АЛТЫН КАПАС МАХАБАТ

2-БОЛУМ
Чокусунан эзели ак кар, көк музу кетпеген асман тиреген тоолор канча кылымдар, канча элдин тарыхын сыр кылып ичине катып мелтирейт. Андан ылдый колот-колотко бөлүнгөн жапыз тоолор жапжашыл арча-кайың, ар түрдүү өсүмдүктөрдөн кийим кийип табигаттын көркүн ачат. Тоо койнунан суурулуп чыгып алда кайда шашкандай күрпүлдөгөн чоң суу. Безелене сайраган түркүн куштун, анда-санда бытбылдык деп үн салган бөдөнөнүн үнү бир керемет.
Карлыгач шаарда кийип жүрчү этеги кыска жука ак көйнөгүн кийип суу жээгинде отурду. Айланасын суктана карап жалгыздыктын да өзүнчө бир сонун жактарын сезип турду. Шаарда бир аз гана жалгыз калса тумчугуп, бук болуп кетер эле. А азырчы? Эч кимдин кереги жоктой. Ичинен кыңылдай обон сала, үнүн улам бийиктетип, өз үнүнө өзү куштар боло тоо койнунда үндүн да өзүнчө бир ажайып сулуулугун эшиткендей болду. Аңгыча эле ачык турган күндүн көзүн булуттар тосуп, жамгыр анда-санда тып-тып этип тамчылагандай болду да, көз ачып-жумганча нөшөрлөп жиберди. Карлыгач төмөндөгү боз үйлөрдү көздөй жүгүрдү. Өзү турчу боз үйгө жетер менен азыр эле нөшөрлөп куюп турган жамгыр токтоп, күн жылмайып булуттардан чыга калды. Мындай аба ырайын Карлыгач эзели көрбөптүр. Эмне деген сыйкыр!
Башынан ылдый чакалап суу куйгансып, көйнөгү сымбаттуу мүчөсүнө жармашып, чачтары ылдый суу агып асмандан түшкөн перидей кубулуп турду. Карлыгачтын мындай турпатына тапчанда жаандан корголоп турган Мырза: “Кандай гана сулуулук”, - деп кумардуу көз арта тигилди. Карлыгач өзүнө тигилген көз карашты сезгендей жоон санына жармашкан көйнөгүнүн этегин силкий, боз үйгө шып эте кирип кетти.
***
– Саламатсызбы, чоң кыз?
Көздөрүн жүлжүйтө батып бара жаткан күнгө суктанып караган Карлыгач жанына келип калган Мырзабекти байкаган эмес.
– Ой! - деди кылыктана чочуп.
– Саламатсызбы? Сиз каяктан?.. - ордунан тура калды.
– Отура бериңиз, - деди Мырза жылмайып, - катуу чочудуңуз го. Шаарда күндүн уясына батып бара жаткан мезгилин көргөн эмессиз го? - деп тамашалай Карлыгачка тийише сүйлөдү.
– Шаарда... Мен эмне, өмүр бою шаарда жашаптырмынбы? .. Айылда эле өсүп-чоңойгом.
– Кайсы жерден болосуз?
– Кайсы жерден экенимдин сизге кандай кызыгы бар?
– Кыргыз сураша келсе тууган чыгат дешет го, мүмкүн экөөбүз да тууган болуп калабызбы дейм да...
Мырзанын тамаша сөзүн кабыл алгысы келбегендей Карлыгач тоону ойлуу тиктеди.
– Айтпасаңыз өзүңүз билиңиз. Бирок кайсы жерлик болсоңуз да биздикиндей сулуу жерди таппайсыз го...
– Шумдук... Баарына эле өзүнүн жери сулуу да...
Мырза “таарынбачы” дегендей:
– Өзүмдүн дегеним жок. Биздин жер дебедимби... - деди жылмая карап.
Карлыгач үн-сөз жок тээ алысты тиктеп, кыялында бала болуп улам бир адырдан кол булгалап жүгүрүп бара жатты: “Чын эле... Кандай гана ажайып жер... Абанын тазалыгы көңүл сергитет... Көйкөлгөн көк шиберде жылаңайлак жүгүрүп, улам бир гүлдү искеп, арча-кайыңга жашынып жашынмак ойногон бала кезим болсо эмне?!”
– Эрке окшойсуз ээ? - тынчтыкты Мырзанын суроосу бузду. Карлыгач Мырзанын суроосун укпагандай мелтиреп күндү тиктеп отурду да:
– Чындап эле жериңер абдан кооз экен, - деп Мырзага күлө карады.
– Дарыланганыңыз кандай болуп жатат? Таасири билинчүдөйбү? - Мырза сөз уланткысы келип Карлыгачтын ден соолугуна кызыкдар боло суроо узатты.
– Аны эми шаарга барганда билем да...
– Шаарга? Эмне, бул жерден билинбейби?
– Кантип? - Карлыгач кыткылыктай күлүп дагы бир нерсе айтчудай болуп токтоду, - бул жерден болбо-о-ойт. .. - деп өзүнчө кобураган Карлыгач узун бойлуу, кер мурут, мүчөсү келишкен алп жигитти биринчи жолу көрүп тургандай карады. Көздөр көзгө чагылыша түштү. Бир саамга убакыт токтоп, бул дүйнөдө жалгыз экөө калгандай теребел тынчый түштү. Жаңы эле кыткылыктай күлүп, эч нерседен бейкапар отурган Карлыгачтын көздөрү бир башкача жайнап, жүрөгү жарылып кетчүдөй катуулап согуп, денесин билинер-билинбес майда калтырак басып кетти: “Бул эмнеси?! Жигит көрбөгөндөй апкаарыйм да! - өзүн-өзү тыйып, уйкудан ойгонгондой силкинип алды, - капырай... Көздөрүндө кумарланткан сыйкыр барбы?! Тигилип караганы дене-бойду дүрбүтүп... Жан дүйнөмдү аңтарып жибергендей. .. Ойлорум бир заматта тумандап, мас кишидей дендароо боло түшкөнүмдү кара...” Бүлүнүп кеткен жан дүйнөсүн жашыра көздөрүн ала качкан Карлыгач сөз улагысы келген кишидей оюна келген биринчи суроосун узатты:
– Сиз бул жерде жашайсызбы?
– Ооба, тиги өйдөрөөктөгү тоонун этегинде
үңкүр бар. Ошол жерде... - деди Мырза суроого жооп кылып, тамашалай. Сөздөрүндө тамаша болгону менен анын да жүрөгү туйлап, Карлыгачты көптөн бери сагынып, күтүп жүргөн периштесиндей сүйүп турду...
– Жөн сүйлөбөйт окшойсуз, ээ? Өткөндө аябай момун жигиттей көрүндүңүз эле...
– Момун элемин... Сизди көргөнгө көңүлүм алып учуп, өзүмөн-өзүм шайырланып сүйлөгүм эле келет. Сиздин да көңүлдү көтөрүп дегендей... Жалгыз жүрүп да тажасаңыз керек. Кошуна боз үйдөгү коноктор менен таанышып албайсызбы? Алар да сиздей дарыланганы келишкендер, - деп Мырза Карлыгачтын жанына көк чөпкө отура кетти.
– Таанышкым келген жок. Жалгыздыктан тажай элекмин. Бул жерде жалгыз болгон жакшы экен. Эч ким оюңа тоскоол болбойт.
– Мен тоскоол болгон жокмунбу?
– Сизби?.. - Мырзанын суроосуна ойлоно калды. Эмнегедир бул жигиттин жанында эле отура беришин каалап “сиз менен сүйлөшүп отуруу, жалгыздыкка караганда алда канча жагымдуу” дегиси келип турганы менен:
– Тоскоол болбосоңуз да менин жанымда көп отура бербесеңизчи, ушак болобуз, - деди кабатырланып.
– Ким көрүп, ким ушак кылмак эле... Жөн гана сүйлөшүп койгондон эле корко бермей адатыңар бар аялдардын. Же эмне, туура эмес иш жасап жатабызбы?
– Ошентсе да...
Карлыгач сөзүнүн аягына жетпей ордунан туруп боз үйдү көздөй басты:
– Жакшы калыңыз.
– Жакшы туруңуз, - деген Мырза улутуна Карлыгачты узата карап, - чоң кыз, бүгүн ырас жылуу кийинип алыптырсыз. Бул жер тоо, абайлаңыз. Өткөндөгүдөй жука кийим менен дагы жаанда калсаңыз ооруп калышыңыз мүмкүн, - деп кыйкыра сүйлөдү. Шөмтүрөп, үстүнөн ылдый суу болуп боз үйгө чуркап келгенинде өзүн суктана карап турган көз караштын кимдики экенин билген Карлыгач унчукпай жылмайып боз үйгө кирип кетти.
***
Карлыгач түнү менен чабалактап, бирде тээ алыста калган балалыгы эске түшсө, бирде бул жарык дүйнө менен эртелеп кош айтышкан апасы менен таенесинин элестери көз алдына тартылып, бирде кечээ эле болуп өткөн окуялар менен алпурушуп жатты. Тоого келгенине үч күн болду. Үч күндө денеси жай ала, кабагы көтөрүлүп, өткөн өмүрүн дегеле эстебей, бүгүнкү күндүн жыргалы менен жүргөн. Бүгүнкү күн караманча тескеринен болду. Күнү ар ойдон чыга албаганы аз келгенсип түнү да уктай албай кыйналды. Бул жердин аалам жаңылыктарынан алыс экенине, жада калса телефондун антеннасы тартпай, кулак-мурун кескендей тынчтыгына да кайдыгер эле. Жалгыздык жанына жагып, өзүн болуп көрбөгөндөй бактылуу сезип жүргөн.
Түнкү тынчтыкты бузуп тоо жаңырта кыйкыргысы келип чыкты. Өзүнөн-өзү буулугуп, көзүнөн мончоктоп аккан жаш жаздыгына сиңип жатты. “Эмне болуп турам?! Кээде өзүмдү-өзүм түшүнбөй, жан дүйнөм эмнени каалап, эмнени эңсеп турганын биле албай кыйналсам, мени ким түшүнүп, ким жардам бере алат?! Эртелеп ажал энеден айрып койбогондо тагдырым башкача болор беле?.. Тагдырым дейм... Бардыгы суктанышат. “Күйөөң табышкер. Экинчи аялы болсоң эмне экен. Колунда жок жаш неме менен жашаганча улуу болсо да сый... Сүйүү бар ортоңордо... Кудай бала эле бербей койду. Жок дегенде бирди төрөп берсең, өмүр бою бөпөлөп алат...” - дешет. А менин ич дүйнөм менен ким эсептешет?! ” - Карлыгач тагдырына таарына кимдир бирөөдөн күнөө издеп толгонду.
“Улуу кишиге... Атам менен тең кишиге... Ага башымды байлаганга ким күнөөлүү эле?! Өзүм да... Жалаң жокчулуктан арылалбай жүргөнүмдө, бирөөнүн мээримине, камкордугуна муктаж болуп турганымда белек-бечкек берип, жылуу сүйлөп, маңдайыман сылап эркелетип турганында мен да ага ашык болдум, сүйүү деген ушул экен дебедимби... Ошол кезде аны атамдай жакшы көрүп турганымды, анын камкор мамилеси гана керек экенин билбедим го...”
Үстүнө жылуу халатын желбегей жамынып сыртка чыкты. Бул жер чындап эле бейиштин төрүндөй экен... Асманда ай толуп, жылдыздар жымыңдаша өздөрүнө чакырышат. “Сыйкырдуу дүйнө бизде гана” дегендей азгырышат. Тоонун сыдырым жели ичиркентип, азыр эле чабыттап турган ойлору баш ийгендей эс ала түштү. Көкүрөк кере кенен дем алып бээлер байланып турчу желени көздөй басты. Арсылдап үргөн иттин үнүнөн селт эте кайрадан боз үйдү көздөй кайрылды да, дөңгөчтөн жасап койгон отургучтарга көчүк басты.
Көз алдына Мырзанын элеси тартыла түштү:
– Татынакай, келбеттүү экен, - деди ичинен, - жакшы жигит көрүнөт, - негедир өз оюнан өзү чочуп кетти.
– Аны неге ойлоп турам... Тоо койнунда өсүп-чоңойгон бир жигиттир... Өзү тамашалагандай, тоо этегиндеги үңкүрдө таттуу уйкуда жатса керек, - күндүзгү аны менен сүйлөшүп отурган кезди элестетип жылмайып койду.
– Кой, Карлыгач, кой... Эсиңди жый, аны ойлоого эч акың жок, - деди ичинен өзүн-өзү тыя. Бир саамга тоо тарапты теше тиктеп отурду да:
– Ө-өх! - деп кемпирчесинен үшкүрүп боз үйгө кирип кетти.
Уландысы бар..

Комментарии