МЕН СҮЙГӨН АСЫЛ ЖАН
1-БӨЛҮМ
Бул окуя кечээ эле болуп өткөн, анткени менин алты-жети жашымда болуп өткөн экен. Анда мен ойноо, эчтекени түшүнө элек баламын, эч нерсе эсиимде да жок, кийин чоң энемдин колунда чоңоюп ал карыган кезде айткан сөздөрү эсимде калды, - деп Бекмурат сөзүн баштады…
Гүлүйпа беш бир туугандын ортончусу, ага кудай өң-түстү аябаптыр, бир гана айыбы сүйлөй алчу эмес экен, чачы бою менен тең бою узун, керилген кызды көргөндө кандай эркек болсо дагы бир селт этип жүрөгү зырп этип алчу экен. Анан аны ААалыбай бир көрүп сүйүп калыптыр, адегенде кыз андан жашынып, качып такыр көрүнбөйт. Аны күндө акмалаган ААалыбай дагы ошол үйдү айланчыктап жүрсө Кутман деген отуздардагы киши көрүп калып:
- Ээй Аалыбай, биякта эмне кылып жүрөсүң? - дейт аны тааныгандыктан.
- Аа-а байке жөн эле өтүп бараткамын, - деп чыга калат.
- Билдим-билдим, жашырбай эле кой, Сырдыбайдын тантык кызына ашык болуп калгансың го? - деди каткырып.
- Эмне дейсиз, ким тантык? - Аалыбай Кутманды элейе карап калды.
- Аны көргөндүн баары эстен танат көргөндө, сүйлөгөнүн көргөндө боктон качкандай качат.
- Чын элеби? - Ишенбей карап калды Аалыбай.
- Калп айтып эмне кылам, сүйлөшүп көр, - деп коюп атын темине бастырып кетти, ал күнү, анын эртеси да кыз көрүнбөдү. Аалыбай кызды бир көрүп сүйлөшкөнгө ынтызар болуп убакыт өтө берди, түн уйкусунан кетип, күнү тынчын алган сулуу кыз түшүнө дагы кирчү болду. Сырдыбай колунда жок, үрүп чыгаар ити жок адам, эки уул, бир кызы үйлөнүп жайланып калган, кичүүлөрү дагы турмушта, бир гана Гүлүйпа үйүндө. Ага деле жуучулар келчү, аялы өлгөндөр, же балалуу боло албай жүргөн жашы өткөндөр болоор эле. Ага атасы берчү эмес, анткени кызын кор кылып коет деп аячу тура. Акыры Аалыбай аны аңдып жүрүп бир күнү кармап алды.
- Чоң кыз, менден эмнеге качасың? - десе кыз ийинин куушура жооп бербеди, көздөрү капкара болуп жүзүнүн актыгы ак куунун канатындай үлпүлдөгөн кызды көрүп ого бетер жүрөгү лакылдап чыккан Аалыбай аны сүйлөткөнгө аракет кылды, - Чоң кыз, жок дегенде атыңды айтып койчу, - десе башын чайкайт. Ошол кезде апасынын үнүн угуп кызды кое берип качып кетет. Акыры Аалыбай сүйүүсүнө жетүү үчүн ата-энесине айтпай ала качып келет. Ата-энеси аны урушуп, тилдешет, ага болбой жашап калат, Гүлүйпанын апасы келип:
- Балам, кызымдын кемчилигин айтып кемсинтким келбейт, бирок түбөлүк жашап кете аласыңбы, элдин тили жаман болчу эле, кызымдын келечеги атасы экөөбүздү кабатыр кылат, - деди муңая Селки.
- Апа, мен Гүлүйпаны өмүрүм өткөнчө жер каратпайм, капа кылбайм, айткан эл айта берсин, - деди Аалыбай.
- Балам, - деди өзүнүн апасы Шааркан, - Бу киши туура айтат, адамдын душманы адам, анча-мынчага чыдасаң биз дагы каршы эмеспиз.
- Апа, мен Гүлүйпаны кор кылбайм.
- Мейли балам, өзүң бил, - деди Шааркан, ошентип алар үйлөнүшөт, Гүлүйпа үй оокатка тың, абдан таза келин болду, сүйлөбөйт, Аалыбайды көргөндө көздөрүн жалжылдатып гана күлүп койчу экен. Ата-энесин ыраазы кылып калың берип сеп алышат, бирок Аалыбай ого бетер ага берилип көзүнүн агы менен тең айланат. Гүлүйпанын боюна болуп жыл маалына жеткенде уул төрөп атын Бекмурат коюшат. Аалыбай уулун жакшы көрөт, Гүлүйпа экөө эркелетип уулун чоңойтушуп Бекмурат алты жашка чыкканда Аалыбай бир аз күн башым деп жатып эле көз жумуп кете берет, ошондогу Гүлүйпанын боздогонун айтпа, күнү-түнү боздоп үнүн баспайт, баласын кучактап алып суу да ичпей ыйлаган экен, кийин өйдө боло албай ооруп калып Аалыбайдын кырк ашына союш союп жатканда үзүлүп кете бериптир…
Алты жашар Бекмурат атасынын өлгөнүн түшүнбөсө дагы анын көзүнө көрүнбөй калганынан улам өлүм деген жаман нерсе экенин түшүнүп апасы өлдү дегенде чырылдап катуу ыйлап элди кошо ыйлаткан экен. Шааркан небересин абдан жакшы көрөт, эркелетип эмне десе аткарып мектепке барганча өтө эрке болуп калды. Мектепти бүтүп жатканда чоң атасы Үмөтбек каза болуп бир үйдө чоң энеси экөө эле кала берди. Ошондуктан окууга бара алган жок, совхозго трактористтин жардамчысы болуп иштеп жүрүп Асылай деген кызды жактырып калып күндө анын үйүнө барып ышкырып чакырып алат, Асылай онунчу калсста окуйт. Бой келбети келишкен кыз, короосу тосулбаган үйдүн арткы терезесине келди бир күнү, кеч күз болчу. Булбулча сайрап жатканда эки жакка ачылчу рамканы ача коюп:
- Болду, атамдар сыртта жүрөт, - деди Асылай.
- Чыгасыңбы?
- Жок, атамдар билип коет.
- Билбейт, бат эле киресиң.
- Апам өлтүрөт.
- Көрүнбөйбүз коркпочу.
- Сүйлөбө, апам келе жатат, - Асылай терезесин жаап алды, ошол убакта сырттан кирген Гүлпариге күйөөсү Саматбек:
- Кемпир, бу кыш түшөөрдө кайдагы булбул, жаны тынбай терезенин артынан сайрап жатат да, - деди.
- Ким билет?
- Булбулдун тилинин катканы качан?
- Мен кайдан билем? - деп Гүлпари күйөөсүн жактыра бербей карады, - Капырай бирдеме болсо эле менден сурайсың да?
- Кызың бой жетип калганбы дейм, Канышай чоңойгондо кышында торгой сайрачу эле, - деп Саматбек күлүп.
- Ушу сенин тамашакөйлүгүң өттү да, кыздарды эле тергеп каласың, эли-жери башка болгон соң кыздардын ордун тапканы жакшы эмеспи, ушундайың жаман.
- Мейли кемпир, бактылуу эле болсун, чектен чыгып элге кеп кылбагыдай болсун, Асылайга айтып кой, менин кыздарга жаман сөзүм тийбесин, - деп унчукпай калды, буларды уккан Асылай демин басып отуруп калды. Саматбек негизи эле балдарын катуу кармачу, кыздарга жаман айтпай аялы аркылуу гана түшүндүрүп коеор эле. Түн кирип баары жаткан кезде Асылай терезеден чыгып Бекмурат менен сүйлөшүп отурду, сүйөм деп айтуу кайда, кыздын демин тыңшап көпкө отурду.
- Асылай, - деди Бекмурат көптөн кийин:
- Ийи.
- Сени окууга кетет дебеди беле?
- Барбай калдым.
- Эмнеге?
- Он биринчи калсстын аттестаты менен барышым керек экен, мен мединститутка тапшырмакмын.
- Аа-а.
- Сен окууга барбадыңбы?
- Чоң энемди таштай албайм да.
- Чын эле, чоң энең жалгыз калат да.
- Ооба, карыганда кыйналып калат.
- Туура.
- Чоң атам өлбөгөндө физкультурныйга тапшырмакмын, кийин окуйм да.
- Чоң энең үйлөн десечи?
- Антпейт, үйлөнгөнгө эрте да.
- Деги айтам да, - Кыз бырс этип күлүп калды, - Эгер чын эле үйлөн десе эмне кыласың?
- Билбейм.
- Өзү таап берсечи?
- Кимди?
- Кайдан билем.
- Жок-жок Асылай, мен эч кимге үйлөнбөйм.
- Эмне үчүн?
- Мен бир кызды сүйөм.
- Кимди?
- Бирөөнү, - Ошол убакта үйдүн каалгасынын ачылганы тарс этип угулганда Асылай тура калып терезеге жабышып кире качты да:
- Жакшы бар, болду көрүп калбасын, - деп шыбырай терезени секин жаап алды, Бекмурат шылкыя үйүнө жөнөдү. Үйүнө келсе Шааркан эне уктабай күтүп отуруптур.
- Кайда жүрөсүң ыя какмар? - деде ачуулуу.
- Келдим го апа, - деди Бекмурат ачуулуу.
- Ок какмар десе, экинчи кечикпей жүр, каранган карманганым сен болсоң, катыгымды бербей күн батканда жанымда бол!
- Макул апа, - деди Бекмурат күңк эте, - Уктай бербейт белең апа, - Бекмурат чоң энесин кичинесинен эле апа дечү.
- Уктай бербейсиңби дейт тура, тамагыңды ич да жат, мени карыган кезде кыйнабай.
- Мен кыйнап жатамбы, өзүң эле…
- Аа-а каралдым ай, - Шааркан эне шуу эте үшкүрүп алды, - Баласың да-а, атаң дагы сендей эле…
- Кандай эле апа? - Бекмурат кызыга түштү.
- Атаң башкача эле, садагам десең, - Эне уулун эстеп мулуңдай күлүмсүрөп калды, - Өрттөй күйүп турганда жалп деди го, - Кайра заматта кабагы бүркөлө шуу үшкүрүп, - Бир кыз деп өмүрүн курмандыкка чалды.
- Ал ким эле апа?
- Ким болсун, сенин апаң да, ал байкуш деле кудай жараткан бир пенде эле, атаң аны менен сүйлөшө албай бук болчу, кээде карасам телмири-ип маңдайында отурганы-отурган, сүйлөгөнүн түшүнбөй кыйналганда ичинен сызып, аны аяп ойлонуп жүрүп эле өлүп калбадыбы курган балам.
- Атам апамды катуу сүйгөн экен да анда?
- Сүйүүсү сүмүрөн калсын, ошо сүйүү деп жүрүп сүрсүп калды, жаштайында жайрады отуз бешинде жер жыттады го садагам, иий бир баладай бала болсочу, күйүп турган кези эле да.
- Апа, - деп Бекмурат чоң энесине кулжуңдай карады, - Мен бир кызды сүйүп калдым.
- Ок, эмне дейт? - Эне небересин ормое карады.
- Сүйсөм болбойбу?
- Сүйбөй эле кой, өзүм алып берем.
- Болбойт апа, мен өзүм каалаганды алам.
- Сенин таенең келбей да калды, сени көрүп бир кабар алганга жарабайт, мага караганда жаш, илгери тердик төшөнүп эле отурчу эле балдары тың болуп оңолуп калышыптыр, Шааркан эне жактырбагандай түр көрсөтүп, - Баягы Селки жок тим эле үлпүлдөйт ботом, сүйлөгөндөн оозу ооручудай болуп калыптыр, - деп койду.
- Аларды эмне кыласың апа, келбесе койсун.
- Мен картайдым, кокус көзүм өтүп кетсе караан болбойбу тагаларың, мен дагы көңүлүм тынч кетем балам.
- Сен өлбөйсүң апа, менин балдарымды багып, чоңойтуп анан үйлөнтөсүң, - деп Бекмурат эркелей жанына отурду, - Сен өлүп калсаң мен эмне болом?
- Садагаң кетейин калдыраган, күздө сени үйлөнтөйүн, сенин балаңды көрүп колума алсам, аялыңдын жакшы экенин көрүп көөнүм тынса анан зымпыйып кете берсем арманым жок, - деп небересинин чекесинен өөп чачынан сылады, - Өзүм тандап алып берем сага аялды.
- Апа дейм!
- Эмне болду кокуй?
- Мен айттым го, башка кызды албайм деп.
- Анан кимди аласың?
- Саматбектин кызын.
- Кайсы, тиги мал доктур болуп жүрчү Саматбекпи?
- Ии-ий ооба-ооба.
- Та-аң, аны жакшы билбейм, бирок аялы жакшы аял, мен аны билемин, энесин көрүп кызын ал дейт, анын кызы болсо көрүп келем балам, анан айтам, - деп эне уулуна мулуңдай карады.
- Апа, барбай эле кой, ал жаш эми онунчуда окуп жатат, дагы эки жыл бар, - деп Бекмурат шашып калды.
- Опей ботом, сен эки жылга чейин күтүп отурмак белең, мен сени эмки күздө эле үйлөнтөм, - деп Шааркан эне өзүнүн билгисин бергиси жок.
- Апа, мени түшүнчү, мен дагы жыйырмага чыктым го, дагы эки жылда аял алсам туура болот.
- Жо-ок балам, жалгыздан калган жалгыз туяксың, тукумуң өссүн алдыңа кетейин, эртерээк эле аял ал.
- Көрөбүз апа, жатып эс алалы, - Бекмурат чоң энесине көнгүсү келбей сөздү башкага бурду, - Кардым ачты, тамак ичем.
- Иче гой каргам, тоюп алып укта, эртең ишиңе дагы барасыңбы?
- Ооба, барбасам болбойт, жакында өзүмчө трактор бере турган болду.
- Ошент садага, ден-соолугуңду берсин жараткан, өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет деген, кудайымдын көзү түз болсун, - деп Шааркан эне оңдонуп төшөгүнө жатып калды. Бекмурат ойлонуп отуруп тамак ичип эбак эле апасы салып койгон төшөгүнө култ этип кирип кетти: "Асылайды ойлонуп кеч уктады, эртеси эрте туруп: "Апам али уктап жатса керек, ойготпой эле коеюн", - деп сыртка чыкса эртелеп турган Шааркан эне тиричилигин эбак эле баштаптыр.
- Турдуңбу каргам, эрте турганың жакшы, эрте турсаң кудайдын чачкан ырыскысынан куруу калбайсың, сергек болосуң, тамагың даяр, ичип алып ишиңе бара гой.
- Мен сени тура элек окшойт дегемин.
- Ушул убакка чейин кантип уктамак элем балам, мен ушу жашыма чейин уйкудан чарчабадымбы садагаң, - деп белин түзөй үйгө кирип чакан чүпөрөк дасторконун жайды, тарамыштуу тарбайган колдору чын эл анын кылымдап жашап койгонунан кабар берип ушул кезде Бекмурат чоң энесин аяп кетти: "Байкуш апам ай, мен үчүн не күндөрдү көрбөдү, буга сөзсүз келин керек экен, картайганда казан аяк карматып кыйнап койдум", - деп ойлонуп кыңырыла шам-шум этип алды да жумушка жөнөдү. Шааркан эне уулун жөнөтүп коюп өзү мындайыраак иниси Токтогулдун үйүнө бармак болуп үйүн кулпулай кылдырай басып жөнөдү. Токтогул эжесин көрүп бакылдай тосуп алды:
- Оо ким келе жатат, Каныкейдей болгон эжем келе жаткан го, кел эже кел!
- Келдим садага, карылыгың да курусунчу, же кабар алып өзүңөр барып койбойсуңар, ө-өх куураган бутум, - деп Шааркан эне дөңгөчкө отура кетти.
- Кой эже биерге отурбай үйгө кир.
- Эс алып алайын садагаң кетейин, күйүгүп калбадымбы? - деп демиге отуруп калды.
- Ден-соолуктарыңыз дуруспу эже?
- Ден-соолугуң курусун, эми мага анын кереги эмне, кайра жашамак белем балам, андан көрө Бекмуратымдын камын ойлоюн, - Шааркан эне жоолугун көтөрүп бир кулагын чыгарып койду, - Ошону үйлөнтөйүн дедим эле, жалгыздан калган жалгыз туяктын тукуму көбөйсө деген тилек да, - Токтогулга колун сунду, - Мени өйдө кыл садага, - Умсун үйдө беле?
- Ооба, үйдө эле эже, - Токтогул аны колтуктай үйгө алып кирди.
- Эжем келе жаткан го, кел эже? - деп Умсун тура калып учурашты, - Төргө өт эже.
- Жакшысыңбы айланайын, бала-чака чоңоюп жатабы?
- Кудайга шүгүр эже, баары жакшы.
- Ошондой эле болсун, - Төргө өтүп отуруп эки жагын карана өзүнчө башын ийкеп алды,- Түзүк балам, оокат-тирилигиңер оңолгон экен, кудай кут кылсын, илгери-и окугандар кызматка туруп билгени оокаттуу, билбегени эптеп жашап калчу эле, эми баарына тең заман болду, кут кылсын ушуну, - деп шыпшынып алды, сексендин кырына чыккан бул карынын жүргөн турганы тың, ичкен-жегени да жакшы эле.
- Ооба эже, эми балдар чоңойду, ар кимиси өзүнчө иштеп жатат, баягы сиз жакшы көргөн Саадат кызың жакшы жерге турмушка чыгып балалуу болуп калды.
- Болсун айланайын, кичүү кызың кайда?
- Ал быйыл окуусун бүтөт эже, он биринчиде окуп жатпайбы? - деди күлүп Токтогул.
- Ошентсин бир жыл калган тура.
- Ооба, буйруса Айзат дагы бой жетти.
- Ошентсин, жаш аялмет да болдуңар, - Шааркан эне саал токтой калып Токтогул менен Умсунду карап, - Эмесе келген жөнүмдү айтайын: "Өз өлтүрбөйт, жат жалгабайт" , - "коюндан түшсө кончко", - деген макалдын дегеле жөндүү экенин билесиңер, экөөңөр тең эс-акылдуусуңар, - Токтоло ойлоно түштү: "Каап, болбой коюшса канттим, окутам деп болбой коюшсачы" , - деп күдүктөнө түштү, - Мен Айзатты Бекмуратка сурап келдим, - дегенде Токтогул менен Умсун бири-бирин карап калышты, - Ооба, мен карыган кишимин, алжыды дээрсиңер, бирок жалгызымды бала кылып алгыла, жалгызыма өбөк-жөлөк болгула…
- Эже, капырай бир бир тууганбыз го? - Токтогул эмне дээрин билбей карап калды.
- Токтогул, мен дагы көп ойлондум, илгертеден жакшыны жатка чыгарба деген бар, жатындашым болсо дагы кызы жакшы болсо ушуну кылмакмын, анткени таежеге жол бар, сен жакшы кишисиң, Умсун андан бетер мыкты аял, энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт деген бар го, мен өмүрүмдө неберемдин эртеңкисинен кабатыр болбой ишенимдүү адамдарга тапшырсам көңүлүм тынч алып калат беле? - деди да: "Отуруп чай-пай ич", - дегендерине болбой кетип калды. Токтогул аялын карады, ал жер тиктеди, унчукпай отуруп калышты. Шааркан үйүнө келип бокчосун чачты, адеми кийиттерин өзүнчө алып иргеп жатып он төрт жыл бою катылып жаткан Аалыбайдын аскерден алып келген альбомуна көзү түштү: "Садагам ай, өзүң жоксуң сүрөтүң али жүрөт, кагазчалык болбогон адам өмүрү… Мен жүрөм минтип саргайып, карааныңды үлбүл болсо дагы бир көрүүгө зар болуп, сен жатасың кара чымды жамынып, билчү дүйнө болсо атаң экөөң жолуктуң бекен", - деп альбомду ачып баратып Аалыбай менен Гүлүйпанын сүрөтүн көзү чалды: "Бечара, мынчалык сулуу болбосоң эмне, балам байкуш сенин гана айыңдан сары оору болуп өлдү, сен деп өмүрү куруду, ичтен сени аяп жүрүп ушул болду го", - деп ойлонуп ал сүрөттү алып койду. Бокчосунда оголе көп адеми буюмдары бар экен: "Кудайга шүгүр, мал-сал бар, баламдын жашоосуна жетет, Үмөтбектин катканын эми чыгарууга болот, заман дагы алке-чалке болуп турат, акча алмашат дейби, буларды жараксыз калтырбай уулумдун жакшылыгына жумшайын" , - деп жоолукка оролгон акчасын алып чыкты. Кечинде адатынча Бекмурат дагы кечикти, ата-энесинин сүрөтүн жанына коюп алып күтүп отурду. Түнкү он экиде гана шып этип кирип келди:
- Бери бас! - деди эне уулуна кайраттуу, - Кайда эле жүрөсүң ыя?
- Апа…
- Отур! - деп айбаттуу караганда Бекмурат унчукпай апасынын жанына отурду да сүрөткө көзү түштү.
- Булар ким?
- Атаң менен энең уулум.
- Аябай сулуу экен ээ апам.
- Айтпа, ошол сулуулугуна баламдын өмүрүн сиңирип алып кетпедиби…
- Бири-бирин сүйсө ошол да, мен дагы Асылайды сүйөм апа, - деп Бекмурат чоң энесине эркелей карады, - Коркпо, Асылай сүйлөйт, биздин тагдыр атамдыкындай болбойт.
- Какмар, сен быйыл күздө үйлөнөсүң, мен карыганда казан кармай албай калдым, сен аны сүйөм, муну сүйөм дебей менин айтканымды аласың!
- Апа…
- Болду, мени апам деп сыйласаң ошо, болбосо өзүңдү-өзүң билем деп ачык айт, - деди да түйүнчөктөгү акчаны алдына койду, - Муну сана, менин көзүм жетпейт, өзүмдү жоготуп, эс акылымдан тана электе өз колуңа өткөрүп берейин дагы сени үйлөнткөнгө үлгүрөйүн, эчкинин жашындай жашым калганда бир милдеттен кутулайын.
- Апа, бул кайдагы акча?
- Уурдап алды дейсиңби, Үмөтбектин топтогон акчасы, сен үчүн жыйдык муну, ээси сенсиң, акыл токтотуп жашаганга убакыт жетти балам, - деп эне үшкүрүп койду.
- Апа, акча алмашканда калып калса күйүп кетет да, муну алмаштыруу керек, эмнеге мени иште дедиң, бул акча менен өмүр бою жашаса болчудай го? - Бекмурат чоң энесине таңгала карады.
- Сени оңой оокатка көнүп алса кийин кыйналып калбасын деп ойлодум садага, тиричилик кылуунун жолу көп, бекерчиликке көнүп алган адам куурай башын сындыра албай калат балам, эмгектенсең акыбетин көрөсүң, балдарыңды кор кылбай багасың, - деп Шааркан эне телмире отуруп калды. Бекмурат да үндөбөдү, ал азыр ушул чүкөдөй кемпирди аяп турду, жалгыз баласынан айрылып, анын баласы үчүн бүт өмүрүн сарп кылган адамдын сөзүн кайтарып, үмүтүн кантип жандырат, аргасыз анын сөзүнө көнүүгө өзүн мажбур кылгандан башка айласы жок эле. Шааркандын үргүлөп отурганы же ойлонуп отурганы белгисиз, көздөрү жумулду.
- Апа, жатып уктабайсыңбы? - деди Бекмурат акырын түртүп.
- Уйку кайдан балам, ойлонуп кеткенимди кара, - деп эне күрсүнүп алды да кайра небересин карады, - Аалыкем, садагаң болоюн, бир жолу мага жүгүрүп келиптир, демигип алган, эмне болду балам? - десем күлүп: "Апа, Беку ата деди, ата деп айтпадыбы?" , - деп кубанганын көрүп жүрөгүмдүн эзилгенин айтпа, көрсө шордуум сени дагы сүйлөй албай калабы деп чоочуп жүрсө керек, жүзүндөгү кубанганы эмдигиче көз алдымда…
- Апамчы, ал кубанганды билчү беле?
- Билбей анан, ал бечаранын баардык жагы жетиштүү эле, бир гана айыбы тилинен болчу.
- Эмнеге антип калат апа?
- Таң, таятаңдын беш баласынын бирөө эле ошондой, калган балдары балакеттей эле, бу дагы болсо пешенеси го уулум.
- Эгерде апам кадимкидей сүйлөсө экөө тең өлмөк эместир…
- Ким билет, көргөндөр айтаар эле, экөө бири-бирине укмуш жарашып калышат, кудай экөөнү бири-бири үчүн жараткандай деп, же экөөнө көз тийип кеттиби?
- Эл дагы кызык да, эмнеге антип айтышат? - деп Бекмурат ойлонуп отуруп калды, - Жаталы апа.
- Ооба каргам, жатып эс алалы, сен дагы укта, - деп эне сыртка чыкмак болуп өйдө турду. Ошондон баштап Бекмурат көпкө чейин Асылайга барбай калды: "Башкага үйлөнө турган болгондон кийин анын сезими менен ойноп эмне кылам, апамдын айтканын көнүшүм керек, мен деп өмүрлөрүн сарп кылган адамды кыйнаганым болбойт, апам эмне десе ошол болсун", - деп ойлонуп жумушуна барып кечкисин эрте келип тамак жасап, төшөгүн өзү салып берип карыны кастарлап калды. Убакыт аккан суудай аркырап бат эле кыш өтүп жаз келди, кышы менен тракторлорду ремонттоп жазгы талаага чыкты. Ошол жылы совхоз-колхоздор тарап ар ким өз иши менен болуп калды, бытырап мал бөлүнүп, алы жеткени короо-сарайларды менчиктештирип, уй-жылкыларды эсебин таап бөлдүрүп алып жатты, совхоздун мал доктуру Бекмуратты чакырып алып бир жылкы, бир уй, жыйырма кой бөлдүрүп берди. Ал кездеги элдин пикири такыр башкача эле, кийин төлөп калабыз деп көбү албай дагы коюшкан, Шааркан эне дагы элден угуп Бекмуратты айныткысы келди эле болгон жок.
- Апа, ким билет кандай заман болоорун, мен деле иштеп жүрбөдүм беле, акым бар алганга, кийин көрө жатаарбыз.
- Бала-чакаңа дагы өтүп кийин сенин алганыңды балдары төлөйт экен деп жатат го кокуй?
- Болбогон кеп, коркпой эле кой апа, - деп тааныштарына кошуп бактырып, өздөрүнүкүн үйдө багып жатты, акыры жадыраган жаз келип калды, бир күнү Бекмурат эшикте жүрсө кичирээк бала келип кат берип кетти. Ачып окуп көрсө: "Саламатсыңбы Бекмурат? Саламым менен Асылай. Эмнеге келбей калдың, же сүйүүң ошончолук эле тез суудубу, же мен сууткандай жаман нерсе кылдымбы? Бекмурат, оргуштап аккан мөлтүр булактай таза сүйүүмдү жалгыз өзүңө арнап, асмандын мейкининдей кенен мээримимди жалгыз өзүңө чачкым келген. Сагынычым бүркөлүп келип жаай албай буркан-шаркан түшүп жер жүзүн алай-дүлөй кылган боорон сымал жүрөгүмдү тоңдуруп турган кез. Негедир сен менден алыстап кеттиң, же менден ашык бир кызга сүйүүңдү арнап, мага айткан сөздөрүңдү айтып коюп жүрөсүңбү?! Балким менин сүйүүмө ишенген эместирсиң же сен үчүн кыздардын жүрөгүн эритүү оңойбу, а мен сага өзүмө ишенгендей ишенип, жан дүйнөмдүн баарын сага арнап койгомун, сен менин наристе, эң таза жана ыйык сүйүүмсүң! Жообун жаз Бекмурат. 1992-жыл 20-май", - деп жазыптыр. Сыртта жүргөн бушайман болуп көпкө турду да үйгө кирип кат жазды: "Асылай Саламатсыңбы? Мени кечир Асылай, сенин сезимиң менен ойногум келбеди, анткени апам башканы алып берем деп жатат. Сенин сүйүүң жүрөгүмдүн тереңинде сакталат, апамдын сөзүнөн чыга албайм, аны өзүң дагы билесиң, карыган адамды кейиткенче өз сезимимди курмандыкка чалганым абзел, таарынба мага Асылай", - деп жазып караңгыда чыгып барып бир баладан берип ийди.
Антип минтип жай ортосу болгон кезде Шааркан жээнин, Үмөтбектин тууганы Калыбекти аялы менен ээрчитип, бир жылкы он кой, бир уйду айдатып алып Токтогулдун үйүнө барды, аларга бир күн мурун айтып койгон, Айзатка куда түшүп сөйкө салды, ошондо каада салтты кайрадан жандандырып, колунда бары дагы, жогу дагы эптеп салтка ылайыкташтырып өткөрүүгө далалат кылып калган убак. Бул куда түшүү салты ата-бабадан келе жаткан салты калайык калк кызуу кубаттап, улак тартып, жорго салыш, ат чабыш күчөп турган кез. Шааркан эне өз колу менен сөйкө салып Айзаттын ата-энесине ымандай сырын айтып бир айдан кийин алып кетээрин айтып ак баталарын алып кайтты. Бекмуратка Айзат жакпаса дагы, апасынын көңүлү үчүн макул болду, Бул жаңылыкты уккан Асылай ыйлап-ыйлап тим болуп калды. Айзат мурун эле кээ-кээде келип калчу Бекмуратты жактырып жүрчү, кубанычтан жүрөгү дүкүлдөп өзүнчө эле бактылуу, анын курбусу Гүлжамийла келип калды, Умсун шашылып Ошко жөнөп кеткен эле, Айзаттын себин жасаганга даярданып жүргөн.
- Айзат, мен бир жаңылык уктум ошол чынбы? - деди Гүлжамийла курбусун карап.
- Ооба, ошондой болду.
- Неге, сен аны сүйбөйсүң го?
- Атамдын эжеси болот, кантип каршы болом?
- Кызык, сүйбөгөн адам менен өмүр бою кантип жашайсың айтчы?
- Арга жок, эмне кылам? - Айзат курбусуна Бекмуратты жактыраарын айтпады, - Ата-энемдин сөзүнө каршы тура албайдым.
- Билесиңби, Бекмурат Асылай менен сүйлөшүп жүрчү экен, ал өлөм деп жатыптыр, ал дагы апасынан чыга албай койгон турбайбы?
- Бекмуратпы?
- Ооба, Асылайга ошентип айтыптыр.
- Калп, Бекмурат өзү мени сүйөм дебедиби.
- Чынбы?
- Ооба.
- А сен Тыныбек менен сүйлөшүп жүрчү эмес белең?
- Ал өзү эле жабышып жүрчү, мен аны сүйгөн эмесмин.
- Өзүң билесиң дечи, бирок мен сага Асылайдын сөзүн айтып коеюн курбум, чынында сени менен дос экенимди билип мага келиптир.
- Эмне дейт?
- Бекмураттан баш тартсын, биз бири-бирибизди сүйөбүз, ал деле кыз болгондон кийин мени түшүнсүн дейт.
- Эмнеге баш тартам, ошол кемпирге барып өзү эле айтпайбы, - деп Айзат жини келе айтты, чынында Айзат тез-тез ачууланган, сөз көтөрүмү жок кыз эле, - Бекмурат өзү мурун эле келип мага сөз айтып жүргөн.
- Өзүң билесиң, мен сага бакыт каалайм курбум.
- Рахмат курбум, мени алып кетээрде сен жанымда болосуңбу? - деди кайра жарк эте Айзат.
- Ананчы, сөзсүз барам, - Гүлжамийла кубанычтуу колун чапкылай күлүп, - Айзат кандай кийинишим керек ыя? - деди.
- Өзүңө жакканын кийесиң да.
- Анда апама барып айтам да тиктире баштайм.
- Ошент, туура августун жыйырмасында келише турган болду, кечээ Бекмурат келип тезирээк эле үйлөнсөк бирге болот элек дейт шашып, - Айзат калп мактана кетти.
- Анда мен кетейин, - Асылайдан угуп таңгалып келгем, сага ак жол, бактылуу бол досум, - деп Айзатты кучактай өөп коюп үйүнө кетти. Айзат ойлонуп: "Демек Асылай менен сүйлөшүп жүргөн экен да, апасын кыяалбай эле калган экен, мен туура кылдымбы калп айтып, балким мени алганда деле көңүлү болбосо кантип жашайбыз, мен го аны жактырам, же макулдугумду бербей койсомбу, анда атамдар эмне дейт, апама айтып көрсөмбү" , - деп ойлонуп жатты. Бекмурат ага бир дагы келип жолукпады, ан сайын туталанат, Умсун Андижандан сепке керектүүлөрүн бүт алып келип даярданып жаткан эле.
- Апа, - деди Айзат бир күнү.
- Эмне болду?
- Апа, мен Бекмуратка тийбейм, силер эмнеге менин оюмду сурабайсыңар, ал апасын аяп эле мага үйлөнгөнү жатса жашап кете алабызбы?
- Кой кызым, Бекмурат андай бала эмес, колунда бар, акыл-эстүү…
- Мени жактырбаса, ал мага жакпаса анын колунда бар жогунун кимге кереги бар апа, мен тийбейм ага, - деп тултуңдай эшикке чыгып кетти. Умсун ойлонуп калды, ишин таштап Шааркандын үйүнө келди, аны көрүп Бекмурат баш ийкей учурашып сыртка чыгып кетти.
- Кел Умсун, жакшы жатасыңарбы?
- Жакшы эже, сиз менен сйлөшсөмбү деп келдим.
- Сүйлөшпөй анан, айта бер айланайын.
- Эки баланы биз кыйнаган жокпузбу эже, бири-бирин жактырбаса кантип жашашат, азыркы жаштар илгерки биздей эмес, өз каалагандарын айтып туруп алышат экен.
- Ботом Айзат болбой жатабы?
- Бекмурат экөө бири-бири менен сүйлөшүп көрбөптүр, мурда го кез-кез барганда таеже - жээн катары болбосо кийин өзүбүз дагы кыйналып, жаман-жакшы айтышып калбас бекенбиз эже, - деп Умсун Шаарканга аста карады.
- Капырай, тойго аз калганда бөйрөктөн шыйрак чыгарбай тим жүр, көзүмдүн тирүүсндө Айзатка тил тийгизбейм, унчукпай ишиңди кыла бер! - деди Шааркан айбаттуу.
- Сиздин көңүлүңүз, - деп макул болдук эже, кызымдын көз жашы төгүлбөсүн.
- Көз жашы төгүлбөйт, балам да ары тур жигиттерден эмес, кам санаба, жыйырмасы күнү той түшүрүп алып келебиз, камына бер, - деди Шааркан эне.
- Макул эже, менин келгенимди Токтогул билбесин, - деди да Умсун кайра үйүнө кетти, ал кеткенден кийин Бекмуратты чакырып алып:
- Сен Айзатка жолугуп кел, - деди.
- Эмнеге?
- Сүйлөшпөйсүңбү ботом.
- Кантип жолукмак элем?
- Саматбектин кызына кантип жолугуп жүрсөң, ошондой эле жолугасың, мага карайт, күйөт деп жатам балам, кызга жолугуп кой, - деди.
- Макул, - Бекмурат көңүлсүз күңк этип койду.
- Аттуу-баштуу жердин кызы, тарбиялуу кыз.
- Макул апа, сен айткандай болот, - деп Бекмурат колун чекесине тийгизе чест берип күлүп койду, карыган энесин капа кылгысы келбеди. Анан эшикке чыгып аркы-терки басып, эчтеке башына түшө элек жаш бала ойго чөмүлүп жатты. Көптөн кийин бармак болуп жолго чыкты, Ашымбек деген досунун үйүнө баратканда жолунан Асылай чыга калды, байкамаксан болуп өтүп кетээрде:
- Бекмурат! - деди кыз, артына бурулуп эми көргөндөй басып келди.
- Кандайсың?
- Жакшы, эмнеге көргүң келбей өтүп баратасың?
- Асылай мени кечир, чоң энемдин менден башка ишенээри жок, карыган немени капа кыла албайм, өз тагдырымды өзүм курмандыкка чалдым, - деди жер карап.
- Айзатчы, ал деле сени сүйбөсө кандай болот?
- Билбейм, айла жок андан башка…
Урматтуу окурмандар ушул чыгарманы окугансыздарбы? комментарий күтөбүз, класс басканды унутпаңыздар...уланта берелиби?
Ийгилик