(кыска бирок таасирдүү окуя). Эки адам достошуп, жыл сайын кезигип турууну убадалашат экен. Бир күнү досун зыярат кылуу үчүн үйүнө келип, эшигин такылдатат. Аялы: «Ким?»-деп сурайт. Ал: «Жолдошунун жакын досу экенин айтканча, күйөөсү отунга кеткенин билдирип, күйөөсүн каргап-шилеп, ар нерсени айта баштайт. Аңгыча тоо тараптан досу арстанга отун артып келип калат. Отунду ичкери киргизип, арстанга: «Бара бер эми» - деп жөнөтөт. Досун үйгө киргизет. Аялы кайрадан заар тили менен сүйлөнүп атып, дасторкон жаят. Күйөөсү болсо, бир сөз кайтарбай, сабыр кылып отура берет. Досу бир аз тамактанып, чер жаза маектешкенден кийин жолго чыгат. Ал жолдо досунун мындай аялга сабыр кылып жашаганына таңыркап баратты. Арадан бир жыл өтүп, адаттагыдай, досунун үйүнө келип эшикти такылдатат. Баягы аялы: «Ким?» экенин сурайт. Ал: «Күйөөсүнүн досу экенин билдирет. Аял отура туруусун айтып, буюрса жолдошу жакын арада аман-эсен келип каларын билдирет. Киши аялдын мындай адебин көрүп таңыркап калат. Ушул учурда досу отун көтөрүп келип калганын көрөт. Киши бул абалга да таңыркайт. Аялы аларга даамдуу тамагын даярдап, досун жакшы коноктошот. Ал адам кетээринде: «Сенден бир нерсе сурайын дедим эле» - дейт. Досу эмнени деп сыпайы сурайт. « Өткөн жылы келгенимде жубайың адепсиз, көп карганаар эле, сен болсо отунду арстанга артып келгенсиң. Мындай жырткыч жаныбар буйругуңа кантип баш ийди эле. Бул жылы болсо, жубайың жумшак болуп карганбай калыптыр. Бирок отунду өзүң көтөрүп келдиң. Мунун сыры эмнеде?» - деп сурайт. Ошондо досу: «Эй досум, ошол убакта жубайым оорулуу болуп, анын адепсиздигине жана корс мамиле кылыктарына сабыр кылаар элем. Аны менен жашоого чыдаганым үчүн Жараткан мага ошол арстанды моюн сундуруп койгон эле. Бул жылы болсо жубайымдын ден-соолугу абдан жакшы. А бирок баягы арстан көрүнбөй калды. Ошондуктан отунду өзүм көтөрүп келип жатам» - деп жооп берет. Көрсө аялдын кылыктарына сабыр кылуу арстанды моюн сундурууга барабар маселе тура деп койдум өз оюмда.😊
Бакыт Үйү
CАБЫРДЫН ТYБY САРЫ АЛТЫН.
(кыска бирок таасирдүү окуя).
Эки адам достошуп, жыл сайын кезигип турууну убадалашат экен. Бир күнү досун зыярат кылуу үчүн үйүнө келип, эшигин такылдатат.
Аялы: «Ким?»-деп сурайт.
Ал: «Жолдошунун жакын досу экенин айтканча, күйөөсү отунга кеткенин билдирип, күйөөсүн каргап-шилеп, ар нерсени айта баштайт.
Аңгыча тоо тараптан досу арстанга отун артып келип калат. Отунду ичкери киргизип, арстанга: «Бара бер эми» - деп жөнөтөт. Досун үйгө киргизет. Аялы кайрадан заар тили менен сүйлөнүп атып, дасторкон жаят. Күйөөсү болсо, бир сөз кайтарбай, сабыр кылып отура берет. Досу бир аз тамактанып, чер жаза маектешкенден кийин жолго чыгат. Ал жолдо досунун мындай аялга сабыр кылып жашаганына таңыркап баратты. Арадан бир жыл өтүп, адаттагыдай, досунун үйүнө келип эшикти такылдатат.
Баягы аялы: «Ким?» экенин сурайт.
Ал: «Күйөөсүнүн досу экенин билдирет. Аял отура туруусун айтып, буюрса жолдошу жакын арада аман-эсен келип каларын билдирет. Киши аялдын мындай адебин көрүп таңыркап калат. Ушул учурда досу отун көтөрүп келип калганын көрөт. Киши бул абалга да таңыркайт. Аялы аларга даамдуу тамагын даярдап, досун жакшы коноктошот.
Ал адам кетээринде: «Сенден бир нерсе сурайын дедим эле» - дейт.
Досу эмнени деп сыпайы сурайт.
« Өткөн жылы келгенимде жубайың адепсиз, көп карганаар эле, сен болсо отунду арстанга артып келгенсиң. Мындай жырткыч жаныбар буйругуңа кантип баш ийди эле. Бул жылы болсо, жубайың жумшак болуп карганбай калыптыр. Бирок отунду өзүң көтөрүп келдиң. Мунун сыры эмнеде?» - деп сурайт. Ошондо досу: «Эй досум, ошол убакта жубайым оорулуу болуп, анын адепсиздигине жана корс мамиле кылыктарына сабыр кылаар элем. Аны менен жашоого чыдаганым үчүн Жараткан мага ошол арстанды моюн сундуруп койгон эле. Бул жылы болсо жубайымдын ден-соолугу абдан жакшы. А бирок баягы арстан көрүнбөй калды. Ошондуктан отунду өзүм көтөрүп келип жатам» - деп жооп берет.
Көрсө аялдын кылыктарына сабыр кылуу арстанды моюн сундурууга барабар маселе тура деп койдум өз оюмда.😊