ТААСИР БЕРБЕЙ КАЛГАН ЖАКШЫ СӨЗ.

▪️️ Кызык! Эмне үчүн жаман эмес жакшы сөз дагы таасир этпей калат?
▪️️Кандай адамдын жакшы сөзү таасирин жоготот?
▪️️Сиздин жашооңузда, жакшы сөзү менен таасир бере албаган адамыңыз бар болду бекен?
▪️️Мүмкүн, сиздин жакшы сөзүңүз жакындарыңызга таасир этпей калган чыгар?
️Адамдын жүрөгүн муздай тоңдуруп коюп, кайра барып жакшы сөз сүйлөгөндөн кийин мурункудай кубануу менен кабыл албай калат жана жакшы сөзгө ишенгиси келбейт.
Себеби эмнеде?
Анда төмөндү 👇карай окууну уланталы.
🔸️МУЗДАЙ ТОҢГОН ЖҮРӨК.
Бүл сөздүн ичинде көп чындыктар жатат. Ал кандай чындыктар?
▪️Эң биринчи адамдын ишеничинен кетүү.
▪️Сөзүндө туруктуулук жок.
▪️ Убадасына турбайт.
▪️ Мүнөт сайын пландарын өзгөртөт.
▪️ Оюу бир жерде болбогон үчүн жакындарына бир ойду чечкиндүү сүйлөбөйт.
▪️Жалганды көп айтат.
▪️Кемчилигин далилдеп атса да мойнуна албайт.
▪️Ар дайым чындыктан кыя өтүп, жалганга жамынып буйтап жашайт.
▪️Сүйлөгөн сөзү менен жасаган мамилеси бири-бирине карама-каршы чыгат.
Дагы бир себеп жубайына
▪️️ азап берип,
▪️️жүрөгүн эзип,
▪️️аярлабасатан мамиле жасоо менен жүрөгүн муздатып, жакшы сөзүнүн күчүн жана өзүнүн кадырын жоготушат.
Ошондой эле жолдошуна
▪️️орой суйлоп,
▪️️кечке наалып,
▪️️ажаан аял болгон соң жолдошу жубайына суктанбай, жакшы сөз айткысы келбей, аялынын камкордугуна баа берүүсү жоголот.
Айымдардын бактысыз жашоосуна ар дайым мырзаларды "күнөлүү" деп айтууга болбойт.
Себеби жолдошунан
▪️️төрдү талашкан,
▪️️ сөзгө келбеген,
▪️️ыраазы болбогон,
▪️️карганып сүйлөгөн айымдар дагы жок эмес.
🔸️ ЖАКШЫ СӨЗҮҢДҮН ТААСИРИН ЖОГОТПО!
Жакшы сөз айткан эң сонун бирок жакшы сөзүбүз жакындарыбызга таасир этпей калса, анда өзүбүздүн аларга болгон
▪️ мамилебизге,
▪️сүйлөгөн сөздөрүбүзгө маани берүү керек.
Албетте!
Бизге жакшы сөзү менен таасир бере албай калган адамдар жолукпай койбойт.
Себеби өздөрүнүн
▪️эки жүздүүлүгү,
▪️ушак сүйлөө,
▪️жалганды бетке коюу,
▪️ичи - тар, көрө албастыгы менен ишенимден кетип, жакшы сөзүнүн бизге болгон таасирин жоготуп алышат.
ЖАКШЫ СӨЗДҮН ЭЭСИ ЖАКШЫ АДАМ БОЛУУ КЕРЕК.
ЭКИ ЖҮЗДҮҮ, КУУ АДАМДЫН ЖАКШЫ СӨЗҮ СӨЗ ЭМЕС.
Бирок келиңиздер биз өзүбүз үчүн жооп бере билели. Биз өзүбүздүн жакшы сөздөрүбүздүн
▪️️баалуулугун,
▪️кадырын,
▪️барктуулугун,
▪️️күчүн жоготуп алган жокпузбу?Ар бир сөзүбүз өтүмдүү болгон кандай жакшы ээ?
Ал үчүн
▪️️ шылдыңдаба!
▪️️Басынтып сүйлөбө!
▪️️Ар бир кылыгына ат койбо!
▪️️Тамашаны, кемсинтүү максатта колдонбо!
▪️️Ар дайым кемчилигин айта бербе!
▪️️Кечке наалып, шагын сындырып сүйлөбө!
▪️️Алсыздыгын пайдаланып, өзүңдү алсыз адамдын алдында кыйын болуп эр көрсөтпө!
▪️️Тоготпогонсуп өзүңдүн жемелегенин аз келгенсип, элдин көзүнчө жемелебе!
▪️️Кыжырдантып, буйрук берип сүйлөбө!
▪️️ Ал адам үчүн чечим чыгарба! Биринчи анын каалоосун бил!
Эгер жогоркудагы сөздөр, жашооңузда жок болсо бара-бара жаман гана эмес жакшы сөзүбүздүн таасирин, күчүн жоготуп алабыз.
Ар бир окурманымдын
▪️сөзү өтүмдүү,
▪️маңыздуу,
▪️пайдалуу,
▪️жагымдуу болушун каалайм. Албетте эң биринчи өзүмдөн баштагым келет. Себеби, мен дагы жеткилең периште айым эмесмин.
Игамбердиева. Зарема .

ТААСИР БЕРБЕЙ КАЛГАН ЖАКШЫ СӨЗ. - 989623056725

Комментарии