#Көз жаш

14-болум
Жаздын ала -шарбыт башталышы менен айылга сапар тартым. Айбектин апасы, салтты кылып ,алдынан өтөлү ,үйгө келгиле -деп ынанбай турду. Оюма койсо түз эле атама жетип баргым келип турат, көп жылдан бери бара элекмин. Сагынганымды айтпай эле коёюн, бирок турмуш деген ,турмуш экен ,баш ийүүдөн башка арга жок туура.. Кабар берип ,атамдар да ,даярдык көрүп жатышыптыр. Биз жетип барарыбыз менен;
-Кыйналбай келип алдыңарбы? Айланып кетейин -деп үйрүлүп апабыз тосуп алды.Башыбыздан суу тегеретип төгүп ,үй ичине баштап кирди. Салтты кылып жүгүнүп кирдим.Атайын даярдалган дасторкон үстү түрдүү даамга толтура. Үй ичи таза ,тыккан жыйылган. Олтурабыз менен бата берилип кой союлуп ,элди чакырып чаккан той башталды. Ар бир келген меймандан аялдар башыма ак жоолук салып жатышты. Келгенине жүгүнүп ,салам салгандан, мен да чарчабадым. Бул күн да кеч кирди ,киши аягы суюлуп олтуруп, акырын токтоду. Ошондо гана чарчаганымды сезе баштадым. Апабыздын аяп турганы жол жүрүп ,чарчап келдиңер силерди кыйнап койдук. Эс алгыла ,эртеге дагы жолго чыгабыз деген сөзү дем болду. Баарын иреттеп бүтүрүп жатканча дагы кыйла убакыт өтүп кетти.
Көздү жумуп ачкан сымал бат эле таң да атып алды. Эртелеп даярдык башталып ,жолго кам көрө баштадык.
Жаздын илеби чакырып ,жер беттин жашыл чөп жарып чыга баштаган. Араң гана башбагып баштаган ат кулактар . Дале карарган жерди толук жаба элек. Бактар да бүчүр бүрткөнү дале байкала элек. Тоо боорундагы ак кар уйкуда жаткандай козголбойт. Абанын тазалыгы жан дүйнөгө кубат берип тургандай. Негедир өзүмчө ,,Эх чиркин өз Мекендин жытты башкача туура, туулган айылымдын жытты керемет болсо керек"-деп бир толгонуп алдым.
Түштү оодуруп жолго чыктык. Эрчишип жөнөгөн машиналар ,биринен бири алдыга озуп ,жарышып баратты. Биз олтурган машинада, апабыз менен Айбек экөөбүз жана дагы бир эжейибиз. Үнсүз жол тартып бараттык анткени жол узак. Бишкектен Ошко сапардабыз. Ар ким өз оюлору менен же жол боюндагы көрүнүштү тамаша кылгандай. Мендеги сагыныч ,өзгөчө эле эң акыры келгенимде чоң атам өткөндө келгенмин. Жылын өткөргөндө болсо керек ошол боюнча арадан беш жыл өтүптүр. Кызыгы убакыт байкалбай кете берет тура кантип чыдап жүрдүм ээ. Өкүнүп алдым чоң энемдин ыйлашы анык. Мен жөнөп жатканда да ,кучактап алып көпкө ыйлаган. Түрдүү кыялга батып,санаага эзилип баратып ,уктап кетипмин. Канча убакыт уктаганымды билбеймин ,ашуунун аягы түгөнүп ,бийиктиктен түшүп калыпбыз. Апабыз
-Токтоп тамактанып алалы, ысык чай ичким келди. Алгачкы сапардагы сөзү ушу болду.
-Туура айтасыз мен да токтосомбу -деп келе жатканмын , айдоочу машинанын ылдамдыгын азайтып ,четтей баштады. Бир аз барып токтоп калды. Артакада келе жаткан машиналар да , токтоп калышты. А биз түшүп ,баарын күтүп туруп калдык.
-Жүргүлө ысык тамак жеп алалы , жол узун -деп ,алдыда кадам таштап . Улуубуз эле апабыз анан бир чоң апабыз . Экөөнүн артынан биз да эрчий бастык.
-Келиңиздер деп ,тейлеген жаш кыздар, бул жакка олтуруңуздар деп шыпылдашат. Баарыбызга жан киргендей бака -шака түшүп ,тамактанып олтурдук. Жеп бүткөн соң гана .
-Жол узун ,жарышпай акырын жүрө бергиле тынч -аман барып келели -деп чоң апабыз.
-Тобоо адамдын үрөйүн учурдуңар жарышабыз -деп апабыз да кошулду. Ай тынч эле ,шашпай жүрсөңөр боло.
-Ой энелер жолду ушунтип кыскартабыз да -деп каткырат айдоочулар.
-Жолду узунун кесип сала албайсыңар ,баары бир. Сактанганды сактаймын дейт, акырын жүргүлө .
-Макул ,сиздер айткандай . Кеттик анда -деди дагы бирөөсү.
Эрчише машиналар дагы орундарынан кыймылдап жан киргендей жылып жөнөштү..
-Айгерим сен уктап ал ,өзүңө да , балага да күч келбесин.
-Макул апа , чарчаган көрүнөм. Бат эле уктап калып жатам.
-Сени уктасын -деп биз да сүйлөбөй келдик. Дагы да жакшылап эс алып ал.
Барганда дагы кыйналасың. Жол азабы ,көр азабы деген сөз бар.
- Макул апа. Башка сөз айтпадым. Башка эч ким да сүйлөбөдү. Көзүмдү жумуп гана бара жатым уктап кетипмин.
-Келдик , эми кайда айдаймын айдоочунун үнүнөн ойгонуп кеттим. Түндүн жарымы айлана караңгы.
Тегеренип бир карап алсам менин балалыгыма тааныш жерлерге келипмин.
- Бул жакка айдаңыз -деп жол көрсөтүп бара жаттым.
Биз жеткенде жаркыратып лампаларды коюп ,үйдөн атамдар күттүп жаттыптыр. Эшик алдында баары, мен сагынган, мени сагынган адамдар. Ошол адамдардын арасынан биринчи болуп көрүнгөн бул атам болду. Азгын тартып калыптыр. Түшүп эле кандай жеткенимди билбеймин кучактап ыйлай бердим. Атам да мага кошулуп ыйлап жатыптыр. Көпкө анан барып атамдын
-Бар кызым ,чоң энеңе деген сөзүнөн улам кылчая карасам ,чоң энем да ыйлап туруптур.
-Айланам кызым ,аман жүрөсүнбү ? Саксайган сары кызым деп кучагына кысып өпкүлөп жатты. Сагыныч менде эле эмес , ата -энемде да, толуп кеткен тура. Көрүшүп болгон соң конокторду мейман үйгө баштап киришти.Жолдо суукка чыдабай ,оронуп чуулганып барганбыз . Жылуу үйгө киргенде ,бир чыныдан жылуу чай ичилгенге алды уйкуга кете баштады.
-Куда,кудагый, биз кичине эс алып алалы .Таңды атырып сый -урматтыңарды көрөрбүз.
-Сиздер не десеңиздер ошобуз. Макул жай салгыла ,келиндер конокторго.
Баары уктап ,үйдө саналуу эле адамдар калдык. Мен атамдар менен сүйлөшүп уктабадым.
-Чоң эне ,кандай демдүү жүрөсүзбү?
-Жүрөм кызым, кеткен боюнча келбей койдуң го. Арадан көп жыл өттү.
-Ооба барган соң ,инимдерди алпарып жайгаштырып таштай албай ,иш менен жүрө берипмин.
-Айланып кетейиним ,аман болсоң болгону. Дале да башымды жөлөп алып ,эркелеп алдым . Маңдайымдан сылап үйрүлүп жатты.
-Айгерим , сенден ушул күндү күттүп сабырым чыдабай бараткан. Мына Кудайым, бул жакшы күнгө да жеткирди ,эми бактылуу бол кызым -деп атам. Көзүнөн кубанычтын жашы тамып турду. Түнү менен укташ кайдан туугандарым менен сүйлөшүп олтуруп таңды атырдык. Чарчаганга коноктор да ,шашпай турушту. Конокторго сый-урмат көрсөтүп ,кой союлуп , туугандар чакырышып , эки күн дегенде кайтканга туура келди. Чоң энем менен атам ,апабызды чакырып элден бөлүнүп сүйлөшмөк болушту. Бак аралап кирип кеттишти .Ошто күн аз да болсо эрте жылыгангабы ,жерди жашыл шибер жаба баштаптыр. Бактар бүчүр бүртүп ,өрүк гүлдөрүн алгачкылары ачыла баштаган. Күн жылуу тартып, тоо тараптан, муздак жел жортуп ,саамайыңды сылап турат . Сагынычка толуп келгенгеби ? Мага мээрим төгүп тургандай туюлуп жатты. . Не жөнүндө сүйлөшүп талкуу кылышты ,биле албадым. Узак убакыттан соң келип калышты. Чоң энем дале чыйрак, тың болуучу. Бүгүн кайтуубуз керек ,жаздын күнү жаш бала деген сөз бекеринен болбосо керек. Күндүн түрү жаай турган абалга келе баштады.
Коштошуп жолго чыгып жатканда ,көзүмдөн жаш тыялбай калдым. Бирок атамдын
-Айгерим азыр кошо бар. Кийинчээрек келесиңер -деп калды
-Макул ата, көп жүрбөймүн бат эле келем.
-Ашыкпа кызым ,шартына кара ,садагам -деп маңдайымдан өөп.
-Айланам кызым ,сен акылдуусун ,сенин бактылуу болуңду тилеймин ,чоң энем айланып үйрүлүп кучагына кысып , чолок жашын тамызып жаттып араң кучагынан чыгарды. Коштошуп кол булгап калып кетишти. Зымыраган машиналар биринин артынан, бири куушуп Бишкеке сапар алдык. Кыялкеч ,санаачыл жаным дагы да түрдүү кыялдарга жетеленип ,терезеге телмере туулган айылымдан узап бараттым
Уландысы бар...

Комментарии