АДАШКАН ТАГДЫР АРМАНЫ

4-БӨЛҮМ
Бул жолугушуу экөөнүн көптөн бери эңсеп, самаган жолугушуусу эле. Сөздөр түгөнчүдөй эмес. Кыялдары ишке ашкансып, экөөнүн азыркы бактысын сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн эместей.
Талгат Аянадан бир курс артта окуп калды. Баягы өтпөй туруп алчу күндөрдүн дайыны жок, зуулдап зымырык куштай учуп жок болууда. Бирок, алар бактылуу.
Каникулда үйүнө келгени менен Талгаттын тынчы жок. Жума сайын желип-жортуп, Аянаны көздөй жөнөйт. Кантип, жылдар аккан суудай өтүп кеткенин байкабай калышты.
Бүгүн да Аянаны үйүнө жеткирип келип, өзү эми босогодон аттап эле, эски телефондун кулагын бурай баштады.
- Оу, Талгат, шам-шум этип алсаң боло. Ушу эски телефонду кучактагандан тажай элексиңби?
Агасы Талгаттын жанына келди.
- Бул телефон кызматын ашкере аткарып келатат, биринчи жеңеңдин колунан түшчү эмес, анан Элина кулагын ысытып жүрүп, турмушка чыгып кетти. Эми сенин кучагыңда. Кулагың деле ооруса керек.
- Кулак оорубайт, жакшы сөздөн, кантсе да, бул ак жолтой телефон,-жеңеси сөзгө аралашты.
Талгат унчукпай туруп калды.
- Телефонду катыра бербей, үйлөнүп албайсыңбы. Окууң кайда качат эле, билинбей бүтүп каласың.
Талгат болбой эле телефонду көтөрө жөнөдү.
- Убалтып-чубалтпай өз бөлмөңө эле коюп алчы. Сен келгени, бизге чалгандар деле уялып калышты окшойт, чалышпайт.
Агасы Талгатты карап күлүп койду.
Бөлмөсүнө кирип эле, дырылдата телефондун кулагын бураган Талгат ойлонуп калды.
- Алло.
- Алло деп коёсуң да. Жеттиңби деп чалбайсыңбы?
- Чалайын деп аткам.
- Сен чалайын дегиче, дүйнөдө эмнелер гана болуп кеткенин билесиңби?
- Сагынып кеттим сени...
- Мен дагы, азыр эле үйдө эмне сөз болду дебейсиңби?
- Угуп атам, айта бер.
- Байкемдер үйлөн, окууң качпайт дешти. Эми бул сөз айылга жетсе, үйлөнүш керек болот. Апамдын жанында келини жок да, барыбыз шаардабыз. Сен макулсуңбу?
- Окуумчу, бүткөнү калбадымбы?
- Ошо мен да ойлогом, жок дегенде, сени бүтсүн деп, анан мен бүтөм да. Анда күзгө калтыралы деп айтайын да.
- Ошенткениң оң болот го, мен эми кайда качат элем...
- Качайын деген да ой келди беле? Тамаша...
Экөө түн бир оокумга чейин сүйлөшмөй адаттары көп жылдар менен коштолуп келет.
Аяна окуусун бүтүп, диплом алаарында Талгат шашылыш айылына кетти. Апасы катуу ооруп, төшөккө жатып калыптыр. Аянага жолукпай кетүүгө туура келди. Күндө жанында жүргөн Талгатсыз Аяна жалгызсырап жүрдү. Өз кесиби боюнча жумуш тапкан менен маянасы өтө аз болгондуктан башка эле бир ишке орношуп иштеп калды. Талгаттан кабар болбоду.
Аянаны Талгаттын табышмактуу жок болушу бир топ убайга салды. Сарсанаа болуп, бирок күтүүнүн сааттарын, күндөрүн, айларын өткөрүп жүрдү. Мурункудай жайдары эмес, көңүлү суз тартып барат.
Оюнда, айылына барса, ата-энеси үйлөнтүп коюшкандай болот. Эми аны таптакыр көрбөй калчудай азаптанат. Бирок, бир гана жүрөгү анын бул ойлорун четке каккансып, күт дептжаткандай туюлат. Күтүү, аны чексиз кайгыга салгансып, сагынып, зарыгып күтө берди. Талгаттын сөздөрү жалган сыяктанып, жаш баладай ишенип алганына өзүн өзү жемелеп алат. Түшүндө, Талгат капалуудай боло берет. Мурункудай сүйлөбөйт, күлбөйт. Аны кучагына кысып, эркелетпейт.
Аяна жаздыгын кучактап ыйлап алды. Талгат кандай кетти, ошондой эле телефон да эс алууга чыккансып, мелтирейт.
* * *
Талгат шаарга шашып келип, шашып кетип жүрдү. Ара-чолодо Аянаны көргүсү келип, алардыкына барат, бирок эч ким чыкпайт. Аяна да, эжеси да күндүзү иштеринде. Акыркы келип-кеткенинде ойлонуп, өкүнүп калды, Талгат, кат жазып, эшигине кыстарып койбой деп. Эсине келбептир.
Билинбей күтүү менен жыл айланып баратат. Аянанын келет деген үмүтү биротоло үзүлүп бараткансып, жол карап күтүүсү үшкүрүккө айланып алды. Ушунчалык берилип, чын жүрөгү менен сүйгөн экен башка жигиттерге көңүлү жоктой. Бирок, жумушундагы жигит акырындап, ага жакындап келатат. Кээде шоколад, кээде гүл ала келчү болду, ага. Жумуштан эрте чыгып калышса, паркка барып, сүйлөшүп калышат. Бирок, Аянага жага бербеди. Талгатын издейт, күтөт.
* * *
Талгаттын жүрөгү эми атып кетчүдөй дүкүлдөп шаарга кирип келди. Шаар ичин аралай түз эле Аяна жашаган көп кабаттуу үйдүн алдына токтоду.
- Силер түшүп буту-колуңарды эс алдыра тургула, мен азыр,- деген Талгат чуркап кетти. Ансайын ага керектүү үйдүн эшиги алыстап кеткенсип, жетпей барат. Коңгуроону шашылыш баскылап жиберди.
- Ким бул?
Аянанын эжеси эшигин кичине ачып шыкалай карады.
- Ким керек эле?
- Кандайсыз? Аяна үйдөбү?
- А сен кимсиң?
- Мен Талгат, Аянаны чакырып коёсузбу?
- Аяна жок, турмушка чыгып кеткен, эми издеп келбе.
Өзү эле араң ачык турган эшикти шарт жаап алды. Талгат турган ордунан жылбай шылкыйып туруп калды.
"Андай болушу мүмкүн эмес. Аяна мени күтмөк. Билем, күтүп жүрөт. Балким, чындап эле ошондой болсочу. Кантип эле? Аяна андайга барбайт болчу, ала качып кеткендир. Сурасамбы? Зиртилдеген эже оң жооп берчүдөй эмес. Эх, Аяна, менин Аянам, билсең, ушул айлар мени жаман азапка салды. Кыйнады. Мен сени күтүп жүрөт деп ойлосом. Кандайча? Эмнеге? Өзүм күнөөлүүмүн. Ушуга чейин бир жолукпай койдум."
Башынан ылдый муздак суу куюп жибергенсип, далдырап туруп калды. Дубалга жөлөнгөн калыбында бакырып ыйлагысы келди. Байкабай коңгуроону чырылдата басып алып, өзү селт этип кетти. Эшик ачылган жок. Шалдыраган буттарын сүйрөй эшикти көздөй тепкич ылдый жөнөдү. Оюна эч нерсе келбейт. Жол бою кубанычы койнуна батпай жаркылдап турган жүзүн бир заматта кара булут каптап калгандай, сынган канатын салбыратып сүйрөп, учууга жарабай калган канаттуудай эшикке чыкты. Бапылдап эшик алдында турушкан достору Талгаттын түрүн көрүп, чала тартылган тамекилерин таштай ага бет алышты.
- Эмне болду, мынча купкуу болуп,- Айдин аны отургучка отургузду.
Талгат башын чайкап койду. Ызасы жанын жеп барат. Жүрөгү сыздап турат. Көзүн кычыктарына толгон жашы же агып кетпей, мөлтүрөйт.
- Айтчы, дос, аман эле бекен? Үрөйдү учурбай.
Баятан бери дал болгон Байэл ага жакындады. Талгат үшкүрүккө аралаш терең дем алды.
- Аяна... Ал турмушка чыгып кетиптир...
Талгат башка сөз айтууга жарабады. Эки досу аны менен кошо өкүнүп, бирок эч нерсе кыла албай турушту. Сооротууга да сөз табылбады. Өздөрүнчө ойлоруна багынып, айлалары түгөндү.
- Балким, калп чыгар, айтчы, канчанчы үй, мен сурап көрөйүн,-деген Айдин Талгатка карады.
- Аяна үйдө болсо, эшикти өзү ачмак. Жок экен.
Талгаттын өңү өзгөрбөй туруп алды. Отура берди.
- Ушул жерде күтүп көрөлү, балким өзүн көрүп, жолугуп калаарбыз,- Айдин Талгаттын үмүтүн улагысы келди.
- Эми келбейт да, түшүнүп атасыңбы? Ал башкага тийип кетиптир. Эми ал башканыкы. Талгат ачуусу менен досуна бир тийди. Алар унчукпай калышты.
- Кеттик. Барынын таш-талканы чыкты. Эми канттим? Элинага Аянаны алып келем деп чыкпадым беле. Бары үйдө кубанып, той болот деп чуркап жүрүшөт. А мен... Ушинтип барамбы? Барбай эле койдум...
Талгат унаасына отуруп, ачкычын ыргытып жиберди.
Талгат бир туруп, өзүн күнөөлөсө, бир туруп, сүйгөнү күнөөлүүдөй боло берди. Рулдагы Айдин кайда бараарын билбей эле айдап жүрүп отурду. Талгаттын жан дүйнөсү үшкүрүккө толуп чыкты.
"Эмне кылсам? Чын эле, мени унутуп, башка бирөө менен жетелешип кете бердиңби? Ак жоолукчан... Башканын кучагында... Сен менин жашоомду өзүң менен кошо ала кеттиң... Бул жүрөк сен гана деп алган, эми сенсиз кантем. Аяна, жаным менин, мындай болоорун эрте сезсем эмне."
- Талгат, кайда айдайын, каякка барабыз?
Айдин белгисиз жолдо калгандай болот.
- Айдай бер, эми мага барыбир.
Талгат бурк этти, чынында, ага азыр барыбир, дүйнө аны өгөйлөгөнсүгөн.
- Бир жатып албайт белең, ошондо кетмек эмес, эч ким да ала качпайт болчу,- Байэл мыйыгынан жылмайып, мышмыйган көздөрүн ого бетер жүлжүйтөт.
- Айбансың ээ, Байэл,- Айдин ачуулана.
- Эмнеси бар экен, балким, жатып деле койгондур, экөөбүз билмек белек.
Байэл ого бетер күчөдү.
- Жатпай-этпей эле, элдин барын өзүңдөй көрбөчү,- Айдин аны менен кызыл чеке болгондон кайра тартчудай эмес.
Талгат экөөнүн сөздөрүнө да көңүл бургусу келбей, санаанын сары жоргосун минип, тээ бийик-бийик чокулардан алыска көз чаптырып, ааламды жаңырта "Аяна, А-я-н-а, жаным!" деп кыйкырып жүргөн жарымы жок жүрөгүнүн сыздаганына туруштук бере алчудай эмес. Бозоруп, терезеден көчөнү карап келатканы менен баары бопбоз, бары айырмасы жоктой бирдей көрүнөт.
- Талгат, эй, бирдеме дечи, тумчукпай, сен эмес, сени көрүп, мен жинди болуп кетейин деп атам, эмне кылалы, каякка баралы?
Айдиндин чыйпыйы чыга берди.
- Сөгүн, айнекти талкалай чап, ыйла, бирок, алдагынтип тунжурабачы...
Айдин досунун кебетесине боору ооруп, аны аяй берди.
"Сүйүүң менен куруп кал десе... Мен жөн жакшы көрүү го деп жүрсөм, ушинтип, дардалаңдап, төбөсү көккө жетип келип, таш менен бирөө башка чапкансып..."...
Уландысы бар

АДАШКАН ТАГДЫР АРМАНЫ - 989622755925

Комментарии