АДАШКАН ТАГДЫР АРМАНЫ

2-БӨЛҮМ
Ал кезде Талгат аскердик кызматын өтөп жүрүп, эки жумага эс алганы келген эле. Достору, классташтары болуп, күндө мектептин спорт аянтчасында топ ойношот. Бүгүн да жумушунан кечиккен эмедей, жетип келди, балдар топту эбак эле баштап алышкан сыяктуу. Түшкө маал, сабактан чыккан бүтүрүүчүлөр мектептен шагырап, чубалып чыга келишти.
- Аяна, токтосоң, азыр балдар бир аз алыстасынчы, сага бирдеме айтам,-деген Адил аны жеңден тартып, кадамдарын жайлатышты.
- Айта бербейсиңби? Ме, экзамендин жооптору керекпи? Жазып ал да, кайра бер.
Аяна Адилге сунган дептерлерин алып, бир аз буйдала түштү. Дептерлер да керек болчу ага, бирок айтаар сөзү башка эле.
Адил желкесин кашый туруп калды.
- Айтпайсыңбы, эми, тигилер кетип калмай болушту.
Аянанын оюнда эч нерсе жок, бейкапар.
- Тиги, топчулардын арасынан бирөөнү көрдүңбү?
- Кызыксың го, аларды күндө эле көрөм, алар биздин класстын терезесинин тушунда ойношот эмеспи.
- Ооба, алардын арасында жаңысы бар, ошол сени менен таанышам дейт. Кошунам...
Адил оңтойсуздана Аянага карап туруп калды.
- Өзү сүйлөй албайт бекен?
- Сүйлөйт эле, айтып койчу, бүгүн кечинде барам деген.
Аяна кызыккан деле жок, анын оюн боло турган экзамендер ээлеп алган. Адил менен Аяна ээрчише басып, классташтарына жете келишти. Алар сабактан кийин ушинтип бир топко чейин сүйлөшүп отура беришчү. Эки айдан кийинки баштала турган экзамендер, бүтүрүүчү болгондору аларды бир топ жакындатып койгон. Баягыдай тентектиктерин коюшуп, балдар да өздөрүнчө жасана баштаган маал эле.
Аяна ашкан сулуу болбосо да, адамды өзүнө тартып турган жылдыздуу, ажарлуу, шайыр, эң жакшы окуган кыз. Классташ кыздарындай болуп, ушуга чейин отуруштарга да барган жок, көчөдө максатсыз баскан жок. Китептен башын албай, кээ бир аны жактыра бербеген кыздардын "патриот" деген лакап атын алганын өзү да билет. Бирок, ага баары жакын.
Күүгүм талаш Аянанын үйүнүн жанындагы караан анда-санда чала ышкырып коюп турду. Бет маңдай кошуна ата да үйүнө кирбей, эшик алдындагы устундардын четинде улам тамекисин чегип, ыкшып жөтөлүп коюп отурат. Короодон эми үйгө кирген Аянанын агасы сырдуу жылмайып алды. Эшикте ышкырык эми созолонуп, аларга даана угулду. Ата-энеси уулун карашса, уулу карындашын карайт.
- Аяна, мени жок деп койчу,-деген агасы аны жолугушууга чыгарып жибергиси келди.
- Барбайм, сиздин досторуңуз өз үйүнө киргендей эле кирип келишет го,-деген Аяна ордунан жылбады.
Агасы бир башкача көз караш менен карындашын карап коюп, эшикке чыгып кетти.
Көптө барып, ышкырыктын үнү басылды. Аяна Адилдин сөзүн унутуп калгансыган эле.
Талгат көпкө күттү. Аяналардын кошунасына жинденип алды. Адилдин, ал барыбир чыкпайт, күндүз чыгат, мендеги дептерлерин беримиш болуп баралы дегенине Талгат болбой койгон. Кантсе да, алардан үч жашка улуу эмеспи. Аяна менен өзү жолуккусу келген. Тилеги таш каап, салаңдап үйүнө келатып, досторуна жолукту.
- Караңгыда каяктан, эмне маанайың жок,- деген Байэл Талгаттын кай тараптан көңүлсүз келатканын билген.
- Чыкпай койдубу? Аны эч ким чыгара албайт. Алар шаардан көчүп келишпеди беле, бизди теңсинбейт. Аны сүйгөндөрдүн ичинде көбүбүз барбыз. Эми, сен дагы, жүрөк оорулуу болдуң.
Байэлдин күлкүсү Талгаттын кебетесинен улам тык токтоду.
- Мен кеттим, бүгүн жокмун,- деген Талгат досторуна карабай үйүнө кетип калды.
Дарбазасынын жанындагы отургучта көпкө отурду. "Таанышам, эртең сөзсүз сабактан чыгаары менен таанышам. Башкалар чыгара албаса, жакшы болуптур, а мен чыгарам, сүйлөшөм, жолугам, үйлөнөм." Ушул ойлору менен караңгылыкта, салкын желдин абасынан кере-кере жутуп, кол жеткистей болгон бийиктиктерге умтулуп жатты.
Ага таң атпай, түн узарып кеткендей туюлду. Өз ойлору менен кыялында эртеңки жолушугууну элестете берип, көздөрү илинип кеткенин да байкабады.
- Талгат, ай, балам, турсаңчы, күн түш болду, жумушуңдан кечигесиң,- деген атасы аны ойготуп жиберди. Келгени жумушунан кечикчүдөй топ ойногондорго шашкан уулу бүгүн уктап калыптыр. Ордунан атып турган Талгат чындап кечигип калчудай шашып турду.
Муздак сууга жуунуп, чала-була тамактанымыш болуп, күзгү алдында өзүнүн келбетине көз жүгүртүп, тармалдашкан чачтарын улам тарай берди.
- Кызга барчудай болуп, каякка? Барыбир топ ойнойсуң да,-деген атасына ичинен "ооба, ата, кызга барам" деп алды. Терең дем ала кадамын тездетип, мектепке жете келди..
Уландысы бар

АДАШКАН ТАГДЫР АРМАНЫ  - 989622673749

Комментарии