#Каректин каардуу жашы

12 - БӨЛҮМ
Аалам кенен бирок эки адамды бириктирем десе он сегиз миң ааламдыда алакандай кылып коёт турбайбы...Баягы Насир аксакалдын небереси ушул Раяна курактуу,базарда идиш сатып оокат кылат..Булар муну билбей жакшы катташып аябай ынак достордон болуп кетишкен..
----Раяна,кызың менен балаң деле чоңоюп калды эптеп бирөөгө калтырып бассаң боло айылга чоң-атамдын ашы..Андан ары тоого барып эс алып келебиз..
---Ий койчу Айка жумушта калатта..Мындай эле аш күнү барып кетем,таарынбачы алтышка.
Балким ошондо барса сөздөн сөз чыгып баягы кайненесинин айынан ооруп өткөн каарылардын арманын бири болбосо бир айтып калса билинип калмак.Бирок аш күнүда бара албады.
Насир аксакал ошондо кудага барып Асельдин акыбалын көрүп эле келгенден кийин жаны жай алгандай ошол тойду өткөзүп эле уктаган боюнча кете берген экен..Мынтип андан көп өтпөй эле Асельда кайтыш болуп кеткен эмеспи.
Раянанын жумушу жакшы жүрүшүп бутка күндөн күнгө туруп жаткан..
Кайниси Эрлан мененда тыгыз катташат..Эрландын аял ажаныраак,Раянаны жек көрүп турат бирок билдирбейт.
Убакыт деген учкан куш ортодон азбы көппү жылдар өтүп Раянын балдары окуп калды.Кызы менен баласынын айрымасы бир жарым жыл..Мектепке жетелешип барып келишетта сабактан чыгып Эрлан байкесинин үйүндө олтуруп турушат.Жумуштан чыгып Раяна алып кетет.Жашоосу эч кайгысыз өтүп жатсада баарыбир Максаттын орду билинет.Айылга балдарын эч жибербейт.Жиберсе эле тууган уругунун өтүмүшүн айтып балдарына айтып басынтчудай коорунатта турат..Анын кереги жок чындыгында,адам үрөйүн учурган чоң-энесинин мындай окуяларын угушса кичинекейлердин психикасына оор келетта..
Күндө кечинде жатып "Мен киммин?
Эмне кылып койдум?Туура кылдымбы?Адамдык сапатымды сактап калдымбы?""--деп өткөн күндөрүн эстеп жооп издей берет.
Максатты түбөлүк сүйгөнбү же балдарым дейби чоочун эркектерди жанына жолотпой өзүн кооруп,кызганып турат..
Эххх жашоо деген бул эмне?--деген суроого күндө төрт саптан болсода сөз кошуп өзүн алаксытып келет.
---Жашоо бул чындыгында керемет.Жашоонун баркын билбеген деги койчу адамдын баркын билбеген бул жашоо жалган.Баарына өзүбүз күнөөлүбүз..Ар ким өзүн ойлоп,бир күндүк жыргал үчүн ойлонбостон кечирилгис иштерди кылат..Башка бирөөлөрдү кара атка кондуруп жашоосун талкалайт.
Кара аты өлүп кетсин сүйүктүү адамдарынан айрып түбөлүк азапка салгандарычы...Балдарды жетим калтырганычы..Мен эчкимди кечире албасам керек,мейли кудайым өзү таразалап өзү кечирсин.Мынчалык текеберчиликтинда кереги жоктур балким..Менинда күнөөм жок эмес.Эне баланын ортосуна түшүп айдай күйөөмдүн өзүн өлтүрүүсүнө түрткү болдум..Максатта өзүн кайраттуу көрсөткөнү менен баарыбир пенде тура акыры чыдамы кетиптир..Чыдайт деп эле экөөбүз эки жактан талап жатып түгөттүк.
Максат бул жашоонун кыйынчылыгынан качып кутулганы менен чыныгы түбөлүк бейиш жашоодон кур калып тозокто калды..
Өзүмчө эле биле тургандай айтып салдым..Балким Максатты кудайым кечирип ырайым кылгандыр..Балким Максатым бейиштедир..Кудайдын берешен,кечиримдүүлугүндө ченем жок дейтко..Эми ыйлаганда эмне пайда куран багыштагандан башка аргам барбы.Балдарын татыктуу тарбиялап адам катарына кошсом балким өз мойнумдагы күнөөм жеңилдеп жок дегенде каарыганда беймараал жашайттырмын..Же мени өмүр бою күнөө сезими каптап күйгүзүп жашаттырабы..Өзүмдү өзүм кечирүү колумдан келеби?
Максат мен сени сагындым,ушул сенсиз күндөрдү өткөргөнчө сени менен гөрдө кучакташып жатканым артык беле?Жоок андада болбойт..Аруу тунук махабаттан жаралган көз мончок балдар анда жетим калып жашоодогу ач карышкырларга жем болмок.Көчөдө чоңоюп сенин тукүмуңду курутмак.
Мен эми балдар үчүн жашайм сенин балдарың үчүн,уругуңду көбөйтүш үчүн жашайм..Мындай өзү менен өзү сүйлөшүү күндө болот.Күндө түнү менен көз жашы көл болот.
Ар бир жаңы күндү ый менен тосуп алып ый менен узатуу Раянага адат.
Кундөрдүн бир күнүндө Шамалды-сайдан айылдан Раянанын телефонуна коңгуроо келип калды.
----Ало,Раяна бул сенби?
----Ооба,мен а сиз кимсиз?
-----Мен тиги кошунаңмын,ал акыбал сурап эле..Жакшы аман-эсен жүрөсүңөрбү?Балдар чоңоюп жатышабы?
----Ооба кудайга шүгүр..Кудайым ырыскысын берип койгон экен чоңоюп жатышат.Бир эле атам барбы деп сураганы жүрөктү эзет.
Кантип өлгөн деп айтасың,Алыс сапарда чоңойгонуңарда келет дейм айла жок..Чоңойгондо акырын түшүндүрүп аламда..
Өзүңөр олтурасыңарбы тынч?
Бала-чака аманбы,ден-соолук жакшыбы жеңе деп илгери кайненеси кууп чыкканда үйүнө киргизип Максат киргенче жашап турган үйдүн кожейкеси менен сүйлөшүп турду...
----Ооба баары жакшы эле,неме баягы неге чалдым эле каарычылык унутупда калдым үнүңдү угуп кубанып..Таакыр келбей койдуң келип турсаң боло жоголбой..
Мейли бошогондо келеерсиң буюруса..Тиги пачтальон барго Каличачы ошол силердин үйүңөргө сенин атыңды атап чооң
бир конверт алып келиптир..Үйдүн жаңы ээси силер тааныйсыңар?дареги барда деп мага берди..Эмне кылайын?
Салып жиберейинби?
----Иий кимден болду экен я?
Ал жактан кеткенибизге 9жыл болуп калдыго..Кимдин эсинде экенмин кайненемдин үйү болсо мага салыптырбы?Кабары жок окшойтта эчнерседен...
----Ай билбейм ай менин көзүм жетпейт сураганда жокмун..Неберем окуп сыртын Казактан келиптир деди..Тиги мастан өлгөн эмес окшойтко ыя?Ошол жакта беле?
----Андай болушу мүмкүн эмес.Жер кабар айтпасынго бирок тирүү болсо эбак келип мени жок кылып кетмек.
Эже таксилерден салып жиберсеңер,Дордойго келип звонтетсе мен өзүм алып алам жол киресин төлөп..Анан сизгеда белек берип жиберем э эже ыраазычылыгына..
----Кой аай белек дегениңдин өзүнүн кереги жок.Жардам бергендин ордуна сенден алмак белем..Максат баламдын арбагы нараазы болбойбу.
---Апей жеңе мен эмне айды алып бермек белем,арзыбаган эле белек.
Маакул анда жеңе аман тургула.Айылга бизден салам.
Эртең күтөйүнда э ошондо,азыр мага клиент келип калды..
---Маакул анда садагаң болойун эртең жөнөтүп жиберем..
Бечара аял өз балдарына күйүнгөндөй күйүнүп алган..Үйундөгү май,курут,сүзмө деги койчу бар нерсесин салып жөнөтүп жиберди.
Тосуп алган Раянанын көзүнөн жаш айланып кетти..
---Апам тынч эле аркайсыны чыгарбай ушул жеңемдей болсо кана эле.Неберелеринин жытына тоюп бактылуу каарылык тоссо эмне эле?
Анда мен эле эмес Максат,апам,балдарым эң бактылуу болбойт белек..Байлык ээк ушул байлык эң башкы орунду ээлеп адамдарды бузуп жатпайбы..Апамда байлыгына чиренип көзүнө эчнерсе көрүнбөй калса керек элего..Бир акылдуудан сураган экен бирөө..
---Эй акылман сени баары макташат,менда ошол үчүн суроомо канааттандырарлык жооп алгым келет..Айтчы эмне үчүн адам байыган сайын эчкимди көзгө илбей жада калса жакындары менен алыстап кетет?
----Жакшы суроо болду,анда мен сага мындай жооп берейин ук анда..
Кадимки эле айнекти алалы,аны кармасаң тегерек четиңдин баары көрүнөтта туурабы?
---Туура..
----Анда элестет ошого күмүш кошолу бир жагына..Аны кармасаң тегерек чет көрүнбөй өзүң гана көрүнүп каласың..Ошол сыяктуу эле адам канча мансапка жетсе ошончо текебер болуп кетет..!--деген экен.
Ошол сыяктуу эле Асельдин байлыка умтулганы анан байыганы аны көр кылды эмеспи..
Бир жерди карап бир топко катып калган Раянаны шопур ойгото салгандай чочуп кетти..
---Ий иним чоң рахмат сага айылга кетесиңби кайра?
---Ооба,кетем..Бирок эртең жеңе чарчадым бүгүн..
----А мейли качан болсода,тиги менин ордум алдыгы катарда жүрсөң бирдеме жүктөйүн жеңеме ала кетчи кайра жол кире экөөнө тең төлөйүн.
----Маакул ала кетем бирок жол кире албайм.Мен эң чоң небереси болом.Энемденда акча алгандай боломго анда.
Экөө ээрчишип барып бир катарга кирип кетти..Раянанын эки контейнерди бириктирип ордун кеңейтип,товарды тыгып салганына баа берип турду..
----Азаматсыз жеңе,мындай нерсе анча-мынча эркектинда колунан келбейт...
---Койчу ай уялтпай..Анда кара муну.
Бул жеңеме деп көз жоосун алган идиштерден комплек кылып салып койгон чооң каробканы көрсөттү.
А бул болсо сага ыраазычылык катары ал,жок дегенде жол кире албасаңда ушуну аялыңа ала бар урунуп койсун.
----Жеңе койчу керек эмес.
---Керек эле көтөр давай алып барып салышып койом..
Айылдаш кайнисин жөнөтүп коюп баягы өзүнө деген конверттин ичинде эмне деген нерсе бар экенине кызыгып кетти..Үйгө жеткиче чыдабайм деп ача салды.
Көргөн көзүнө ишенеер эмес..Жазса Дастан болчу мынчалык узун жазылган катты колунда кармап турду."""""Акыркы кат""""---деп турат.
Чынында эле кайра кайтарчу дареги жок болсода Казакстандан келген билинип турат...Колдору титиреп каттын ичинде эмне деген абийр кирдеткен сөздөр бар деп кыйналып кетти...
---Бул катты окуп кыйналып жүргөн акыбалым анданда оорлошпосо болду..Окубай койсом кантет?
Баарыбир жакшы сөз болбосо керек.
Өлүпда жашоомо тынчтык бербеди, айрып эле салсамбы?
Уф уф кантип окубай коём..
Убакыт эми араң чак түштү көрсөтүп тургандыктан ордуна олтуруп алып окууга камданып жатты.
Жардамдашат деп бир кызды жумушка алып алган.Товар келбей турган күнү ошол кыз соода кыла берет..Бурчта өлүм жазасын алып убакытын күтүп олтурган мусаапырдай бүрүшүп алган.
Бул катты окуса эле жашоосу астың-үстүң болуп Асель кайра тирилип келип алчудай титирейт..Тообо адамданда адам ушунча коркобу?
Кудайдын парздарын аткарбай жүрүүдөн,акыреттен коркпойбузда кайдагы өзүбүз сымал пенделерден коркобуз..
Жоок Раяна андан коркпогондой,өзүн акыркы күндөрү жеп жүргөн күнөө сезиминен корккондой.Бул сезим тынч койбогону аз келгенсип эми бүт ээлеп алчудай..Асельда өлүгүн Раянага артып күнөөлү кылып койчудай..Каттын башталышы..
""""Салам...Учурашып алып көзүмдөн жаш сыдырылып канча саат ыйлап кайра улантканымды билсең кана..
Билсең деле ырас болуптур десең керек..Ананчы сени сүйүктүүңдөн ажыраттым эмеспи..Бирок бул теккана сенин оюң.Сенин өзүңдү актаганың..Ооба жалгыз эле сени деп эмес ошол от түшүп кырылып калчу айыл деп мен ушул күнгө түшүп турам..Ичкеним ириң,жегеним желим болуп жашоо мени кыйла эле азаптады.Көктүгүмө салып өлсөмда силерге табалатпай өлөйүн дедим эле,болбоду..Мен кыйналып кеттим.Жаз келе электе титиреп эшикте туралгыс суукта талаага эгүү үчүн парник кылуу кандай кыйын экен..Колдорум катып,сөөгүмө эле өтүп тим болбой канымды катырып салгандай..Мейли ага чыдайын дейин а бирок түндөчү..Мал кармаган сарайынын бурчунда жашайм.Мурун малдын жытына жийиркенсем азыр боктун үстүндө жашайм..Ооба үшүп жерден жан чыдаткыз сыз өтүп тезек коюп жатам..Суранып,жалбарып жүрүп алган жука сийдик сасыган жуурканым тим эле көзүмө атамдай көрүнөт..Эптеп суукту өткөрүп жаз келди десең башында туруп карасаң аягы көрүнгүс талаа башталат.
Ушунча билим алып,шаарда жашап жүрүп.Жашоонун жазылбаган мыйзамдарынанда кабардар туруп ушул акыркы кылган ишиме өкүнөм.Жоок адашасың баламдын артынан барганыма эмеес..Мен эчнерсе тактабай туруп ишенип бул жака келип алганыма.Түшсө кайра чыккыс чуңкурга өзүмдү өзүм түртконүмө өкүнөм.
Бул жака кетип баратып сага болгон жек көрүүм ушунча болгон экен он алты жаштагы кыз түшүнчү нерсени аңдабапмын.Ошондо сенден өч алсам ташталканыңды чыгармакмын.Эмне кылдым деген ой келгендир ээ сага азыр..
Айтайынбы эмне кылганыңды..
Сен бул жашоого төрөлдүң ушунун өзү эле каанча балекет..Сени деп энелеп турган уулумдан тирүүлөй айрылдым.Анысы аз келгенсип келгениңе жыл айланбай баламды өз колуң менен өлтүрдүң..Үйүңө алып барып күч күйөө кылмакчы белең?
Антип атын булгагыча мен үчүн уштип өлгөнүда артык..Күндө олтуруп алып жанымда болсоң эмне кылмакмын ошону ойлоно берем..
Билесиңби биринчи эмне кылмакмын...Иттей кылып сынжыр менен байлап мага окшотуп суука тоңдурмакмын,ачка коймокмун,анан күнгө кактамакмын..Анаан барып жалдыратмакмын..Ошондо сен мени тезирек өлтүрүп салчы деп тиленмексиң..Менби мен антмек эмесмиин ошол балам асылган сарайга сени ачкалыктан өлмөйүнчө же чычканга жем болмоюнча тим коймокмун..Жек көргөнүм канчалык каттуу экенин эми түшүнүп жатасыңбы.Ушул суукта какшап жатып кудайдан тиленип жаттым.
Аныда сага айтам,жашырбайм..Бил сен кандай мыкаачы экениңди.
Менин тилегеним ылайым эле ушул балдарыңдын күнүн көрүп өлбө деп тиледим..Чоңоюп эр жеткенде ушулардын кайгысынан башың чыкпай,көз жашың токтобой калсын деп тиледим..Менден алган ар бир тыйының он эселеп чыксын деп тиледим...
Билесиңби мен жүргөн жерде жай дагы күнгө чай кайнатчудай ыссык экен..Мен аны ооруп бүкүрөйүп калган белим менен гектарлап жерге тамеки эккенде сездим..Күндүн ыссыгынан өзүмдөн өлүктүн жыты чыгып жада калса өзүмдүн көңүлүм айныганынан билдим..Чачыма кыстарган пластмас таккычым ээрип кеткенде билдим..Ушул менин аппак этимди отко кактагандай кылып койгондо билдим..Айта берсем укканга дарманың жетпейт..Мен болсо ушул күндө жашап жаттым..Түндө ачкалыгымдан чыдабай жанымда байланган уйдун бок катып калган эмчегин эмгенде билесиңби ошол сүт уудай тамагымды ачыштырып киргенин..Жоок билбеейсиң..Кышында малга карышкыр кирип биринчи мага асылды ушул кышта..Бир колдоп эле мени жаткыра коюп тамагымдан жулуп ала жаздаганда ушул мени кул кылып жүргөн адам жок айбан мылтыгы менен атып салды..Мага тийет деп караганда жок..Бул деген менин адам катарынан өчтүм дегенида туурабы..Туруп алып рахмат дебей эмне аттың бир мүнөт туруп атсаң өлүп калмакмында,өлүмдүда мага ыраа көрбөдүңбү десем килейген резина өтүгү менен ичимди такаштыра бир тепкеничи..Өзүмдү өлтүрүп алсам деле болот..Аны сен уксаң табалайсың,иттей өлсөмда өз ажалым менен өлөм деп жүрөм.Бул катты эмне кылсамда сага жеткирем..Мейли он жыл өтсүн мейли элүү жыл өтсүн сага жетет.Сен окубасаң балдарыңа жетет.Ошондо сенида жаткан жайыңда жөн койбой балдарыңдын аңдан алып гөргө чапканын элестетип сүйүнүп кеттим.
Сени жек көрөм..Максаттын өлүмүнө мени кандай күнөөлөсөң эми өзүңдүда менин өлүмүмө ошондой күнөөлө..Чачыңды тыт.Күнөө жүгү сени басып жок кылсын..Мен өзүм көрбөгөн жакшылыкты эчкимге ыраа көрбөйм.Кудай алдында турупда келиниңди кечирсең бейиш сеники деседа сени кечирбейм..Менден беттер бол............"""""----Болду....
Колунда ачылбаган экинчи кат калды..Раяна бир чекитти карап катып калгандай,көзүнөн чыккан жашы бетин жууп салган..Жардамчы кызыда кете берейин саат болду деп баарын ирееттеп кеткенинда байкаган жок..Базарда жалгыз калыптыр,караңгы кирип баштаган аныда байкаган жок баары баратып Раяна жаппайсыңбы деп бакырса деле башын дагы ийкеп койбой ыйлап кагазга тигилген келинди жөн коюшкан..Качаан гана базар кароолчусу келип сүйлөгөндө Асель келип алып муунтуп жаткандай ыргып тура калды..
----Раяна баары жакшыбы?
Эмне олтурасың кетпей?Элдин тараганы качан.Кел жабайын,эмне болду?Бул акыбалың менен кантип кетесиң?Сага машина чакырайын сен рульга олтурба мындай кейпте.Маакулбу?
---Мейли байке,эчнерсе болгон жок чарчап кеттим жөн эле.
---Ананчы чарчайсыңда он жыл болуп калдыбы э ушул жерде иштеп жатканыңа?Же эс албайсың же тынбайсың,балдарыңды карап эле олтура бербей турмушка чыксаң жеңил болмок беле деп күбүрүнгөнүн
Раяна тыңшаганда жок.Келген унаага түшүп кетип калды..Үйүнө барып ваннанын суусун толтуруп дароо кирип кетти..Ый адамды жеңилдеткени менен көп ый адамды жеп салат тура..Ушул Асель тараптан жазылган бул кат Раянанын ийнине олтуруп басып салгандай дароо чөгө түшкөн..
Раяна баягы эле ойлорго кирип кетти.Туура эшикти таба албай дагы деле адашып жүргөндөй.Түшүнөда ушул нерсе кирет.
Балдарды эртең базар деп Эрландын үйүндө жөн койду..Муздаткычтан муздак айранды алып бүт жутуп алды.Ичин өрттөгөн жалынды бул муздак айранда басчудай эмес.Бул жарык жашоонун күүсү же нотасы үнсүз болсода Раянага каттуу угулгандай жаздыгын каттуу кармап кулагын жаап жатып алды..Качан уйкуга кетти ким билсин..
Тушундө сүйгөнү Максат келди.Адатта кара кийинип кирсе бүгүн болсо ак кийимчен келди.
Уктап жаткан керебетинин алдына келип көөпкө тигилип туруп назик сылап койду.Кетип баратып кайра артка кайтты.Ар дайым киргенде узактан эле кетип калчу..Бурулуп туруп Раянаны ушунча заар чачкан көзү менен карады эле Раяна өз кыйкырыгынан өзү чоочуп ойгонуп кетти.
Эмнеге кирди?Эмнени айткысы келди..Турса эбаак күн чыгып калыптыр.Шашып базарга жөнөдү.Жолдо баратып Эрланга звонтетип жолугушууга чакырды.
Кат,түш тууралуу айтып берди эле Эрлан кагып койду.
----Ээк койчу жеңе,апам эмне жазганын билбеймго бирок апам мындай эле алжып жүрчү эле өлөөрдө айнып калса керекда ошого ошончо ыйлап..Эмне окуйсуң деймда башыңды оорутуп..
Максат байкемда ушу эмне окуйсуң деп жиндендида..Күндө көз жаш төгүп жатсаң байкемда чыдабай кеткендир.Болду унут мурункуну.Келечекти ойлоп жашоону улант.Карачы кандай тартиптүү балдарың бар.Дагы бир жолу ыйлачу болсоң мен сага таарынам уктуңбу..Мен шашып жатам,шашпай олтурабыз э жеңе үйгө кел..
----Ай бала коё турсаң каттын экинчисида бар экен..Окуган жокмун.
---Туура кыласың,күйгүзүп сал..
Бираз болсода көңүлүн көтөрүп койгон кайнисине ыраазы болуп ичи жылып калды..Кечинде жумуштан келдида катты кийин балдарына баарын айтканда түшундүрүүгө жеңил болот деп өйдө жака катып салды..
Өзун алаксытып,жашоодон ырахат алып жашап жатты.
Күн өтүп балдар чоңоюп,Раяна болсо картайып баратты..Кызы бой жетип баарына акылы жетип кадимкидей Раянанын жардамчысына айланды.
Балдардын кичинекейи эле жакшы,
бир суроо берсе жооп бербей урушуп уктатып коёсуң.Чоңойгондочу айла жок экен тикирейип көзгө тигилип жооп күтүп турса урушада албайсың.
Раянанын кызы Малика атасы тууралуу билгенге ашык..Раяна баардык туугандарына Максат тууралуу өзүм айтам балдарга ооз ачпагыла деген..Кызы он жетиге толуп баласы он бешке толуп турган кези.Экөөнө тең ата керек убагы.Кандай болсода үйдө эркеги бар балдар тартиби күчтүүрөк болот эмеспи..Малика окууну бүтүп чет элде окуйм деп сынак тапшырып жүргөн.Раяна кызын жөнөткүсү келбей,калтыруунун амалын таппай жүргөн.
Күтүлбөгөн жерден бир күнү Малика Раянадан атасы тууралуу сурады.Ар дайым шылтоо айтып кутулуп кетчү Раянаны бүгүн Малика жарга такады.----Апа,ушул жылга чейин атам тууралуу ооз ачпай келдиңиз.
Болду жетишет,мен эми жаш бала эмесмин алдангыдай..Мен сынактан өттүм Англияга жөнөтүшмөй болду.
Эгер азыр бүт чындыкты айтпасаңыз мен чындап кетем..Эгер калтыргыңыз келсе чындыкты күтөм.Атам ким?Каякта?Эмнеге бизге басып келбейт.?Эрлан байкем чын эле атамдын инисиби?
----Кызым туура сага баардык чындыкты айтууга убакыт келди.Ушул убака чейин жашырганымдында себеби бар.Силердин жүрөгүңөргө кымындайда мерездик жолоткум келбеди.Таш боорлукту,деги койчу жамандыкты угузгум келген эмес.
Анда бар иниң Аскатты чакырып кел,чогуу уккула..
Аскатта бул чындыка кызыгып келген дароо бүт ишин таштап атасы тууралуу угууга олтурду.
---Сөздүн башынан баштайын,антпесем силерде кандайдыр түшүнбөстүк жаралып калышы мүмкүн..
Бул тээ илгери башталган окуя.
Бул окуяны силерге айтуу үчүн он алты жылдан бери даярданып келем.Кееде кандай кабыл алышат,эмне дешет деген ой мени жеп келет.
Уландысы бар...

Комментарии