АЯЛ АЛЫП БЕРДИМ

2-болум;
Зуура ;
<<Куйоомо оюмдагыдай аял алып берип, жаным тынды>>
Дагы деле илгери үмүт менен балалуу болорубузга бек ишенип, жашай бердик. Он жылга таяган жашообузда бир гана өзгөрүү болду. Биз досторубуздун жалпы отуруштарына барбай калдык. Ар кими менен жеке байланышканыбыз болбосо баары чогула келген жерде отуруу бизге таптакыр эле оор болуп кетти. Балдардын күлкүсү менен ага кубанган жүздөрдүн арасында тумчугуп отуруудан көрө үйдө тынч болгонубуз артык сезилди. *** Баладан үмүтүм үзүлбөй жүргөн бир күнү мен эӊ кыйын деп кайрылган кезектеги дарыгер болгон тилегимди уратып салды. Кагазын тиктеп: «Сиз тукумсуз экенсиз. Кантип ушуну ушул күнгө чейин аныктап бере алышкан жок?» - деди. Анан: «Күйөөӊуз балалуу боло алат. Балким ага мүмкүнчүлүк берип көрөсүз. Болбосо бала багып алып бактылуу жашап жаткандар деле бар го», - деди. Ал мүнөттө менде тандоо кылгыдай дарман жок эле. Теӊселип үйгө кайттым. Бир айдай жолдошума айта албай жүргөнүм менен бул убакыт ичинде өзүмдүн төрөбөй турганымды толук мойнума алдым. Ошого макул болдум. Анткени акыркы кезде дарыгерден дарыгерге, табыптан табыпка баруудан тажап бүткөн элем. Ырас, күйөөм балалуу боло ала турган болгондон кийин анын башын бошотоюн деп чечтим. Бирок жолдошум мен күткөндөй макул боло койгон жок. «Жок, Зуля, эки жолго түшүүнү кенедей да ойлонбо. Эмне, мен сени төрөбөй жатасыӊ деп атамбы? Балабыз болбогону менен анча-мынча балалууларга караганда бактылуу жашап жатабыз го. Мен өзүмдү сенсиз элестете албайм». Менин жайым акырындык менен ата-эне, бир туугандарыбызга толук маалым болду. Ортодо көп сөздөр айтылып, көп кайчылаш пикирлер жаралды. Ал турсун эки-үч курдай эки тарап чогулуп алып бизди ортого салышып ажырашкыла деген талап коюшту. Мен аялдык кылып алардын айтканына макул болуп, канча ирет жүгүмдү жыйнап, кетүүгө камындым. Бирок Жуман «ажырашпайм» деген пикирине кандай бек болсо дал ошондой аягына чейин бек турду. Таӊ калганым да, ыраазы болгонум ошого жараша мамилесин да эч өзгөрткөн жок. Жаш күнүбүздө кандай эркелетип, сыйлап, аяп турса кийин да ошонусунан жазбады. Бара-бара мен ага ишенип, төрөбөгөнүм үчүн баягыдай басынып, кысына берчү болбой калдым.
Уландысы бар...

АЯЛ АЛЫП БЕРДИМ  - 989622872661

Комментарии