Комментарии
- 29 дек 2024 22:35🌹Удача🌹 ❤️всегда с тобой ❤️Кандай керемет сөздөр. Жомоктоп акылдуу. Инсандар гана болгон. Жомок менен тушунбөгөн адамдарды тарбиялаган. уруш талашы жоок эле.
- 30 дек 2024 09:57Жанетта Раимкулова
- 30 дек 2024 17:46Фатима Танабаева
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Бакыт Үйү
ТОТУ КУШ
Бир көпөстүн тоту кушу бар эле,
Бир башкача тили таттуу, бал эле.
Бирок чиркин, болбосо да күнөөсү,
Байкуш тоту темир тордо түнөчү...
Көпөс бир күн Индостанга ашыгып,
Кетер кезде кул, күңдөрүн чакырып,
Ар бирине өз-өзүнчө кеп салды:
“Ала келем, эмне керек?”,- деп калды.
Кулдар кантсин, кезек менен шашылбай,
Көксөгөнүн апкел дешти жашырбай.
Анан көпөс тоту кушун сылады:
“А сен неге муктажсың?”,- деп сурады.
Анда тоту: “Сен ал жакка барганда,
Айт куштарга, мен муктажмын жардамга.
Ал тотулар жыргап эркин жашашса,
А мен байкуш күн өткөрөм капаста.
Айтор, алар таап мунун чарасын,
Азап-муңдан куткарууга жарасын!”
Деп өз оюн куш айткан соң даттанып,
Дароо көпөс жолго чыкты аттанып.
Көпкө дейре кенен таштап арышты,
Кербенчилер Индостанга барышты.
Топ-топ болуп бакты байыр алышкан,
Тотуларды көрүп анан алыстан,
Капастагы өз кушунун талабын,
Көпөс эстеп, айткан кезде саламын.
Бир тоту куш жерге кулап кичирээк,
Бир аздан соң өлүп калды титиреп...
Көпөс кейип, дароо жүзү кубарды:
“Кайдан айттым курган жанга буларды?!
Себеп болдум өлүмүнө ушунун,
Сүйгөнү бейм бул үйдөгү кушумун!”
Иштер бүттү. Күндөр өтүп арадан,
Индостандан кайтып келип ал адам,
Алгандарын бүт баарына таратты.
Ал ортодо тоту кагып канатты:
“Кана, төрөм, айтчы баарын, токтолбо,
Көрдүң нени, жолуктуңбу досторго?”
Деп ээсине собол берсе жүйөөлүү.
Деди көпөс: “Мен баарына күнөөлүү,
Кемпай болуп, кетирипмин чекилик,
Кылганымды айтпайм, койгун кечирип?!”
Кызыгуусу артып анда ансайын,
Көпкө чейин кыстай сурап ал-жайын
Айтканга куш соодагерди көндүрдү,
Ала келген “базарлыгын” өндүрдү...
“Ошондуктан кейип буга эң эле,
Ооз барбады кеп кылууга дегеле”
Деп аргасыз баштан-аяк көргөнүн,
Дал өзүндөй туурап куштун өлгөнүн,
Көпөс айтып жатса, сөзүн бүтүрбөй,
Капысынан тулку боюн бүтүндөй
Калтыратып тоту бир аз турду да,
Кулап түштү темир торго урду да.
Байкуш көпөс, көргөнүнө ынанбай,
Боздоп ийди өз ордуна туралбай:
“Эх, бал тилдүү, тоту кушум, медерим,
Эмне болду, билбей турам эгерим?
Өх, мен сага эмне кылдым, кайраным,
Өрттөп жанды, эмне үчүн жайрадың?!”
Өксөп көпкө, топтоп анан акылын,
Өлгөн кушту ээси кармап акырын,
Темир тордон алып чыгып баштагы,
Терезенин текчесине таштады...
Кудай урган! Мына кызык тамаша...
Куш тирилип, ошол замат караса,
Чагылгандай учуп чыгып жогору,
Чоң бутакка конуп алса болобу.
Кайран көпөс, өз көзүнө ынанбай,
Карбаластап суроо берди: “Бу кандай:
Өңбү, түшпү, түшүнбөдүм мунуңду,
Өзүң айтчы табышмактуу сырыңды?”
Тоту бир аз төмөн түшүп шагынан,
Таамай, таасын жооп берди абыдан:
“Эсиңдеби, эсил кайран, жанагы,
Эстүү куштун жардам берди сабагы:
“Мен кылганды сен кайталап көр дептир,
Мен сыяктуу сен да “жалган өл” дептир –
А болбосо жүрөгүңдү канаткан,
Арылбайсың өмүр бою камактан!”
Айтор анын аңдап ушул санатын,
Азат болдум”,- деп куш какты канатын.
Автор: Мевлана Желаледдин Руми
Которгон: Алтынбек ИСМАИЛОВ