Комментарии
- 30 окт 2024 09:29Айша Курбанова
- 30 окт 2024 09:36Baktygul 1960
- 30 окт 2024 09:36Т Ш 🌺🌺
- 30 окт 2024 09:44Н С
- 30 окт 2024 09:57Айша Курбанова
- 30 окт 2024 14:19Майрам Дарбакова
- 30 окт 2024 21:24Айнуру М
- 31 окт 2024 22:04Nargul Iminova
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Бакыт Үйү
#ҮШҮГӨН БАКЫТ
6-7-8-БӨЛҮМДӨРҮ...
Абазов Айжаркынды көргөндө
эле,ичинен кан өттү.Көз алдына
тээ алыста калган бактылуу күндө
рү тартылды.Москвадан Ломоно-
сов атындагы Университетти ар-
тыкчылык диплому менен бүтүп
келген жаш жигит,ата-энесине ка-
рап,айылдык кызга үчүнчү курста
эле үйлөнгөн.Окуусун аяктаганча,
эгиз эркек уулдуу болуп,окууну бүтүп келээр менен,ОшМУга окутуу-
чу болуп,айылдан барып келип иш-
теп жүрдү.Келинчеги карапайым үй
бүлөнүн кызы,орто мектепти бүтөө-
рү менен,Абаздар сөйкө салып,Ма-
ратка алып беришкен.Ата-энесине
карап,илимге баш оту менен кирген
неме,аял алганына деле маани бер
беген.Качан эгиз уулдуу болгондо
гана,жоопкерчиликти сезип,байра-
лып калган.
Амбициясы күч,билими бийик,
жүрүш-турушу үлгү,өткөн сабагы ташка тамга баскандай,бул мыкты
мугалим,мамлекеттик аттестация-
дан мыкты өтүп,КМУга ага окутуучу
болуп которулуп,бой келген.Окутуу-
чулар жашаган эски кабат үйдөгү
үкүнүн үйүндөй бир бөлмөлүү жата-
канада жашап,кечки бөлүмдүн сту-
денттерине да сабак берүүчү.Мына
ушул жерден,Кумардын кумарлуу
көзүнө арбалып,жашыл шаардан
жагымдуу жашоо,жылуу коюн,жум-
шак төшөк таап,Кумардын туткунун
да калган.
Кумар кечки бөлүмдө окуп,күн-
дүзү камволдук-нооту комбинатын
да,жип ийрүүчү болуп иштөөчү.Өз
ишин мыкты өздөштүргөн,жаш ком
мунист,күндүз иштеп,түндө окуйт
дешип,жатакананын эң мыкты бөл
мөсүндө жалгыз жашачу.Марат
белен тамакка,камкордукка тез
эле көнүп,Кумардын кучагынан
чыга албай калат,ошол учурда ата-
сы Абаз каза болуп,Марат айылга
кетет.Ал кеткенден кийин,Кумар
кош бойлуу экенин билип,эмне
кылаар айласын таппай,эжеси Бү-
бүгө кеңешип,алдыртып салууга
барат.Биринчисин алдыртса,бала-
луу болушу күмөн дешип,Кумар ал-
дырткандан баш тартып,төрөөрү
менен Бүбү багып алмак болот да,
төрөгөнчө силердикинде тура тур-
сун деп,Тураттыкына барса,Турат
өкүрүп бакырып,эри жок тууйт деп,
экөөнү тең кууп чыгат.Бүбү менен
Тураттын катышпай,сүйлөшпөй жүргөнү да ошондон эле.Кумарды
бир орус кемпирдин үйүнө коюп,
кийин кызын этек алдынан алганы
да ошол.
Абазов кайра келип эле таппай
калган Кумарды,ал кетээри менен
анын аялы,эгиз баласы бар экенин,
уккан Кумар,эмне үчүн,үй-бүлөсү
тууралуу айткан эмес деген күдүк
ой менен,университеттеги жакшы
таанышына ошол учурдагы мыкты
дефицит болгон армяндардын "Бе-
лый аист" коньягын көтөрүп барып,
кадрлар бөлүмүнөн жеке маалыма-
ты сакталган делону каратып чыгып,жанынан түңүлгөн.Арызда-
найын десе,экөө тең коммунист,мо-
ралдык жактан бузулган деген өч-
пөс так жармашып,экөө тең партия
дан чыгарылып,жумуштан да,окуу-
дан да айдалышмак.Бүбү мен ба-
гып алам деген соң,өзүнө да,өңгөгө
да зыян кылбайын деп,орус кем-
пирдин батиринде,жыл бою жатып,
Бүбү ат тезегин кургатпай,эч нерсе-
ден кем кылбай төрөтүп,төрөгөн соң,эшигинин алдына таштатты-
рып,Тилектин кызы дедиртип,өлгөн
Тилекке телип койгон.Кумар төрө-
гөнү эле болбосо,башы бир замат-
та азат болуп,кызы да ишенимдүү
адамда,көз алдында экендигине
сүйүнүп,атайын жолдомо менен
Россиянын Иваново шаарындагы
тигүү фабрикасына кетип,көп жыл-
дар бою иштеп,азыркы күйөөсүнө
турмушка чыгып,балдарлуу болгон
соң,Кыргызстанга келип,Фрунзе-
ден үй алып,жашап калышкан.Ма-
ратты өмүр бою эсинен чыгара ал-
ган жок,себеби ортодогу Айжаркын
аны дайыма эсине салып тураар
эле.Кийимдин жакшысын алып бе-
рип,Кумар Бүбүгө жакшы каралаш-
чу.Кызын тарбиялабаса да,мате-
риалдык жактан,Кумар мыкты де-
мөөрчү болуучу.
Абазов кийинки жылы ОшМУга
которулуп кеткендиктен,жабылуу
аяк ачылбаган бойдон,ал үчүн та-
бышмак болуучу.
Сабак башталганда териштирип
алам,азыр тынч тура турайын де-
ген Марат,ошол үчүн да,Айжаркын-
ды казып сурабады,ага күндөр жылбай өткөнсүп,студенттердин
окуусунун башталышын чыдамсыз-
дык менен күтүп жатты.
Айжаркын тескерисинче,окууга
барганда кантем,чынын айтып таш
тасам,окуудан айдап жиберсе кан-
тем деп бушайман болуп,күндөрдүн
өтпөшүн каалоочу.
Ошентип,айыл чарба жумушта-
ры да аяктап,студенттер шаарга
кайталы деп жаткан учурда Шакаф-
тарлык Асылжанды винсовхозго
ала качып кетишти.
(Уландысы бар.)
ҮШҮГӨН БАКЫТ
7-бөлүм.
Мына кызык,ала качкан кыз
отуруп калыптыр,Жанболотов ми-
лиция ээрчитип барса:-Босого ат-
тагандан кийин,кетпейм деп коюп-
тур тигил кыз.Эми,өз башы өзүндө
ушинтип,окубай калышат деп,ке-
йиген агайы,кыздарды милиция-
нын коштоосунда,шаарга алып жө-
нөдү.
Окуу башталды,студенттик жа-
шоонун кызыгы,кенен аудитория-
лар,ак чач,сүрдүү профессорлор,
узун лекциялар,айтор мектеп ме-
нен жогорку окуу жайындагы ас-
ман менен жердей айырмачылык-
тар.Күндөр зуулдап,Айжаркын баш
оту менен сабакка берилип,эрте
келип,үйлөрдү жыйнап коёт да,
сабагына киришет.Биринчи семестрди ийгиликтүү аяктап,ка-
никулга тараганы жатышкан,жал-
пы жыйналыш болуп,залдан чы-
гып бара жаткан Айжаркынды:-Ти-
лекова сени проректор чакырып
жатат деген,баягы катчы Барчын,
ойсоктоп,басып кетти.
Айжаркын анын артынан басты
да,эшик алдында саамга туруп,эм-
не болсо да көтөрдүм деп,эшиктин
түбүндө проректорду кайтарып,жу-
луна караган өңү шимектей болгон
катчысына:-Мени чакырыптыр де-
ди ыңгайсыздана.
Катчынын киргенинен чыкка-
ны бат болуп:-Кириңиз деди,сылык-
тыгынан сынып.
Айжаркын киргенде,Марат ордунан тура калып,каршы алды.
Тунжураган жымжырттыктан кийин:-Айжаркын,атың жакшы
экен деди,тек гана.Ордунан турду
да,терезени көздөй басып,далысын
күйшөй:-Айжаркын,сен мени менен
бир жерге барып келүүгө макул бол,дегенде,Айжаркындын ою алда кайда кетти да:-Жок,агай мен
эч жакка сиз менен бара албайм
деп,калтырап кетти.
-Жоок,кызым.Сен мени туура
эмес түшүнүп алдың.Таптакыр ан-
дай эмес.Ал туюк эле,баш аягы жок
сүйлөп жатты.Айжаркын да,түшүнө
албады.
-Эмесе мындай кызым,мындан
17-18 жыл мурун,мен бакытымды
капысынан жоготуп алганмын.Ба-
кытым белгисиз эле себептер ме-
нен колумдан учкан.Ошол учкан ба
кытымдын учугун мен сенден тап-
кан турам.Бери басчы,мен сага бир
нерсе көргөзөйүн,ал жумушчу столу
нун тартмасынан,фонтандын жа-
нынан түшкөн Кумар экөөнүн сүрө-
түн алып чыкты.Мына ушул сүрөт-
тө сен менин көчүрмөмсүң,көрдүң-
бү?
Айжаркын кепти узарткысы кел-
ген жок:-Ооба,бул менин төрөгөн
энем Кумар,бирок менин апам Бү-
бү.Кумар эжем,атаң Марат Абазов
деп айткан болуучу дегенде,Марат
Айжаркынды эки ийининен кар-
мап:-Кумар менин бакытым болчу,
сен жөнүндө ушул убакка чейин билгеним жок,бирок дайынсыз жок
болуп кеткенде,шектенгенмин.Тур-
мушка чыгып,Казакстанга кетти
деп угуп түңүлгөнмүн деди да,Ай-
жаркынды батынып кучактай ал-
бай турду.Айжаркын да эмне кы-
лаарын билбей,нес болуп турду.
Ортодогу жымжырттыкты Ма-
рат бузду:-Кумар кайда деди ал,
Айжаркын ошондо гана эсине кел-
гендей,Кумар тууралуу айтып бер-
ди.-Жүрү,деди Марат,Кумарга жолу-
галы,сен туура түшүн,сен менин кы-
зымсың,мен сенин атаңмын.Менин
Кумардын үй-бүлөсүн бузуп,залал
тийгизбеймин,Кумарга жолугалы
да,сени тарбиялап өстүргөн ата-
энеңдин алдынан өтүп,ыраазычы-
лык билдирейин,мен сени алардан
албетте талашпайм,демек сенин
эми атаң болот.Мындан кийинки
жашооңдо,менин да ордум болу-
шун каалайм,кызым деди.
Айжаркын Кумарга жолуккусу
келбеди:-Мени апам да,атам да,өз
эне-атамдай эле карап,багып өстүр
гөн.Мен атамдын ким экендигин
билгим келгендиги чындык,мен
билдим,сиз да өз үй бүлөңүз менен,
Кумар эжем да,үй бүлөсү менен аман болуңуздар,жарык дүйнөгө
алып келгендигиңиздерге рахмат
менин ата-энеме да,бул оор тийи-
ши мүмкүн.Мен муну эчкимге айт-
пайм.Сиз да,айтпай эле коюңуз.
Мен кетсем болобу,агай деп,атасын
тике карады.
Марат үнсүз башын ийкеди да,
шалдайып барып,креслосуна ол-
турду.Кумардын дарегин алып,жо-
лугууну туура көрдү да,ыргып туруп
сыртка чыкты.Айжаркын эбак эле,
админстративдик корпустан чыгып
кеткен болуучу.Ал сабакка кирбеди,
тек гана эшикке чыгып,басып бара
жатты,каякка баратканын өзү да
сезген жок.Көкүрөгү жеңилдеп,би-
рок ызаланып турду,эмне үчүн баш-
калардай өз ата-энемдин мээрими-
не бөлөнүп,чоңойбодум.Апам го
апам,эмне үчүн Кумар эжем,мени
Ырыскулга өз үйүнөн салып берди?
Эмне үчүн апама каршы чыга ал-
бады,эмне үчүн Кутжан апам жок-
то үстүмө кирди,ушундай ойлорго
жооп таба албай келе жатканда,ал-
дынан уулун жетелеген Кадича
чыкты.
-Иий,ырас болбодубу,сага кантип
жолугаарымды билбей жатканмын
деген,Кадича курбусу менен кучак-
ташып көрүшүп:-Кыз-келиндердин
укугун коргогон "Сезим" деген кри-
зистик борбор ачылыптыр,атайын
ошого келгенмин.Билесиңби,Ай-
жаркын,сен азамат экенсиң,баары-
на кайыл болуп,башыңды бошотуп
чыгып кетип,минтип окууга өттүң,
келечегиң бар.Мен тагдырга моюн
сунуп,уулум үчүн жашайын деп ой-
логом,бирок жашоо биз ойлогон-
дой эмес экен,уулумду алдым да,
чыгып кеттим.Азыр ошол кризис-
тик борбордон келе жатам,эртең
психологго көрүнмөк болдум,уулум
ду бакчага орноштуруп,өзүмө жу-
муш таап берүүгө убада беришти.
Көпчүлүгү шаардыктар экен,сен
кантип келдиң деп таң калышты.
Менин окугум келет,апам ыйлаган
бойдон калды,апамды аяп жашай
берейин деп,өзүмдү зордосом да,
болбоду.Адам максат коюп жаша-
шы керек тура,буюрса эмдиги жы-
лы окууга тапшырам.Сот аркылуу
баламды алуум керек,деп өз тары-
хын айтып бүтпөдү.
Айжаркын Кадичанын жүзүндө-
гү сабырдуулук менен үнүндөгү
чечкиндүүлүктү байкады.
-Азыр кайда барасың, деди Ай-
жаркын.
-Кантка барам,андан көрө уулум экөөбүздү салып жибер,иш-
теримди бүтүрүп,эртең кайра кели
шим керек,бул жакка деди.
(Уландысы бар.)
ҮШҮГӨН БАКЫТ
8-бөлүм.
Айжаркын Кадичанын суурулуп
чыкканына өзү чыккандай сүйүнүп,
дагы бир жанчылган тагдыр калы-
бына келбесе да,кийинкиси үмүт
арттыра,сүйүндү.
Үйгө жетейин деп калганда,бак-
тын арасынан баштык көтөргөн Ку-
мар чыга калды да:-Келгениң ырас болбодубу,сени күтүп жаткам.Бир
сыйра сабакка кийгениңе кийим
алып келдим.Айкеш,билем сен ме-
ни кечирбейсиң,деп,колундагы баш
тыкты Айжаркынга карматты.
-Кумар эже,сизге да,атама да
жарык дүйнөгө алып келгениңерге
рахмат.Бул сөздү Марат Абазович-
тин өзүнө да айттым.Менден эч ка-
батыр болбоңуздар.Талкаланган
тагдырымды өзүм жөндөп кете
алаарыма ишениңиздер.Албетте,
мен өз ата-энем менен болууну эң-
сегеним менен,жараканын изи баа-
рыбыздын тагдырыбызда турат.
Биз адамбыз да,көтөрүүгө туура
келип жатат.Мен сизди күнөөлө-
бөйм.Сизге таарынганым,таштап
кеткениңиз аз келгенсип,Ырыскул-
га өз колуңуз менен салып берге-
ниңиз болуп жатпайбы.Таштага-
ныңыздан да ушуга катуу ызалан-
дым.Сизге башка таарынычым жок деди,токтоо.
Кумарды бирөө таш менен так
чекеге койгондой тили буулуп,үн
ката албады.Жаштыгы менен мүдү
рүлгөнү аз келгенсип,Тумардын ти-
ли менен жаза басканына өкүнүп,
кечирим суроого да,кудурети жет-
педи.Жада калса,Марат менен кан-
тип жолуктуң,эмне деп сүйлөштү-
ңөр деп да,сурай албады.
Эне бала болуп туруп,сөздөрү
коошпой,экөөнүн тең жүрөгү сыгы-
лып,ооруп турду.-Эже,мен барайын,
дегенде гана,Кумар селт эте:-Кы-
зым,кудуретиң жетсе кечир мени
деп,айтууга араң жарады.
Айжаркын үйгө келсе,адатта-
гыдай эле эч ким жок,Кумар алып келген баштыкты ачып,аппак же-
ңил көйнөктү,жаңы мода болуп
жаткан синтетика спорттук чоктой
кызыл костюмду,аппак кроссов-
каны алып,абдан сүйүндү.Бир чети
Кумарды аяп да кетти.
Эртеси факультеттин чоң жыйы-
ны болуп,Айжаркын студсоветтин
председатели болуп шайланды.Чо-
гулушка Абазов да катышты.Экза-
менди эң мыкты тапшырган,орто
мектепти артыкчылык аттестаты
менен бүткөн,айыл чарба жумуш-
тарында өзгөчө активдүүлүктү көр-
сөткөндүгү үчүн,баары эске алы-
нып,шайланат дегенде,залдагылар дүркүрөтө кол чаап жиберишти.
Айжаркынды жашоо өзү тарбия-
ладыбы же,канында барбы,өжөр-
лүк,чечкиндүүлүк,боорукердик,ка-
лыстык жандап,тез эле институтта-
гылардын көзүнө түшүп,окутуучу-
лар да,студенттер да,улуу кичүү де-
бей,урмат сыйга ээ болуп,окуусун да мыкты өздөштүрүп,кадыр барк
күтө алды.Институттун ардак такта
сындагы бажырайган кыздын сүрө
түн көргөн Мырзабек дароо тааны-
ды.Ал Айжаркындын айылынан,
эки класс мурун окуган,Скрябин
атындагы айыл чарба институтун-
да окуйт.Сүйлөшкөн кызы Даана-
кан женпедтин үчүнчү курсунун сту-
денти болгондуктан,анын сабактан
чыгышын күтүп,узун колидордо нары бери басып жүрүп,көрүп кал-
ды.Дал өзү,Тилекова Айжаркын,
студсоветтин председатели,бирин-
чи курс,педагогика факультети деп,
жазылып турат.
-Кимди күтүп жатасыз,биринчи
курстун кыздарын карап,шилеке-
йиңиз агып жатабы деген Даана-
кан,бир чети,татынакай Айжаркын-
ды аңырая карап турган,Мырзабек-
ти колтуктан алды.
-Тээтиги менин жеңем болчу,
бир мектепте окуганбыз,агамды ча-
нып,баласы чарчап калганда кетип
калган,силерде окуп жаткан турбай
бы деди Мырзабек.
-Тилековабы,эмне күйөөсү бар
беле ээ,баласы да бар беле деген
Даанакан,Мырзабектен ийне-жиби-
не чейин маалымат алды.
Жатаканага келип,чечинип че-
чинбей,укмуш кабар уккансып,кыз-
дар,билесиңерби жана өлө тың кыз
бар го,Абазовго окшош,ошол Мыр-
забектердин айлынан экен,күйөө-
сүн чанып кетиптир,баласы да бар
экен деп,жарылдады.
-Болсо болгондур,аны эмне
ушунчалык сүйүнүп айтып жата-
сың,же Мырзабегиңди кызганып
жатасыңбы деген Кадыркүл,Даана-
канга бир тийди.
-Дегинкисин айтам да,билмек
сен болуп,сыр билгизбей тыкылдап
жүрөт го.
-Эмне,мен эрден чыккам деп,
ал кыз жарыя кылмак беле,дагы
кыйын кыз экен,педфактын каны-
шасындай болуп,гүл го аның.мык-
ты да окуйт экен деген Кадыркүл,
эмнегедир Айжаркындын таламын
талашып жатты.
Айжаркын жатаканада жаша
багандыктан,жатакананын жашоо-
су менен тааныштыгы жок.Жакын
курбусу Нагима жатаканада жаша-
гандыктан,бүгүн жатаканага келип,
Даанаканга жолугуп калды.
Даанакан менен Айжаркын ка-
пыстан таанышышкан,китепканада
шукшуңдап,сүйлөшүп,коңшу столдо
отурган Даанаканга:-Тынчтык кыла
сызбы,сабакка даярданганга тос-
коол болуп жатасыз деп,кайрылган
да:-Эшиктен келип төр меники дебе
сен азыр,көк эле помидорсуң,экин-
чи курссуңбу,же биринчиби,деп кат-
кырып чыгып кеткен.
Эми,минтип жатаканада бетте-
ше түшүштү:-Жатаканада да,сүйлө-
бө дей көрбөңүз.Сиз экөөбүз абы-
сын болуп калабыз,Ырыскул акем
сизди окууга жибердиби деп,кээр
күлгөн Даанакан,Айжаркынды кыз-
дардын көзүнчө,сындырмак болду.
Күтүлбөгөн сөздөн,ачуу чын-
дыктан Айжаркын тайсалдай алба-
ды,бул ээн ооз неме,айылдын кай-
сы баласы менен сүйлөшөт болду
экен деди да:-Тилекке каршы,Ырыс
кул акеңиз менен кош айтышкан-
мын,сени менен абысын болбой калганыма өтө кубанычтамын де-
ди,буйдалбай.
Нагима бир Айжаркынды,бир Даананы карап,унчукпай турду да,
-Жүрү кеттик,бир ит көрүп үрөт,бир
ит көрбөй эле үрөт,деп Айжаркын-
ды колунан тартты.
-Нагима,таң калба.Мен турмуш
көргөм,ал түгүл төрөп балам да,
чарчап калган дээри менен,Нагима
бышактап:-Мени да кечирип кой,
мени да бир зөөкүр зордуктап са-
лып,араң качып кутулгам.Сотко бе-
рейин десем,бир айыл болсок деп,
ата-энем бердиртпей койгон.Дагы
жакшы,окууга өтүп алдым.Мен өз
жашоом үчүн күрөшүүгө тийишмин
да деген,Нагима окшош тагдырлар
деп,кейип жатты.
Даанакандын жигити ким бол-
ду экен деп,ойлогон Айжаркын Жаш Гвардия бульварында,балмуз-
дак жеп,кучакташып отурган Мыр-
забек менен Даанаканды көрүп,өл-
гөн иттин,сөөгүн тапты.
Айжаркын таанышам деген
балдардын баарын сылык сыпаа
узатып койчу.Ага даап деле,сөз
айткан жигит жок.Студенттик кече-
лерге барбайт,киного кирбейт,өт-
көндөгүдөн кийин,жатаканага да
баргыс болду.
-Тилекова,Абазов чакырып
жатат дегенде,көптөн бери унута
баштаган нерсеси ойго түшө,илең
салаң башкы корпуска келди.Ал
кабылдамага кирээри менен,кат-
чы кыз лыпылдап,кире берүүсүн
өтүндү.
Ал босого аттаганда,Абазов
ордунан туруп:-Кел,келегой кызым
деп,абдан жылуу учурашты.
Уландысы бар.