3-болум; Бирок бала маселеси оӊой менен эле бүтүп калбайт экен. Бирге жашаганыбызга бат эле 30 жыл болду. Экөөбүз бирдей кызматтарыбыздан көтөрүлүп, эӊ бийик даражаларга жеттик. Ошого жараша чөйрө күтүп, дүйнө жыйдык. Экөөбүздүн башыбыздан башкага коробогондуктан дүйнө-мүлк бизге өзүнөн-өзү келип чогулду. Анан «30 жыл жыйган-тергенибизди кимге калтырабыз, мунун баарына ким ээлик кылып калат» деген тымызын ой өзүнөн-өзү пайда болду. Бизде болсо баягы эле, муну экөөбүз теӊ эле ойлоп, түйшөлүп турабыз, бирок ачык сүйлөшө албайбыз. Ал тууралуу кеп кылып жүрөгүбүздү оорутуп алуудан сактанабыз. Бирок кандайынан болсо да бул маселеге чекит коюлушу керек эле. Менин ойлогонум жалгыз гана «Жуман экинчи аял алуусу керек» деген болуп калды. Ушул гана жол бар болчу жана туура болчу. Бир чети жолдошумдун айланасында кыз десе кызы, уул десе уулу туруп экинчи аял алып алышкандар толтура. А Жуманга бала керек, ага жарашпайт бекен. Дагы бир жагынан анын дил тереӊинде балага болгон эӊсөөсү дале бар экенин жакшы билем. Башканын баласын багып алууга макул болбогону да өз канынан гана бүткөн балага ата болгусу келерин түшүндүрөт да. Ансыз да жашы өтүп баратат. Балалуу болуу бактысынан биротоло ажырап арманда калбасын, эмнеси болсо да бир аракет кылалы дедим. Албетте, адаттагыдай эле бул сунушума Жуманды көндүрүү оӊой болгон жок. Кенен 4-5 жыл алыштым. Сырымды билген жакындар менен кошо өзүм кадимкидей кыз-келиндерди караштырып, сураштырып баштадым. Жолдошум башында каршылык кылганы менен акырындап макул дегенсиди. Балким «билгенин кылсын» деди бекен, бул аракетиме кайдыгер жүрө берди. Бир күнү мен издеген аял да табылды. Билимдүү, маданияттуу, алдым-жуттуму жок жакшы мүнөзү бар, дүйнөгө пейили ток, ишине жоопкерчиликтүү жан экен. Мурунку никесинен көргөн уулун чет мамлекетке окууга жибериптир. Экинчи жолу турмуш курууну таптакыр ойлонбойт экен. Мунун баарын аны менен бирге иштеп калган сиӊдимден уккандан баштап ошол келинди гана көздөп туруп алдым. Жуманды алгач жолугушууга көндүрүп, андан кийинкисин кандай улантууга болот деп ойлонгом. Бирок калган окуяларга бат эле менин тиешем жок болуп калды. Ал келин деле Жуманга бир көргөндө жаккан окшойт. Уландысы бар..
Бакыт Үйү
АЯЛ АЛЫП БЕРДИМ
3-болум;
Бирок бала маселеси оӊой менен эле бүтүп калбайт экен. Бирге жашаганыбызга бат эле 30 жыл болду. Экөөбүз бирдей кызматтарыбыздан көтөрүлүп, эӊ бийик даражаларга жеттик. Ошого жараша чөйрө күтүп, дүйнө жыйдык. Экөөбүздүн башыбыздан башкага коробогондуктан дүйнө-мүлк бизге өзүнөн-өзү келип чогулду. Анан «30 жыл жыйган-тергенибизди кимге калтырабыз, мунун баарына ким ээлик кылып калат» деген тымызын ой өзүнөн-өзү пайда болду. Бизде болсо баягы эле, муну экөөбүз теӊ эле ойлоп, түйшөлүп турабыз, бирок ачык сүйлөшө албайбыз. Ал тууралуу кеп кылып жүрөгүбүздү оорутуп алуудан сактанабыз. Бирок кандайынан болсо да бул маселеге чекит коюлушу керек эле. Менин ойлогонум жалгыз гана «Жуман экинчи аял алуусу керек» деген болуп калды. Ушул гана жол бар болчу жана туура болчу. Бир чети жолдошумдун айланасында кыз десе кызы, уул десе уулу туруп экинчи аял алып алышкандар толтура. А Жуманга бала керек, ага жарашпайт бекен. Дагы бир жагынан анын дил тереӊинде балага болгон эӊсөөсү дале бар экенин жакшы билем. Башканын баласын багып алууга макул болбогону да өз канынан гана бүткөн балага ата болгусу келерин түшүндүрөт да. Ансыз да жашы өтүп баратат. Балалуу болуу бактысынан биротоло ажырап арманда калбасын, эмнеси болсо да бир аракет кылалы дедим.
Албетте, адаттагыдай эле бул сунушума Жуманды көндүрүү оӊой болгон жок. Кенен 4-5 жыл алыштым. Сырымды билген жакындар менен кошо өзүм кадимкидей кыз-келиндерди караштырып, сураштырып баштадым. Жолдошум башында каршылык кылганы менен акырындап макул дегенсиди. Балким «билгенин кылсын» деди бекен, бул аракетиме кайдыгер жүрө берди. Бир күнү мен издеген аял да табылды. Билимдүү, маданияттуу, алдым-жуттуму жок жакшы мүнөзү бар, дүйнөгө пейили ток, ишине жоопкерчиликтүү жан экен. Мурунку никесинен көргөн уулун чет мамлекетке окууга жибериптир. Экинчи жолу турмуш курууну таптакыр ойлонбойт экен. Мунун баарын аны менен бирге иштеп калган сиӊдимден уккандан баштап ошол келинди гана көздөп туруп алдым. Жуманды алгач жолугушууга көндүрүп, андан кийинкисин кандай улантууга болот деп ойлонгом. Бирок калган окуяларга бат эле менин тиешем жок болуп калды. Ал келин деле Жуманга бир көргөндө жаккан окшойт.
Уландысы бар..