27 июн 2024

#Бир Ирмем

2- БӨЛҮМ
– Элиза? Эмне болду?..- Эрлан мындайды күткөн эмес, мукактанып кетти.
– Агай, мага сиздин жардамыңыз керек болуп жатат... Мен азыр сиздин үйүңүздүн жанындамын.
– Эмне жардам? Сабак боюнчабы? Эмнеге үйдүн жанында турасың?
– Агай, сыртка чыксаңыз?
Эрлан шашып сыртка чыкты. Көп кабаттуу үйдүн короосундагы балдар аянтчасындагы отургучта Элиза отурган экен.
– Агай...- деп үн салып, колун жаңсады.
– Тынччылыкпы?
– Агай...- кыз Эрландын колунан тартты... – Отурсаңыз.
Эрлан кыздын жанынан орун алары менен Элиза анын ийинине башын жөлөп "уф" деп үшкүрүнүп алды. Кыздан ичимдик жыттанат.
– Агай... Мм... Эмне десем? Менде бир маселе жаралды. Ал маселени ата-энеме, эжелериме же курбуларыма кеңешип чечсем болмок. Бирок мен сизге келдим...
– Жардам бере алсам эле...
– Менин боюмда бар,- бул сөздөн кийин Эрлан эмне дээрин билбей дендароо болуп калды.
– Элиза, сен экөөбүз жакын тааныш эмеспиз. Мен болгону университетте сабак берген агайыңмын.
– Боюмда бар экенин ата-энеме айтсам, алар өлтүрүшөт. Курбуларыма айтсам, алар шылдыңдашат... Ооба, сиз агайымсыз. Бирок эмнегедир сиз мага жардам бере аласызбы деп ойлодум. Сизге ишендим. Анткени мен... Чын, аябай уялып жаткам. Анан ыйлап отуруп бир бөтөлкө шампан ичкен соң сизге жолугушум керек деп келип калдым... Уф...
– Баланын атасы кайда?
– Ал акмак боюмда бар экенин угар замат жок болуп кетти. Телефонун албай жатат...- бул сөздөн кийин кыз бышактап ыйлап баштады.
– Бүгүн күндүз сен жетелешип бара жаткан мен көргөн балабы?
– Ооба, ошол...
– Элиза, чынын айтсам, мен сага таптакыр түшүнбөй турам. Алгач лекцияда сен "жигитим жок" дегенсиң. Кийин көрсөм кайсы бир бала менен жетелешип бараттың. А кечинде болсо мага келип "боюмда бар" деп ыйлап жатасың... Ушунун баары бир күндө! Сен экөөбүз чынында чоочун эле кишилербиз да.
– Демек, жардам бербейм деңизчи. Мен сизден кеңеш сурайын деп гана келгем. Анткени жакшы адамдай көрүнгөнсүз...- кыз ордунан чечкиндүү турду да, бийик такаларын тыкылдата басып жөнөдү. Бирок алыс кете алган жок. Мастыгынанбы же жолдо бир нерсеге чалындыбы, айтор, жыгылып түшүп отуруп калды. Анан ошол калыбында ыйлай баштады. Эрлан чуркап барып кызды өйдө кылмакчы болду. Бирок кыз аны таарынган түр менен түртүп койду.
– Эч кимге керегим жок! Жашоодон тажадым...
– Кечирип кой! Кел эми өйдө бол!
– Бутумду оорутуп алдым. Ай!
Эрландын заматта кыжыры келип чыкты. "Бул эмне мага келди?!" деп өзүнө-өзү суроо берип, бирок жооп таппай жатты. Анан кыздын абалын көрүп аяп кетти.
– Элиза, балким, сен ишенген, кеңеше турган киши жок болгону үчүн мага келгендирсиң. Бирок мен бул маселени чечиш үчүн эмне кылышты деле билбейм. Мага бир эле жол көрүнүп жатат. Баланын атасына жакшылап түшүндүрүү керек. Ал бардык жоопкерчиликти моюнуна ала билсин... Же мен аны менен сүйлөшүп берейинби? Мен байкеси болом деп коём да. Баарын түшүндүрөм ага. Коркутуп деле коё алам...
– Мен үйгө барышым керек. Таксиге салып жибериңизчи...
Эрлан кызды жөлөп-таяп өйдө кылды. Бирок кыз бутун шылтоолоп таптакыр баспай койду. Айла кеткенде Эрлан аны колуна көтөрүп жолду карай басты. Эрландын моюнуна колдорун асып баратып Элиза өзүн абдан бактылуу сезип кетти. Жолдо болсо таксилердин токтошу
да кыйын болду. Акыры бир унаа келген соң Эрлан Элизаны отургузуп жатып:
– Мейли, жакшы жетип ал,- деди.
– Рахмат. Сиз мага жардам бересиз да, ээ?- кыз жалооруй карады.
– Ооба. Бир айласын табабыз. Кам санаба!
Кыз жөнөп кеткенден кийин Эрлан бир топко чейин өзүнө келе албай турду. "Эмнеге мага келди? Мен ага эч ким эмесмин го..." деп жатты ичинен.
Элиза болсо унаада маанайы көтөрүңкү баратты. Шампандын күчүбү же агайынын колунда эркелеп алганы эргитип койдубу, айтор, өзүнчө кудуңдап жылмайып койду.
ххх
Аудиторияга кирип келип эле Эрлан көздөрү менен Элизаны издеди. Кыз арткы орундукта отурган экен. Агайын бир карап алып башын билинер-билинбес ийкеп ишарат кылды. Анан адаттагыдай лекция бүткөнчө агайынан көз албай отурду.
Жумушу бүтөрү менен Эрлан сыртка чыкса, Элиза күтүп туруптур.
– Агай, сиз менин жигитим менен сүйлөшүп көрөсүзбү?
– Кайсы жигитиң?
– Баланын атасы менен...
– Мен бир адамга жолугушум керек эле азыр. Сен телефонун берчи? Мен телефондон эле айтып көрөйүн.
– Ал телефонун өчүрүп салды. Мен анын үйүн билем. Сүйлөшүп көрүңүзчү.
– Мейли, жүр...
ххх
Элиза үйүн билем дегени менен, батир номурун билбейт экен. "Сыртта күтүп туралы. Ал азыр окуусунан келет. Короодон эле күтүп алабыз" деген кыз Эрланды көп кабаттуу үйдүн короосуна алып келди.
– А сен анын ата-энесин тааныйсыңбы? Балким, ата-энеси менен сүйлөшөбүз.
– Тааныйм. Бирок алар билсе менин ата-энеме айтышат. Ызы-чуу чыгат. Биринчи Азаматтын өзү менен сүйлөшөлү.
– Аты Азаматпы, ээ?
– Ии...
Анан Эрлан студенти менен ошол короодо күүгүм киргенче отурду. Улам саатын карап коёт. Элиза болсо кыялдана агайынын ийинине жөлөнүп көңүлү ток отурду. Улам бир нерсени сурап коёт. Эрлан жакшы эле Элизаны өзүнөн оолак отургузайын деди, бирок кыздын кош бойлуу экенин эстеп, аны капа кылгысы келген жок.
– Агай, сиздин сүйлөшкөн кызыңыз барбы?
– Бар.
– Мм... Аты ким?
– Айдай. Мен ошол Айдайга жолугушум керек эле. Ал мени күтүп калды го... Балким, Азамат менен эртең сүйлөшөбүз...
– Азыр келип калса керек. Бир аз күтө туралы.
Бирок Азамат келген жок. Акыр аягында Эрлан Элизаны маршруттук таксиге салып жиберип, өзү шашкан бойдон сейил бакка жөнөдү.
Өзүнө тааныш сейил бактагы орундуктан орун алды. Кыз али келе элек экен. Караңгы кирип калган тапта гана сейил бакты аралай жай басып келе жаткан кыздын ак көйнөкчөн элесин көрдү. Жигитке Айдай периштедей эле көрүндү. Жылмайып алып, сүйүүгө толгон көздөрү менен тиктеп жигитке жакындай берди.
– Мен бүгүн бир аз кечигип калдым,- деди жигит Айдайынын колунан алып.
– Эч нерсе эмес. Сени күткөн жагымдуу эле иш.
– Сагынып кеттим.
– Мен да...- кыздын колдору жигиттин моюнуна оролду. Ушул тапта алардын жанынан бир жигит өтүп бара жаткан. Ал эмнегедир таң калуу менен Эрланды карап койду. Эрлан болсо Айдайын кызганып кетти. "Бул менин айымым!" деди ал ичинен. Тиги бейтааныш жигит улам артын кылчак-кылчак карап Эрландын ким менен сүйлөшүп жатканына акылы жетпей баратты...
Эрлан үйүнө адаттагыдай кеч келди. Апасы аны күтүп телевизор көрүп отурган экен.
– Аа, келдиңби? Тамак жейсиңби?
– Жок, апа, чарчап турам.
– Бир аз сүйлөшүп отурууга убакыт табылабы?
– Ооба... Тынччылык элеби?
– Тынччылык эле. Азыр отуруп алып кыялданып жатпаймынбы, Эрланым үйлөнсө, келиндүү болсом, небере жыттасам деп...
– Үйлөнөм, буюрса. Балким, быйыл болуп калышы мүмкүн.
– Сонун болмок. Сүйлөшкөн кызың бар да, ээ?
– Бар.
– Сүрөтү барбы? Көрсөтсөң...
– Сүрөтү жок, апа. Бирок ишенип коюңуз, абдан жакшы кыз.
– Эрлан, балким, быйыл үйлөнүп аласың. Мурда көп билинчү эмес эле. Азыр кадимкидей сырдашар кишиге муктаж болуп калдым. Атаң экөөңөр болсо мага көңүл деле бурбай калдыңар.
– Коюңузчу, апа.
– Жок, эми көңүл бурасыңар дечи, бирок келин деген башка нерсе да. Ал да аялзаты дегендей. Анын үстүнө небере жыттагым келип калды. Атаң экөөбүз неберени жетелеп алып сейил бакка барат элек, тойго... Сен кызды алып келип тааныштырчы биз менен.
– Мейли, апа. Тааныштырайын, анан тойду да ойлонуп көрөбүз. Мен адегенде Айдай менен кеңешип көрөйүнчү.
– Айдайбы аты?
– Ооба. Мен барып эс алайын, ээ, апа?
– А сен кызды качан тааныштырасың?
– Ушул жуманын аягында.
– Аа, жакшы. Бар эми эс ал.
ххх
Элизанын маанайы бүгүн сонун. Өзүнө жарашыктуу кыска, ак көйнөгү анын ажарын ого бетер көркүнө чыгарып койгон. Бактылуу жылмайган калыбында, бийик такаларын тык-тык эте окуу жайга келе жатат. Капыстан эле анын алдынан Азамат чыга калды. Ал атайын чоң бакка далдоолонуп Элизаны күтүп жаткан окшойт. Кыз чочуп кетти.
– Биз сүйлөшсөк болобу?
– Уф. Дагы сенби? Сөз бүтпөдү беле?!
– Жок, Элиза, эмне болгонун түшүндүрсөң?
– Жолумду торобочу! Кач, кечигип жатам.
– Эмне болду, түшүндүрсөң?
– Эмне болмок эле, сүйбөй калдым. Уктуңбу, сүйбөй калдым!
– Бирок...
– Эмне бирок? Биз канча жылдан бери кыз-жигитпиз го деген жатасыңбы? Көрсө, сүйүү түгөнүп калат экен. Же балким, мен сени башынан эле жакшы көрчү эмесмин. Болду! Эми кач!
– Сен эмне бирөөнү таап алдыңбы?
– Таап алган жокмун, сүйүп калдым,- кыз шылдыңдагансып жылмайып койду.
– Ким?
– Кам санаба, татыктуу киши!
Азамат эмне кыларын билбей калды. Ал Элизадан мындайды күткөн эмес. Жакшынакай эле жүргөн кыз, бир күн мурун ага "Баары бүттү. Менин тынчымды алба" деп жазып жибериптир. Телефонуна чалса албайт. Эми бүгүн атайын аны күтүп сүйлөшмөкчү болуп турган эле. Шагы сынып калды.
– Мейли! Бирок билип кой, жалдырап тизелеп келесиң!- Азамат кыжырдана сүйлөдү.
– Анан? Анан сен мени кабыл албай, "бар, сен мага татыксызсың" деп түртүп коёсуң. А мен байкуш ыйлап жалдырайм. Андай болбойт! Билдиңби, андай болбойт!
Кыз көзүнөн чаары чыгып калган жигитти шылдың менен бир карап алды да, басып кетти.
– Эш-шек, энеңди...- Азаматтын сөгүнгөндөн башка айласы калган жок.
ххх
– Ой, агай, кандайсыз?- Элиза окуу жайдан чыгып келе жаткан Эрланды күлүп тосуп алды. Бүгүн анын Элизаларга лекциясы жок болчу. Ошондой болсо да кыз агайынын жумушу качан бүтөрүн билип алганбы, айтор, күтүп турган экен.
– Жакшы. Өзүң кандайсың?
– Жакшымын. Түндө гана бир аз ыйладым...- Элизанын жалооруган көздөрү Эрланды бир карап алды. – Тиги... Азамат кечинде өзү телефон чалды. Анан экөөбүз урушуп кеттик. Мен эмне кыларымды билбей жатам.
– Элиза, бул боюнча ата-энең менен кеңешкениң оң окшойт.
– Агай, түшүнүп жатам. Бирок акыркы ирет бир жардам кылып коюңузчу.
Азаматтын достору бүгүн аны клубга барат дешти. А мен ал бара турган клубдун дарегин билип койдум. Ошол жерден жолуктурабыз. Сиз, балким, ошол жерден сүйлөшүп бересиз?
– Жок, Элиза! Мындай маселелерди менсиз эле чечкиле!
– Агай...- кыздын көзүнө жаш айланды. – Бул акыркы мүмкүнчүлүк. Ата-энеме билгизбей тынч чечип алганым жакшы болгону турат. Эгер антпесем, ата-энем өлтүрөт. Окубай да калам... Агай?
Эрлан Элизаны тиктеген калыбында катып туруп калды.
– Акыркы жолу, Элиза!- деди анан чечкиндүү түрдө.
ххх
Эрландын Азаматты клубдун сыртында эле күтөлү дегенине карабай Элиза агайын жетелеп ичкери кирип кетти. Эрлан деле айына 2-3 жолу клубдарга каттап турат. Бирок достор менен көңүл ачуучу жайга барган башка, ал эми студентиң менен барган таптакыр башка экен. Өзүн аябай ыңгайсыз сезип жатты. "Элиза экөөбүздү тең тааныган бирөө жарым көрүп калса эмне болот?" деп ойлоп бушайман болду.
Элиза эч нерседен капары жок кишидей дүңкүлдөп чыккан музыкага анда-санда бийлеп коюп, коктейль ичип жүрдү. Азаматтын деле дайыны билинбейт. Ана келип калат, мына келип калат дегенче эле бир топ убакыт өтүп кетти. Ал арада Элиза улам агайына ыктап, анын ийинине жөлөнө калып, көзүн сүзө жылмайып эркелеп жатты.
– Жүр кеттик. Жигитиң келбейт окшойт.
– Келбесе койсун, агай. Мага сиз менен жүргөн жагып жатат.
– Сен кетесиңби? Эгер кала турган болсоң, мен кеттим.
– Агай, билесизби, мен канча күндөн бери ыйлап жүрөм. Бук болуп чыктым. Менин деле күлүп жүргөнгө акым бар го. Бүгүн эми маанайым көтөрүлүп келатса, көрө албаган кишидей болуп жатасыз. Билем, мен сизди убара кылып жатам. Сиздин жардамыңызга да чоң рахмат! Бирок менин деле маанайымды көтөрүп коюңузчу. Азыр кетсеңиз кайра ыйлайм...
– Менин башым ооруп чыкты. Жүр эшикке, сейилдейбиз.
– Окей! Ушинтсеңиз макулмун!
Эрлан оюнда алдап-соолап кызды үйүнө жеткирмекчи болду. Азаматы келчүдөй эмес. Сыртка чыккандан кийин эле кыз агайын колунан жетелеп алды.
– Элиза, мени Айдай көрсө урушат,- агайы жылмая кыздын колунан колун бошотуп алды.
– Аа, баса. Сиз ага кайда жүрөм дедиңиз?
– Баарын ачык эле айттым. "Бүгүн жолукпайбыз. Бир студент кызымдын көйгөйлөрүн чечкенге жардам берем" дедим.
– Бир аз отуралы, ээ, агай...- кыз жол четиндеги отургучка барып отура калды. – Билесизби, көптөн бери ойлонуп жүргөнгөбү, кыйналып кеттим. Азыр кадимкидей сергий түштүм,- анан ал адатынча агайынын ийинине жөлөндү.
– Мм, Айдай кандай бактылуу! Сиз түшүнүктүүсүз, билимдүүсүз, мүнөзүңүз да сонун...
– Хе, апендинин кызындай мактадың го...
– Анан сулуусуз! Бери карасаңыз, кана?- кыз ага карай бурулган агайын карап: – Караңызчы, кашыңыз капкара, мурдуңуз кырдач, көздөрүңүз бакыракай.
Эрландын күлкүсү келип чыкты. Кыз дагы бир аз сүйлөсө күлүп жибермек. Бирок капыстан кыз аны эриндеринен өөп жиберсе болобу?! Жигит адегенде түшүнбөй калды. Анан эсине келген кишидей "Элиза!" деп чочуп кетти.
– Сизди жакшы көрөм, агай. Чын, жакшы көрөм, эмне кыларымды билбей калдым. Акылымдан айныганы калдым...
– Оп-паа! Демек, сүйүп калган экенсиң да!- Эрлан менен Элиза отурган отургучтун маңдайында кайдан-жайдан пайда боло калган Азамат унаа менен токтоп башын чыгарып кыйкырды...
Уландысы бар

#Бир Ирмем - 976310090069

Комментарии