АДАШКАН ТАГДЫР АРМАНЫ

3-БӨЛҮМ
Талгаттын күтүүсү көпкө созулган жок. Адил Аянанын ары жак, бери жагына чыгып бирдемелерди божурап келатып, кошунасын көрдү. Кубанып алды, белгисиз сезимдер аны кубанычка бөлөдү. Мектептин короосун тосуп турган темир торго жөлөнүп, Аянадан көзүн албай тигилген Талгат аларды утурлай басты. Кыздардын шыбырашып, шыңкылдаган күлкүлөрү анын бутун чалыштырып, бастырбай жаткандай болду. Аларды аралай жөнөдү, Адилге башын ийкеп койду. Күн мурунтан экөө сүйлөшүп алгандай, Аянаны кыздарынан бир аз артта калтыруу Адилдин милдети болчу. Ал өзүнө жүктөлгөн милдетин так аткарды.
Талгат жүзүнө бар жылдызын тагып, өтө бактылуу басып келди.
- Аяна, Талгат, кошунам менин,-деген Адил Талгат менен Аянадан алыстап баратып, кылчактап карай берди.
Экөө таанышышты. Аянанын жашоосундагы бул биринчи таанышуу, ушундай болду. Аянаны буга чейин жанынан көрбөгөн Талгат өзүнө өзү курсант. Таптынакай, жөпжөнөкөй кыз. Өзүнүн жанында.
- Узатып бара берейинби?
Талгат, Аянанын колундагы китептерин ала койду.
- Кечээ кечинде кечке күттүм, чыкпай койдуң. Тиги кошуна ата да аңдыгансып, үйүнө кирбей койду го, мен кеткиче...
Талгат эмнени сүйлөөрүн билбегендей өткөнкү күтүүсүн козгоду.
- Мурда сени көрбөптүрмүн.
- Мен дагы...
- Мен бүтүп кеткенде, келгенсиң го, болбосо, таанымакмын да сени. Көчөгө чыкпасаң, тааныбайсың да... Менин аз эле убактым калды...
-Эмнеге?
Аяна чочугандай, жаман ойлоп жиберди.
- Аскердемин да, кетишим керек болот.
Үйүңө да жетели деп калдык. Анан чыгасыңбы?
- Билбейм... Айта албайм.
- Кечинде келем... Талгат кыйыла коштошту, бирок, кубанычтуу үйүн көздөй жол алды.
"Таанышам дегем, тааныштым. Карасаң, эми кетишим да керек болот, анан жолукпай калсамчы? Мен келгиче, ала качып кетсечи..." Талгаттын ойлорунун аягы жоктой.
Ушул күндөрүнөн ажырагысы келбеген Талгат кетээрин эстеген сайын ичи ачышат. Былтыр, карындашы жаңы келген деп көрсөткөн кыз, Аяна экенин эми билди. Бирок, ал карындашы мектепти былтыр эле бүткөн.
- Анан, дискотекага келесиңби?
Талгат Аянаны узатып келатып, айтканы ушул болду. Өзүнчө башкача болуп турду.
- Барам, жакында бүтүп кетип жатпайбызбы. Классташтарым менен бирге болоюн, анан чилдей тарап, туш тарапка кетебиз.
- Күтөм, келесиң ээ. Же келип эле ээрчитип кетпейинби?
- Жок, барам дебедимби.
- Мейли, анан көрүшөбүз.
Талгат мурункусундай шайыр эмес, көңүлсүз. Кеч кирбей жатты, ага. Улам-улам саатын карай берди. Эртең кетмек. Ата-энеси менен да чечилип сүйлөшпөдү. Кеч кирээри менен Аянанын үйүнө жакын келип, аны күттү.
Аянага классташ кыздары келип, алар чогу чыгышты. Талгат аларга жете келип, Аяна менен шашпай артта калышты. Кыздар баягысындай күлкү-шаң менен алдыда.
- Аяна, барбай эле койбойлубу? Сүйлөшүп отуруп турабыз, алар тараганда, үйүңө жеткирип коём.
Талгат ага болгон сезимин толук айтып бергиси келди. Жанында өзү жалгыз болууну каалаган.
- Кыздар таарынып калышат го. Ансыз деле, алардын талкуусу эле мен болуп калдым окшойт.
- Мейли, анда, барса, барып, бир бийлейли.
Талгаттын өзүмчүлдүгү катса болбой, оркоюп көрүнүп калып жатты.
Алар келгиче, шаңдуу музыка кулак жарып, жаркылдактар, айланып, жарк-журк болуп калыптыр. Көзөмөлдөөчүлөр, жаш мугалимдер экен, практиканттары да бар.
Жаштардын кыймылынан, жаркылдактардан баш айланат. Бары бийлеп, өтө эле шаңдуу.
Аз убакыт эле ичинде Талгат бүт жан дүйнөсү менен сүйүү өлкөсүндө жашап калгандай. Башка бирөө тартып алчудай болуп, Аянаны жетелей басты.
Айыл жаштары толугу менен келгендей, Аянаны классташтарына кошкон Талгат ага шыбырай, балдарына жолугуп келээрин айтып, досторун издеп кетти.
- Барсыңбы, дос? Аяна менен таанышканы, жанынан чыкпай, Аяна эле болуп калдың го. Топ да калды, биз да калдык.
Байэл ушурашып эле кыйкымдана баштады. Досторунун жанындагы бош орундукка отуруп, өзүнө тааныш караанды издей баштады.
- Азыр эле жанынан келбедиңби? Кайра издеп... Сени жанынан көрүп көнүп калдык, эми ага эч ким тийишпейт, коркпой эле кой.
Айдин анын жинин келтиргиси келбесе да, досунун алардан алыстап жүргөнүнө башкача болуп алган.
- Силер, таптакыр эле мени жээрип калгансыңар го. Мен бирдеме кылдымбы?
Талгат да аларга таарына түшкөнсүдү. Ансыз да өтүп бараткан күндөрүнө ичи ачышып, жан дүйнөсү эңшерилип турганда, досторунун сөздөрү анын санааларын ого бетер сай-сайлатып жиберди.
Аңгыча жай музыканын коштоосунда жупташкан жаштар ыргак менен кошо бирдей ыргалып, көйкөлгөн эгин талаасындагы ыргалган арпа-буудайлардай термелишет.
- Тиги ким?
Талгат Айдинден сурады.
- Практикант агай... Практикант агай деген ыр бар ээ.
Айдин кайра ага суроолуу.
- Жүрүгүлө, биз да бийлейбиз, отурганы келдик беле? Тигине каз-катар тизилген коёнектер ким мени менен бийлет дегенсип, биринен бири өтүп, көздүн жоосун алып турушат.
Айдинди ээрчий жөнөштү. Эки дос заматта кымча белдерден чимирилте айлантып, көпчүлүктүн арасына сүңгүп кетишти.
Талгат ыңгайсыздана музыка коюп, бирдемелерин чукулап, бурагылап турган Адилдин жанына келди.
- Талгат байке, эмне бийлебей?
Адил өз суроосуна өзү жоопту тез эле тапты. Алардын жанынан практикант агайынын кучагында бийлеген Аяна өтүп бараткан. Талгаттын музыканы өчүрүп салгысы келди.
- Талгат байке, бул жерде туруп туруңузчу.
Адил Аянанын артынан барып, агайына жок шылтоону айтып туруп, Аянаны жетелеп келип, Талгаттын оозун ачырды. Бар эми бийлегиле дегендей жылмайып койду.
Талгаттын жүзүндө кубаныч бийлеп, эми гана табити ачылгандай, бийге көңүлү келди. Бийлеп жатышты. Адил кошуна байкесинин көңүлүн жайгарып, анын ойлорун окуп алгансып, жай музыкалардан улам-улам коё берди.
- Сен мени күтөсүңбү?
Талгат Аянага шыбырай сурады. Аяна чачтарын оңдой, башын ийкеп койду.
- Андай жообуң жарабайт, күтөсүңбү?
- Күтөм...
Аяна уяла түштү. Эки бети чоктой албырып чыкты.
Талгаттын уккусу келген жообу дал ушул эле. Башка сөз сүйлөгөн жок.
Бүгүнкү кеч Талгатка жагып турду, бирок, бардык нерсенин соңу бардай, бул кече да аягына чыкты. Талгат Аянаны жетелей, өзүнчө бушайман.
- Аяна, шаарга барасың да, окууга тапшырып?
- Ооба, барам, окушум керек.
- Сен жана мага чын айттыңбы, күтөм деп... Талгат дагы да болсо ишенбегенсиди.
- Чын айттым.
- Анда кайра айтсаң мага.
- Күтөм...
- Сөзүңө турасыңбы? Мен келгиче, ак жоолукчан болуп каласыңбы деп корком.
- Жок, андай оюмда жок.
Алар шашпай басышканы менен тез эле жетип калышкандай болду.
- Эртең мен кетем. Анан качан жолугабыз? Карындашымды, Элинаны тааныйсың да, ал да шаарда окуйт, эч болбосо, аны сага жолугуп тур деп кетем, макулбу?
- Элина, карындашыңбы?
- Ооба. Сени көп айтчу да, анда көңүл деле бурбаптырмын. Кичинекей болсоңор керек да. Анан да мен аскерге кетмек болуп жүргөм.
- Ээртең кетип калаарым, өзүмө жакпай турат. Негизи, бүгүн кетишим керек болчу, кетким келбей койду. Эми барышым керек, аз калды, анан мен да окууга тапшырам, сени менен жарышып окуйм.
- Мен үйгө кирейин, күтүп калышты, жакшы эмес го, кошуналар көрсө...
- Кетиргим келген жок. Бирок, туура айтасың, мен да сени сөз кылдыргым келбейт.
* * *
Күндөр зымырап өтүп, айларга айлашты. Аяна ЖОЖдордун биринде окуп калды. Кызыктарга бай студенттик күндөр ага болуп көрбөгөндөй жаңылыктарды тартуулап жатты.
Талгат кызматына келгени күн өтмөгү тозокко айлангандай болгон. Бирок, тез эле жыл айланып, кызматын өтөп бүтүп, ал да шаарга келди. Шаарда ага-жеңеси, карындашы болуп жашашчу. Окууга тапшырам деп, жазда келип алган. Көптөн берки сырын Элинага айтып берди эле.
- Ии, Аянабы? Аны эртең эле таап берем, аябай жакшы кыз, сизге эле ыраа көрөм. Эбак эле айтпадым беле?
- Анда билбептирмин. Кийин өзүм таанышып алгам. Алар айылдан көчүп кетишкен турбайбы?
- Ий, көчүп кетишиптирби? Атасынын жумушу менен эле көчүп-конуп жүрүшсө керек да. Капаланбаңыз, эртең бүт окуу жайларын кыдырсам да, таап келем.
Элина айтканындай эле, Аянаны өзү окуган эле окуу жайынын башка бөлүмүнөн тапты. Бирок, агасы экөөнү башкача жолуктурмак болуп, ага сыр бербей, кечкиге айылдын жаштары чогулабыз деп, жолугушууга чакырып койду.
Талгат колуна гүлүн кучактай, карындашы айткан жерден жылбай турду. Көпкө күткөнсүп, элеңдеп эки жагын каранат. Чоюлган сары узун автобустан түшкөн Аянаны жазбай тааныды. Баягыдан да ажарына чыгып, жел учурган чачтарын оңдогон Аянага жете келди.
- Кандайсың, Аяна?
- Ой, түшүмбү, же өңүмбү? Талгат...
Талгат колундагы гүлүн сунуп, кучагын жая берди.
- Элина, чогулабыз дегенден, кечигип калбайын деп, шашып келаткам.
- Элина... Ошентти беле?
- Ооба, качан келдиң?
- Келгем, сени айылдан көрөмбү деп, учуп жетсем, жоксуңар, анан кайра жүрө бердим.
Талгаттын айылга баргандагысы көз алдына тартылды. Баягы эле достору аны ого бетер кыжаалат кылышкан.
- Аны эми таппай калдың, көчүп кетишкен,-деген Байэлди жаман көрүп кеткен....
Уландысы бар

АДАШКАН ТАГДЫР АРМАНЫ  - 989622710101

Комментарии