26 дек 2024

ЧООЧУН КИШИ

2-сезон 21-БОЛУК
Байбиче машинадан тушуп баратып колундагы он сомдук кагазды суна берип, Толкунбекти дагы бир жолу: "Сени кайдан кордум эле" дегенсип, коз токтотуп жалган танык болгонсуп карап алды. Ал эми Толкунбек болсо байбиченин баамчыл кыраакы козунон жалтана тушуп, карегин дароо тартып кетти. Анан тайсалдай тушуп минтти:
-Жок, коюнуз апа, акча алгандай такси эмес да. Сиздин ырахматыныз эле жетет.
-Ырахмат анда. Аман болгула, бар болгула, ак жолунар ачылсын. Мендей энелеринер бар экен. Ошон учун карынын кадырын билген бала турбайсынбы.
-Жакшы калыныз, -деди олтургандар бир ооздон, -байбичени узата тиктеп туруп Жайнагул минтти::
-Жанын баккан, озун озу ардактап жакшы алып жургон байбиче экен. Карагылачы, тим эле укунун балапанындай улпулдойт. Акылы тунук, созго чебер нускалуу адам экен. Бул кишини коруп, эки энем экоонду ойлоп олтурдум. Силер деле ушул кишиге окшоп соолот менен журсонор жарашпайбы? Сонун эле жарашат.
-Тектуу жердин тукуму экени корунуп турат. "Кун созулуп байбиче болот" дегендей, мен минтип улпулдой албайм, балам. Улпулдойт деген эле ушул, балам. Бизди коюп озун улпулдо. Билсен, сенин доолотун биздин доолот, сенин багын биздин бак, -деди Кына. Бирок олтургандардын эч кимиси, байбиченин жанакы айткан созу жонундо ооз ачышпай ичтеринен, бул кишинин колунан коз жарган ким экенин билип турушту.
Ушинтип олтурушуп Чолпон-Атага жеткендерин да билбей калышты.. Шаарга кирип-кирбестен эле эмелеки аягы жок, башы жок суйлонуп келаткан создор да, ойлор да токтоп, баардыгынын санаасын Мансур ээлеп алды. Машине, дарбазаны суздуро келип токтоду. Дароо эле короо-жайдын тазалыгы козго биринчи урунду. Ар жакта бооз уйдун жыгыч-ташы, узук-турдугунун жыйылып турганын корушуп, ооздору ачылып калды. Ошол замат Кынанын денесинен жан кетип, бети менен жыгылчудай аягы шилтоого келбей, дабыдырай тушту.
Уйдон дурбоп чыккан кошуна колон, ага-туугандарын коруп ыйлап жиберди.
-Ой, кагылайындар, Мансур тируубу деги?
-Тируу, тируу, ыйлабаныз! -деди тургандардын бири.
-Эмнеси болсо да келгенинер жакшы болду. Силерди аябай кутуп жатат.
А Жанат болсо озунон-озу ыйлап эки жагын аландай карайт:
-Атам кана, ыя?
-Атан уйдо айланайын. -Кошуна аял бетинен опту. -А, ырас Асан менен Усон да келген тура.
Бардыгы уйго киришип, Мансурдун абалын коруп селейип калышты. Карыянын ону кара кок тартып чыналып, куро тамырлары бармактай болуп кооп, тынымсыз балкылдап, дем алышы бузулуп калганын коргондо селее тушушту. Бардыгы тегеректеп калышты.
-Бирдеме ичип жатабы?
-Анда-санда суу сурап калат. Аны деле жарытып ичпейт. Оозуна суу тийди дегенче чакап баштайт. Жыгылгандан бери уйку бетин коро элек. Медсестра ушул жерде болучу. Чыдай албай жатканын коруп, врач бир дары жазып берген экен. Ошону куйгандан кийин, Кудай жалгап дароо козу илинип кетти. Уктасын, ойготуп албагыла.
Чон кишилердин созун угуп турган сезимтал балдар эне-атасын кучакташып, суроонун устуно суроо беришет.
-Чон атам эмне болуп жатат , ыя? -дешип коркок коздору менен алакташып, улам бирин тарткылашат.
-Эчтеке болгон жок, уктап жаткан тура. Ойгонгончо тышка чыгып ойноп тургула.
-Эс алсын, анда ойготпой эле коёлу, -деди Толкунбек.
-Деги диагнозун эмне деп чыгарышыптыр догдурлар.
Тургандардын ар кимиси ар кандай суйлоп минтишти:
-Башына суук тийген го, -деп бири созунун аягына чыкканча, экинчиси минтип кошумчалады:
-Башы эле эмес, мээсине да сук тийген имиш.
-Эмне учун ооруканага алып кетишкен жок? Уй деген уй, оорукана деген оорукана да. Жанында киши жогун билип турушуп, бекер кылышыптыр, -Толкунбектин жылдызы жерге тушуп турду.
-Ооруканага алып кетели дешсе, бул киши озу болбой койду. Анын устуно оорукана ремонтто экен. Врачтарга рахмат айтыш керек. Ошол догдурдукундай эле куну-туну жанында болуп, жакшы карап жатышат.
Мансурдун оорусу айылдын аяк-башына чагылгандай тез тарады. Анын устуно Жайнагулдун Толкунбек менен кайра жарашып, энеси Тумар баш болуп, Кына менен небере-чоборолору болуп чогу келишкенин биринен бири угуп, ооздон озго отуп, озунчо эле кубаныч тартуулаган дун болду. Мансурду коргону келген элди коруп, анан дагы Жайнагулго жетине албай: "Ой алдына кетейин ырас болгон тура. Сенин келгенинди угуп , суйунуп жатабыз" деген создорду угуп олтуруп, Тумар ойго батат:
"Атандын кору. Мансур куда маанайы пас, жупуну жургону менен эл алган, журт алган жакшы киши турбайбы. Минтип эл эди менен казганактап, такалуудан тай калбай келип, ал-абалын сурап бардык эле адамдын мандайына жазыла бербейт да. Адамдын адамдыгы, адамдын жакшы-жаманы мына ушинтип омуру кылтылдап бычактын мизинде турган кезде билинуучу неме турбайбы. Ошон учун эл-эл деп, элдин тилегин тилейт экенбиз да. Андан дагы Кына менен бала-чакасынын жогун жоктотпой, Мансурду багып, куну-туну жанында болуп жатышкандарын эмне деп айтууга болот.? Ал эми Жайнагулду коруп, жандары калбай жалынып жалбарып, тим эле оздорунун тун кызын коргондон бетер ооп-жытташып. ..."
-Ой, айланайын куда соогум ай, сиздерге Жакинимдин откоргон кайсы кызматы бар эле. Бардык болгону кайнене-кайнатасын сыйлагандыгы учун, бардыгынарга бирдей салымынын туздугунон ушинтип урматтап жатасынар го, ырахмат сиздерге.
Сиздер менин баламды сыйласанар, силерди Кудай сыйласын. -Тумар кубанычтан ушинтип толкундап олтурду. Ал эми Тумардын озу жонундогу айтылган жакшы создор, жакшы саламдар, озунчо эле баа жетпеген сыймык болучу.
Мансур бала-чакасын коруп, кубанычынан чыйрыла туштубу, же кийинки куйган укол жардам бердиби, эртеси мурункусунан сергилен тартып жакшы болуп калды. Озун коргону, ал-абалын сурап келип олтурган адамдарга карап минтти::
-Ырахмат силерге, бул дуйнодо да, тигил дуйно да ыраазымын баарына. Силер да мага ыраазы болгула. Конулунорду калтырып, капа кылып ката кетирген жерим болсо кечирип койгула.
Олтургандар чур дей тушушту.
-Бизди сиз озунуз кечириниз. Биздин эч кимибизге каттуу айтып, кылапат суйлогон жан эмессиз. Биз да сизге ыраазыбыз -дешти.
Анан Мансур минтти::
-Эми уруксат берсениздер, мен балдарыма айта турган созум, кенеше турган кебим бар эле. Ушунча кымбат убактынарды болуп келгенинерге рахмат. Аман болгула.
Мансур менен коштошуп кетип жатып, жашыктары ыйлап, кайраттууларынын канырыгы тутоп чыгып жатышты.
Эл аягы суюлуп бардыгы чыгып кеткенден кийин, жанында санасы санга болунуп жалдырап олтурган Кынага карап минти чал::
-Байбиче, балдарындын баарын чакырчы. Кудагыйдан башка болок-ботон киши болбосун, -эки жагын караган болду.
-Баары кетиштиби?
-Ооба, кетишти. Озубуз эле калдык, -деди Кына.
-"Жети кундун бири олум" деген ушул экен. -Мансурдун уну кыргылданды. -Ырас убагында келдинер. Силер жокто олуп калат экемин деп коркуп кетпедимби.
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер...

Комментарии