22 окт 2024

#ОрмонХан.

13-бөлүм.
КАБАР
Баш жагын мөңгү баскан карагайлуу тоо этегинин ылдый эки тарабынан дөңсөөлөнгөн жашыл адырлар капшырган көк шиберлүү кең өзөн чалкаят. Өзөндү жара аккан тоо суусунун өйүз-бүйүзүндөгү тай чабымга созулган жайыктар жогорулаган сайын куушурула тоо этектеген караган-шактуу колотко такалат. Мөңгүдөн куралган тоо суусунун башаты бийик аскадан атырыла ак тасмадай созулуп, карагайлуу тоо бетинен анда-санда жылт көрүнө, карагай-чер аралай, коктунун таманынан нугун таап, өзөндү жара көбүк чачып жулкунат. Коктунун жапсарындагы эгиздей окшош, тоңбос эки мөл булактын агымы шоорат сала тоо суусуна кошулат. Ушундан улам жайлоо Кош-Булак деп аталат. Кош-Булактын мөл суусу кермек даамдуу болгондуктан касиеттүү деп эл дарыланып сыйынышат. Кош-Булактын эки тарабында өскөн четиндин жалбырактарына дайыма чүпүрөк айрындылары байланып турат. Өзөндүн мемиреген ээндигине каңырт сала, күн батыш жагындагы кашатты кыялай келаткан кызыл-тазыл көч көрүндү. Өзөндүн төр жагынан дүбүрт сала каптап кирген көп жылкынын алды өзөндөн суу ичип жайылууда. Көч башында жүгү азем жасалгалуу, жибек буйлалуу, чуудасы төгүлгөн кара атанды жетелеп,басыктуу карагер атчан, ак элечек ороно, жашыл макмал чепкенинин этектерин тизесине кыса, булгары маасы-көлөччөн буттарын күмүш жалатылган үзөңгүгө бошураак таяп, жашы кырктан ашып калган ак саргыл толмоч аял келатат. Кара атанга кооз сызмадан чачылуу нокто катылып, чүлүгүнө жибек буйла тагылган, жүгүнүн үстүнө кызыл күрөң калы килем жабылып, түндүк бастырылган, эки жагына самоор, кооз көөкөрлөр байланган, жүктөн көрүнгөн уук-керегелердин баш-аяктарына оймолонгон чачылуу уук кап, кереге каптар кийгизилген, төө комунун кызыл ала чачылары боорунан ылдый самсаалайт. Жүгү азем,чуудалары чубалган кара атандын калбаат кадамдары карагердин шайбыр басыгына төп келе каалгый келатат. Көчтө экинчи болуп мойнуна жылаажын тагылып, жүгүнө килем жабылган, жибек буйлалуу карача каймал жетелеп, кула жорго минген каркыралуу, бойго жеткен кыз көрүндү. Башында үкүлүү кундуз тебетей, кайырма жакалуу кызыл баркыт кемселчен, мойнунда тутам анжиян шуру, сагактуу алтын сөйкө салынган кемселинин этегинен ашкан кош этектүү сары жибек көйнөгү күмүш үзөңгүгө таяган кара булгары маасы көлөчүнүн өкчөсүн жаба, тизгин-чылбырын тыкан кармап, оң колундагы күмүш чегелүү элик сап камчысын анда-санда солбуйт. Кундуз тебетейинин кырынан көрүнгөн жазы маңдайы,субагай ак жуумал жүзү, ийилген кыйгач кара каштары, сурмалуу кара көзү, эптүү кымтылган эриндери төп келише, жаактарын жаба сеңселген беш өрүм кара чачтары кыздын жарашыктуу келбетин ого бетер көркүнө чыгарат. Жетегиндеги карача каймалдын элпек кадамдары жоргонун басыгына айкалыша шыңгыраган жылаажын үнү көчкө өзгөчө шаң берүүдө. Үчүнчү болуп аземделип үй турманы жүктөлгөн ботолуу боз инген жетелеп, жалдуу күрөң жорго минген, тик жакалуу сур тукаба кемселчен, жибек тасмалуу элечек оронгон жаш келин көрүндү. Буудай өңдүү субагай жүзү, кырдач мурун, жазы маңдай, каштары тууган айдай ийилген, сурмалуу кой көзүнөн кумар мээрими жана, жоргонун басыгына төнө бактылуу сыяктанат. Көч Ормондуку, куданы жаңы конушта тосуу үчүн Кош-Булакка конгону келатат. Көч баштаган карагер жоргочон улуу аялы Кусубалды, карача каймал жетелеп, сур жорго мине суйсалган кичүү кызы Кулан, жалдуу күрөң жоргочон кичүү аялы казак кызы Уулбала сулуу. Аларды ээрчий ар кандай жасалгалуу жүктүү төөлөрдү жетелеп, алына жараша кийинген элечекчен, жоолукчан аялдар, тебетей, такыя кийген бойго жеткен кыздар чубоодо, мингендери да ар түрдүү. Шайдоот жигиттер тандамал аттарды минип, ооган жүккө,жыгылган унаага көз сала, көч жандап келатышат. Ормон өзү айылдагы сакалдууларды, жигиттерин ээрчитип, эртең менен көч жөнөй электе конуш чалуу үчүн Кош-Булакка жөнөп кеткен. Кимдин үйү кайсы конушка түшөрүн аныктап болушуп, суунун жээги кашат алдындагы дөңдө ар тарапка сереп сала, аңгемелешип отурушат. Аттары төмөнүрөөк caрт байлоодо турат. Илбериңки жигиттер серке чаначтан кымыз куюп, отургандарга сунууда. Кыядан өзөнгө түшкөн көчтү тосо чыккан жигиттер жүктүү төөлөрдү белгиленген конушка баштап, өйүз-бүйүзгө үйлөр тигиле, көк шиберлүү өзөнгө шаң кирди
Кеч бешим. Суу бойлогон өйүз бүйүздөгү көк жайыктар көркүнө чыгып, чатыраган эки айылда, көөнөрөөк бөз үйлөр, жолум алачыктар ак өргөлөр арасында комсоо көрүнүшөт. Ормонго тиешелүү он эки канат ак үй айылдын өйдө жагына обочо тигилген. Чоң үйдө Кусубалды байбиче, тогуз канат өргөнүн биринде Уулбала, бири Куланга арналып көтөрүлгөн, биринде ашмачылары, бири конокторго тигилген. Үйлөр тигилип бүтө дөңдөгүлөр caрт байлоодогу аттарына минип, өз үйлөрүнө жөнөштү. Дамамат жанында жүрүүчү эки жигити менен Ормон чоң үйүнө жөнөдү. Тушуна түпөктүү найза сайылган даңкайган ак үй уйпалана элек көк шиберде чатырап көрктүү да, сүрдүү да көрүнөт. Мал аягы тие элек жайкалган көк шибер кыбыладан соккон сыдырымга жапырылып, кеч дигердеги күн нуруна жалтылдайт. Үйдөн обочороок тартылган кермеге келгенде жигиттердин бири шып жерге түшүп, Ормондун атын алып, кермеге байлады. Саза да аттан түшүп, Ормонду ээрчий баса үйгө бет алышты. Эки жигиттин бири алдыга өтүп, эшик ачты...
Үйдүн жасалгасы орду менен олуттуу да, сүрдүү да. Ормон көлөчүн улагага калтырып, калпагын, чепкенин эпчи улагадагы күмүш ачалуу ала баканга илип, кемселчен, топучан төрдөгү аюу талпакка отурганда, аялы тура калып, жүк үстүнөн жаздык алып, оң жагына койду. Саза да жеңилдене эр жактагы кара көлдөлөң үстүнө отурду. Кусубалды байбиче оймолуу кара көөкөрдөн кымыз куюп, Ормонго да, Сазага да сунду. Кымыздан кере жутуп, тамшана жерге коюп, мурутун сылай: — Байбиче, конушуңду майлайсың го, — деп жылмая Кусубалдыны карады Ормон. — Кысыр эмди жабагы камдатып койдум эле, силерди келип бата жасайт, деп күтүп отурабыз, — деди камдуу байбиче. — Аа, дурус иштепсиңер, — деп кымызды түгөтө жутуп аягын узатты Ормон. — Мал-аш үйдүн жанында, союучу жигиттер да даяр, — деди бабиче. Кымызга бата тиленип тышка чыгышты. Үйдөн он-он беш кадам оолак шымаланган жигит ойноктогон жабагыны кармап турат. Кыбылага бет ала Ормон: — Оо, Жараткан, тынчтык бере көр, конуш оттуу, куттуу болсун, Аллоху акбар, — деп бата тиледи. Үйгө кирип жайланып отургандан кийин: — Конушту жалгыз майлабайлы. Киши жиберип, Калыкеме, Төрөгелдиге, башка сакалдууларга айттырып койгула. Байыма жетише албаспыз. Өзүнчө чакырарбыз, — деп байбичесине карады Ормон. Амалкөй, эпчил, акылдуу жигити Саза купулуна толгондуктан көп иштерин ага ишенип кеңешчү. Азыр да экөө Көтмалдыдагы жыйын, уруулар арасындагы өйдө-төмөн жагдайлар тууралуу ой бөлүшүп отурушту. Көз байлана Калыгул аке жана башка чакырылган карыялар, Төрөгелди, Адыл инилери келип, дасторкон жайыла самоор чайы үстүндө жаңы конуштун жайыты, Кош-Булактын дарылык касиети жөнүндө кеп салынып, беймарал аңгеме куруп жатышты. — Кудаа каласа жайыт оттуу экен, иши кылып элге тынччылык болсо эле болду. Теңир жалгагыр Ормон баатырдын айдыңынан айбыгып, Кокон сыпайлары да мурдагыдай сороңдоп айыл аралап тынчты алганын коюп калды, — деди жанатан сөзгө аралашпай эпчижакта отурган кызыл чийкил кара сакал салабаттуу киши. — Кимбилет, ала чапандардын амалы күч эмеспи, — деп чайдан ууртап, жерге кое малдашын түзөдү Адыл мырза. — Ажыбек датка жыйында айтпадыбы, Кокон бизге жагынгысы келип турган го, — деп күлүмсүрөй Ормонду карады Төрөгелди баатыр.
— Кокондун айласы түгөнүп турат го. Кудай жолунан безген хан сөрөйдү эли да, Букар кошунасы да жек көрүп турган кези, — деди унчукпай ойлуу отурган Калыгул акылман. — Укканбыз маскара сынакор хандын жоругун. Маскараны Кудай урар, — деп жакасын кармай тобо келтирди отургандардын баарынан жашы улуу ак сакал карыя. — Кудай алдында жазалайм, деп Букаранын падышасы Коконду чапканы турат деп уктук, —деди Калыгул акеден төмөнүрөөк отурган кара сакал салабаттуу киши. — Шариат жолунан чыккан немени жазалайм деп Кашкар кожосу да камынып турушу ыктымал, — деди Төрөгелди. — Кашкар кожосунун айласын кытайлар кетирип турат го, — деди Адыл. Ат дүбүртү угулуп,иттер үргөндөн улам тышка чыккан кызмат жигиттеринин бири шыңга бойлуу, кара сур таар кемселин кайыш кур менен курчанган кер мурут жигитти ээрчите кайра кирди. Бейтааныш жигит: — Ассалоому алейкум, — деп салам айта, сыңар тизелей улагага отурду. — Алейкума салам, жол болсун, өйдөлөй отур, — деди Ормон жигитке сынаакы көз жибере. Өйдөлөп Адылдын жанынан орун алган жигит суратпай сөз баштады: — Көтмалды жактан Сары-Камыштан келатам. Турдубай аке атайын жиберди. Ормон баатырга айтып кой, беш-алты сыпай менен чеп башы Ташмукаммет барат экен. Не бар, не жок деди, — деп сунулган чыныны алып оңдонуп отурду жигит. — Аа, келатыптырбы, мейли, жолу болсун. Ниетине жараша кабыл алабыз да, — деди Ормон ойлуу калыбында. — Жоолашканы келе атпаса керек. Ажыбек датка айткан хандын чакырыгын алып келиши мүмкүн. Сыр алдырбай, орду менен тос. Атайын үй тиктир, куйуна жараша узатарсың, — деди Калыгул аке. — Ооба... ооба, ошентели. Айылдан обочо, өзүнө бир, сыпайларына бир үй тиктиргиле. Аттарына керме керилсин, тейлей турган жигиттер шай болсун, — деп Сазага карады Ормон. — Келер убагы кайсы экен? — деп кабарчы жигитке карады Саза. — Толуктап айткан жок. Эртең, же бүрсүгүнү келчүдөй түрү бар го, — деди жигит. — Не бар, не жок, отуз-кыркча жигит куралдана бугуп турушсун. Чоң үйдүн алдына, алар үчүн тигилген өргөнүн алдына куралдуу жигиттерден кайтарык койгула. Келүүчү жолуна байлатып тургула. Күн мурун кабар алгандай бололу. Калганын убагында көрөбүз, — деди Ормон. — Ошенткениңер оң, сактыкта кордук жок. Жакшы санаа деген болуп, жай келишсе, сен да сыпайкерчилик менен узатарсың, — деди Калыгул акылман. — Кандай дейсиз, эгерде жай келишсе Кокондун бегин Төрөгелди, Адылдар эле тосуп, сый көрсөтүшсүн. Мен узатарда бул үйгө чакырып көрүшөйүн. Ушул үйдөн узаталы, өзүңүз да болосуз да биз менен, — деп Калыгулга кайрылды Ормон. — Ошол оң болот. Капталыңды ачпай, ызаат менен салкын эле узатканың туура болор, —деди ойлуу отурган Калыгул. Аркы-беркини айта сүйлөшүп отуруп, конуш майларга келгендер тай этин жешип, түн бир оокум болгондо кайтышты.
Күн тоо башынан кылая, көлдүн күңгөйү менен беш-алты атчан келатат. Алдыга бөлүнө ат жабдыгы келишкен, суйдаң жалдуу кара аргымак минген киши өзгөчө көзгө илинет. Сургулт чалмасын алчыланта оронуп, көк бейкасам чапанынын ичинен кийген ак кемселине чепкенине түспөлдөш көк белбоо курчанган, сол ыптасында Шам усталары соккон кындуу канжар, тулкусу чымыр кызыл чийкил тегерек бет, маңдайы жапыз, куш мурун, эриндери түйрүк. Быжыгыр кара сакалына кыскарта серпилген муруту куюлуша түйрүк эриндерин алкактап тургансыйт, коюу кара каш алдындагы алагар көздөрү текеберлүү тиктейт. Бул Кокон хандыгынын Көтмалды чебин башкарган Ташмухаммед бек. Анын артындагы жалдуу көк ат минген, ак селдесинин учу күрөң бейкасам чапанынын жонунан ылдый түшкөн, эткээл тегерек жүздүү, үрпөйгөн узун каштары кабагын жапкан, кыркыла тегизделген көк ала сакал муруттуу улгайган киши чептеги мечиттин имамы Ахрар ажы. Алардын артында топуларынын сыртынан жеңил чалма оронуп, бачайы чепкендеринин ичинен кылыч байланган беш сыпай келатат. Ормондун кокон сыпайларына көрсөткөн кордугу жөнүндө кабарды алса, ордодон аскер келет, өзүм барып, айылын өрттөп, өзүн колго түшүрүп ордого жөнөтөм деп өзүн сооротуп жүргөн Ташмухаммед бек бүгүн Ормондун алдына кечирим сураганы күнөөкөр катары баратат. Ызага ичи бышып, буулугуп бараткан бек Ахрар ажыга: — Хазрети, мен түшүнбөдүм ордонун жарлыгына... кыргыздар хан бийлигин тааныбай ордо кызматында жүргөндөргө мүшкүл кордук көрсөтсө, Ормонду жазалоонун ордуна эми минтип баратабыз, — деди оюн толук бүтүрө албай күйүп-быша. — Ээ, бегим, нени айтасыз, аргасы кеткен ордонун амалы да, — деп ээрдин кашын кармай оңдонуп отурду мурда атка минбегендиктен коомай бараткан ажы. — Я, хазрети, Ормонго наам берип, тартуу тартып, пас болгондон көрө, жүз сыпай жиберсе болот эле да, — деп тизгинин жыя нааразыланды чеп башы. — Бек, ойлоп көрүңүзчү, ары жагында Бухар эмири Насрулло ордону басып киргени турса,кантип бул жакка аскер жиберет. Өтө коркунучтуу абал болуп турат ордо үчүн. Эмне болорун Кудай билет, — деп жакасын кармай тобо келтире күрсүндү көптү көргөн имам. — Насрулло Бухараны башкарбайбы, Кокондо эмне иши бар экен, — деп күдүктөндү Ташмухаммед. — Аа, анын да өзүнчө жүйөөсү бар. Ал шариат жолунан чыкканды жазалайм, деп каарданып турат го, — деди Ахрар ажы. — Ким анын колунда экен, кимди жазалайт экен, — деп алаканын жая таң кала сүйлөдү бек. — Хан падыша айым жайын укпагансызбы, — деп ичинен жылмайды ажы. — Укпай анан... дүйнөдө андай чырайлуу аялзаты жок дейт го. Бир көрө албадык го дидарын перинин, — деп күрсүндү ургаачы жандуу Ташмухаммед. — Эмесе, ошол перини жазалайм деп чамынып турат Насрулло эмир, — деди Ахрар. — Немеге? — деп таң калгансыды бек. — Никеге турду хан менен, шариат жолуна туура келбес иш атасынын аялы болгондон кийин, дейт экен Насрулло эмир. — Атасы эбак өлгөн да, — деп таң калды, иштин ички жагдайына түшүнө албаган, дин жагынан сабаты анча эмес бек. Чеп башынын караңгылыгын туйган Ахрар ажы бир аз буйдалды. — Чынында бул түйүндүү иш. Бул кепти токтотолучу бек, — деди алды-артын ойлогон аяр имам. Сөз токтолуп, атчандар кокту өрдөй солго бурула Кош-Булак жайлоосун карай бет алышты. Көтмалдыга чогулган кыргыздардын жыйынына өзү да, чептин имамы да чакырылбаганына ыза болуп, жасоо куруп кыргыздарды чаап алууну дегдеп турганда, Ормонго Парваначы наамы берилгенин кабарлап, аны ордого сыйга чакыруу үчүн өзүн барууга буйруган жарлык Ташммухаммеддин аргасын түгөткөн. Жарлыкты аткарбай коюуга чарасы жок чеп башы имамды ээрчитип, саардан жолго чыккан сапары эле. Кокту өрдөй өйдөлөп барып солго бурула, кыя жол менен белеске чыгышып, артылыш жолдо ар кимиси өз ою менен алектене баратышат. Бир кыйла жүргөндөн кийин сол тараптан мөңгүлүү, карагайлуу тоо бети көрүнгөндө сыпайлардын бири: — Бек, Кош-Булакка чукулдап калдык көрүнөт. Тээтиги карагайлуу беттин алды кенен, ошону Кош-Булак дешет, — деди сыягы мурда бул жакка каттап жүргөн сыпай. — Аа, ошондойбу? — деди ээрине оңдонуп отура, — хазрети, кандай кабыл алар экен кыргыздар, — деп Ахрар ажыны карады Ташмухаммед бек. — Кудаага сыйынабыз да, хан бийлиги атынан келебиз. Колубузда жарлык бар. Кантсе да эл башкарган Ныязбек бийдин уулу эмеспи, сый менен кабыл алар деп ойлоймун. Сиз бек каадасын тутуп, сыпаа болууга, көп сүйлөбөөгө аракеттениңиз. Мен кыргыз бектери менен жолугушууларда болуп көргөнмүн. Булардын каада-салттарын да бир аз билемин. Сиз өзүңүздү кайтарууга сыпайларды койсоңуз осол болор, — деди имам.
Айылга жакындаганда бойлорун түзөп, оңдонуп отура шайбыр жүрүшкө өткөн атчандар эки үч артылыштан кийин белес аша, кашатка чыкканда көз алдыларына келбээрсиген КошБулак өрөөнү тартылды. Төр жагы ак мөңгү баскан карагайлуу аска тоо, көйкөлгөн көк шиберлүү өзөндү жара аккан көк кашка тоо суусунун эки өйүзүнө конгон калың айыл, көк шиберлүү түзөңдө чатыраган ак үйлөр көздүн жоосун алат. Берки өйүздөгү айылдын өйдө жагына тигилген беш үй өзгөчө көрүнөт. Он эки канат аземдүү ак үйдүн оң ыптасына түпөктүү найза сайылган, ак калпак, ак пиязы кемселчен, күмүш кемер курчанып, кылыч байланышкан, саймалуу кандагайларынын багалектери көн өтүктөрүнүн өкчөсүн жаба көлбүгөн шайдоот эки жигит эшиктин эки жагында турат. Көтмалдыдан келүүчү коноктор үчүн ашкана үйдөн өйдөрөөк көтөрүлгөн ак өргөнүн жасалгасы да өзгөчө. Атчандар кашаттан көрүнгөндө утурлай алдынан тосуп чыккан эки жигит меймандарга салам айта, атайын көтөрүлгөн өргөгө узатып келип, колтуктап түшүрө, аттарын кермеге байлашты. Өргөдөн чыккан салабаттуу Саза колун көкүрөгүнө баса салам айтып, ызаат менен өргөгө кирүүлөрүн өтүндү. Тогуз канат өргөнүн ичине ала кийиз, шырдактар салынып,үстүнө кара саксак көлдөлөңдөр төшөлгөн. Төрүнө адеми жууркандардан чакан жүк жыйылып, ак жаздыктар тирелген, капшыттарына килемдер тартылган. Кокондуктарга ыңгайлуу болсун үчүн төргө кыдырата жаздыкчалар коюлган. Эпчи жагында кийим илүүүчүн күмүш чабылган ачалуу ала бакан турат. Үйгө кире бир аз элейе калган кокондуктарга: — Өтүңүздөр төргө, маркабат, — деп сыпаа ызаат көрсөттү Саза. Коноктор сырт кийимдерин чече ала баканга илип, төрдөн жай алышты. Ахрар ажы алаканын жая: — Аллоху акбар, Аллахи таала эл-журтка тынччылык, береке, бейпилчилик берсин. Элине кызмат өтөгөн Ормон баатырдын мартабасы өссүн, — деп бата тиледи. Саза сыңар тизелей отуруп имамга кошула бетин сыйпай күбүрөдү да: — Кандай, азиз меймандар, чарчабай, арыбай келдиңиздерби? — деп жай сурады. — Кудаага шүгүр, — деп коноктор жарыша ыраазылык билдиришти. Тыштан ийнине сүлгү иле кирген жигит колго суу куюп, дасторкон жая боорсок, эжигей, курут, сары май коюп, көөкөрдөн сыр аяктарга кымыз куюп, меймандарга сунду. — Алыңыздар, чаалыгып келдиңер го, күн да ачуу тийип турат, — деп өнтөлөгөн болду Саза. Коноктор кымыздан кере жутуп дасторконго коюп, муруттарын жаный жайланып отурушту. — Алыңыздар, биздин өрүк, мейиздерибиз ушулар, — деп дасторконду жаңсай меймандарга жылмая карады. — Оо, булар өтө ширин даамдар да, — деп эжигейден оозуна салып, жолдошун карады бек. — Кандай, Саза мырза, Ныязбек бий күүлүү турабы? Ормон баатыр демдүүбү? Өзүңүз бакубат жүрөсүзбү? — деди мурда Сазаны көрүп жүргөн Ахрар ажы. — Ыракмат, азирети, бий, Кудайга шүгүр, күүлүү-күчтүү жүрөт. Ормон баатыр эл камында.Кокондун улуу даражалуу ханы Мадалы таксырга жакшылык тилейбиз. Кандай, таксыр ханыбыз ден соолукта элин бакубат башкарып турабы? Анын караанында ордо билермандары күүлүү турушабы? Кокон эли тынч бейпилдикте турабы? — деп ызаат менен имамга жооп кайтарды Саза. — Тилегиңизге ыракмат, Саза мырза, Тендешсиз улуу падышах, сахип кыраан Амир Темир урпагы, Алтын бешик мураскору улуу даражалуу таксыр Мадали хандын калкасында эл-журт эсен, тынччылыкта турат. Касиеттүү ордодон, таксыр Мадали хандын өзүнөн салам дуба алып келдик. Ормон баатыр менен учурашып кайтсак деген ойдобуз. Урматтуу Ташмухаммедбек ордонун өкүлү, чепте да бул кишини зарурат иштер күтүп турат, — деди имам кымыздан татып жерге кое. — Чоң ыракмат, биздин тилегенибиз да ордого жакшылык. Ормон баатыр менен да жолугасыздар, убагы келгенде, — деди Саза. Эшиктен шуулдай кайнаган самоор кийирилип, шамдагай жигиттер чыныларга чай куюп сунушуп, меймандар сый үстүндө отурушту. — Сыпай жигиттер тиги үйдө өзүлөрүнчө конок болууда, кам санабаңыздар. Жай отуруп даам татып, эс алыңыздар. Кыргызда жол азабы, көр азабы, деп айтылат, — деп сөзмөр Саза өткөн замандын кызыктуу окуяларынан кеп сала меймандарды күлдүрүп, үй ичин көңүлдүү маанай ээлеп турду. Эшиктен кирген жигит Сазага: — Меймандарды түштөндүрөлү деп козуга бата сурайбыз, — деди. — Меймандар чарчап келишти. Тургузуп убара кылбай, козуңду баш бактыр — көрүшсө болду, конок тойбодум дебейт, сойбоду дейт, — деп күлдү Саза. Козуга бата тиленгенден кийин: — Эми, урматтуу бек, азирети ажы, бүгүн силер биздин эркибиздесиздер, сыйламак бизден, сый көрмөк силерден. Кымыздан ичип отуруңуздар. Убагы келгенде тамаша курдуруп беребиз, эрикпейсиздер, — деп күлдү Саза. — Ичтик го кымызды, — деп белбоосуна оң колун сыртынан өткөрүп, чалкалай ыңгыранды Ташмухаммед бек. — Ээ, бек, алдыда тура берсин, кымыз өз ордун табат. Азыр комузчу-ырчы да келип калаар,кыргыз айлына келип ыр, күү укпай кетүү арман болоор деп сөзүн бүтө электе, колуна комуз кармаган орто бойлуу, кара кемсел, ак калпакчан, кара сур, кер мурут жигит: — Ассалому алейким, Ала-Тоону аралай келген азиз меймандар, куш келипсиздер айтылуу Ормон баатырдын айылына, — деп салам айта эр жактан төмөнүрөөк орун алды. — Комуз кыргыз менен кошо жаралган, конок сыйын комуз, ыр коштобосо болобу. Меймандарга эрмек болоюн деп келдим, — деп Сазаны карады комузчу жигит, камчы салдырбаган сөзмөр Бекенбай. — Бали, азамат, таап сүйлөйт экенсиң. Саза мырза комуз деп айтаары менен кирип келгениң ажайып болду, — деп күлдү, эшикте тыңшап даяр тургансыңбы деген сөзүн айтуудан айбыккан Ахрар ажы.
Уландысы бар

#ОрмонХан. - 981053885781

Комментарии