Комментарии
- 24 авг 13:15Назарова Апизахан



- 24 авг 14:03Майрам Дарбакова



- 24 авг 14:19Баатырбек Орозов



- 24 авг 18:14Ajarkul Kaparovna

- 25 авг 20:16Жанара Раяна


- 28 авг 18:17Айша Курбанова
- 15 сен 11:15Жаз Гулу
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Бакыт Үйү
БӨТӨЛКӨГӨ БАЙЛАНГАН ТУРМУШ.
3-БӨЛҮМ
Мына келдинер мен билген арзан жатаканалар бар, Ош базарынын жанында, ошол жерге барып эс алам,эгер акчанар болсо ортого тушуп,суйлошуп берем,биринчи жолу келе жатышынар окшойт, ээ?
---Акчабыз жок,эгер макул болсонуз, сиздин машинанызда тан аткыча отуруп турсак,болуптур денизчи,кудай жалгагыр!?
Чон эле жигит козун жалдыратып караганда,шофер боору ооруду.
--- Акчан болбосо,шаар ото кыйын, бири -бирини тааныбайсын,андан коро ата -энендин алдында журо бербейсинби?Мейли, мен чарчадым ,эс алайын, бирок,бир жолу эле,дайым квартирант кыла албайм---деп жылмайып басып кетти. Гулипанын апасы нан ,шириндиктерди салып берген алардан жеп уктап калышты.
--- Тургула,килиент чыгып калды,шашылышмын,тушкуло болду эми. Уйкулары ачылып ,ачылбай колдоруна сумкасын кармаган боюнча тушуп калышты. Базардын жанында болгондуктан эрте мененки турмуш башталды,ар ким озу менен озу. Кийген кийимдеринен ,беттеринин кызылы бир аз торлоп тургандыктан,бул экоону бир тиктеген адам дароо байкайт,айылдан жаны келгенин.
---Каякка басабыз,ии,келбей эле койбой Гулипа каректерин жалдыратып Саматты карады.
--- Билбейм,журу,досторум жолугуп калса го жакшы болбосо дагы бирдеме болоор. Иш издейли,жатаканасы ичинде болгон жумуш чыгып калаар. Бироо менен тез табыша албаган жаны копко журду,ага караганда Гулипа ар жерге барып жумуш сурап жатты. Эркек болуп туруп,аялынын жанында чечкинсиз,тартынчаак болуп калганына окунду ичинен,бир жагы ушундай каттуу тарбиялаган атасын куноолоп,башкаларга окшоп эркин суйлой албайм,тарсылдап оз оюмду билдирип,элдер менен мамыр- жумур аралаша албаганына озун жемелеп башкалардан кем сезди.
Буттары талып ,курсактары ачты.Чонтогун карады аз гана акча,пирожки алып жегенге жетет. Гулипага карап:---Пирожки алчы,мэ,акчаны ушул эле акыркысы…
---Ой,эми,кантебиз,ишеничтуу келе жатпадын беле досторум бар деп?
Колдоруна кармаган пирожкини жеши жеп алып ,суусай башташты,суу алып ичкенге акча калбаган. Экоо ээрчишип,базардын сыртынан бурч жерден суусу агып жаткан крантты коруп суйунуп кетишти. Сууну ичишип,ошол жерге отура кетишти,чанкоолору басылып, дем алып турганда,бир бала эки пакет ботолко алып келди да,аларды алып,тазалап жууй баштады,карап отурган Самат:
---Эй бала,буларды эмне кыласын?
Алардын жузун карабаган калыпта
---Сатам. Тез кыймылдап бир паста,тазалап жууп кетип калды. Гулипа менен Самат жумуш таппай чарчашты,же досторун таппады,паланчаны кордунбу дегидей айыл эмесго,аттин.
Куздун куну эрте менен кеч суук болот эмеспи,ары-бери баса берип,бугунку кунду да кеч киргизишти. Гулипа : --Кай жакка барып жатабыз?
---Билбейм,чарчадым.Буттарым талып болбой калды. Далдоо жер табайлы,кичине бутту сунуп отурбасак болбойт.
---Билесинби,чет олкодо кээ бирлери бизде деле жаны уйлонгондор "бал айы" деп чет олкого барып эс алат экен .
---Ооба,биз деле бал айда,Бишкекке келип отурабыз го,хахаха…хыхыхы…аргасыздан экоо тен жылмайып мээрим тогушуп тиктешип алышты,бул оздорун соороту кулкусу эле. Суук болуп,карангы кире баштады,болгон кийимдерин кийип,мусордон карапкаларды чогултуп кармап келди Самат,далдаа жер табышып ,отура кетишти,ушугондуктон бири бирине ото ыкташып отурушту,анча мынча отуп бараткан адамдар тиктеп коюшат. Гулипа :---Уят,эле…десе . Самат:---Бизди эч ким тааныбайт,уялбай эле кой,деп коет.
Ошол тааныганы жакшы эле жардам сурайт элем деп тим болду.
Ушугонуно чыдабай ,бири бирине кыналып уктап калышты. Тан агарып,калганда ушугондуктон ойгонуп кетишти. Курсактары курулдап,ачка ысык тамак жебегендиктен алдары куруйт. Уйдун ыссык чайын энсеп кетти. Самат бир идея жанылык ойлоп тапкандай: ---Мен бир нерсе ойлоп таптым,таптым,билесинби?
---Ии,эмне болду,самолет ойлоп таптынбы,жаным!
---Койчу,тамашанды…билесинби кечээги баланы?
---Кайсы?
---Ботолко жууган.
---Ии,эмне экен,эсимде.
---Ошо, биз да ботолко жууп сатабыз…
Койчу,башка жумуш карайлы Гулипа жактырбагандай айтты.Биринчи курсакты тойгузуп алалы,анан дагы кудай бизге боор ачыйт,бизди коруп турат го,деп кондурду аялын.
Экоо мусорлардан пакет алып,ботолко чогултуп башташты, баягы бала жууган жерге барып тазалап сатышты,ботолкону тыйынга гана алат экен,тортоо аран биригип бир сом,колу барбай Гулипа:---Ой,тооба,мен шаарда ботолко терем деп,он уктасам тушумо да кирбеген,ата-энем билсе ыйлайтго деген ойдо тере баштады .Тушко чейин теришип,тушку чайына ылайык акча табышты. Ботолко алгандар таптаза жууп,таза кирсиз адамгерчиликтуу,куулук шумдугу жок айылдан келген эки карапайым жаш жубайга жакшы мамиле жасап,дагы алып келе бергиле деп койду.
Ботолко терип ону баштары кир,жудоп кетишти. Самат чындап берилип,ар жерден жугуруп бат баттан кыймылдап,кыйла акчага иштеп коюшту. Тапкан акчасы курсагын тойгузганга жетет экооно,кечке маал каробка салып жатып калышат. Ошентип ботолкону экоо тен кызуу чогултуп,кай жерде коп болот,кайсы маалда ыргытылат бут билип калышты. Бул иштеринен уялбай конуп кетишти. Колдору муздак сууда ботолко жууп,аппак болуп бышарып,сыныгы кесип кеткен жерлери ачылып жарылып ,ачыштырып суу тийгенде азап болуп жатты. Самат эркек эмеспи бул кыйынчылыкка чыдады,Гулипа ыйлады,суук отуп,ысытмалап денеси от болуп жанып жатты...
--- Самат кетели айылга… мейлиби?
---Кантип,барабыз,ушул кебете менен!
---Мени салып жибер, шоферлордон ата -энем жол кирени беришет.
---Жок,жаным мен азыр ботолколорду сатып дары алып келем. Сакайып каласын. Уят эмеспи барсак ,сенсиз кантип жашайм,тушунчу мени,сен кетсен мага кыйын болот го,кыйналсам дагы сен жанымда журсон,баарын унуткандай болом,мен байкушту аяп койчу,аппагым.Бети башы жудогон ,кир Гулипаны эркелетип карап койду.
---Ээй,кайсы онуму "аппагым" деп жатасын,бардык ону тусум адам коркорлук болуп калса,жада калса нан саткан кызда мени жийиркенип,колдун учунда нанын сатты. Билесинби,кандай сонун кыз элем,эми бомж кейиптенип калдым.
---Жок,жаным,эн сулуу периштемсин, менин!Бул кундор отуп кетет,коросун мени айтты дейсин,биз да аппак болуп жузубуз ,кийингенибиз таптаза тим эле шаардыктардай болуп калабыз…
---Койчу,куру кыялынды,чындыкка жакын нерсени ойлончу деги,бай болгур! Азыркы абалыбызды ойлочу айылдан келгенден бери ыссык тамак иче элекпиз,жуунбай тусубузду кара ,мурунку бизди тааныгандар ушул турушубузду коруп тааныбайда калат. Башым каттуу оорубатат,тамагым кошо ,тезирээк алып келчи дарыны жаным жер тартып баратат.
---Азыр,чыдап тур!Далдактап пакеттеги ботолколорду шагыратып,жугургон боюнча кетти. Гулипа мурдун шуу тартып ,башын кармап отуруп калды.
Ээн жерди тандашып,шаардын обочороок жерин далдаалашып,каробкаларды жазданып отуруп калышты. Гулипанын денеси от менен жалын, Самат эмне кылышын билбейт,башыны укалайынбы,не кылайын ,оо,кудай,жардам бер айла амалын таппай калды. Тун жарымына чейин ысытмасы тушпой чыйрыгып,кыйналып жатты. Ээн жер болгондуктан,жымжырттык карангылык суруп,тун ортосунда машина келип,талдын тубуно барып токтоду,ичинен узун бойлуу жигит тушту да чемоданды эки жакты карап коюп койду,машина зуу журуп кетти,экоо демин чыгарбай алыстан карап турду. Самат барып алып келейинби деп энтигип калды,тура турчу балекет баштабай Гулипа коркуп турду. Самат эркек да,энтигип созду укпай тызылдаган боюнча жетип барды. Алып келип ачса,жашыл акчалар долларлар коркуп кетти,мындай акчаны омурундо озу эмес атасы коргон эмес. Гулипа оорусун да унутту,кой чон баалээни баштаба,алпарып ордуна кой, журогум жамандыкты сезип жатат,чый- пыйы чыгып кетти. Ойлонгонго убакыт жок,кой жарымын алайлы,ач пакетти, кайра ордуна коюп коелу,ары -бери коз ачып жумганча ,жарымын алып,жарымын ордундай кылып коюп келди. Дагы демдерин чыгарбай жашынып турушту,оорусун дагы бир паста унуттуп,журогу кокурогун тээп согуп жатты Гулипанын, келме оозунан тушпой кайталап турду. Ангыча дагы болбой машина келди жанагы жердеги,чемоданды алып ордуна каробка таштады, башка эле кара тустогу машина каробканы алып кетти,машинанын бири келип,бири кетип ,бул окуялар кинодогудай болуп жатты коргон коздоруно ишенбей эмне кылаарын билбей катып калышты,Гулипа чучкургусу келгенин билип,Самат бекем аны кучактап оозун тумчуктуруп басып калды. "Алхамдулилла" деп шыбырап койду,оо,кудай озун сакта,бир жагы суйунучтун жалынычы, бир жагы коркуунун жалынычы ээлеп алды экоону,кудай деген куру калбайт ээ деп бул тунду да коз ирмебей танды аттырышты.
Уландысы бар