Комментарии
- Т Ш 🌺🌺Комментарий удалён.
- 2 дек 2024 06:17Сапаргул ОтороваТалаалап чыккан ар бир айымдын тагдырын жазып койупсуз,ыйлап атып окудум...
- 2 дек 2024 06:56G B
- 2 дек 2024 07:52Арзыкан Шаршенова
️
️
️
- Соноайым ШакироваКомментарий удалён.
- 2 дек 2024 08:27Соноайым Шакирова
- 2 дек 2024 09:36Жакшы кундор алдыдаОоа,ар бир мигрант аялдын койгойу..
- 2 дек 2024 10:08Haz СекретБаштан откон сойуз тарап россияга жоногон Алматы Сибрь болуп рекеттер корбогон кундорду корсоттуго озун айткандай канчалаган жылдар отту ойлосон бут омур
- 2 дек 2024 15:24Сайра ❤❤❤👍 ❤❤Айтпагыла
️
- 2 дек 2024 16:34каля шараповаСонун жазыпсын мен дагын балдарымды таштап кеткен елем, коз алдыма елестетип ыйлап жатып окудум. Ден соолук берсин Аллахым бала багам деп жургон апаларга
- 2 дек 2024 19:33Жамила ТилявалдыеваИий ошол кундор балдарыбыз ды, ата эне бизди сагынган
️
- 2 дек 2024 20:28Ajarkul Kaparovna
- 2 дек 2024 21:05Аймира Каримкулбековна
- 3 дек 2024 01:00Нургуль Толонова
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Бакыт Үйү
Бугун
-Алоо, жеңе,кандайсыз?-деп смс келди
-Салам, сиңдим тынчсыңарбы деп жооп бердим.Пучушту(1 жашар 1 айлык кызын мен эркелетип Пучунька деп журуп ушундай атайт айрыкча мага жазганда) таштап жолдо баратам😭😭😭 деп жазды.
Жүрөгүм бөксөрө түшүп,турмушка,тагдырга,бийликке,заманга таарына түштүм .Кайсы бири күнөөлүү?! Жаш келиндин ымыркайын таштап сапарга чыгуусу?!
Улуу кайнагамдын чоң келини болчу жазган келиним. Өзүм жалгыз кыз болгонум үчүн ар бир келин, кайын сиңдилеримди өз сиңдимдей жакшы көрүп, кеңешип, сүйлөшүп мамиле жасайм.
Келинимди соороттум - Ыйлаба,сени чоңойткон апан сенин кызыңды эн сонун карайт. Ошол кызыңдын келечеги үчүн келе жатасың дедим.
Өзүмдү сооротоор адам жок, көзүмдөн жаштар куюлуп, колумдагы кызымды кучактап ыйлап отурдум.
Эхх ,эне баласынан 10 метр алыстаса да сагынаарын билген жан көптүр.
Мындан 17 жыл мурун турмуштун айынан улуу кызымды кайната-кайненеме таштап, чыгып келе жатканым бүгүн болуп аткандай ыйладым..Ошондо 1 жашар кызымды кайненем артына көтөрүп жолго узатып чыкты. Кызымды жыттап, жыттап бир өптүм да, артка карабай шашып аялдамага карай басып кеттим. Адатынча, кызым даси даси деп колун булгалаарын билдим. Бирок, артымды караганы эрким жетпеди. Себеби, кайрылсам алдыга кадам да таштай албайт болчум. Ошол учурда, рекеттер, базар, сибирьдин суугу жандан өтсө да, тизелетип бүксө да, кызым үчүн деп иштеп жүрдүм. Күйөөм кээ бирде аяса, кээ бирде түшүнбөй ачууланат болчу. Ыйлап, азып жүргөнүмө.😓Ал кездерде сотовый деген жок.Почтадан переговор беребиз ар 3 айда 1 жолу..анда да 10 минутага, кызымды алып келишсе, сүйлөбөй койсо, жүрөгүм сызып тирүү союлат болчум.
6 ай отуп улуу кайнежемдин жалгыз акактай уулу 18 жашында көз жумду(студенттик кун майрамында балдар уруп коюп).Кайнежемдин башына түшкөн оор жоготуу мен үчүн да өтө оор болду. Шаарда турган кайним шайыр мүнөз,эрке болсо да өтө мага аяр эле,орус кыял дешип көбү түшүнүшпөсө да, ошол кайним мени менен көп маектешет болчу.
Ал кырсыкты кеч укканыбыз үчүн ,келбегиле, жылдыкка чейин иштеп келгиле дешти.
Жыл өтүп ,айылга бардык.Кызымдын кыялдары чыгып тетик болуп, калганын көрүп, ушунчалык кубандым. Бирок, чон энесинин жанынан чыкпай, мени жаңы келген келиндей карап турган көздөрү дагы деле коз алдымда.
Түндөсү кел биз менен жат деп жолдошум бөлмөбүзгө алып кирсе, кайненемдин үнүн угуп:- апа, апам менен жатам деп качып кетти..Жолдошум дагы барып алдап, көтөрүп алып келди.Ортобузга жатып алып эки колу менен жолдошум экөөбүздү өзүнө тартып мени өпкүлө дегендей кылды. Экөөбүз эки бетинен бирдей өөп жатсак, кайненем биздин бөлмө тарапка бир нерсе издеп кирди. Кызым апасын көрүп эки колун шарт тарта коюп:- апа эле, апа мен сиз менен жатам, кое бергиле мени деп ыйламыш болуп кайненемди ээрчип чыгып кетти.☺.
Ошентип, наристе кызым да бөксөргөн сагынычын кучактап толугу менен чыгара албай, биз менен жатып алса, чоң энесин капа кылып алчуудай ортодо арасат болуп жүрдү,балапаным десе.
Жылдык өтүп, эртеси баарыбыз чогуу дасторкондо отурсак кайнатам мени карап:- АТАҢГӨРҮ, кызыңды бир карабай кеттиң а?!Артыңдан карааның көрүнбөй калгыча, карап турдум артыңды карайт бекен деп- деди. Жүрөгүм зырылдап, ыйымды басып, зорго отурдум. Ошентсе да, көздөрүмдөн жаштар ага баштады.
Жүрөгүм канчалык сызып, ойуп, кесилип, булкунуп атканын кантип соз менен тушундурмок элем.
Бир аз унчукпай туруп ,кайнатам кайра сүйлөдү.
Эне жүрөгү ушундай эрктуу , күчтүү экенин көрүп, мен да ошондо үйдүн артына өтүп жаш төктүм. Атаңгөрү, турмуш ай, заманың кургур ай. Ушу, неберем апасынан алыстап атканын көргөнүм үчүн наалатты өзүмө өзүм айттым..
Шордуу келиним ай, ошондогу сенин жан дүйнөңдөгү түйшүктү билген,сезген адам эркек болсо жүрөгү жарылып кетмек. .Рахмат сага деп, ордунан туруп эшике чыгып кетти.
Азыр ошол кичине кызым 18 жашка толду. Жазуучулукка ,журналистикага, сүрөт тартууга кызыгат. Россияда Юрфакта 2 курста окуп жүрөт. Канчалык эркелетсем да,ошол кичине кезиндеги бөксөрүп калган бош жүрөк толукталбайт экен.
Мына , бугун да бир учак, бир энени бир наристеден алыстарга жеткирет .
Менин айтаарым,ошол тээ жетишпестик жылдар артта калды десем, 20 жыл өтүп да кайра эле кыргызымдын келиндери ымыркайларын таштап жүрөктөрү сыздап дагы деле талаалашып жүрүшөт. Качан токтойт мындай жашоо?.
Жан дүйнөмдүн кыйкырыгын окуганыңар учун ырахмат. Грамматикалык ката жазган болсом кечиресиздер!.Ушунча жылда бычак,мылтык кезеген рекеттер,чек арада поезден түшүрүп калып, товарларыбызды чачкан пограничниктер,товарга барсаң,Бишкектеги уурулар,билетсиз поездде зайчик болгон күндөр,контрафакт деп товар үчүн обезьяникте жаткан түндөр. Ошончо, оор күндөрдү кечип жүрүп , ооруп жаткан күндөрүм көз алдымдан жазган сайын өтүп жатат.
Тилегеним, ар бир наристе ата энеси менен ,бактылуу өмүр сүрсүнчү!🤗