Комментарии
- 29 окт 2024 13:21Жөнөкөй Айым
- Лимон🍋 Лимон 🍋Комментарий удалён.
- 29 окт 2024 13:39Лимон🍋 Лимон 🍋
️
- 29 окт 2024 18:18Фатима Танабаева
- 29 окт 2024 19:07Рахат ТургамбаеваСоонун создор кулакка синирип алчу!
- 29 окт 2024 22:30Минура Бердибекова🥺🤢
- 9 ноя 2024 17:15Жыпаркул КуловаЭне балдарына эч качан жамандык каалабайт азыр көпчүлүк жаштар өз алдынча болгусу келет анда бүт баардык жактан өздөрүн камсыздасын.Эне баласы курсагы ток ушубой кырсыктан тышкары болсо экен деп баласына эскерте берип өзү кайгы тартып оорукчан болуп тез картайып атпайбы.Балам балалуу болгондо көрөөрсүн дегенди эстегиле.
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Бакыт Үйү
• Апа, мени менен сүйлөшкөндү жакшы көргөнүңдү айтчы.
Мен чоңоюп, өзүмдүн кызыктуу адам экенимди билейин.
• Апа, мага ыйлаганы, ачууланганы, кайгырганы, сүйүнгөнү тыюу салбачы. Өзүң ачык болуп, сезимдериңди көрсөтүп, катаңды мойнуңа алчы. Мен чоңоюп, менде баары жайында экенин билейин.
• Апа, менде эмне болуп жатканын байкачы. Мен башка адамдар менен эмоционалдык жакындыкка жөндөмдүү болуп чоңойойун.
• Апа, мен кыйналганда, жаңылганда, ойлорум ишке ашпай калганда мени сооротчу. Жазалоонун ордуна сооротчу. Чоңоюп, өзүмдү да, башкаларды да колдой алайын.
• Апа, менден эмнени жакшы көрөөрүмдү сурачы, менин муктаждыктарымды жана кызыкчылыктарымды эске алчы. Мен чоңойуп - өзүмө жана башкаларга кам көрө алайын.
• Апа, сага “жок” деп айтууга, кээде сени менен макул болбоого, каршылык көрсөтүүгө уруксат берчи. Мен чоңоюп, “жок” деп айта алайын.
• Апа, мага эркиндик берчи, мени дайым башкарганды, текшергенди токтотчу. Ошондо мен жоопкерчиликтүү болуп чоңойом.
• Апа, мага сезимдер жөнүндө айтып берчи. Мен чоңоюп, өзүмдү түшүнөйүн.
• Апа, сен жакшы көргөн нерселердин баарын жакшы көрбөөгө, сен каалагандын баарын каалабоого, кээде сен каалагандай болбоого уруксат берчи. Мен чоңойуп - чыныгы каалоолорумду түшүнөйүн.
• Апа, мени чоң адамдардай болууга шаштырбачы, балалыгымды жашайын. Мага алсыз, кичинекей, муктаж болууга уруксат берчи, чоңойгондо өз алдынча болойун.
• Апа, мени болгонумдай жакшы көрчү. Мен чоңоюп, өзүмдү баалуу сезейин.
• Апа, бала кезимде жанымда болчу. Чоңойгондо жалгыздыктан кыйналбайын.
• Жана дагы бир нерсе, мени бат-баттан кучактап турчу, суранам.
Сен канткенде да, сени дайым жакшы көргөн, сага дайым муктаж болгон, сени дүйнөнүн эң сулуу апасы катары көргөн сенин балакайың…🤍