Комментарии
- 29 окт 2024 07:48УЛАНДЫСЫН ЧЫДАМСЫЗДЫК МЕНЕН КУТОБУЗ АВТОРГО ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ИЙГИЛИК КААЛАЙМ КАЛЕМИН КУРЧУЙ БЕРСИН.
- 29 окт 2024 11:37Арбаныздар окурмандар 3 бөлүмү чыкты группанын лентасына кирип окуй берсеңиздер болот
- Комментарий удалён.
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь

Бакыт Үйү
#ҮШҮГӨН БАКЫТ
4-бөлүм.
Айжаркынды таякесинин аялы
жылуу жүз менен тосуп,бөлмөсүн
көргөзүп,өзгөн күрүчүнөн мыкты
аш басып,тосуп алды.Бул жылуу
жүз аял,бир көргөндө эле жакты,
кечинде таякеси,эрезеге жеткен
бир жигит,коёндой окшош бой жет-
кен эки кыз келди.Балдары менен
тааныштырып,бир эки күн эс ал,
анан документтериңди окууга тап-
шыр,жаныңдан чыгарып,эч нерсе
алып келбе,мени адам кылып,эре-
зеге жеткирген Бүбү эжем эле,таа-
рынышып,катташпай калган элек,
улуу башын кичүү кылып келиптир,
ортодогу таарынычты кечириштик.
Өз үйүңдөгүдөй жүр деген тайакеси
Айжаркынды кучактап,бардык нер-
сени убакыт жеңет,таразалайт.Бир-
ден бир максат,окууга өтүшүң керек деди.
Ал күнү абдан тынч уктады Ай-
жаркын.Ал турганда үйдө жан киши жок.Бир барак кагазга,тамак
муздаткычта,деп жазып калтырыш
кан экен.
Ал тамагын ичип,үйдү мизилде-
тип тазалап,эшиктин алдын шыпы-
рып,гүлдөргө суу куюп,айылдагы-
дай эле жумушту заматта бүтүрүп
койду.
Кечинде бардыгы тең Айжаркын
га рахмат айтышып,ыраазы болу-
шуп,канчадан бери үй тазалап,
эшик шыпырылбай,гүлдөр куурап
баратканын айтышып,кантип же-
тиштиң деп,тамашалап:-Сен булар-
ды антип көндүрбө,мойнуңа минип
алып түшпөй коюшат деп күлдүрүп
жатты тайакеси.
Эртеси эшикти бекитип,Кумар
жашаган кичирайонго бет алды,
Айжаркын.Бирде ыйлап,бирде кү-
лүп,актанып жатты Кумар.
-Менин бир гана суроом бар,ме-
нин атам ким,деген суроого:-Мен
сага айттым эле го,дей электе эле,
мен билем,сиз мага жалган айткан
сыз,чынын айтыңыз деди,өктөм.
Кумар мукактана:-Сага анын эм-
не кереги бар,Кутжан жездем сени
өз кызындай көрөт дегенде,Айжар-
кын,өткөндөгүнү эстеп,жаны кашай
ды.
- Атаң бар,бирок ал сендей кызы
бар экенин билбейт.Маяковскийде
сабак берет.Анда-санда көрүп ка-
лам деди.
-Аты-жөнү деди,Айжаркын.
-Марат Абазов,Оштун Кара-Суу-
сунан,үй-бүлөсү бар.Анын сага эм-
не кереги бар,Кумар суроолуу кара-
ды.
-Демек,менин атам бар,тегим
белгилүү.Мага андан эч нерсенин
кереги жок,ал улутуна ордунан
турду да,Кумардын тамак ичип
кет деген сөзүн,жоопсуз калтырып,
жолуна түштү.
Маяковский атындагы кыз-ке-
линдердин педагогикалык инсти-
тутуна тапшырган Айжаркындын
ою,таанып көрбөгөн атасында бо-
луп,Марат Абазовду тааныйсыздар
бы деп,сурагандан айбыгып жүрдү.
Биринчи экзамен башталган кү-
нү:-Чоң кыз,сиз Марат Абазовичтин
кызы эмессизби деп сураган,бей-
тааныш жаш келин,аны атайы ток-
тотуп алып сурады.
Ал күтпөгөн жерден берилген су-
роого:-Кайдан билдиңиз деп,суроо-
луу карады.
-Марат Абазовичтин "копиясы"
экенсиз деген,папаңызга куюп кой-
гондой,дээри менен:-Жок,жок мен
башкамын деп,шашыла басып кет-
ти.Тигил келин,артынан карап тур-
ду да,башын чайкап басып кетти.
"Демек,мен атама окшош экен-
мин да"деген Айжаркын,өзүнө ок-
шош адамдарды карап,издей баш-
тады.Биринчи,экинчи экзаменди
жакшы деген баага тапшырды,
анын үстүнө "Педагогика" факуль-
тетине конкурс чоң экен.
Үчүнчү экзаменден "беш" алган
соң,окууга өтөм деген ишенич пай-
да болуп,күндүн ысыгында,көлөкө-
лөп турган Айжаркын өзүнө окшош
адамды көрдү.Сөзсүз ушул болуш керек деп ойлоду ал,жакындаганда
терс бурулуп,басып кетти.Жүрөгү
лакылдап,титиреп чыкты.Эмеле
эле издеп жаткан адамы алдынан
чыкса,калтырак басып,каршы ала
албады.
Төртүнчү экзаменге кирген Ай-
жаркын тез эле чыкты.Мектеп про-
граммасындагы суроолор болгон-
дуктан,даярданбай жооп бергенди-
ги үчүн,жогорку баа алды.Үйгө кел-
се Турат таякеси бар экен,жогорку
баа алганын угуп,"сенин гениң мык-
ты,Айкеш"деп алып,сөздү буруп,кой
өз күчү менен чанда гана окуучу
өтөт,муну майлабасак болбойт,мен
дүкөнгө барып келейин,сен болсо,
эт туурай бергин,эжемдин "жанта-
лашмасын" сагындым,деп жөнөп
кетти.
Үйдөгүлөр чогулуп,дасторконго
болгон тамакты коюп,Айжаркынга
ак жол тилешип,өз күчү менен өт-
көн азамат деп,мактап жатышты.
Экзамендердин жыйынтыгы
илинген жерден,өз фамилиясын окуган Айжаркындын кубанычын-
да чек жок,бир гана өкүнүчтүүсү
маңдай жарган кубанычын эч ким
менен бөлүшө албагандыгы.Окууга
өтсөң да,өтпөсөң да,билгизип кой
деген Кумарга телефон чалуу үчүн
жолдун наркы бетине өтүп,баягы
кишини дагы көрдү.
Окуу башталаарына дагы убакыт
бар болгондуктан,Айжаркын айыл-
га баргысы келип,тайакесинен урук-
сат суранды.Эжесине деген чай-ча-
мекти арбын салып,бул Тумар эже
никине деп,дагы баштык салды да,
алып барбасыңды билем,бирок бердиртип жиберсең болот деген
Турат,автобекетке алып келип,рай-
борборго чейин,чоң автобуска са-
лып жиберди.
Райондун борборуна келген Ай-
жаркын айылга кетчү автобустун
аялдамасына келсе,бала көтөрүп,
баштыгын араң колуна илген Кадича да,аялдамага бара жаткан
экен.Экөө мектептен бери көрүшпө-
гөнү менен,кимиси эмне болгонун
беш колдой билишчү.
-Сен азамат экенсиң,Айжаркын
деди,Кадича:-Жашоо үчүн күрөшүш
керек тура,суурулуп чыгып кеткени-
ңе суктанам.Уулуң да чарчап кал-
ган турбайбы,мен деле көңүлүм
жок жашап жүрөм,апама катуу таа-
рынып каттачу эмесмин,бирок,аяй
берем.Минтип балалуу да болуп
калдым.Баламды атасыз өстүргүм
келбейт.Окууга тапшырат деп ук-
кам чынбы,деди.
-Ооба,окууга өттүм.Окуу баштал-
ганча үйгө келе жатам дегенде,Ка-
дича:-Азаматсың,Айжаркын.Мен
эгер окусам,юрфакка тапшырып,
жалаң аялдарды зордук-зомбулук-
тан куткаруу үчүн борбор ачып иш-
тээр элем.Бизге окшогондор канча,
кор болуп,үнү жетпегендер толтура.
Бизде мыйзам иштебейт,аялдарды
тең укуктуу деген менен,тебеленген
укугуңдун кимге кереги бар,укук коргоочу милицияң ачуу басарга
баргандар менен конок болуп жүрсө,каяктагы укугуң корголот.
Мен да окугум келет,деп Айжаркын
дын оюна келбеген бир топ нерсе-
ни айтып,таң калтырды.
Кадича да энесиникине барат-
кан экен,жол ката экөө көп нерсе-
лерди айтышты.
Бүбү күндө ыйлап бушайман болчу:-Эми кайрылбайт,көңүлү үч
көчкөн журттай калды,деп ойлочу.
Айжаркындын келиши,анын аала-
мын жарык кылды,Айжаркын кан-
чалык ичи муздаса да,эне баласын
жамандыкка кыйбас,жашап кетсе
жанымда болот деген да деп,кечи-
рип,өзү да аны сагынганын жашы-
ра албады.Кучакташып,ыйлаган
экөөнү соороткон адам жок,көкү-
рөктөгүнүн баарын жуушуп,сүйлө-
шүп олтурушту.
Эне-бала ортодо эч нерсе бол-
богондой жашап,бир гана "атасы"
Кутжан үйгө кире албай,эшикте га-
на жүргөнүн,сүткө оозу күйгөн кү-
чүктөй болуп,сөзгө деле коошо ал-
бай жатты.Айжаркын да,билмексен
болуп,көңүл бөлбөгөнгө аракет кы-
лат.
Күн шамал учургандай өтүп,ал
кетүүгө кам ура баштады.Эртең ке-
тем деген күнү,Тураттыкына берчү
баштыгын көтөрүп,Тумар тайэжеси келиптир:-Кагылайын Айжаркын,
бизди кечир.Ырас,окууга өтүп алып
сың,бактылуу бол деп,келип кетти.
Ошол эле күнү,Айжаркындын
Асипа деген классташын Ырыскул
ала качып келиптир,куугунчу барса,
Тумар түлкү ичи-койнуна кирип,уза-
тып коюптур,байкуш Асипа качам деп,тепкичинен кулап,эс учун бил-
бей жыгылып,айтор,эртең менен
Шакир милиция менен барса,түндө
эле иши бүтүп,кыз кетпейм деп
коюптур деген Нармырзанын аялы
акыркы кабарларды айтып,Ырыс-
кулдун зордуктаганын эстеп,Асипа-
ны аяп жатты.
Кызыктуу чыгармаларды окугуңуз келсе "МЕЗГИЛ АГЫМЫНДА АМАНБОЛОЛУ" группасына кошулуңуздар.
Каап,юридикалык факультети
бар окуу жайга тапшырбай,булар
качанга чейин тайраңдашат,кой-
дой өңөрүп,катын кылып,каалага-
нын жасап,эми дагы уялбай,ала
качып алганын,мыйзам бизде ка-
чан иштеп,качан кыз-келиндин уку-
гу тебеленбей калаар экен деп,ой-
лоп,колумдан келсе,мыйзамдын эң
күчтүүсүн колдонуп,кордогон кан-
дай болоорун көргөзөөр элем деп,
бушайман болду.Өз энеси Кумар-
дын тагдыры талкаланып,жаты-
нын жарып чыккан баласы мага ээ
болгон жок,менин тагдырым талка-
ланды,бейкүнөө наристе майып бо-
луп төрөлдү да,өлдү.Акылы ашкан
Кадича тагдырына нааразы болуп
жашап,балалуу болуптур,эми Аси-
панын тагдыры да,биздикине тек-
теш,акмак Ырыскул аны деле зор-
дуктап салды да,деген ой кетпеди.
-Ырас үйлөнүптүр,чапкан сайын
көз чыкпас,Тумарга карамдуу бол-
со болду деп,Бүбү да бир тууганына
боор толгоп,Айжаркындын көргөн
кордугун унутуп койгондой.
Ал түгүл,ата деп,чекесинен сы-
лап чоңойткон Кутжандын жоругу
тигил,Айжаркын заматта бойго да,
ойго да жетип калганын сезип,бул
күндөрүнө да,шүгүр кылды.Сөзсүз
бул нерсе менин көкүрөгүмдө,зор-
дук-зомбулукка жол бербеш керек
деп ойлоду.
Студенттик күндөр кандай сонун,
шаар кыштактан жаңы келгендер,
айрыкча,айылдан келгендер үчүн
шаар ажайыпкана болуп көрүнөт,
жаңы жүздөр,жаңы көздөр,түркүн
тагдырлар.Таза тагдырлар,жумурт-
кадай жылмакай,ошол эле жумурт-
ка жарылгандай,талкаланган таг-
дырлар,эч кимдин чекесинде жазуу
болбогондуктан,сенин ичиңдегини
эч ким билбейт.Ар ким өз кубаны-
чын,өз кайгысын көтөрүп,сыр бер-
бейт.
Таанышуулар,ким менен курс-
таш экенмин деп кызыгуулар,элге
жат жаман жактарың,эл жактыр-
ган,ал түгүл суктанган жакшы жак-
тарың,жайнаган көздөрдүн кароо-
су,биринчи жактыруулар,айтор кой-
чу,кооз жомок дүйнөгө кабылган
алгачкы күндөр.
Бара бара ар биринин орду та-
былып,студенттик ачка ток күндөр
кучагына шап деп алып,баягы дүй-
нөң жөө жомокко айланат да,ызыл
дак-тызылдак жашооң башталат.
Айжаркындар жүзүм совхозуна
айыл чарбасына көмөк көрсөтүүгө
барышты.Окуу жай кыз-келиндер
институту болгондуктан,жалаң кыз-
дар,бири жаш,бири элүүдөн оогон
эки мугалим жетектеп келди:-Жер-
гиликтүүлөр менен сүйлөшмөй жок
деп эскертти Жоомарт Жанболото-
вич,ала качып кетсе,жооп бербейм,
артыңардан барбайм,жумуштан ки-
йин,эс аласыңар,жуунуп таранып,
ырдап,ойноп каалаганыңарды кы-
ласыңар,айылга бармай жок,дүкөн
гө бармай жок.Бул жакка дагы,со-
веттик соода техникумунун студент
тери келет экен,тартипти сактап,ын
тымакта болгула деп,эскертти.
Жүзүм совхозундагы жүзүм та-
лаасын айт,мөлтүрөгөн сабактары
салаалап,биринчи барганда,эки ко-
лу бир оозуна түтпөй,жууп жегенди
да унуткан,студенттер,эки үч күн-
дөн кийин,көргүлөрү да,келбей
калды.Соода техникумунда да көп-
чүлүгү кыздар,балдар жокко эсе.
Кеч курун мотоцикл менен учка-
шып,чиркешип келген айылдын балдары,тынчтык бербей,милиция
такай ушул жерде болуп калды.
Эртең институттун админстра-
циясынан текшерүү келет экен,ич-
кен тамак,жаткан жерден бери ка-
райт дешип,жатакананын ичин жыйнашып,ашканага жаңы идиш
аяк,орундуктарды алып келишип,
станда күү-шаа.
Уландысы бар...
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер...