болдуңар? -Болгула эми, бизди ыраазы кылып, ыссык кезинде кутула калгыла?!
Биздин машинадагы аялдардын улуурагы жана жүк ээси Сакыш жеңе эле! Ташы байкеден бир аз улуубу, билбейм? Толугуурак, жаак бети анардын данегиндей кочкул-кызыл, тегерек көзү жайнап, куунак турат. Аны шаштырып шопурдун эси ооп жатып, жаңы эле көчтү узатуудан кутулуп, машинага эптеп отургузган эле. Ал жеңеси араң эле турганбы, үнү дагы бийик «шаңкылдап», тоонун кекилигиндей какылыктайт. Ташынын тийишкен бул сөзү ага майдай жага берип, шак эле колун салып, куржундарын одарып кирди...
-Ошол элеби, чечек! Анын эсеби бат эле табылат? хи.хи!
Дасторкондун ортосуна; эки ак бөтөлкө “Экстра” арагын кое салды эле. Ташы байке,так секирип кетип,
-Өх,хө! Жеңем ушуну жасамак! Кел Жеңе, эки бетиңди тос! Чоң чопулдатып коеюн? Жеңесинин тоскон бетинен, «шалп-шулп» чоң оозу менен өөп ийип,”-Ах-х!” тамшанып жиберди.
Бирок жеңенин колу дагы бошобой, бирдемесин издеп, эркектерди күттүрүп калды. Идиштерин эле кайра одарыштырат. Көрсө стакандарын таппай жатыптыр. Аны байкап калган Ташы байке шаштысы кетип;
-Ой, Жеңе! Эмне эле убара тартып жатасыз? Стаканды таппасаңыз, болуңуз эми... Кастрюльду деле суна бериңиз, талаада баары жарай берет! Чаначтан кымыз ичкендей, чекесинен сооруп эле иче беребиз! хи-хи.
Сакыш жеңе ал сөздөн чоочулап кетип, секирип жиберди,
-Ой, Тентегим! Эмне дейт бул бала -ыя? Ошондой да болмок беле? Мына чыныларды таптым! Чыны менен ыракаттанып, кичинеден уртап ичели, дейсиң!
Кичине чынылар менен арактар сунула баштаганда эле, шопурларыбыздын көздөрү жашылданып, шилекейлерин жутуп кирди,
-Мындан ары ГАИ жок эмеспи? Кудай сактасын! Биз деле эми кошулалы!
Алар да кошулушту. Бөрүлүү ашуусунун үстү, көк-жашыл чакан түзөңдөр, ортолорунда коктулуу тик ылдый түшкөн нечен капчыгайлары бар. Алардын боорлорун, арча жана ийне жалбырактуу жапыс тянь-шань карагайлары жаап турат. Тескей капталындагы бадалдардын араларында, ышкын жайнайт, балдар эми ошол жакка кирип кетишти. Бул ашуунун үстүнөн; кыштактан бери карай ачылган чар тарап, түстүү теленин экранына баткандай болуп, теребели укмуш ажайып көрүнөт. Кызыл-Тамдын жапысында уланып, ондогон көмкөрүлгөн чөйчөктөй дөбөлөр турат; башынын топурагы кызыл, каптал-боорлору жашыл. Дөңсөлөрдүн башынан ылдый түшкөн тик коктулары жалбырагы өңдөнүп, бетеге жаап, жайдак чокусу кызарып, тюлпан гүлүнө өңдөшүп кетет. Балдарды оюндарынан чогултушуп, чоңдору ичимдиктерге тоюнушкандан кийин, өз машиналарына түшүшүп, жеңил окаттарын жүктөнүп, жолду кайра уладык. Машина бирде ылдый, бирде өйдө жондор менен жөргөлөп, басыгы жай жылып, эми ичи кызыган жүргүнчүлөрдүн көңүлдөрү куштарланып, айлананын көркү да дем берип, жүрөктөрү билинбей козголо баштады көрүнөт, мукамдуу ырлардан бирден созуп, башкалары аларга кошулуп, үндөрү хорго айланды. Аларды табияттын кереметтүү, сыйкырдуу күчү ого бетер эргитип жиберди! Мен дагы кандайдыр табышмактуу кумарга байланып, сезимдерим оболоп, бийик тоолор менен теңелештей, көңүлүм бийиктейт! Жан дүйнөм толкуп турат. Орто-Сырт кыштоосуна тоонун капталы менен ылдый түшө баштаганда; Маданий борбору, кичине кыштакчага окшошуп; эки узун барак там, ондой жыгач-финский акиленген тамдар катарлашып көрүндү. Тегерегин жап жашыл коргондой кылып, бийик тоолор курчап, ортосу чөйчөктөй болгон жашыл түзөң жер. Бул борборуна токтобой, кичине көчөсүнө чаң ызгытып өтүп, бир нече киши; «токтогула» кол булгаласа да токтобой шыр айдап, кыштак четиндеги сайга жетип, сайдын ортосунан мөнгүлөрдүн, мөлтүр кашка суусун чачыратып кечип өтүп, жолубуз ыкчам уланат. Анткени убакыт бешим ченден өтүп калган. Караңгы кире электе бийик Ат-Кулак ашуусун ашып калууну көздөшту окшойт. Ал ашууга да чыгыш үчүн жол эми кайта өрүүлөп жүрөт. Ат-Кулак ашуусунан түшүп алсак деле, бүгүн эле Арпа жайлоосуна жете албайбыз... Бирок шамалы жүрбөгөн, жапыз бир корукка жетип, «түнөп кетели» айдоочулар эскертишкен. Көк-жашыл тоолордун кыясы менен кеткен ичке жол улам бийиктеп, машиналар кыбырап, ат басыгындай гана жылып, моторлору “ыйлап”, ашуунун башына чыгып баратабыз. Бирок башына жакындап, чокусу көрүнүп калганда байкасак. Асманын чокусун кара-бурул булут каптап туруптур. Өйдөлөгөн сайын аба кескин салкын тартып кирди. Аны көргөн жүргүнчүлөрдүн үрөйү учуп, ырдаган үндөрү басылып, курсактагы «ысытмалары» да эчак муздап, өңдөрү бозорот. Ар ким өз ою менен алек. Ашуунун башына чыксак, эми аба нымдуу сезилет, ак буулар бизди кучагына ороп кирди, айлана болсо түнөрө баштады. Тоолор арасы жакшы жылый элек экен, тулаңдарда шүдүрүмдөр, ичке жалбырактарынын бетин жылтыратып, мончоктору жаркырайт. Жолдору карарып калган; борпоң да боло түшүптүр, мурун катуу жаан төгүп кеткенин эшиттик. Эми ылдыйлап түшүп киргенде, алдыдагы машина ылдамырак жү6гүрө баштаган эле, тоодон кулаган бир чоң таштан “буйтап өтөм” болуп, жолдон кичине чыгып кетти, жээгиндеги жумшарган шагыл-топурак “тартып”аны тартып кетип, он капталындагы дөнгөлөктөрү кара борпоң жерге сайылып калды. Борту кыйшая баштады. Баткактарды чачыратып машина дөнгөлөгү чимирилип жатат, уңулдаган сайын, семиз баткак суюлуп, машина чөгүп кирди, акыры арткы мосту жерге ныгырылып тийип, машина жылбай калды. Баарыбыз топурап машиналардан секирип түшүп, аны тегеректеп калдык. Троссун илип алдыңкы машина сүйрөөгө аракет кылды, биздагы карап турбай машынаны түртүшүп кирдик, бирок эч бир жылган жок. Баткакка терең кирип кетиптир да. Антип-минткенче эле күн тоолорго жашына баштады. Ташы байке баарынан катуурак, кырылдаган үнү менен бакырып кирди,
-Ушуну көрмөкпүз? Айдашканы жаман болучу булардын? Орто-Сыртка токтобой, шуулдатып обу жок өткөнүндө эле сезгемин мындай болорун! -Ой, токтоп койсоңор болмок да, кайсы жин-шайтан силерди кубалап кирди! Үстүңөрдөгү бизди эстеп койсоңор боло? Тим эле темир тартып бараткансып айдашат! Балдардын курсактары ачты, биздин ооздор кургады. Кичине Орто-Сыртка токтотуп койсоңор, эс алып, “бөдөнөнүн сүтүнөн” оозду нымдап алат элек! Мына,”токтобой коюп!”, жол тоскондордун каарына да калдык. Жол түгөнөт акыры, жетет элек да? Эмнеге шашасыңар дейм: “Колуктууңар менен түндө эле коштоштуңар-го? Деги түшүнбөйм силерди!? тамаша-чын аралаш ачуу сөзүн тыным албай агытып, шопурларга асылып кирди.
Шопурларыбыз жооп кайтарганга дарманы жок, башын жерге салышат. Көңүлдөрү чөгүп, өңдөрү бозорот.
-Ой, Сакиш жеңе! “Бизди ачкадан өлтүрөйүн”-дедиңерби? Сиз, деле үнүңуздү чыгарып, машинаны “Культ. центрден” токтотуп койсоңуз болмок да? Машинанын кабинасында маашырланып уктаганча! Эртеден бери канча жол бастык, курсак курулдап, шайыбыз ооп калды. Катып койгон бирдемеңиз барбы дагы деги? Сизди, “камдуу адам, сулуу десе - сулуу, акылдуу десе -акылдуу!“ деп, укчу элем! Ташы жаны тынбай бакылдайт. Бирок жеңесине кайрылганда, үнү жумшара түшөт.
-Ой, тентегим! Жеңең табат да жокту! Кой келгиле, ылайыктуу жерге дасторкон жайя салалы, балдардын да, чын эле курсагы ачты?
Жолдун берки чекеси кичине желге катый, бозоро тушкөн жайык жерине; куржундарынан, коробкаларынан идиштер, тамак-аштарын алып чыгышып, дасторконду баарыбыз тегеректеп көчүк бастык. Жайланышкандан кийин, Ташы дагы үнүн бекем чыгарып кайра кыйкырып кирди;
-Ой,Айдар! Кечке бизди жалдыратпай, машинанын үстүнө чык! Жем салынган мешоктордун; ар биринен кыдырата карасаң; жемге сайылган «подаркалар» бар! Чекесинен бирден суруп чык, бирок бир эле мешоктон суруй бербе, башкасынан да алгын! ”Экиден салышчу эле бир мешокко; бирөөсү бизге тийешелүү да! Көз акыбыз бар!” Жалгыз жеңемди, кичине жаркылдатып, эркелетип, абышкасына алпаралы!
Айдар машинианын үстүндө жүрсө деле, чыдабай дагы бакылдап жатат,
-Ой, Айдар! Таап атасыңбы деги? Бизди убара кылбай бир жолу эле төрт бөтөлкө алып түш! Талаада жатмай болдук, “түндүн узунун кыскарталы? Жылуурак, үшүбөй жаталы? Женемдин жанында абышкасы жок, үшүп калбасын?! Ой, талаага чыкканда, баарыбыз тең болуп калабыз. Силер деле оозуңарды ачпай, калп эле өлүмүш болбой, шайдот кыймылдап, тигил келин-кыз, балдарды камкордукка алып, көңүлдүүрөк отурсаңар боло? Оозуңарга суу толтуруп алгансып, мага эле жалдырабай!
Кургак тамактанып; жарма, айранды балдарга берип, чоңдору «бөдөнөнүн сүтүнөн» шашпай, алы көтөргөнчө ичишип, кайра кызууланып, күн ачылып кеткенсип, көңүлдөрү кунак тартып, эми каткырыгы таш жарат. Тамаша сөздөр күчөп, шопурлары да шайырланып калыптыр. Машиналары эстен чыгып, көңүлдөрү жайдары. Күн кечтеп отуруп, карангы карайлай баштаганда, шашылыш ордунан козголушуп; түнөгөнгө ыңгайлуу жай издеп киришти. Келиндер дасторконду ороп-бороп, бир жерге үйөө салышты. Бири машиналардын астына, дагы бирлери тоонун шамал тийбеген этегинен орун таап. Машинада узун «полок» бар экен, этегин эки бүктөп; келин-кыз, балдарга жайма жай орун даярдалды. Баары түнкү тоонун муздак айдарым желинен ичиркенишип, кийимчен жатууга киришти. Ташы байке мени жанына жатууга чакырды. Машинанын үстүндө жүктөлгөн экөөбүздүн эр токулгабыздын жабдыгы бар эле, көрпөчөлөрүн алып, бирин алдыга, бирин үстүбүзгө жамынып, уйкуга камындык. Сыдырым жел жортуп асман четинен боз ала тартып, ачыла баштады. Мурундар тез үшүгөнү менен түн бейпил магдырайт. Жатар менен Ташыга жабышып, ысып калган денесин кучактап, денем жылыганда, уктап кетипмин! Баарыбыз эле үшүгөн окшойбуз, күн бир топ көтөрүлгөндө араң жайыбыздан козголуп, ордубуздан турдук. Тоодо каяка шашасың, убакыт ченелбейт эмеспи? Кургак тамактан дагы шам-шум этип алып. Жолго эки машинага батышып, баткакка тыгылып калган машинаны шопуру менен калтырып, жөнөп кеттик. Эми жол ылдыйлап гана жүрүп отурат. Машинабыздын чаңы ак буладай артта чубалжып, бат эле Нарын-Торугарт таш төшөлгөн трассасына чыктык. Ак-Бейит ашуусуна жеткенде гана машиналар кайра өйдөлөп, машина үндөрү бир аз кайра уңулдай баштады. Ал ашуу анча узун эмес, бат эле ашып заставага жеттик. Ал жерден куралчан чек арачылар токтотуп, документтерибизди текшеритик. Баарыбыздыкы жайында экен, жолдун башы, эми мына Арпа жайлоосунун босогосуна турабыз. Арпа жайлоосу чалкайып, этегин тоолор тосуп, көгөрүп көрүнөт. Теребели жайкалып, жашыл деңиздей кылкылдайт. Эх, кыргыздын жайлоосу, кандай керемет жер эле!
Мен баруучу жайыт, Талдуу-суу деген жайыт жер. Теректик малчылар жердейт. Бийик аскалар башынан кара кум, майда таштар чубурган, карарган тоолордун, боору арчалуу, кууш капчыгайы аркылуу жөнөп бараттык. Алыскы тескей бетиндеги жашыл тоолордон; жалтырап, эриген коргошундай агып, жыландай сойлоп, ылдыйкы сайга карай жарыктан сымаптай кубулуп, бир жылга суу кулап жатат. Жакындасак ичке көрүнгөн Талдуу Суусу, туурасы чоң эле экен; буракандап, ак көбүгүн фонтандай бырыксытып, күүгө келген букадай күч менен теминип чуркайт. Ат менен аярлап, чоочулап жатып кечип өттүк. Аркы өрүү кеткен өйүзүнө чыксак, үстү түзөң жайык жер. Катар тизилген боз үйлөрдүн карааны көрүндү. Жакындап барганда алардын бир-биринен аралыгы, эки жүз метрчелик жайгашыптыр. Жалаң койчулар турушат. Кудам Кусайын алтымышка барып калган, орто бойлуу, кара-тору, көк аралаш калың сакалын кое берген, чымыр денелуу киши экен. Абдан аз сүйлөйт. Көп учурда жооп ордуна, жүзүн жайнатып жылмайтып эле коет.”Ал кишинин макулун, же макул эместигин!”- түшүнүш кыйын эле. Кудагый болсо мүнөзү ага тескери; жеңил-желпи, сүйлөөк киши. Жайлангандан кийин, абасы салкын, сергек жайлоодон менин деле уйкум канып, эрте ойгонуп алдым. Бирок кудам таң менен жарышып, койлорду эчак жайып кетиптир. Кудагый экөөбүз шашпай самоордон чай кайнатып ичип болгондон соң, мен сөз баштадым,
-Кудагый мен кой кайтарышып келейин. Жардам берейин,болуп келдим?
-Ой, койду азыр кайтара албайсың. Жайя турган биздин жайытты, сугаруу малын, тиги кошуна чабандын коюна кошпой тикийип туруп кайтарыш керек? Андан көрө жөн эле, бул дүрбү менен тиги кырдан куданын кайтарганын байкап ал, анан биз “бир жакка өрлуктөп” калсак, ошондо карап берерсиң.
Айткандай кылып койлорун байкап жүрсөм, жайыттын этеги билинбейт. Куда жайытына жетер менен, атын тушап отко коюп, эмнегедир көмкөрөсүнөн жатып алып, уктай эле берет экен? Ал күнү эч аракет кылган жокмун. Бирок күүгүм кирип калганда койлор жатагына чубуруп кирип келди эле. Зым короого киргизерде кудагыйм оозун тосуп, санап кирди, мен койлорду чогултуп артынан айдап жаттым. Санактын жыйынтыгында бүгүн эле эмес, күндө эле койлор кемип калат. Анан күдагый шаштысы кетип, мени эрчитип алып, кошуна жайгашкан алты чабандын короосун кыдырып, аларга кошулган койлорубузду таап, бирок караңгыда чоочун короодогу койлордон болүп кетели десек, койлорубуз оңой бөлүнбөйт, качып, убарасын көп тартмай, Артынан түшүп, бирден шыйрагынан сүйрөп жатып, араң бөлүп, өзүбүздүн зым короого айдап келебиз. Ал жерге “тапшырып эле, калтырып салганга болбойт экен?”, анткени ал койлор көнүп алса, аякка мурункусундай кошула берет тура. Бул убарасы, кайталана берип, мен тажап кеттим. Кудага арыз кылсак, ал күлүп коюп, жообун бербейт. Кудам, үй-бүлөсү менен 55чи жылдарда Кытайдан көчүп келишкен. Ал жакта да койчу болуп жашаган экен. Бул колхоздо койчулардын алды. Тажрыйбасы көп. А мен анын кайтарган “ыкмасынан” тажадым. Ал бок тушуп уктаар менен “билинтбей” койлордун чекесин улам чогултуп, “кайтарышып” кирем. Койлор чачырап жайыла баштайт, ал киши ордунан эч бир козголбойт, козголсо койлор суусап ылдый сайдагы сууга жөнөгөндө, бир ойгонот. Анан үйдөн түштөнүп алат да, ошол боюнча кечирээк кечинде койлорду чогултуп, айдап келе берет. Мен анын мындай кебелбесине түшүнбөйм!? Тынчым кетип, ага көрүнбөй койлордун чекесин кайрый эле берем. Бир күнү ал байкап калыптыр, кечинде мага атырылып кирди,
-Ой, Кадырбек куда! Сен үйүңө эртең жөнө! Койду кайтарышпай эле кой, ыраазымын сага...-Ой, койду оттотосуңбу-ыя? Эмнеге алардын жанын койбой чогултасың? Кой деген ээн эркин жайылып оттойт! Кыжырланды эле?
Кудагый мага болушуп,
-Эй, Абышка, Кудайды кара! А сен уктай бер, биз убара болуп, коюңду күндө таап келип берели? Өзүң уктабай жакшы карабайсыңбы?
-Таппай эле койгула! Кой эч жакка жоголбойт. Жайыт деген кенен. Азыр ээн оттоп, жайлоодон семирип албаса, анан кышында камалган короодон семиреби? Токтоткула мындай жосунуңарды! Кежирленет.
Айла жок. Кожоюн ал киши да. Унчукпай калдык. Бирок турмушубуз мурункудай эле өзгөрүлбөй улана берди. Бирок мен эми коюн жайыттан “кайтарышпай” калдым.
Сайдан бир маал үйгө, ичкенге суу ташыйм. Талдуу Суу бийик тоонун мөнгүлөрүнөн агып келгендиктен, туптунук, өңү көк-кашка, асыл таштай кубулуп, тизеден ылдый келип, алды таштак, ага урунуп шарылдаган үн чыгарып агат. Кызыгып көрүп, майкамды чечип, шымымды түрүнүп алып, эми балык “уулайын” дедим. Бул Туурадан аккан Шатырактын суусу жүгүргөн жылганын туурасы бир топ чоңурак, беш-он метрдей болот. Суусу күндүз тартылганда, кичине аралча болуп бөлүнүп, көлчүк болгон сууларга майкамды ылайыктап, түбүнөн жылдырып тосуп, уулап көрсөм, бир нече майда жана арасында ак күмүш курсактуу, карыштай келген эки балык түшүп калды. Анан эми кызыгуум артып, дагы бир топко эрмектеп жатсам, балыктар өрүлөп качып кеткемби, башка түшпөй койду. Жалгыз кишинин алы ошол экен, анын үстүнө майканын туурасы тосотко кичинелик кылат. Эки балыкты унга оонатып, боз үйдөн куруп кирсем. Кудагыйм жытынан качат. Балыкты түк жешпейт экен. Эртээси майканын этегин тепчип алып, дагы балык улоого чыктым. Эми улам өрүлөп жылып, суусу бөлүнгөн майдарак жылга издеп жүрүп, бөлөк кошуна боз үйдүн маңдайына жетип калыпмын. Сайдын кырында; Кыз-балдар мени байкап турушат.Бирөөсү бою бийигирек мени менен курбулаштай, калган экөөсү кичинелер эле... Бири кыз 5-6 класс, жана баласы.7-8жаштай эле. Аларга кол шилтеп жардамга чакырдым. Кичилөрү бат эле макул, мени карай чуркап жөнөштү, тиги чоң кызы аярлап бир аз туруп, анан алардын артынан жай басык менен ийменки келди.Экөө чуркап жетип чакадагы майда балыктарга кызыга карашып, колдору менен ойноп жатышат. Улуусу менден кысынып , обочолонуп турду.Аны бир көргөндө эле бүт көңүлүм бурулду!... Анткени өтө эле сүйкүмдүү экен! Тиктеп калсам, алда сезе калды, жамалы кызара түштү, көзүн катып, кирпигин түшүрдү. Жүзү ак жумал, көзү өрүктөй жарым айча, карашы күндөй жаркыйт. Чачын эки өрүм түйүп алган. Бою болсо меникиндей,денеси ичке, жүзү мөлтүр, шаркыратмадай бырыксып, тунук сууга кубулат. Анын ийменчек табигый сулуулугуна таңыркап оозумду ачам! Карегим ага магниттей тартылат. Улам карагымды эле келтирет. Арчалуу карагайдын арасынан капыстан чыга калган эликтей, элестетип жиберем! Менин тиктешимден уялып, бут коерго жер таппай, кыйналып, кысталып жаткансып, жерди тереңдеп тиктейт, бутунун башын карап, бушайман болот. Анысын сезип, “кечке эле аны уялта бербейин?” Аны кайра аяп, тиги балдарга кайрыла баштадым,
-Ай, достор! Ырас келдиңер?! Мен жалгыз балыктарды кармай албай, көп убара тартып жаткам? Давай баарылап тосуп, көбүүрөк жана чоңунан кармайбыз! Кичиректери козголуп. көңүлдөрүн бурушуп, кубанып, улактай секиришет.
Жээгиндеги чоңуурак таштарды көтөрүп келип, майка гана баткандай тешик тосот калтырып, сууну бууп кирдик. Тиги эркек бала менин майкам менен тосотто калды. Үчөөбүз катар тизилип, үндү “ызылдатып” чыгарып, сууну бутубуз менен чалпылдатып, чачырандысы дене ылдый өзүбүзгө тийип, суу болгонубузга карабай, балыктарды үркүтүп жүрдүк. Балыктар толтура экен. Чакабыз толо баштады. Ууга кызыгуубуз артып, ал кызга алаксыган сезимдер жайланып, кичине көнүшө түшкөндөй көздөрүбүз чоочуркабай, ийменбей тиктешип да калыпбыз. Бирок атыбызды сурашып, таанышууга батынган жокпуз. Тиги тозоттогу баланын атын гана билдим, Майрамбек экен, калганыбыздыкы “байке, эже” делинип гана аталып жатты. Бир маалда балык өрдөп кетсе керек, азайып отуруп, анан такыр эле түшпөй калганда токтодук. Өңдөрүбүз өңчөй жаш баладай жаркын жайнап, ууга гана кызыкдарбыз! Майдалары көп түшүптүр алдарды кое берип, чоңдорун санасак, жыйырма бири түшүптүр. Мен аларга көбүн, он алтысын берип, өзүм бешти гана алсам. Ал кыз кызарып кетип, экиге бөлүүнү сурап, алгысы келбейт,
-Силер үчөөсүңөр, мен жалгыз аракеттендим. Анын үстүнө үйдөгүлөр балык жешпейт экен. Мага ушул эле жетет.”Балыкты сактаганга да болбойт да, бат эле бузулат!”деп жатып, аны көндүрдүм. Тиги эркек бала көйнөгүнө ороп алып, кудуңдап сүйүнгөн боюнча, алдыга чуркап жөнөдү. Чоң кызы болсо кетенчиктеп басып, атайын токтоп, сүйкүмдүү элик көзүнөн бир ирет жылмаюсун мага арнап, ыраазы болгонун билдирүүгө көңүл буруп, бирок кирпигин, уяңдыгынан ийменип, дагы ылдый түшүрүп алды,
-Рахмат, байке!
Үнү кандайдыр жан дүйнөсүнүн тереңинен жаңырып жаткансып, булактын добушундай шыңгыр этип, назик чыкты. Андан кийинки күндөрү эмнегедир, алар сууга келишпей калышты. Жүрөгүм туйлап, бүт көңүлүм аларга бурулат, ошол жакты ойлоп, мойнум талыгыча карай берем. Башка ойлор, менде жок, шамал учуруп кеткенсип, жайдак калат. Сезимимдин баарын ушу кыз гана ээлеп алды...
Эсимди бир тынчытпай, ойлорумду суроолор тордойт? “Кантип ага жолугам?” “Эмне деген шылтоо табам?” Таанышып, атын да сурап албапмын? ”Эми кантем?”
Ойлордон эзилип кирем. Эртен менен ойгонсом эле, сыртка атып чыгып, алар жакты кароолго алам? Жуунумуш болуп сайга чуркайм. Көзүм дүрбүдөй болуп, тегеретип келип, анын боз үйүнө такалат...Шатырак суусунун жээгин кыдырып чыгат. ”Ичирге суу ташып сайга түшүп калаар?” -үмүттөнүп, кечке анкайып күтөм, бирок ал келбеди, чака көтөргөн сиңдиси жана инисин көрүп калып жаттым. Куданын гек мылтыгы бар экен,”суур атам” болумуш болуп, дөңсөөрөк жерге жатып алып да, дүрбү менен ал турган боз үйүн кечке кароого алмай... Адаттагыдай күнүгө кечинде биздин койдон кемигенде, ”ошол жактан баштайлы деп, арга издесем?” Кудагыйм турадан чыгып болбойт: “Алардыкына барбайбыз, биздин кой кошулса, баласын чуркатып иймек!”дегеней, каршы алат. Бир күнү дүрбү менен дагы байкап жатсам. Кыздары, балдары, апасы болуп, чийге оролгон кийизди тепкилеп жатышат. Сүйүнгөнүмү айтпа! Шылтоо эми табылды!!! Көрсө жүн сабап, кийизге даярдап, колу бошобой жүргөн турбайбы? Эми түшүндүм. Чыдабай ”У-ра-лап! жибердим. “Шылтоом эми даяр!” Өз үйбүзгө зыпылдап чуркап кирип,
-Жумабектики кийиз жасап жатышат. Тепкилешип, жардам берип келейинби, кудагый!?
-Ии, мейлиң! Мен артыңан анан барам. Айтып кой. ”Кийизди бышырышам!”
Чуркабай эле, бутум жерге тийгени билинбейт, учуп баратам! Менин келе жатканымы, ал кыз мурун байкап калды. Анткени алыстан эле, мени карап жатканын сезе баштадым. Жакындаганда машинанын моторундай дүрүлдөп от алып, жүрөгүм дүкүлдөдү. Жетер менен эле чийге оролгон кийизге бутум жетип, өзү эле тепилдей баштады. Атайын мага арнагандай, каш алдынан дагы бир назиктенген жылмаюсун тосуп алдым. Бир маал өткөндө карегин тикийтип, карегиме такап, эми тайманбай, сырлуу тиктеди эле, эсим ооп, денем дарактай чайпалат! Жарык нур толгон эликтикиндей айча көзү, жанымды сууруп кирди. Менин жетип келгениме кубанганын көзүнөн окуп алгандай болдум! Бирок каш кирпик каккандай, бул учур тез өттү. Эми көңүлүмдү апасына буруп,
-Кийизиңер жакшы бышсын, эже! Көзүмдү ал кишиден ала качып, сүрдөп да жатам. Апасынын колунан сүйрөгөн жибин ала коюп, чийди кошо тепкилеп, ал кызды өзүм баштап карагандан апкарып кирсем болобу? Кирпигимди уялып, көтөрө албайм. ”Уяңдыгымды көр, кара баскырдыкы десе!” Жакында эле мен аны жер каратып, уялтып жүрдүм эле го? Бүгүн эми мен бечелмин? Эми мен түйшөлүп жүрөм, мына кызык! Кийизди тепкилегенин бүтүп, чийден кийизди чечип, бошотуп жатышты. Бирок кудагыйм дагы эле кечигип, келбейт? Анан менда колумду түрүнүп кирип; апасы, ал жана синдиси болуп, төртөбүз ийиндешип отуруп алып, кийизди бышырып кирдик. Антпесем кийиздин кенен туурасына тигилердин чамасы жетпей, бир кишинин колу кемий турган. Апасы анымды көрүп, бир нече жолу жетине албай, алкап жиберди! Бүтөргө аз калган кезде гана, шашылгансып кудагыйм кирип келди. Мен ордумдан бирок турган жокмун; ”мынча болду, аягына чыгайын”- дедим. Ал киши сууну ырастап, куюп жатты. Чай ичип киргенде апасы; кыздарынын, баласынын атын бирден атап, мага тааныштырды. Анын аты Жылдыз экен! Мен дагы атымды атадым. Ушундай шартта, апасы аркылуу таанышбадыкпы!... Анан дагы бир жумадай, көрүшпөй калдык. Бирок жүрөгүм туйлаганы басылбайт, ичимди жалындаган өрт каптайт, үйгө батпай калам... Бетме-бет жолугушууну самаган сагынычтар улам артып баратат. Ал Арпанын бийик тоолуу жайлоосунан, кол сунса кашкалаң асманына жеткидей болуп, буктарым жыйналып жатат? Телефонсуз эле жүрөгүм аркылуу өтүп, адамдын жан дүйнөсүндө сезгич орган; “телеапатия менде көбүрөк барбы” дейм, аны менен бирге жүргөнсүп кетип, өзүмчө кыялдана берем... Кээде аны менен жылдыздар, же ай аркылуу байланышып кетем. Акылым астрологко айланып бараткансыйт? Алгачкы тунгуч сүйүү, ушунчалык жогорку сезгичте болот окшоду, өзүмдүн кыялыма ишене баштадым! Жылдыз эми дайыма менин жанымда, оюмда, санаамда, карегимде жүрүп калды.
УЛАНДЫСЫ БАР....

Комментарии