БАКЫТ ДААМЫ

1-БӨЛҮМ!
Кыштын акыркы айы узап баратканына карабай, таң эрте башталган кар али токтобой жаап жатты. Эмнегедир эс алууну көздөгөн Аида туулуп-өскөн айылына баргысы келди. Көптөн бери жан дүйнөсүн жеңилдетип сырдашаарга жанында курбусу жок экендигине да өкүнүп алды. Бир кезде шагыраган курбулар, биринен бири өткөн келишимдүү жигиттер кумга сиңип жок болгон суудай эле болушту. Бирок, ага деле өкүнгүсү келбеди, бардыгына кол шилтеп, жолго чыгууга камданды. Эшик алдындагы күзгүгө бир каранып алды да, унаасынын ачкычын кармалай эшикке чыкты. Оо, айлана аппак, керемет... Кардан чапан жамынган бак-дарактар дүпүйүп, карагандын көзүн уялтат. Анда-санда тайгаланган унаалар, кайдадыр шашып бара жатышкандар, итин бөтөнчө мээрим менен эркелетип жүргөн орус кемпирлер күндөгү көрүнүш эле. Тез эле унаа токтотуучу жайга келип, кароолчу менен баш ийкешип учурашып, унаасынын үстү- башын тазалады. Көптү билген айдоочудай майын текшерип, от алдырып коюп, айнектерин күзгүдөй жалтырата тазалап чыкты. Терең дем алды дагы, унаасына ойлуу отуруп, музыкасын тандады. Акыры өзүнө жаккан ырга коюп, үнүн бир аз катуулатты да, ордунан жай жылып кетти. Шаардагы тыгындан алыстай өзүнчө план түзө баштады. Дөңгөлөктөрдү текшертем, май куям, анан жолум шыдыр болуп, зуулдаган бойдон жетип барам. Жол чыракта токтоп туруп да ойго батып кетти. Артындагы унаанын чыңылдаганы ойун бузуп жиберди. Тиги жигит акылдуусунуп, анын капталына чыгып, өз мээсин өзү сөөмөйү менен чукуп өтүп кетти.
- Кечирип койчу, дедим го,- же түшүнүк жокпу, эмнеге күйүп-өчүп жатат, кечирим сурады, - деген ойлор таптакыр ойуңа келге жокпу, айдоочу,- деп өзү менен өзү сүйлөшүп алды. Алдыга шашкан жигитти өткөрүп жиберип, унаанын номерин карап бара берди. Жолдору бир сыяктанып, шаардан толук чыгып кеткиче экөө кээде катар, кээде кубалашкансып баратышты. Жанына токтогондо жигит атайы бурулуп карап, жылмайып койду. Аида ага көңүл да бургусу келбей, музыкасын болушунча коюп, ушундан же ашып кетишим керек же таптакыр артта калышым керек окшойт,- өз ичинде ойлоп алды, азыр ыңгайы келсе ашып кетем же май куючу жайга кирип,өткөрүп жибербесем,-деген ойдо эле.
Аңгыча эле жол жээгинен дөңгөлөк желин текшерүүгө токтоду. Андагы шуулдаган жигит заматта буралып түрмөктөлгөн жел үйлөткүчү менен унаанын төрт дөңгөлөгүн айланып чыга калып, тийише кетти:
- Чоң кыз телефонуңуз барбы?
- Бар.
- Бербейсизби, анда?
- Алалбай калдың го, телефонум үйдө, анын да буралган мындайы бар деп,- жигиттин колундагы үйлөткүчтүн түтүкчөсүн көрсөтүп койду. Жигит башын чайкай, таппасаң сыйпалап кал,-дегенсип, дагы келип туруңуз, бат-баттан деген бойдон Аида узап кеткиче карап турду. Жанындагылар кыраан күлкүгө салып, көрүп турбайсыңбы, оңой менен мындай кыздарга жакпайсың дегендей болушту.
Чындыгында, Аида эң жөнөкөй, боорукер, эч кимге катуу айтпаган, бирок учурунда чукугандай сөз тапкан, бой көтөрүп сулуулугуна чиренбеген, жанында коргоочусу жок назик жан. Ооба, ошол келишкен өң-келбеттин азабын чеккендей эле болду. Ага ашык болуп, гүлдөн гүлдү тандап берген жигиттер, ал тургай достор көп болчу. Анын айынан достугу бузулгандар бар эле. Эки дос бирдей сүйүп, эки ортодо Аида бушайман болуп, акыры экөөнөн бирдей кол үзүп, аларга чыныгы достукту тилеген учуру да бар. Калпыс басып, адашкан жолдорун колунан келсе, башкача басып, башка жолдо болмок. Бирок, тагдырдын жазганынан качылып кутулбасын билет.Кар дале токтобой жаап, ээригени ээрип, жол бир топ эле тайгак экен. Сайлык деген жазууну эми окуп өтө бергенде, унаа тайгаланып жолдун четине кетип баратты. Эмнеге алаксыды, унаа ичин бүт ээлеген ыргабы, же ар дайым жанын койбогон бүдөмүк, эртеңи жок туңгуюк ойлоргобу? Белгисиз... Эгер тайгалансаң, бирок тайгаланбай эле койгон жакшы, эч качан тормоз баспа, газдан бутту албай акырындан басып, рулду оңдоп кет,-деген инисинин сөзү эсине түшө калды. Айласыз калгандай болуп, бир заматта эч нерсени серп албай калган жаны, рулду солго бура баштады. Болгон жок, эми солду көздөй алып уруп баратты, каршыда да унаа келе жатат. Эмне кылуу керек? Мен жеңилбешим керек дегендей чымыркана унаасын солго аздан буруп отуруп, каршыдагы унаага аз калганда өз жолуна түшүп, оңолуп кетти. Өх, Кудайым бар экен, аңга түшүп кетсем, же тиги унааны уруп алсам эмне болот эле,-деген Аида Кудайга ыраазы болду. Көрөөр күнүм бар экен да, жол тайгак десе, неге укпадым? Ушул эч кимди укпаган өжөрлүгүм качан калат деги? Өзүн өзү жемелемиш болду. Сайлык... Анын эмнесине оозумду ачып ойлондум, же ушундай болобу? Жүрөгүнүн үшүн алып, бир заматта чымын жанын чыркыраткан окуяга көңүлү жайланбай, үшкүрүндү. Алайып карап өткөн каршыдагы айдоочуну элестетип алды. Ойлонбой айдайынчы деген менен болбой эле үзүл-кесил, эртеңи жок туңгуюк чар-жайыт ойлору менен кардын басаңдап калганын байкады. Бара-бара кардан дайын калбай, ыркыраган шамал менен мурдагыдан ылдамдыгын жогорудата зуулдай берди. МАИнин ала таягын көрө сала ылдамдыкты жайлата,алардын тушунан өз мээсин өзү чукуп өткөн жигиттин унаасына көзү урунуп өттү. Ошентип, жанынан зуу өтүп, ага ылайланган карды чачып кетчү унаалардан да арылды. Маңдайкы айнектен башкасы, шумдук эле болуп калды. Бирок ушундай ботала унаа айдагысы келчү эмес беле. Бир жылмайып алды да шамал менен тең жарыша үйүнө жетти.
Болуп өткөндөр унут калып, Аида көптөн бери келелек үйүндө өзүн бактылуу сезди. Жол карап тосуп алчулары жок болсо да, жан дүйнөсү жай ала түштү. Капастагыдай жашоо аны бир топ чүнчүтүп салган эле. Ал жашоосун да таштады, бирок андан бери тынч алып, бир жерде туралбай, кайдадыр шаша берчү болуп алган. Барган жерине да көпкө отурбай, ачылып сөз сүйлөбөй, шашыла келип, шашыла кетүү менен жүргөн. Азыр болсо, ээн үйдө жалгыз экенине да кайыл болуп, бир аз тынчтана түштү. Эч кимге чалган да жок, ага да эч ким чалбады. Телефону кире бериштеги текчеде кала берди. Жаңылык айтып берчү, сырын бөлүшөөр эң жакын санаган курбусунан да кол үзүп кете бергенине канчалык ичи ачышса да, көңүлү муздай тоңуп турду. Эстегиси келген жок. Өткөн күндөр, өттү, кетти деген менен эстен кеткис так оңой менен унутула койбосуна көзү жетсе да, өзү моюн сунгусу келбеди. Бактылуулук ар бир жанга берилсе керек, бирок мага эмнегедир аз бердиби, же дагы эле берелекпи, айтор, мелт-калт болгон бакыт чөйчөгү төгүлүп-чачылган, бир заматта бары тетири болуп чыга калбаспы... Балким тагдыр ушундайдыр. Ким билсин... Кечээ эле күлкү, кубаныч койнуна батпай турган жылмаюу жүзүнөн кетпеген керилген ак куу бүгүн маанайы суз, мурункудай күлкүдөн баш тарткан, жагымдуу жүзүнө чексиз муңайымдыкты тартып алгандай. Балким, мунун бары убактылуудур. Чайыттай ачылган күн сымал ал да бир күнү кулпуруп чыга келээр, баштагыдай. Убакыт жакшы дары демекчи, убакыттын өтүшү менен азаптуу көргөн түшкө окшогон окуялар чындап унутулаар. Эч нерсени ойлогусу келбей жатып, көшүлүп уйкуга кетти. Бир аз чыйрыгып турган жаны курсагына жылуу чай киргени уйкуга кирди. Кара коюу чачтары жаздыгына жайылып, жүзүндөгү капачылыктарды уйку жеңип турду. Балким алдамчы түшкө багынып жаткандыр, назик жылмайган аппак жүзүнө көргөн жандар суктанаарлык эле. Кѳлдү сагынган Аида күнүгѳ кѳлгѳ келип кетмейди адатка айланткандай. Жалгыз унаа дайыма кѳл жээгинде турат. Кусалыгы жан дүйнѳсүн омкоруп, санааркаган сезимдерин, үшкүрүккѳ толгон кѳѳдѳнүндѳгү толгон-толгон жан адамга айтылбай келген сырларын кѳл толкундарына жашырат. Мелмилдеген кѳлдү кѳпкѳ тиктеп, жан дүйнѳсүн сергитет. Бүгүн да күндѳгүдѳй келип кѳл жээгинде кѳпкѳ жүрдү.
Кѳл жээгине дагы бир унаа келип токтоду. Айдоочу унаасын бекитип, тиги унааны кызыга карады. Кайдан кѳрдүм эле?-бир саамга ойлоно калды. Жѳн эле тааныш кѳрүндү да, дайым эле жолдо жүрсѳм, баш адаштырат эмеспи азыр унаалар, кѳптүн бири да деди. Айланып карап, ичин шыкаалап карап койду. Эч ким жок, демек ээси кѳл жээкте.
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар ушул чыгарманы окугансыздарбы? комментарий күтөбүз класс басканды унутпаңыздар уланталыбы?

Комментарии